Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Эне тил: Жылдыз көппү, же кыргыз диалекти көппү?


Түркүн оюусу бар кыргыз шырдагы. Ички Теңир-Тоо. 10.8.2009.
Түркүн оюусу бар кыргыз шырдагы. Ички Теңир-Тоо. 10.8.2009.

Кыргыз улутунун ар кыл диаспоралары бар. Алардын санына гана кызыкпастан, диалекттик өзгөчөлүктөрүн да кадырлашыбыз абзел. Тарыхчынын блогу.

Маркум публицист Токтобай Мүлкүбатов агабыз шарт сүйлөгөн, тамашакөй киши эле. Ал тээ 1980-жылдардын этегинде, “Кайра куруулар” доорунда, өз элинин көңүлүн көтөрүү үчүн “жылдыз көппү, кыргыз көппү” деген ураан астында макалалар жайнап чыккан кезеңде “Индияда эки миллиондой кыргыз бар экен” деп жазып чыккан эле.

Бир ирет ага жолугуп калганымда:

“Байке, так эле маалымат берсеңиз болмок экен, Кытайда 150 миңдей кыргыз бар, аларды дүйнө билет. Анан кантип эле маалымат эркинирээк таралган Индияда кыргыздар ушунча санда жашагандыгын билбей калмак элек?” – деп суроо салсам, ал күлдү да: “Биз жалгыз эмеспиз, аз эмеспиз деп көңүлдөрү көтөрүлүп калсын, деп жазып койбодумбу!” – деди.

Азыркы тапта Кытайдагы кыргыздардын саны 202 миңден ашты (буга тарыхый Манчжуриядагы фу-йү кыргыздарын, Тарбагатай кыргыздарын жана лоптуктарды кошкон жокпуз).

КЭРдеги кыргыздардын Кызылсуу Кыргыз автоном облусу жана айрым айылдык деңгээлдеги автономиялык кыштактары бар. Кытай кыргыздары өз эне тилин жана улуттук маданиятын мыкты сактап калышкан. Кытайлык кыргыздардын айтуусундагы “Манас” эпосу бул көп этностук ири мамлекеттеги үч залкар эпостун бири катары (тибет жана монгол эпостору менен жанаша) расмий таанылган.

Ал эми Индияда бир нече жүздөй кыргыз барбы, же жокпу, так биле албайбыз. Анын коңшусу Пакистанда 1930-жылдары, б.а. СССРдеги сталиндик доордо, Кытайга аргасыз бозгунга кеткен кыргыздардын айрым топторунун урпактары алигиче жашап келишет.

Диалект – жалпы улуттук тилдин байлыгы

Биз мурда дагы ушул нукта макала жазган элек. Бирок бул өңүттү улам башка маалымат менен тереңдетип түшүндүрүү ашыкча эмес экендигин туйдум.

Тээ 1980-жылдары Ташкенде окуп жүргөн кезимде жызактык жана анжыяндык кыргыз илимпоздор менен таанышып, достошуп калдым. Ташкендик өзбек, казак, уйгур, татар, орус жана башка досторум, тааныштарым пайда болду.

Жызактык жана анжыяндык кыргыздардын тилинде өзбек тилинин таасири бардыгын гана үйрөнбөстөн, өзбек улутунун өзүнүн бири-биринен кыйла айырмаланган хорезмдик, ферганалык, ташкендик жана башка диалекттери бар экенине күбө болдум. Алардын арасында “й” дебестен, “ж” кылып сүйлөгөн өкүлдөрүн учураттым эле, алар муну: “Биздин бабаларыбыз көчмөн өзбектер (“кучманчи узбеклар”) эле” деген пикирин айтып түшүндүрүшкөн.

Өздөрүн паспортто “өзбек” деп жазганына карабастан, “менин улутум – кыпчак”, “менин тегим – лакай” деген айдыңдарды да учураттым.

Ошол Ташкенде окуп жүрүп, уйгур боордошторум менен жакын болдум. Алардын тилинде да кашкардык, кулжалык, хотандык, турпандык айырмалуу диалекттер бар экендигин үйрөндүм. Бир ирет Турпан өрөөнүнө барып, базардагы уйгур тууган менен сүйлөшө калсам: “Сиздин тилиңизди оңой түшүндүм. Биздин дилектти Үрүмчүдө саал копол көрүшөт”, – деп ал агынан жарылды.

Даңазалуу түрколог Эдгам Тенишев агайыбыз түрк тилдерин салыштырма иликтеп келип, лоптуктарды Лоп көлүнүн айланасында калып калган кыргыздардын бөлүгү деп илимий түрдөштүргөн. Азыркы тапта ак калпагын түшүрбөгөн бул чакан этностун тилин уйгурлар өз диалекти катары көрсөтүп келишет.

Казак туугандардын да көп диалекттери бар. Арасында өлкө ичинде гана эмес, кулжалык, шибердик, орунбордук, баян-үлгейлик, ташкендик жана башка диалекттер да бар.

Түркияда дагы азыркы анатолиялык (анадолу) түрктөрүнүн бир катар айырмалуу диалекттери бар.

Ал эми Ирактагы керкук түркмөндөрүн бир эле учурда азербайжандардын, түркмөндөрдүн жана анатолиялык түрктөрдүн өкүлдөрү өз диалекти катары сыпаттоого тырышканына күбө болдук.

Алар ар кандай диалект өз турушу менен эле тийешелүү улуттун тилдик казынасынын ажырагыс бөлүгү экендигин дурус аңдашат жана бул диалектти эч жерибестен, ал диалектте сүйлөгөн тектеш элди кучагына алууга ынтызар болушат.

Кыргыздардын этностук ар кыл чөйрөлөр менен алакалары

Ал эми алатоолук айрым кыргыздар болсо четтерээк жашаган кыргыздардын сүйлөгөн тилинде бир аз чоочун көрүнүш болсо эле “чоочун эле” деп бүтүм чыгарууга шашат. Ал түгүл бүгүнкү күнү да илгерки санжыраны “чукулап”, бул инсандын ата-бабасы “жат элден экен” деп саясат токууга тырышкан дипломдуу пенделер да кезиге калып жүрүшөт.

Мисалдардын бири катары этнографиялык сапарыбыз маалында каракорумдук (Шайдылда Базар айылынан чыккан) кыргыздардын өкүлү Абдысамат Нуракун уулу инибиз менен Хотандын Кең-Кыя (Кең-Кыр) айылында жолуккандагы бир видео маегимди сунуштай кетейин.

Тасма. Шайдылда-Базар кыштагында туулган Абдысамат Нуракун уулу менен маек. (Каракорум тоолорундагы Шайдылда-Базар айылы акимдик башкаруу жагынан КЭРдин Хотан дубанынын Пишан (Гума) ооданына караштуу Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагына баш ийет). 27.07.2015.

Бул маектин этегиндеги ой-пикирлердин айрымдары шайдылда-базардык жигиттин сөзүнүн мазмунуна жана өзүн кыргыз деп сыймыктанаарына басым койбостон, Абдысаматтын сын ой жазган кишилер билген адабий тилден тышкаркы чөйрөгө ылайык сүйлөп жаткандыгына карата текебер мамилени чагылдырып калган.

Өсөөр эл башка этностордун өкүлүн жуурулуштурууга ар дайым ачык болушу керек. Ал эми диалект – бул жүрүм үчүн зарыл болгон өткөөл маданий-этностук көпүрө.

Муну араптардын диалекттеринен эле байкаса да болот. Маселен, бир эле сөздү Мароккодо франсуз термин менен, Ливанда англис термин менен, Иракта нагыз арапча термин менен чагылдырган учурлар бар.

Негизи, кыргыздардын айдыңдары жана айкөл өкүлдөрү дагы алмустактан эле башка диалектте сүйлөгөн боордошторуна кучак жайып турушкан.

Элдик эстутумда “кырк уруу кыргыз” түшүнүгү бекеринен бекем тамыр жайбаса керек. Үч миң жылдык тарыхында кыргыздар, албетте, кырктан көп этностун өкүлдөрүн өзүнө жуурултушкан, бирок бир кезде сыйкырдуу кабыл алынган “кырк” сөзү “эң көп”, “телегейи тегиз”, “баарын камтыган” сыяктуу маанилерди да өзүнө ширелтет эмеспи.

Айрым мисалдарды деле келтирелик. Ысык-Көлгө Анжыяндан ооп келген Жылкыайдарды (анын уулу Тилекмат кийин көлдүк кыргыздардын таанымал элчиси болгон), Нарындан Анжыянга барып, Алымбек датканын колдоосуна ээ болгон акын Арстанбекти, 1916-жылы Какшаалга барып, “Манас” айтып, данакер болгон Сагымбайды жана башка инсандардын тагдырларын эске алалык.

Кыргыз айылына чет жактан конок болуп же соода кербени менен келген кишилер ошол айылдын коргоосуна ээ болгон.

Кыргыздар дипломатиялык алакалар үчүн (түпкүлүгүндө, канды байытуу үчүн) башка этностон аял алууну жана кыз берүүнү эрөөн-төрөөн көрүшчү эмес.

Хун доорунда Ли Линдин урпактарынын кыргыздашканы, 840-жылы Орхонго өз туусун сайган Энесай кыргыз каганынын энеси түргөш, аялы карлук болгондугу, “Манас” эпосунда хан Манас Букардын кызын, уулу Семетей Түндүк Ооганстандагы төбөлдүн – Акун хандын кызын алгандыгы, теги ханзу (кытай) канзаада жана колбашчыга Алмамбет ысымын ыйгарып, кыргыздаштыргандыгы тууралуу жана башка жазма жана фолклордук маалыматтар кыргыз эли Ички жана Борбордук Азияда жана Кең Алтайда (жалпы Алтай, Орхон жана Энесай аймагында) көп этностуу кырдаалда динамикалуу жана сабырдуу жашоо таризин баштан кечирип келгендигин айгинелейт.

Алымбек датка менен Курманжандын өзбектер менен куда-сөөк болгондугу жөнүндөгү маалыматты алгач ыраматылык адабият таануучу Сатыбалды Мамытов шардана кылган эле.

Ал эми Кокон хандыгын бийлеген Шералы хандын энеси жана эки аялы тең кыргыздар болгондугун мүлдө кыргыз билет. Мындан башка да кыргыз-өзбек этностор аралык карым-катнаштарынын чоо-жайын тарыхчы Кыяс Молдокасымов өз кандидаттык диссертациясында дурус изилдеген.

Ал ферганалык кыпчак Мусулманкул менен кыргыздар куда-сөөк болушкандыгын да белгилеген. Алымкул аталык, Полот хан, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков сыяктуу кыргыз инсандары өзбек саясатчылары менен камыр-жумур иштешкен.

(Дагы караңыз: Молдокасымов К.С. XIX кылымдын экинчи жарымы – XX кылымдын башындагы кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый байланышынын өнүгүшү: Тарых илимдеринин кандидаты... авторефераты. – Бишкек, 1994. Молдокасимов К. Бир дарёдан сув ичган эллармиз // Халқ сўзи. – 03.11.2023. – Б. 4.).

Казактын жаш тарыхчысы Манат Бейсен уулу Келдибеков (Келдыбеков) XVII–XIX кылымдардагы казак-кыргыз этностук алакалары тууралуу диссертациясын коргоонун алдында турат.

Мындай эл аралык жана этностор аралык алакалар эч качан изсиз калчу эмес. Бул – эки тараптуу жүрүм. Кырымдык ногойлордун, уралдык башкырлардын, казактардын, өзбектердин, уйгурлардын, тывалыктардын, алтайлыктардын, сахалардын, сары-уйгурлардын, монголдордун, буряттардын ж.б. арасына жуурулушкан кыргыздар да болгон.

Диалект өзгөчөлүктөрүн урматтап үйрөнүү зарыл

Таластык жана айрым чүйлүк кыргыздарда “-атыр” (“ат минип баратыр”) деген айтымдар, ичкилик кыргыздарда “-адылар” (“ат минип баратадылар”), хотандык кыргыздарда “-атыду”(“ат минип баратыду”) сыяктуу айтымдарды укканда, аларды эликтөөгө албастан, тескерисинче, алардын диалекттик өзгөчөлүктөрүн аңдоо жана урматтоо менен кабыл алуу абзел.

Тасма. Кең-Кыя Кыргыз автоном кыштагында байырлаган Турсун Ыбырайым аксакал “Манас” эпосунан үзүндүлөрдү айтууда. Кең-Кыя (Кең-Кыр), Хотан, ШУАР, Кытай Эл Республикасы. 26.7.2015.

Кыргыз көркөм адабиятында Касымалы Жантөшев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Төлөгөн Касымбеков, Мурза Гапаров, Аман Саспаев, Ашым Жакыпбеков, Кеңеш Жусупов, Муса Мураталиев, Топчугүл Шайдуллаева, Чоюн Өмүралы уулу, Амантур Абдырасул, Толкун Ади уулу сыяктуу калемгерлердин бай тили ар кыл диалекттердин өзгөчөлүктөрүн чагылдырган.

Ал эми Кусейин Карасаев, Константин Юдахин, Гүлжамал Бакинова, Жээнбай Мукамбаев, Буудайбек Сабыр уулу, Сулайман Кайыпов, Мамбеттурду Мамбетакун, Макелек Өмүрбай, Таалайбек Абдиев сыяктуу илимпоздор жана калемгерлер диалекттерге таандык арбын сөздөрдү илим чөйрөсүнө киргизишкен.

Диалект өзгөчөлүгү камтылган ар кыл маалыматты маркум акын, жазуучу жана журналист кызыбыз Жыпар Акунова (1959–2023) интернетте жазды эле, андан кийин анын юмордук маалыматы режиссёр Ырысбек Жабировдун 2014-жылы тартылган “Түндүктүк келин” комедиялуу тасмасына (продюсери Эркайым Камбарова) өзөк болгон.

Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен. Бишкек. 1989-ж. бугу (май) айы.
Кытайлык кыргыздардын залкар манасчысы Жусуп Мамай Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен. Бишкек. 1989-ж. бугу (май) айы.

Кашкар аймагынан өзүбүз 2014–2015-жылдары күбө болгондой, Ак-Чий, Ак-Тоо, Улуу-Чаттагы тоолук кыргыздар ичкен кымызды чөл кыргыздары сейрек гана (сырткарыдагы жайлоодон алдырып келип) ичишет жана ичкенде да уй сүтүнөн кошуп туруп ичишет. Ал эми чөл кыргыздары билген мөмө-жемиш түрлөрүн жана аларды өстүрүү ыкмаларын тоолук кыргыздар жондотуп гана билишет эмеспи.

Багбанчылык терминдерине эле келсек. Аксыда алчанын мындайча түрлөрү бар: гилас, алча, алвали. Нарындагы бул жемиш түрлөрү өспөгөн бийик тоолуу элеттиктер алардын бардыгын “алча” деп эле коюшчу. Эми, албетте, алвали түгүл бананды да Ички Теңир-Тоодо кышы бою сатып алып жатышпайбы.

Ар башка өрөөндөрдөгү кол өнөрчүлүктүн ар кыл түрлөрүнүн терминдерин маркум журналист жана этнограф Амантур Сейтаалы уулу Акматалиев өз доорунда мол чагылдырганы ар дайым жадыбызда.

Бирок буга чейин эч чагылдырыла элек сөздөрдүн мухити ар диалекттик деңиздерге жиктелип дагы эле көңүл буруубузду күтүп келишет. АКШдагы досубуз Камыт Савай мырза азил аралаш жазган интернеттик жарыялардан улам эми англисче да аралаштырып сүйлөгөн этнографиялык топтун түйүлдүгү пайда болгондугун баамдадык.

Демек, улутубуздун мындан аркы далай тарыхый кыйырларды ашуусу сөзсүз түрдө жалпы адабий тилдин диалекттик түркүн казыналардан байытылышына эриш-аркак жүзөгө ашуусу шексиз жана азыркы замандаштарыбыз диалекттерди өгөйлөбөстөн, андагы сөз байлыгын жигердүү колдонууга аракет кылышы алгылыктуу.


P.S.
Жогорудагы теманы (“Жылдыз көппү, же кыргыз диалекти көппү?”) азил катары сунуштадык. Бизден алда канча көп сандагы улуттар бар, бизден азыраак сандагы улуттар дагы арбын. Ар улуттун өзүнүн канчалык көп диалекти болсо, демек, анын тилинин тарыхы ошончолук ар тараптуу жана терең. Эң башкысы, Жер төгөрөгүнүн төрт тарабында жүрсө да, ар бир кыргыз өз эне тилин сактай бериши үчүн Ала-Тоодогулар ар дайым огожо бололук.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG