Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:05

Жетпей калган арзуу, кечиккен сапар


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Жаш кездеги аруу сезим жүрө-жүрө арылгыс арманга айланып, кол жеткис бийикте калып кетет. “Чегемдик кыз” унутулбай, аны өмүр бою коштоп келди. Акыры эңсеген жерине жетти, бирок арзыганы бул жалганды таштап кеткенине бир топ убакыт өтүптүр. Абдыкерим Муратовдун эки жаштын аруу сезимин баяндаган аңгемесин чогуу окуйбуз.

Атасы жиберген белек

Самидиндин уул-келини мыкты чыгып, жыл кур койбой чет өлкөгө саякаттатып келет. Жеңил кийимчен сүрмө топ туристтердин арасында чоочун өлкө, жерди сүрөткө тартып, жаңылыкка суктанып убакыт өткөрүүгө көнүп калгандай деле болгон. Бирок келини “быйыл Кавказга барабыз” дегенден бери аптыгып, толкунданып, чет жерге чыкпай эле коёюнчу деген бүтүмүн унутуп, качанкы жаштыгын эскерүүгө өттү. Сексен жаш оңойбу, көп нерселер жадынан чыгыптыр, кыйласы унутула элек экен.

Окууга өткөнү, тердеп-кургап Ошко келгени эсине түштү. 1954-жылдын ысык аптапка чөмүлгөн августу аны кайдыгер тосуп алган. Атасы Арым жайлоосунун эти деп жайлоодо семирген боругун союп, анысын агайларыңа алып барып бер деп куржунга салып берген. Экинчи куржуну апасынын калама катырмаларына толгон болчу. Мунусун сууга малып жесең курсакты ток тутат деп азык-түлүктү толтуруп, тааныбаган эле мугалимиңе деп бир койдун этин ысыкта салып берип атышпайбы.

О, меймандос кыргыз, Ош кайда да, Кетмен-Төбө кайда! Тоңкулдаган жүк машинеде эзилип ысыкта көздөгөн шаарына күн кайнап турган маалда жетти.

Машине токточу жердин жанындагы Ак-Бууранын боюндагы бир жакшы чайканачыга жолугуп, койдун этин ошол жерге калтырып, эртеси сабагына кирди. Ар кайсы жерден окуйм деп келген студенттер менен таанышып, жаңы турмушка аралашып кетти. Булардын группасында жалаң эркектер, арасында үч кыз, алардын бири Батима Мокоева деген карагат көз кавказдык бийкеч экен.

“Канаттай кылып иймейтип дыкат терилген кара каштарынын алдында күлмүңдөп турган көздөрү, ууздай таза бети, нур чачырап аткандай адамды өзүнө дароо арбап алган ажарлуу жүзү, узун кылып өрүлгөн жана артына ташталып коюлган кошоктошкон чачтары, эч кимге окшобогон, өз колу менен согулган жоолугу, көпөлөктүн канатындай дилдиреген кең көйнөгү аны башка кыздардан кыйла айырмалап турчу. Студенттердин баары эле аны Кавказдан сүрүлүп келгендерден экенин билгени менен биринчи окуу күнү анысын эч ким батынып сурай албады. Анан калса алардын келгенине да он жылдай болуп, баары кыргызча окуп, кыргыздын тили менен сүйлөшүп калышкан. Батима да кыргызча таптак сүйлөйт экен, сүйлөп гана калбай кыргызча келиштирип ырдап, өзбекче ашула айтып ийерин да биринчи эле күнү балдарга божурап жиберди.

Экинчи күнү окуу бүтүп, студенттер тарап атканда Самиш тартынып, сүрдөп Батимага жакын келди:

-Сизге бир нерсе айтсам болобу?

-Болбогондочу, сезимден башканын баарын айтса болот! – Кыз башкача бир наздануу менен балбылдап турган көздөрү менен жигитти теше карап жылмайды. – Биз эми курсташтарбыз да...

-Кайсыл жерде жашайсыңар?

-Эми ушундайсыңар да... Эмне болду? Биздин жашаган жер неге силерге керек болду? Ким суратып атат? Сурак берип бүтпөдүк беле?! – Кыз ачуулана баштады.

-Жо-жок. Антип ойлобогула. Атам бир койдун этин берип жиберди эле...

-Кызык. Бизгеби?

-Силерге деле эмес. А мен силерге берейин дедим эле.

-Неге бизге?

-Билбейм. Бизде эң биринчи меймандарга берет! – Жигит сөз таап кеткенге сүйүндү жана алдыга кеткен кыздын артынан ээрчиди.

Студенттин арзуусу

Самидин карачай-балкарлардын башына түшкөн мүшкүлдү кийин укту. 1944-жылы 9-мартта байкуш калкты тоодогусун тоодон, ойдогусун ойдон кармап тууган жеринен айдап жиберишиптир. Сталиндин каарына калган кавказдыктар кыргыз жерине келгенде өздөрү өп-чап жашап жаткан жергиликтүү эл колунан келген жардамын берип, келгиндер кара жумуштан качпай, жашоо-тирилигин өткөрүп жатышкан кез эле. Батиманын төшөк тартып жатып калган атасы үйүндө Сталинди каргап, болгон тилек-ниети “Чегемге барып өлсөм экенин” кийин билди. Токтогулдан алып келген койдун этин Батиманын үйүнө түндөсү алып барса, сомодой эки агасы чыгып, эт жүктөгөн эшек арабаны артка кайтарып шаарга кире бериштеги балдар үйүнө жеткиртти. Араба ээси арык өзбек жигитке тигилер “карындашыбызды жайына койсун” деп Самидинге салам дубай айтып кетишиптир.

Баарынан жаманы ошол окуядан кийин Батима сабакка келбей калганы болду. Самидиндин кыз жашаган айылга барып алыстан болсо да арзыганын көрүп, ыгы келсе сүйлөшсөм деген тилеги да ишке ашпады. Анан кийинки дүйшөмбүдө Батима сабакка келип, кетеринде Самидиндин колуна кичине түйүнчөк карматты. Анысын ээн жерге алып барып ачса, атасына деп кой терисинен кемсел тигип, апасына шалы жоолук токуптур, аягың үшүбөсүн Самишине жүн байпак, инилерине өрүк как салып коюптур. Батиши ушундай сезимтал, ак көңүл кыз экен.

Ошондон кийин Батима такыр Самишти өзүнө жуутпай туруп алды. Институтта да, далисте да, көчөдө да караса, карабайт, сүйлөсө, сүйлөбөйт. Ак-Буура боюндагы жапыз үйүнүн бет маңдайында селсаяктай жүрсө да, көрүп эле турса да, билип эле турса да, көрбөмүш-билбемиш болот...

Аңгыча кыш келди. Окуулар күчөп, англис фонетикасын, тамгалардын айтылышын күзгү коюп тилин ары кылып, бери кылып үйрөнүп жатып студенттердин баары кыйналды. Самиш да Ак-Буура боюна барганын токтотту.

Сүйүү сезимин өчүргөн осол окуя
please wait

No media source currently available

0:00 0:14:17 0:00

1956-жылы үчүнчү курстун студенттери англис тилинде сүйлөгөндөр менен баарлашууга жарап, сүйлөөсүн жатыктыруу амалына өтүштү. Группадагылардын алдыңкысы Батима кыз Сулайман тоодо чет элдик үч-төрт турист менен сүйлөшүп жатып түшүнүксүз бир тилге өтүп кетишти да, кыз мостоюп батышты карап телмирип туруп калганын көрдү. Самидин тигилер Батимасын капа кылып койдубу деп ойлогон, андай эмес экен, кыз менен сүйлөшкөн Америкадан келген армяндар “эми силерге куугун токтолот, акталып, жакында жериңерге кетесиңер” деп айтышыптыр. Батиманын Самидиндин көкүрөгүнө башын жөлөп, ыйлап атып кабарлаган кубанычы ошол экен.

А, айланайын, арзуу!

Кийин экөө Батиманын атасы менен апасын көргөнү Жалал-Абад курортуна барышты. Кыз Самишке Аниске көрүнбө деген эле, бирок экөө ээрчишип бак аралап келатканын кызганчаак агасы көрүп коюптур.

Бөртүп бүр ачып алган сезимди токтотуш мүмкүн эмес экен. Бир жолу Самидинди Батиманын агалары парк ичинде байкатпай келип уруп кетишти. Бети-башынын көгү таркаганча бир жумадай сабакка бара албай жатаканада жатып калды. Агаларынын коркутканына тынчып калчу Самиш бекен, сүйгөнү менен ыгын таап жолугуп, ээн калышканда тоолорду, капчыгайды, шоокумун алыска угузуп тынбай аккан дарыяны, анын үстүндөгү салпынчак көпүрөнү, эртең менен короодон чыгып кечинде бийиктен түшүп келген эчкилерди сүйлөшчү. Самидиндин айылындагы турмуш Батиманын Чегемине окшошуп кетет экен. Ошентип бирин-бири сагынып, алоо сезимге ээ боло албай калган чагында капыс ажырашты.

Абышканын арманы

Алыскы айыл мектептеринде чет тили окутулбай калганын, практика маалында аз да болсо тамга үйрөнүп калышсын деген облОНОнун буйругу менен булар жер-жерлерге жөнөтүлгөн. Ал жерден келген өкүл Мокоева мейман кыз алыскы мектептерге барбайт деген.

“Самидин Токтогулга барып, Батимага бир күндө бирден ыр, бирден кат жазып жатты. Жооп жок. Жыйырма күн жыйырма жылдай болуп кетти.

Мектептерде каникул башталары менен элеп-желеп болуп, туулган жеринин жытын алып, аптапка күйүп аткан Ошко жөнөдү.

Автовокзалдан түшөрү менен Ак-Буураны бойлой чуркап, Батима экөөнүн мажүрүм талына жетти. Мажүрүм тал баягысындай эле тоо тараптан келген желге барик-бутактарын ийилтип келгендерге таазим кылып турган экен. Аны Батимадай көрүп, кучактап калып, Батима экөөнүн кат үкөгүнөн тоголоктонуп калган кагаз таап, анын ичин ачып, колдору титиреп, бүт бадени калтырап окуй баштады:

“Бул кат эмес – бул менин көз жашым. Кош! Кош! Кош! Сени, Ак-Буураны, мажүрум талды, Ошту карегиме салып алып, биротоло тууган жериме кетип атам! Бардыгы, бардыгы үчүн мени кечир! Сен бактылуу болосуң! Башка сөз айта албайм... 1957-жыл. 14-май...”

Ошондо Самидиндин эстеген сайын ичин эңшерилткен тун сүйүүсү алыскы Кавказдын Чегемине канат күүлөп караан үзгөн болчу. Катты окуганда алгач аябай жаман болгон, эмнеге жооп жазбаганын эстеп таарынып да алган. Бирок анын баарын мезгил, убакыт деген унуттура баштайт экен.

Кемпиринен ажырап, уулу менен келининин колуна түшкөндөн берки жашоосу өзүнө деле кызыксыз болуп калган. Иш, анан убакты-сааты болуп калса чет өлкөгө саякаттап чыгуунун кыныгын алган уулу менен келининин ортосунда бала жок болчу. Аны ойлонуша элек окшойт. Азыркы жаштарды түшүнүп болбойт. Сексенди таяп калган атасы небересин жетелеп жүрсө жарашмак.

Кавказ саякаты аяктап туристтер жолго чыга беришкенде айдоочу “суу алып алгыла” деп автобусун токтотту. Эл менен кошо Самидин да сыртка умтулду. Ушул жерден ал кызык жагдайга туш келди, так булар токтогон жерде Батима Мокоева көчөсү деген жазуу туру. Самидин туура эмес көрдүмбү деп көзүн пардап-пардап алды. Коляскага неберелерин салып алып отурган жашамал аялдардан англис тил мугалими Батима Мокоеванын мындан он жылдай илгери каза болгонун, турмуш курбай өмүр бою жалгыз өткөнүн укту. Самидин не кыларын билбей, улам-улам сигналын баскан автобусту карай илкиди. Эми ага баары бир болчу. Анын Батиши, ууз сүйүүсү сагынган тоосуна келип, өмүрү өткөнчө Самишин эстеп, келип калабы деген үмүт менен жашаса керек.

Буга чейин бир да жолу студент кезинде тагдыр жолу табыштырып койгон сүйгөнүнүн артынан издеп барууну, кабар алууну ойлобоптур. Барса, кабар алса болот эле. Самидин кыялы менен дүйнө кезгени менен, реалдуу турмушка келгенде мажүрөө, жоош, өтүмсүз эле. Байкуш кыз Самиши артыман издеп келет деп күткөндүр. Күтүү узакка созуларын, аягы өлүм менен аяктарын ойлобосо деле керек.

Жаш кезиндеги ыйык сезимге чыккынчылык кылуунун жообу катаал болорун, аздек учурду эстеген сайын ичи эзилип, өзүн коёрго жер таппай, өзүн-өзү жектеп, кажып, кыйноо азабын өмүр бою тартарын ойлобоптур. Батима экөөнүн мамилеси бири экинчисинен айрып алгыс чырмалышып кеткенин билчү.

Ак-Бууранын боюнда отурушканда Батима бул дарыя кайдан келет деп сураганы эсинде. “Чөгөмдөн” деген.

“Чегемден дейсиңби? Жок. Чөгөмдөн”. Ошондогу сөзү азыр да эсинде. “Жүрөгүм болк эте түшпөдүбү. Биздин жер Чегем да. Ал жакта бийик тоолор, мындан да чоң дайра, муздак суу, кууш капчыгайлар, ысык булактар, бийик-бийик карагайлар бар... Жеримди сагындым... Тоолорумду сагындым...”

Батима экөөнү тоо жакындатты окшойт. Анан тоо алыстатты. Чегемдик кыз өзүнүн тоосуна кетти, Самиш өзүнун тоосунан чыккысы келбеди. Ушундай тарых.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG