Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:37

КСДП: фракция менен партиянын бөлүнүшү


КСДП фракциясынын курултайы.
КСДП фракциясынын курултайы.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевге байланыштуу соңку окуялар аталган фракциядагы ажырым тууралуу сөздөрдү кайрадан козгоду.

Өткөн аптада КСДПнын саясий кеңеши Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарган жана муну тазалануу, жаңылануу аракети менен түшүндүргөн.

Ажырым тууралуу сөздөр партия лидери, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун араздашуусу ачыкка чыккандан кийин эле башталган.

КСДП апрель ыңкылабынан бери бийликти "мыкчып" турган, катарынан эки президент чыгарган ири партия болуп саналат.

Кыргыз өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин 7-сентябрда кызматтан алынган төрагасы Уланбек Рыскулов андан бир күн мурда Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын депутаты, Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаевди "Каарман" төш белгиси менен сыйлаган.

Муну тоо-кен тармагына кошкон салымы чоң болду деп түшүндүргөн. Бул болсо өз кезегинде жогорку бийликтеги, КСДП фракциясындагы тымызын бөлүнүп-жарылуу тууралуу сөздөрдү кайрадан козгоду. Рыспаев соңку жагдай тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип жатып, ажырым тууралуу айтылгандарды төгүнгө чыгарды:

- Мени партиядан "Атамбаевди колдогондор", же "Жээнбековго жан тарткандар" деген негизде чыгарган жок. Партиядан чыгарып жиберсе эле талаада калмак белек? Парламентте 120 депутаттын арасында партиясыздар толтура эле жүрөт. Кудай сактасын, мени фракциядан эч ким чыгарган жок. Мен депутаттарды уятка калтырбасам, шек келтирбесем, жаман сөз айтпасам, эмнеге мени фракциядан чыгарышы керек? Эгер бул маселени фракция көтөрсө аны да көрөбүз. Фракциядагы балдар "сизди коррупция менен күрөштү деп чыгарып салган туура эмес" деп өздөрү айтып жатат. Тескерисинче, булар мени "баатыр" көрсөтүп, пиар кылып жатышпайбы. Мына, азыр сиз мени "баатыр" кыласыз. Мындай бекер пиарды акча берип деле жасай албайсың да.

Өткөн айдын аягында КСДП өз катарын жаңылап, тазалоо жараяны башталганын, алгачкы кадам иретинде эле Кожобек Рыспаевди партиядан чыгарганын жарыялаган. Буга Рыспаевдин Бишкек ЖЭБи боюнча аталган партиянын күнөөсү далилденсе, партияда кала албай турганы жөнүндө айткан сөздөрү негиз болгонун билдирген.

Саясий кеңеш КСДП фракциясынын депутаттарына Кожобек Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, тиешелүү убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алуу тууралуу да кеңеш берген.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубава Кожобек Рыспаевдин сүйлөгөн сөзү менен жасаган иши партиянын жобосуна дал келбей турганын айткан. Партиянын саясий кеңеши 29-августта жыйынга чогулуп, Рыспаевдин партияда мүчө болуп калууга акысы жок деп тапканын маалымдаган:

- Партия азыркы учурда жаңыланууга багыт алып, өзүн өзү тазалоо этабына өтүп жатат. Партиянын саясий чечими менен Кожобек Рыспаев уюмдун жобосунда белгиленген милдеттерине жана максаттарына төп келбеген жоругу үчүн анын катарынан чыгарылды. Саясий кеңештин чечиминде парламенттеги КСДП фракциясына Кожобек Рыспаевди Жогорку Кеңештин Отун-энергетика жана жер казынасы боюнча комитетинин төрагалыгынан алуу жана аны фракция көргөзгөн убактылуу комиссиялардагы, туруктуу жумушчу топтордогу мүчөлүгүн токтотуу сунуш кылынды. Фракциянын мүчөлөрү КСДПнын тизмеси менен парламентке келип, депутаттык мандат алып отурушат. Ошондуктан алар партиянын саясий кеңешинин чечимин жана партиянын жобосун аткарууга милдеттүү.

Талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, КСДП жана анын парламенттеги фракциясы эки жолго түшкөнү ачык көрүнүп калды:

- Бул фракциянын ушул кезге чейин туруктуу турганынын бир эле себеби бар болчу - анткени ошол кезде партия лидери Алмазбек Атамбаев бийликте турган. Эми жагдай кескин өзгөрүп кетти. Атамбаев жөн эле кызматтан кетпей, азыркы президент менен пикири келишпей калганын баарыбыз түшүнүп турабыз. Эми КСДП фракциясында дагы чоң өзгөрүүлөр болот. Мындан ары Атамбаевдин эле сөзүн сүйлөгөн фракция боло албайт. Кожобек Рыспаевди партиянын саясий кеңеши аркылуу партиядан чыгарышты. Муну менен партия лидери "мен дагы эле күчтүүмүн, партияга тиешем бар" деген мааниде эле ишарат кылууда. Азыр фракция менен партиянын эч байланышы жок. Атамбаев баштаган партия өзүнчө, фракция өзүнчө жолго түштү, өз-өзүнчө жашоо менен жашап жатат. Бул Сапар Исаковду кызматтан кетиргенде, азыркы премьерди колдогондо эле билинген.

Жарандык активист Адил Турдукулов КСДПнын саясий тагдыры экс-президент Алмазбек Атамбаевдики менен бирге экенине токтолду. Партия саясий күрөштөн чыкпайт деген оюн айтты:

Адил Турдукулов.
Адил Турдукулов.

- Партия оор кырдаалда, оппозицияда жүргөндө, бийликте турганда да ал жерде башкы ролду Алмазбек Атамбаев ойноп келген. Бул партиянын кийинки келечеги, Атамбаевдин саясий тагдыры менен байланыштуу. Атамбаев болсо саясий майданды таштабайт. Анын таянган күчү сөзсүз түрдө КСДП партиясы болот. Ошондуктан ал КСДПнын анабашчылыгын эч кимге бербейт. Анын маалыматтык, каржылык ресурстары бар. Аймактык факторду алганда ал Чүй өрөөнүн чоң лидерлеринин бири. Партиянын жер-жерлердеги активисттери да көп. Ошондуктан КСДП аты өчүп, саясий айдыңдан жоголуп кетет деп айткандан алысмын.

2010-жылдан бери бийликте турган КСДП 1994-жылы түзүлгөн жана ушул тушта мүчөлөрү, Жогорку Кеңеште жана жергиликтүү кеңештерде эң көп депутаттары бар партия болуп эсептелет. Парламентте жана бир катар аймактардагы жергиликтүү кеңештерде башкаруучу коалицияны жетектейт. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасы болуп быйыл март айында кайра шайланган.

Буга чейин узак убакыт КСДПнын катарында жүргөн айрым адамдар партиянын кезексиз жыйынына чогулуп, Атамбаевди тизгинди тапшырууга үндөп чыгышкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG