"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
18-мартта Чымкент шаарында жаштар арасында оор атлетика боюнча Казакстандын ачык биринчилиги болмок, бирок мелдеш Нооруз майрамынан кийинкиге жылдырылды. Бул таймашууларга кыргызстандык жаштар да катышууга ниет кылышууда.
16- марттагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү ыңкылаптын бир жылдыгына карата түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди. Ошондой эле Аксы окуясынын 4 жылдыгына карата баяндамаларды жарыялашты.
Чет элдик уюмдар Кыргызстанда туристтерди тейлөөнүн сапатын начар деп сынга алышууда. Бул жөнүндө «Кыргызстандагы туризм жана анын өнүгүшүндөгү эл аралык уюмдардын орду» деген темада 15- мартта Бишкекте болгон тегерек үстөл жыйынында айтылды.
12- март күнү Бишкек шаарында үч күнгө созулган ордо оюну боюнча биринчи “Алтын томпой” мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталды. Мөрөй талашууга 7 областтын жана Бишкек шаарынын командалары катышты.
Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин кризистен чыгуусуна, жаңы уставына ылайык жетекчи шайлануусуна Эл аралык олимпиада комитети дагы кызыкдар. Өлкөнүн улуттук Олимпиада комитетиндеги талаш-тартышка 21- мартта чекит коюлмай болду.
2- мартта Түркиянын Измир шаарында өткөн грек- рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону Вехби Емринин байгесине арналган эл аралык Гран- при мелдештен кыргызстандык балбандар ийгиликтерге жетишип, 1 коло медаль утуп келишти.
Ошентип 17 күн Италиянын Турин шаарында 20- кышкы олимпиадалык оюндардын оту жанып турду. Дүйнө коомчулугу олимпиадалык оюндарды кылым керемети деп бекеринен айтышпаса керек.
Өлкөнүн негизги маалымат каражаттары 7-февралда чыга турган сандарында президент Курманбек Бакиевдин парламентте сүйлөгөн сөзүн толук жарыялашмакчы. Ага карата үн кошуулар, пикирлер да бар.
3-февралда шайба менен ойнолчу хоккей боюнча өлкөнүн биринчи чемпионаты Жумгалда башталды. Былтыр Кыргызстан дүйнөлүк топ хоккейи федерациясына мүчөлүккө кабыл алынган.
3-февралда чыга турган сандарында маалымат каражаттары Бакиев-Кулов тандемине доо кеткени, айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү, туура эмес менчиктештирилген ишканалар тууралуу макалаларды жарыялашууда.
Кыргызстандын өнөр жай, соода жана туризм министрлиги Орусиядан туристтерди алып келүү боюнча россиялык турфирмалар менен келишимдер түздү.
31- январдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясат, Жалалабат жана Талас облустарынын губернаторлорунун орун алмашуусу, “Кыргыз туусу” гезити менен Кыргыз телерадио компаниясынын жамааттарынын нааразычылыктары тууралуу макалаларды жарыялашты.
Улуттук олимпиадалык комитет ушул кезде түзүлгөн жагдайдан татыктуу чыгууга тийиш жана бул уюмду криминалдаштырууга жол берилбейт. Бул жөнүндө президент Курманбек Бакиев 20-январда дене тарбия жана спортту өнүктүрүүнүн улуттук форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.
Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетиндеги курчуган кырдаалга байланыштуу аны эл аралык олимпиада комитети мүчөлүктөн чыгарып салганы турат. Бул уюмдун кризистен чыгуусуна кыргыз өкмөтү дагы кызыкдар. 17-январда улуттук олимпиада комитетинин мүчөлөрү менен жолугушууда премьер-министр Феликс Кулов Кыргызстанды дүйнө коомчулугуна тааныта турган мындай уюмга криминалдык элементтерди киргизүүгө болбостугун белгиледи.
17- январдагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары өлкөдөгү кадр саясаты, партиялар, өлкөдөгү мүлк бөлүштүрүүнүн күңгөй- тескейлери тууралуу макалаларды жарыялашты.
8-январда жалданма киши өлтүргүч огунан кайтыш болгон Раатбек Санатбаевдин кылмыштуу чөйрөлөр менен таптакыр байланышы болгон эмес. Бул жөнүндө бүгүн Раатбек Санатбаведи жакшы билген белгилүү спортчулар коомчулукка жарыялашты. Алар Раатбек Санатбаевдин трагедиялык өлүмүнө байланыштуу ар кандай жоромолдор негизи жок айтылып жаткандыгын белгилешти.
8-январда кечки саат 8 чамасында Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, Кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылууда.
“Алас” гезитинде президент Курманбек Бакиевдин бир туугандары, “Мээрим” фондусунун ишмердүүлүгү жана жаңы өкмөт мүчөлөрү тууралуу макалалар чыгууга даярдалып жатат. “Замандаш” журналы улуттук идеология, геосаясат тууралуу кеп кылат.
Азиянын грек-рим күрөшү боюнча эки жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаевди 8-январда кечки саат 8 чамасында Бишкектеги 7-кичи районунда инисинин үйүнүн алдынан белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Раатбектин өлүмү тууралуу ар түрдүү божомолдор айтылууда.
Жыл жыйынтыгы жана жаңырган жылга божомолдор Жаңы жыл алдында басылмалардын негизги темасы болду.
Дагы жүктөңүз