Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 20-февраль, 2020 Бишкек убактысы 05:51

Апта: Кыргыз-тажик диалогу, Путиндин амалы


Жаңы-эски өкмөт башчылар Михаил Мишустин жана Дмитрий Медведев.

Апта ичинде Кыргызстанда жана дүйнөдө болгон урунттуу окуяларга сереп. (13-19-январь, 2020-жыл).

Медведев кетип, Мишустин келди

Орусияда өкмөт алмашканы өткөн жуманын башкы окуяларынын бири болду.

Орус президенти Владимир Путин 15-январда Федерация Кеңешинде билдирүү жасап, мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары парламентке берилиши керек экенин айтты. Ал бул үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү зарыл болорун белгилеп, референдум өткөрүү боюнча демилге көтөрдү.

Бул билдирүүдөн бир нече саат өткөндөн кийин эле премьер-министр Дмитрий Медведев орус өкмөтү кызматтан кеткенин жарыялады. Медведев муну президентке керектүү чечимдерди кабыл алууга толук мүмкүнчүлүк түзүп берүү максаты менен түшүндүрдү.

Ушул күнү кечинде Путин өкмөт башчылыкка 2010-жылдан бери Федералдык салык кызматын жетектеп келген Михаил Мишустиндин талапкерлигин көрсөттү. Бул сунушту Мамлекеттик Дума 16-январда карап, каршылыксыз жактырды. Коммунисттер партиясынын фракциясы гана добуш берүүдөн карманды, калгандарынын баары макул болду.

Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин. 15-январь, 2020-жыл. Москва.
Федералдык салык кызматынын башчысы Михаил Мишустин. 15-январь, 2020-жыл. Москва.

Михаил Мишустин депутаттардын алдында сүйлөп жатып, улуттук долбоорлорду ишке ашырууга, Путиндин май айындагы буйруктарын аткарууга убада берди. Эми ал жакын арада өкмөттүн жаңы курамын сунуш кылышы керек.

Өкмөттүн төрагасынын бул кызматка тандалышын серепчилер анын бийликке лоялдуулугу менен байланыштырышты. Талдоочулар Путин Мишустиндин бийлик талашпай турганын, лидерлик сапатынын жоктугун карап тандаганын боолголошту. Айрымдар болсо президент акыркы убакта коомчулукта болуп жаткан нааразылыкты басыш үчүн өкмөттү алмаштырууну көздөгөнүн, бирок Михаил Мишустинге кокустан эле токтолгонун жоромолдошууда.

Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын өнөктөшү, саясатчы Владимир Милов «Навальный LIVE» «YouTube» каналындагы видеосунда Мишустинди мындайча мүнөздөдү:

- Кантсе да эл белгилүү фигураны күтүп жаткан. Бирок биз эмнеге ээ болдук? Мишустин. Кечирип коюңуздар, мен муну дагы эле кабыл ала албай жатам. Бардык маанисиз жана пайдасыз кишилердин ичинен «Путиндин кадрдык генийи» эң маанисиз жана эң пайдасыз эргулду тандаптыр. Бийликтеги менин тааныштарым да аларды бул кабар дендароо кылганын айтып жатышат. Мишустин токсонунчу жылдардын аягынан баштап өкмөттүн курамында келе жатат, салык боюнча министрдин орун басары катары иш баштаган. Ал болгону фискал. Ал өмүрүн «акчаң барбы-жокпу» дегенге карабай, болушунча көп акча жыйноого гана арнаган. Путин эмне үчүн аны тандады? Анткени бул дайындоо салык жыйноону көбөйтүп, ансыз да чөгүп бараткан экономиканын акыркы ширесин сыгып алуу максатын көздөйт.

Владимир Путиндин демилгесине ылайык, Мамлекеттик Дума премьер-министр, вице-премьер-министр жана федералдык министр кызматтарына талапкерлерди тандап, аныктайт. Президент парламент сунуш кылган талапкерди ошол кызматка бекитип гана бере алат жана аны четке кагууга укугу болбойт.

Путин эгер премьер-министр же дагы башка жогорку кызматтагы аткаминерлер ишенимден кеткен учурда гана президент аны кызматтан четтете аларын айтты. Мамлекет башчы Куралдуу күчтөрдү башкаруу укугун сактап калат.

Путин андан сырткары мыйзамдагы «бир эле адам катары менен эки ирет президент болуп шайлана алат» деген жердеги «катары менен» деген сөздү алып салууну талкуулаш керек экенин белгиледи.

Владимир Путин менен Дмитрий Медведев.
Владимир Путин менен Дмитрий Медведев.

2018-жылы президенттик кызматка төртүнчү жолу шайланып келген Владимир Путиндин мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Серепчилер Путиндин реформасы ал бийликтен кеткенден кийинки учуруна даярдык болушу ыктымал экенин айтышууда. Орус бийлигинин башкы оппоненти Алексей Навальный «Твиттердеги» баракчасына Путин президенттиктен кеткенден кийин да өлкөдө таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып жатканын жазды.

Орус өкмөтүнүн таркап кетишинен улам бир катар эксперттер да ушул жүйөгө кошулуп, Кремль бийлик ооштуруунун «казакча амалына» өткөнүн айтып жатышат.

Саясат таануучу Екатерина Шульман Мамлекеттик кеңештин макамын Конституция аркылуу бекитүү менен Путин өкмөткө, парламентке, Коопсуздук кеңешине бирдей таасир эте ала турган «орун камдап жатканын» болжоду:

- Бул жалпысынан саясат иликтөөчүлөр айткандай, бийлик ооштуруунун «казакча амалы». Президенттик ыйгарым укуктарды мамлекеттик органдарга бөлүштүрүп коюп, өзү кандайдыр бир салмактуу макамды алып, кадр дайындоого таасир этүүгө мүмкүнчүлүгүн сактап калуу аракетин көрдү. Бизде мындай салмактуу орун Мамлекеттик кеңештеги жетекчилик болуп калчудай. Бул азыркы Казакстандагыдай түзүлүш.

Башкача айтканда талдоочулар Владимир Путин 2024-жылдан кийин Мамлекеттик кеңешти жетектеши мүмкүн экенин же кайра премьер-министр катары иштеп калышы ыктымал болорун белгилешүүдө.

Орус өкмөтүнүн мурдагы курамы 2018-жылы түзүлгөн. Дмитрий Медведев өкмөттү 2012-жылдан бери жетектеп жаткан. Медведев 2008-2012-жылдары президент болгон, анда өкмөттү Путин башкарган.

Кыргызстан Тажикстан менен жер алмашат

Кыргыз-тажик чек арасындагы көптөн бери созулуп келаткан чырдын түйүнүн чечүү иши ушул аптада ордунан жылгандай болду.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков 13-январда кеңешме өткөрдү. Анда чек арада чыр-чатактардын алдын алуу, анын ичинде Баткен облусунун кыргыз-тажик бөлүгүндөгү чек аранын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттер талкууланганы кабарланды.

Мындан кийин, 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсү өттү.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.
Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхим. 14-январь, 2020-жыл.

Түн жарымга чейин созулган сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки тарап күн тартибиндеги алты маселени макулдашып, протоколго кол коюшту. Анын ичинде шахмат түрүндө жайгашып калган жерлерди алмашуу маселеси да бар экени айтылды.

Атайын топторду тажик тараптан вице-премьер-министр Азим Иброхим, кыргыз тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштап жүрдү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Жеңиш Разаков журналисттерге буларды айтып берди:

- Мурда кыргыз-тажик топографиялык тобу иштеп чыккан 114 чакырым аралыктагы макулдашылган чек ара аймагын аныктап, укуктук негиздерин бир айдын ичинде иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизилсин деп чечим кабыл алдык. Бизде, өзүңүздөр билесиздер, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Аксай айыл аймактарында Кыргызстандын жарандары менен Тажикстандын жарандарынын үйлөрү аралашып, аябай татаал, кээ бир жерлерде шахматтык режимде жайгашып калган жерлер бар. Биз ошол протоколдун экинчи пункту менен ошол аралашкан жерлерди тактап, бир тараптуу кылыш керек деп тапшырма бердик. Бул тапшырманы аткарып 1-мартка чейин ушул топографиялык топтор бизге, өкмөттүк делегациянын жетекчилерине сунуш беришет.

Өкмөт кабарлагандай, топографиялык жумушчу топ Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгат. Бул топ дароо эле ишке киришти.

Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.
Баткен шаарында митингге чыккандар. 15-январь, 2020-жыл.

Бул окуялардын фонунда Бишкекте жана Баткенде чек арага байланыштуу бир нече митинг болду. Жогорку Кеңештин алдына чыккандар да, аймакта чогулгандар да кыргыз-тажик чек арасы боюнча маселени чечүүнү жана Баткенде чек ара чырына байланыштуу камакка алынган төрт жаранды бошотууну талап кылышты. Көк-Таш айылынын төрт тургуну - Зайнидин Бердиев, Улукбек Сапарбаев, Нурбек Сапарбаев жана Үсөн Сапарбаев 11-январда «Массалык башаламандык» жана «Ээнбаштык» беренелери боюнча шектүү катары кармалган. Кадамжай райондук соту 13-январда аларды бир айга камакка алган. 17-январда сот кайра Улукбек жана Үсөн Сапарбаевдерди үй камагына чыгарды.

Бул ортодо Баткенде чек ара маселеси боюнча өткөрүлгөн координациялык кеңешмеде Бишкектен барган бийлик өкүлдөрү акыркы окуяларда жергиликтүү кызматкерлердин жоопкерчилиги тууралуу маселе козгошту. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов менен вице-премьер-министр Жеңиш Разаков митингге катышкан айыл өкмөт башчыларына жана туугандарына тили өтпөгөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө карата кызматтык иликтөө жүргүзүүнү сунуш кылышты.

Чек ара маселеси парламентте да сөз болду. Жогорку Кеңештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев чек ара боюнча өкмөт чабал иштеп жатканын айтып, аны сынга алды. Парламенттин 15-январдагы жыйынында депутат 2019-жылы Жогорку Кеңеш чек ара маселесин бир нече жолу талкуулаганы менен жыйынтык чыкпай жатканын кошумчалады.

- Кийинки жумада чек ара маселесин дагы талкуулайбыз. Баягы эле сөз, эч нерсе чечилбейт. Өкмөт так план, стратегия менен келип Баткенге канча акча бөлүнгөнүн айтышы керек. Коалицияны уят кылып, президентти артка тартып жатасыңар. Ошондуктан элге канча ссуда берилет, канча камера коюлат, канча каражат бөлүнөт жана чек арада канча элдик кошуун иштейт - так маалымат менен келиш керек. Болбосо «сүйлөшүү жүрүп жатат» деп эле эч жыйынтык чыкпайт, - деди Төрөбаев.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 971 чакырымды түзөт. Анын 450 чакырымдан ашыгы тактала элек. Талаштуу тилкелердин айынан кыргыз-тажик чегинде жылына ондогон чатактар чыгып, аягы адам өлүмү менен коштолгон учурлар арбын. 2019-жылдын аягында да ушундай чырдан улам бир нече адам өлдү.

АКШ-Кытай: «соода согушун» токтотууга багытталган кадам

Вашингтондо 15-январда Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Хэн эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык келишимдин биринчи бөлүгүнө кол коюшту.

Лю Хэн жана Дональд Трамп. Вашингтон, 15-январь, 2020-жыл.
Лю Хэн жана Дональд Трамп. Вашингтон, 15-январь, 2020-жыл.

Документте жакынкы эки жылда АКШнын импортун 200 миллиард долларга көбөйтүү жана кытай товарлары үчүн салыкты азайтуу каралган. Андан сырткары интеллектуалдык менчикти коргоо, америкалык өнөр жай, айыл чарба өндүрүмүн сатып алууну көбөйтүү, валюталык көз боёмочулукту токтотуу, тараптардын соода алакаларындагы тең салмактуулукту калыбына келтирүү жана башка маселелер камтылган.

Ошол эле учурда «соода согушу» учурунда 250 миллиард долларлык кытай товарына киргизилген 25% тариф сакталып калмакчы. Айрым талдоочулар Вашингтон муну болочок сүйлөшүүлөрдө таасир этүүчү механизми катары пайдалангысы келет деп чечмелешет.

Трамп келишимди буга чейинки «каталарды оңдоо» катары сыпаттап, дүйнөдөгү туруктуулукка салым кошорун белгиледи.

Расмий Бээжин макулдашуу үчүнчү тараптарга эч кандай зыян алып келбейт деп ишендирүүгө аракет кылууда.

Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ген Шуан.
Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ген Шуан.

- Кытай менен Кошмо Штаттар кол койгон соода жана экономикалык келишимдин биринчи баскычы эки өлкө, бүт дүйнө үчүн жагымдуу шарт түзөт. Бул дагы бир жолу Кытай жана АКШ диалог, кеңешүү жолу менен ортодогу маселелерди натыйжалуу чече алышарын көргөздү. Эми тараптардын келишимди урматтоо боюнча чогуу-чаран иштеши, бири-бирин түйшөлткөн маселелерин эске алышы маанилүү, - деди бейшембиде Кытайдын тышкы иштер мекемесинин басма сөз катчысы Ген Шуан.

Келишимге кол коюлгандан кийин 15-январдын кечинде АКШда фондулук биржаларда акциялардын баасы кескин көтөрүлдү. Мунайдын айрым түрлөрү да кымбаттады.

Эл аралык коомчулук жана АКШнын ишкер чөйрөсү эки экономикалык дөө-шаа тил табышканын кубатташууда.

Бирок кээ бир талдоочулар ал макулдашуу талашка алып келген түзүмдүк экономикалык маселелерди жөнгө салбаганына, глобалдык экономикага кедергесин тийгизген тарифтердин дээрлик өзгөрүүсүз калганына көңүл буруп, пессимисттик көз карашта турушат.

АКШ Конгрессиндеги демократтар макулдашууга нааразы болуп, «президент Дональд Трамп Кытай менен соода жаңжалын баштап жатканда алдыга койгон максаттарына жеткен жок» дешет.

Кошмо Штаттар менен Кытай биринчи соода макулдашуусунун алгачкы фазасы боюнча макулдашууга 2019-жылдын декабрында жетишкен. Буга байланыштуу АКШнын президенти Дональд Трамп кытай товарларына бажы төлөмүн көтөрүү жөнүндө мурдараак кабыл алынган чечимин 15-декабрда күчүнө киргизген эмес.

Жакында калган пункттар, айрыкча бажы салыктарын төмөндөтүү жана Кытайдагы мамлекеттик субсидиялар талкуулана башташы күтүлүүдө.

Вашингтон менен Бээжиндин соода-сатыктагы талаш-тартышы 2018-жылдан бери уланып келатат. АКШ Кытай бийлигин протекционизм үчүн жана бизнести калыс жүргүзбөйт деп күнөөлөп, Трамп Кытайдын бир катар товарларына бажы төлөмүн киргизген. Бээжин да ушундай эле жооп кайтарган.

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Трамп бийликке келгенден бери башталган «соода согуштары» глобалдык экономикага 700 миллиард доллар чыгым алып келгенин санап чыккан.

«Казак»​ кармалып, аны үй камагына чыгарган сот иштен кетти

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 17-январда Ош шаардык сотунун судьясы Айнура Сулайманованы мөөнөтүнөн мурда иштен бошотту. Мунун алдында Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы аталган судьяны жумуштан четтетүү боюнча чечимин президентке жиберген.

Президенттин сайтында Сулайманованын кызматтан алынышына өзгөчө оор кылмыш үчүн айыпталган адамдын ишин кароодо мыйзамсыз токтом чыгарганы себеп болгону жазылган. Башкача айтканда, судья соттук экспертизанын корутундусу жок болгонуна карабастан, медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу жөнүндө токтом чыгарган.

Жогору турган сот инстанциясы соттук актыны жокко чыгарды. Ишти кайрадан кароонун натыйжасында соттун өкүмү менен бошотулган адам 110 миң сом айыпка жыгылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүнкү күндө бул өкүм күчүнө кирген.

Судья Айнура Сулайманованын иштен алынышына башка жагдай да себеп болгондой. Ал «Казак» деген каймана ат менен жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү Умар Маратовду 8-январда үй камагына чыгарып жиберген. Ал эми бул аралыкта Маратовдун дагы башка кылмышка тиешеси чыгып калат.

Тагыраагы 11-январда мурдагы мэр Айтмамат Кадырбаевдин аталаш иниси Улан Раимбековду белгисиз адамдар сабап кетет. Милиция бул ишке шектүү катары 17-январда Умар Маратовду кайра кармап олтурат. Башкача айтканда ал судья Сулайманова иштен алынган күнү камакка алынды.

Бекзат Осмонкулов.
Бекзат Осмонкулов.

Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов көпчүлүк учурда ачылган иштер тергөөчүлөр тарабынан «жеңил кылмыш» деп бааланганы үчүн судьяларга шектүүлөрдү кармоого негиз жок болуп каларын түшүндүрдү. «Казактын» үй камагына коё берилиши тууралуу ал буларды айтты:

- «Судья өзүнүн ички туюмуна, айыпталуучунун качып кетпей турганына ишенсе, каралып жаткан иштин башка жагдайларына таянып токтом кабыл алса болот» деп мыйзамда көрсөтүлгөн. Бирок бул чечимдин канчалык туура кабыл алынгандыгы териштирилип жатат.

Маалым болгондой, Умар Маратов биринчисинде зордуктоо жана ээнбаштык үчүн шектүү катары колго түшсө, экинчисинде ага «Карактоо» беренеси боюнча айып коюлду. Ал мурдараак «Уурулук» жана «Каракчылык» беренелери менен соттолуп чыккан.

Иштен бошогон судья Айнура Сулаймановадан жагдай боюнча комментарий ала алган жокпуз. Бирок анын башка кесиптештери да судьянын бул чечимин жактоодон алыс.

Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов мындайча ойлорун бөлүштү:

Курманбек Осмонов.
Курманбек Осмонов.

- Эгер иштин материалдары менен таанышып, маселенин чоо-жайын жакшыраак билсем дагы да кененирээк айтмакмын. Үстүртөн карап талдоо кылсак, негизи кармалган киши качып кетүүгө аракет кылбасына ишенсең аны үй камагына чыгарууга мыйзам жол берет. Бирок ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин, оор кылмыш боюнча шектүү экенин, өздүгүн, жасап жаткан кылмышын билип туруп коё берип жибергени одоночулук катары байкалып жатат. Сот чечим кабыл аларда шектүүнүн коомго коркунучтуулугун эске алышы керек эле. Анан бул бир эле чечимби же мындан башка да чечимдерди кабыл алып жүргөнбү - ал башка маселе. Соттор кеңеши, Тартип комиссиясы тарабынан ошондой сунуш киргизилсе - анда, менимче президент туура чечим кабыл алды го деп ойлойм.

Соттор кеңешине караштуу Тартип комиссиясына 2019-жылы судьяларга каршы 863 арыз түшкөн.

Анын ичинен Тартип комиссиясы 456сын артка кайтарып, 167 арыз боюнча судьяларды тартиптик жазага тартуудан баш тарткан.

32 судьяга алдын-ала эскертүү, 11ине эскертүү берилген. Беш судьяга сөгүш жарыяланып, эки судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматтан алууга, ал эми үч судтяны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилген. Сотторго каршы дагы 135 арыз каралып жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Пикирлерди көрүңүз (13)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG