Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Апта: КСДПдагы кризис, Идлибдеги кырдаал


24-ноябрь, 2017-жыл.
24-ноябрь, 2017-жыл.

КСДП партиясы депутат Кожобек Рыспаевди катарынан чыгарды. Путин пенсия реформасына өзгөртүү киргизди. Сирия армиясы Идлиб шаарын бошотууга камынууда.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев жетектеген Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) саясий бийликти сындаган билдирүүсүн шейшембиде таратты. Анда "Алмазбек Атамбаев күзүндө төңкөрүш жасайт экен" деген жалган маалыматтар кеңири жайылып, экс-президентти “жаманатты кылуу” аракети жүрүп жатканы айтылат.

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаеванын айтымында, Атамбаев “башаламандык жана мамлекеттик төңкөрүш уюштурат экен” деген имиштер акыркы айларда максаттуу түрдө жарыяланып жатат. Партиянын өкүлү “Азаттык” радиосуна берген комментарийинде “тийиштүү мамлекеттик органдардын мындай чагымчылдыкка таптакыр ак же көк дебей турганынан улам, бийлик башында отурган айрым адамдардын кай бир даражада кызыкчылыгы бардай таасир калтырат” – деди.

КСДП өз билдирүүсүндө бийликтин саясатын, мамлекеттик кызматка кадрлардын дайындалышын сындап, өлкөдө "экономикалык өсүш болбой, саясий оппоненттер куугунтукталып жатканы" белгиледи. “Акыркы айларда эки багытта тең кооптуу белгилер байкалганы” айтылат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун администрациясы партиянын билдирүүсүнө расмий жооп кайтарбай турганын маалымдады. Бирок коомчулукта бул билдирүү Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы тиреш күчөп баратканын айгинелеп, анын өлкөдөгү кырдаалга тийгизчү таасири тууралуу талкуу жаратууда.

Экономика илимдеринин кандидаты, эксперт Эркин Абдразаков эл КСДПнын ичиндеги териштирүүгө көңүл бурбай, бийликтен эски системаны жаңылоону талап кылышы керек деген көз карашта. “Көмүскө кабинетте отуруп алып, мурунку жетекчинин кийинкисине сын тагып, анын ишине утур-утур бут тосуп жатканы мени өкүндүрөт” – деди. Эксперт ошол эле маалда “Атамбаевдин таасири, кадрлары, финансылык ресурсу бар. Таасирдүү бир реформаны аткара албаса дагы бут тосуу, ушак таркатуу, бийликке компромат кылчу ресурстары бар” деп эскертет.

2010-жылдан бери бийликте турган Социал-демократиялык партиянын атынан таратылган билдирүү Атамбаевдин жакын адамдарынын позициясын чагылдырары айтылууда. Башкаруучу партиянын ичиндеги түшүнүксүз кырдаал ушундай ойго жетелейт. 31-мартта Атамбаев партиянын расмий жетекчилигин колуна алгандан тартып, КСДП президент Жээнбековдун бийлигин сындаган билдирүүлөрдү утур-утур жарыялап келет. Бул Атамбаевдин үзөңгүлөштөрү, экс-премьер-министр Сапар Исаков, Бишкектин мурдагы эки жетекчиси Албек Ибраимов жана Кубанычбек Кулматов камалганда ачык көрүнгөн.

Кожобек Рыспаев.
Кожобек Рыспаев.

Ошол эле учурда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын мүчөлөрүнүн көбү президент Жээнбековдун таламын талашып жүргөнү белгилүү. Шаршембиде саясий кеңеш Жогорку Кеңешке КСДПнын тизмеси менен шайланган депутат Кожобек Рыспаевди партиянын мүчөлүгүнөн чыгарды.

Депутат эмне себептен катардан чыгып калганын Атамбаев партиянын төрагалыгына шайланган жыйынга барбай койгону менен түшүндүрөт. “Мен Атамбаевге каршы эч жерде сүйлөгөн эмесмин, аны менен мамилем начарлап кетти деп да айта албайм. Мунун баары анын тегерегиндегилердин иши болду” – деди эл өкүлү.

Социал-демократтардын расмий өкүлү Жолдубаеванын айтканына караганда, партиянын кескин чечимине депутат Рыспаевдин “Эгер Бишкек ЖЭБи боюнча КСДПнын күнөөсү далилденсе, мен бул партияда кала албайм, анткени биз бул партияда өз киши болгон эмеспиз” деп айтканы негиз болгон. Ошондой эле ЖЭБди модернизациялоо боюнча ишти кароодо "Рыспаев өзү Бишкек ЖЭБинин директорлугуна сунуш кылган Нурлан Өмүркул уулун коргоп келген” деп кошумчалады.

Депутат болсо Нурлан Өмүркул уулуна эч кандай тиешеси жоктугун айтып, тескерисинче, анын ишине бир катар эскертүүлөрдү бергенин ырастады.

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДП таптаган Жээнбеков

КСДПнын саясий кеңеши президенттикке өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин сунуштагандан бери анын дарамети ар түрдүүчө талданып жатат.

Саясий кеңеш парламенттеги КСДП фракциясына Рыспаевди Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагалыгынан, убактылуу комиссиялардагы, жумушчу топтордогу жана туруктуу делегациялардагы мүчөлүгүнөн чакыртып алууну сунуш кылды.

Парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракция азырынча бул маселе тууралуу өз позициясын билдире элек. КСДПнын саясий кеңешинин жыйынына фракциянын төрагасы Иса Өмүркулов да катышкан эмес.

Саясий ишмер Эмилбек Каптагаевдин баамында, партиянын төрагасы менен парламенттеги фракция лидеринин ортосунда “эки башка саясат, эки башка көз караш болушу мүмкүн”.

Кожобек Рыспаев 2010-жылы “Ар-Намыс” партиясынын жана 2015-жылы КСДПнын тизмеси менен депутат болгон. 2012-жылдан бери парламенттеги Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы.

Башкаруучу партиянын айрым мүчөлөрү Чүйдүн Москва, Панфилов райондорунда жыйын өткөрүп, "Атамбаевсиз КСДП" деген резолюция кабыл алышкан. Партиянын жетекчилиги андай жыйындарды уюштурган адамдар Социал-демократтардын мүчөсү эместигин билдирген. 28-августта мындай жыйын Токтогулда өткөнү кабарланды.

Орусия: Путин пенсияны коопсуздукка байлады

Президент Владимир Путин Орусияда талаштуу пенсия реформасы жумшартыларын 29-августтагы телекайрылуусунда жарыялады. Орус өкмөтүнүн пенсия курагын көтөрүү боюнча быйыл июнда жарыялаган сунушу нааразылык акцияларын жаратып, быйыл жазда кайра шайланган Путиндин калк арасындагы кадыр-баркын төмөндөткөн.

Мамлекеттик Дума аялдардын пенсия жашын 63кө, эркектердикин 65ке көтөрүүнү караган мыйзам долбоорун буга чейин биринчи окуудан жактырган.

Путин жакын арада ага алымча-кошумча киргизилип, аялдардын пенсия курагы 60ка түшүрүлөрүн элине жарыялады. "Биздин өлкөдө аялдарга өзгөчө, аяр мамиле кылабыз. Алар өздөрүнүн негизги жумушунан тышкары, үйдүн түйшүгүн алышат. Үй-бүлөнү кароо, балдарды тарбиялоо, неберелердин түйшүгү бар. Аялдардын пенсия курагын көтөрүү эркектердикинен ашпашы керек” – деп, аялдардын пенсия курагы сегиз эмес, беш жылга кыскартыларын белгиледи.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ушул тапта Орусияда эркектер 60, аялдар 55 жаштан пенсияга чыгышат. Орус өкмөтү июнь айында жарыялаган планга ылайык, өлкөдө пенсия курагы 2019-жылдан тартып акырындык менен көтөрүлмөк. Мыйзам долбоорунда 2028-жылга барып эркектер 65, ал эми 2034-жылга чейин аялдар пенсияга 63 жаштан чыгары каралган.

Путин негизинен өкмөт сунуш кылган пенсиялык реформаны "жумшарткан" беш өзгөртүү киргизди. Ага ылайык көп балалуу аялдар пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгууга укуктуу болот. Мисалы, үч баласы болсо үч жыл эрте, төрт баласы болсо төрт жыл эрте, беш балалуулар 50 жашында эс алууга кетет.

Жашы 50дөн өткөн адамдарга эмгек кепилдиктерин камсыз кылуу, зыяндуу өндүрүштө иштегендерге жеңилдиктер сакталат. Пенсияга мөөнөтүнөн мурда чыгуу боюнча эмгек стажы эркектер үчүн 45тен 42 жылга, аялдарга 40тан 37 жылга ылдыйлатылат.

Путин пенсия реформасынын зарылдыгын демографиялык көйгөйлөр, анын ичинде Ата Мекендик согуштагы жоготуулар жана 1990-жылдардагы төрөттүн азайышы менен негиздеди.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Пенсия реформасы кечеңдесе, “өлкө коопсуздугуна коркунуч жараларын” белгилеп, келечекте Пенсиялык фонддун бюджетинде каражат жетпей каларын” эскертип, кечикпей чечим кабыл алууга шыктандырды.

Орусияда пенсия реформасына каршы ондогон шаарда миңдеген адам катышкан нааразылык акциялары байма-бай өтүп жатат. Кремлдин катуу сынчысы Алексей Навальный өкмөттүн пенсия курагын көтөрүү сунушун "каракчылыкка" теңеген. Нааразылык иш-чарасында чыгып сүйлөгөн оппозиционер “Чындыгында бул элдин он миллиондогон акчасынын түздөн-түз каракталышы. Бул элдин жүз миңдеген, керек болсо миллиондогон рублдан таза кол жуушу" - деген.

Москвадагы “Коомдук пикир” фондунун акыркы сурамжылоосу көрсөткөндөй, соңку маалда Путиндин эл арасындагы рейтинги төмөндөдү. Аны колдогондор 62% 47% азайып, “Бирдиктүү Орусия” партиясынын кадыры акыркы он жылдагы эң төмөнкү деңгээлге түштү.

Сирия: Идлиб операциясына даярдык

Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы өлкөнүн түндүк-батышындагы Идлиб провинциясына масштабдуу операция жасоого камданып жатат. Азырынча анын качан башталары белгисиз. Сириядагы бийликке каршы козголоңчулардын акыркы таянычын алууга Анкара менен Москва көмөктөшүп жатканы белгилүү болду. Ири операцияга даярдык жүрүп жатканын расмий Дамаск дагы ырастады.

Идлиб - Сириянын түндүк-батышындагы Түркия менен чектеш провинциясы. Бул аймак президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү жана ири таянычы.

Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарынын дрондон 2017-жылы тартылган сүрөтү.
Козголоңчулар колундагы Идлиб шаарынын дрондон 2017-жылы тартылган сүрөтү.

Буга чейин өкмөттүк күчтөр Сириянын башка аймактары менен шаарларынан козголоңчуларды сүрүп чыгарган кезде Асаддын бийлигине каршылар Идлибге ооп, бул жерде анклав түзүлүп калган.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров шаршембиде Москвада сауд аравиялык кесиптеши менен жолукканда Идлибдеги анклавды “ириң толгон жарага” салыштырып, “террорчулардын акыркы очогу” тазаланышы керектигин айткан. Орусиянын башкы дипломатынын айтымында, бул багытта Москва менен Анкара “саясий жактан бири-бирин толук түшүнөт”.

Сириянын тышкы иштер министри Валид ал-Муаллем өкмөттүк армия Идлибге чабуул коюуга “чындап белсенип турганын 30-августта Москвадагы жолугушууда ырастады. “Башкы маселе - "Жабхат ал-Нусранын" согушкерлери. Багынып берүүгө даяр адамдардын баары менен сүйлөшүүнү көздөйбүз. Дегеле кан төгүүнү токтотууга, жайкын тургундардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болушунча аракет кылабыз” – деп түшүндүрдү. Бирок министр жайкын тургундарды чыгарып кетүүгө "Жабхат ал-Нусранын" согушкерлери тоскоолдук кылып, адамдарды барымтада кармап турушканын кошумчалалды.

Идлиб провинциясы.
Идлиб провинциясы.

Валид ал-Муалем айткан “Жабхат ал-Нусра” же “Ал-Нусра фронту” “ал-Каиданын” Сириядагы бөлүмү деп саналат. Бирок 2016-жылы куралдуу топ атын “Фатих ал-Шам фронту” деп өзгөрткөн. Уюм террористтик болуп саналгандыктан, Сириядагы атышууну токтотуу боюнча АКШ менен Орусиянын ортосунда жетишилип, бирок сакталбай калган макулдашууларда камтылган эмес.

Идлиб провинциясы ошондой эле Орусиянын, Түркиянын жана Ирандын демөөрчүлүгү менен Астанада өткөн сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Сирияда кан төгүүнү токтотуу максаты менен түзүлгөн деэскалация зоналарынын бири.

Улуттар Уюму эл жыш жайгашкан аймакта аскердик операция башталса гуманитардык кризис жараларын эскертүүдө. Эл аралык уюмдун эсебинде, кеминде 700 миңге жакын сириялык үй-жайынан качууга аргасыз болушу ыктымал.

БУУнун Сирия боюнча чабарманы Стефан де Мистура 30-августта эл жыш жайгашкан аймакта оор куралдарды колдонууга жол берүүгө болбой тургандыгын эскертти. “Ал-Каидабы”, “ал-Нусрабы”, алар өзүн кантип аташса дагы, саны аз же көп дегенде 10 миңдин тегерегинде. Буга кошумча алардын (согушкерлердин) үй-бүлөлөлөрү бар. Ал эми жалпы Идлиб аймагында азыр 2,9 миллиондой адам жашайт. Андыктан бул жерде террорчулар менен мыйзамдуу күрөшүү үчүн эл жыш жайгашкан аймакта оор куралдарды колдонууга жол берилишин актоого болбойт” – деди дипломат.

Батыш өлкөлөрүндө президент Башар Асаддын бийлиги Идлибде да химиялык курал колдонушу мүмкүн деген тынчсыздануу бар. Стефан де Мистура “хлор куралын өндүрүү мүмкүнчүлүгү “ал-Нусрада”, өкмөттө да бардыгын” айтып, коңгуроо какты.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 28-августтагы жыйынында АКШ, Британия, Франция Сириянын бийлигин Идлибдеги операцияда химиялык курал колдонбоого чакырып, антпесе Батыш чара көрөөрүн эскертишкен.

Сирия согушунда 300 миңден ашуун кишинин өмүрү кыйылып, беш жарым миллиондон арбын тургун мекенин таштап, башка жактан башкалка издеп кетти.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG