Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Кургак учук болгон жоокерлер арасат абалда


Иллюстрациялык сүрөт.

Аскердик кызматын өтөп жүргөндө кургак учук жугузуп алган ондогон жоокердин ата-энелери, жакындары Коргоо министрлигине нааразы болуп чыгышты. Алар уулдарына эми “аскерге жараксыз” деген документ берилерин айтып, кабатыр болуп жатышат.

Министрлик ушул тушта 29 жоокер кургак учуктан дарыланып жатканын маалымдады.

Талас облусунун тургуну Медел Батырбековдун уулу кургак учук жугузуп алган 30дай жоокердин бири. Ал соңку үч айдан бери баласынын саламаттыгына, келечегине сарсанаа болуп жүрөт.

“Уулумду "аскерге жараксыз" деп үйгө жөнөтөбүз деп жатышат. Дарыгерлердин айтымында, балам алты ай дары ичиши керек экен. Бирок аскердик кызматын аягына чейин өтөшү керек болчу да. Азыр ар кандай чечимдерди чыгарып жатышат. Башында эки айга өргүүгө жиберебиз, андан кийин аскердик кызматын улантат дешкен. Азыр кайра башканы айтышууда. Ишенбей калдык. Балдарыбыздын келечегин оңдоп беришсин. Милицияга, аскер кызматына иштейин деген максаттары бар эле”.

Батырбеков сымал Коргоо министрлигине нааразы болгон ата-энелер 14-апрелде Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алардын бири Сабира Осмонованын жалгыз уулу былтыр аскерге күзгү чакыруу менен барган. Быйыл жыл башында кызматташтары менен чогуу кургак учук болуп ооруп калган.

“18 жыл бапестеп-таптап өстүргөн балдарыбыз ушундай абалга келгенине кейип турабыз. Биздин балдарыбыз өз ыктыяры менен аскерге кеткен. Аскер комиссарлыгынын шалаакылыгынан аларга кургак учук жукту. Эми аларды аскерге жараксыз деп атышат. Биз балдарыбызга аскердик билеттин берилишин, аларды милдет өтөөгө жарактуу деп табылышын талап кылабыз”.

Нааразы тарап эгер оору жуккан балдарга аскердик билет берилбесе, дарылоого каралашпаса, Коргоо министрлигин сотко берүүгө даярданып жатат.

Бул маселе 15-апрелде Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Анда коргоо министринин орун басары Нурлан Кирешеев депутат Бейшеналы Нурдиновдун илдет жуккан жоокерлердин саламаттыгы тууралуу суроолоруна жооп берди:

“Жоокерлер дарылангандан кийин биздин госпиталда жатышат. Андан кийин аскердик дарыгерлердин комиссиясына сунушталат. Өкмөттүн токтомуна ылайык, кургак учук менен ооругандар аскерге жараксыз болот. Бирок үч жылдан кийин дарылануунун жыйынтыгы менен 1-категориядагы аскердик билетин алышса болот”, - деди министрдин орун басары.

Коргоо министрлиги ушул тушта 29 жоокерге кургак учук жукканын ырастады. Анын үчөө аскер госпиталында, калганы ооруканада дарыланып жатат.

Быйыл мартта Куралдуу күчтөрдүн башкы штабына тиешелүү №97632 жана № 7412 аскер бөлүктөрүндө кургак учук менен ооругандар катталган.

Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы жоокерлердин жапырт кургак учук жуктуруп алганы тууралуу Жазык кодексинин 331-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш ишин козгогон.

Бул иштин алкагында тийиштүү экспертизалар дайындалган, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек. Бул фактыны Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

Талдоочу Токтогул Какчекеев кургак учук болгон жоокерлер аскерге жараксыз деген документ алып калышарын, ошондуктан бул жагдай жакшылап териштирилиши керектигин билдирди:

Токтогул Какчекеев
Токтогул Какчекеев

“Аскердик дарыгерлердин комиссиясы мындай жоокерлерге дартынын негизинде бүтүм чыгарышат. Эгер илдети аныкталса, жоокер кызматын өтөп бүтсө да аскерге жараксыз деген документ алат. Аны менен укук коргоо органдарына жумушка орношо албайт. Мындай учурда ата-энелер соттошконго чейин барат. Ошондуктан бул ишти жакшылап текшерүү абзел”.

Какчекеев кыргыз армиясындагы жоокерлерге түзүлгөн шарт, тамак-аш маселеси, казармадагы тазалык тууралуу да пикирин билдирди. Деген менен талдоочу кургак учук армиядан жугушу мүмкүн эмес деп эсептейт:

“Казармадагы тазалыкты ротанын, взводдун командирлери күнүгө текшерип турат. Жоокерлер жума сайын мончого түшөт. Санитардык нормалар сакталган. Тамак ичкен идишин хлор менен жууп турушат. Жоокерлердин тамагы акыркы жылдары жакшырган. Ошондуктан кургак учук армиянын ичинен жугушу мүмкүн эмес. Жоокерлер бир күндүк же он сааттык өргүү алып, бөлүмдүн сыртына чыгып келет. Ошондо башка жактан жуктуруп келип, армиянын ичине жайылтып жибериши да мүмкүн”, - деди Какчекеев.

Кургак учук дүйнө жүзүндө өлүмдүн негизги он себебинин бири деп эсептелет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2020-жылы Кыргызстанда бул илдет дагы беш миңден ашык кишиден табылган.

Кургак учуктун негизги белгилери болуп эки аптадан ашкан катуу жөтөл жана дене табынын көтөрүлүшү эсептелет. Илдет абадан, оорулуу кишинин какырыгы, шилекейи аркылуу жугат. Ооруга чалдыккан адам сөзсүз адистин көзөмөлүндө болуп, тийиштүү дары-дармектерди ичиши керек.

Дарылануу мөөнөтү алты айдан бир нече жылга чейин созулат. Кургак учук болгон бейтапты айыктырса болот.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG