Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:01

Казан: Бийлик интернетти чектөөнү кыйытты


Казанда каза болгондорду узатуу,  12-май, 2021-жыл.
Казанда каза болгондорду узатуу,  12-май, 2021-жыл.

Казандагы трагедиядан кийин Орусияда Интернетти чектөө, курал-жарак сатуу эрежесин катаалдаштыруу жана окуу жайларда балдарды улуттук идеологияга тарбиялоо демилгелери көтөрүлүп жатат. 

Жети окуучу менен эки мугалимдин өмүрүн алган Казан шаарындагы №175 гимназиядагы трагедиядан кийин Татарстан аза күтүүдө.

Шейшембиде эртең менен саат 11де миңдей бала билим алган мектепте бир нече жардыруу болуп, андан соң куралчан адам биринчи кабаттагы класска кирип барып, окуучуларга ок аткан.

Бул каргашада 8-класстын жети окуучусу жана балдарды коргогон эки мугалим каза болгону кабарланды. Жалпы 32 адам жабыркап, 23ү ар кандай жараат менен ооруканага түштү. Жардыруу менен ок аткылоо маалында үстүңкү кабаттагы айрым окуучулар терезеден секирип кеткен.

«Адам сыягы жок неме класска кирип келип, аткылай баштаганда менин балам менен жанындагы окуучу партанын астына жата калып, өлүктөй түр көрсөтүшкөн. Ок алардын үстүңкү кийимдерин тешип, далыга тийген экен. «Тез жардам» менен ооруканага алып келип, дароо операция жасашты. Балам үн чыгарбай эле отурат. Бизди аяп жатат окшойт. Анын көз алдында эле классташтарын атып салбадыбы», - деди жараат алган окуучулардын биринин энеси Алсу Сунгатуллина.

Казандагы мектеп, жардыруудан кийин
Казандагы мектеп, жардыруудан кийин

Кылмышка шектүү дал ушул мектепти төрт жыл мурда бүтүп кеткен 19 жаштагы Ильназ Галявиев болгон. Ал дароо кармалган. Галявиев Татарстандын башкаруу университетинин алдындагы коллеждин студенти болгон, апрелдин соңунда кайсы бир себептерден улам окуудан чыгарылган.

Мындан бир нече күн мурда «Телеграмдан» канал ачып, адам өлтүрүүгө чакырык жасаган. Татарстандын Тергөө комитети ага каршы «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдап, эки айга камакка алды. Ага эки же андан ашык кишини өлтүргөн деген айып тагылды. Мындай берене менен шектүү өмүр бою кесилиши мүмкүн.

Сот отурумунун жүрүшүндө Галявиев "өзүнүн иш-аракеттеринин акыйкаттыгына жана негиздүүлүгүнө толук ишенерин" айтып, оор илдет менен жабыркабай турганын жана камакка алынышына каршы эмес экенин билдирди. Тергөөчүнүн маалыматы боюнча, айыпталуучу күнөөсүн толугу менен мойнуна алды.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары 2020-жылы Ильназ Галявиев баш оору менен дарыгерлерге бир нече жолу кайрылганын жазган. Бул маалыматты Тергөө комитети да ырастаган.

Ал арада «Кызыл чырым» уюму мектепке кол салууда жабыркагандар үчүн жардам чогултууга чакырууда. Татарстандын бийлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 1 миллион рублдан, ал эми жабыркагандарга 200-400 миң рублдан жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Москвада орус бийлиги Интернетти чектөө, курал-жарак сатуу эрежесин катаалдаштыруу жана окуу жайларда балдарды улуттук идеологияга тарбиялоо демилгелерин көтөрүүдө.

Вячеслав Володин
Вячеслав Володин

Мамлекеттик Думанын спикери Вячеслав Володин Интернет мейкиндигин тескөө керектигин айтып чыкты.

«Интернеттеги анонимдүүлүккө да бөгөт коюу тууралуу сунуштар бар. Бул идеянын тарапташтары муну менен зомбулукка, экстремизмге үгүттөгөн маалыматтарды кыскартууга болорун айтып жатышат. Муну карашыбыз керек», - деп жазды Володин «Телеграм» каналында.

Казандагы окуядан кийин Орусиянын президенти Владимир Путин курал сатуу эрежесин катаалдаштырууну тапшырган. Тиешелүү мыйзам долбоору келерки жумада Мамдумада караларын кошумчалады.

Анна Кузнецова
Анна Кузнецова

Орусиядагы Балдар омбудсмени Анна Кузнецова бийлик Интернетке чыккан маалыматтарды электен өткөрүшү керектигин айтып, цензура тууралуу кеп козгоду. «Балдарыбызды маалымат айдыңындагы таштандыдан, социалдык тармактарды ээлеп алган ар кандай жалган баатырлардан коргошубуз керек».

Кузнецова мектептерде балдарда менен иштеген психолог адистер менен коопсуздукту камсыздай турган кызматкерлердин жетишсиздигин да кошумчалады.

Балдардын укуктары боюнча Татарстандагы өкүлү Ирина Волынец Казандагы окуяга «мамлекеттик идеологиянын жоктугу» негиз болгонун белгилеп, совет мезгилиндегидей жаштарды тарбиялоо керектигин айтты.

«Мамлекеттик идеология болбосо, балдар мектептен кийин кошумча бир нерсе менен алек болушпаса, мамлекет буга көңүл бурбаса, ага шарт түзүп бербесе, мындай окуялар кайталана берет. Ар бир үй-бүлө эле, өзгөчө көп балалуулар кошумча ийримдерди өздөрү камсыздай алышпайт», - деди Волынец.

Казандагы окуядан кийин Мурманск облусундагы Билим берүү жана илим министрлиги окуу жайлардан тартип бузууга, зомбулукка шектүү окуучулар менен бүтүрүүчүлөрдүн тизмесин түзүүнү талап кылып, бул маалыматтар Интернетте бир топ убакытка чейин ачык турган. Бул базага абактагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды колдогон жүрүштөргө катышкан же социалдык тармактарда ага катталгандар киргизилген.

Ал эми социалдык тармактарда орусиялыктар Орусияда күч кызматтары бийликке нааразылар менен каршылык жүрүштөрүнө чыккандарды куугунтуктоо менен алек болуп, коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо милдетин унутта калтырып коюшканын сындап жатышат.

Соңку жылдары Орусияда мектептерге бир нече жолу кол салуу катталган. Алардын көбүн окуучулар же мектепти мурда бүтүрүп кеткендер уюштурган. 2018-жылы Орусия басып алган Керч шаарындагы коллежге кол салуудан 20дан ашуун адам мерт болгон. Ал эми 2019-жылы Орусиянын Ыраакы Чыгыш аймагындагы Благовещенск шаарындагы коллежге коюлган чабуулдан бир студент каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG