Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Экономика

Жаңы түзүлгөн келишимге ылайык, Жерүй алтын кенин эми Австрияда катталган «Глобал голд» аттуу компания иштетет. Аталган кенди иштетүү боюнча өкмөт отчетун уккан Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутаттар жаңы инвестор эмне үчүн тендерсиз тандалганына, бул кандай компания экенине, жаңы келишимдин Кыргызстанга пайдасы канчалык болооруна кызыгышты. Бирок өкмөт тараптын жооптору көпчүлүк депутаттарды канааттандырбай, бийлик Кумтөр алтын кени боюнча кетирген катаны азыр да кайталап жатат деген пикирлер басымдуулук кылды.

Жерүй алтын кенин иштетүү боюнча алгач депутаттарга Кыргызалтын акционердик коомунун башчысы Алмаз Жакыпов маалымат берди:

- Жерүйдү иштетмекчи болгон Оксус компаниясы милдеттенмелерин аткарбаганы үчүн лицензиясы алынган. Өкмөттүн токтомунун негизинде «Кыргызалтын» жаңы инвестор менен келишим түзүп, өкмөт жактырган соң келишимге кол койулду.

Депутаттар жаңы инвестор «Глобал голд» компаниясы каякта, качан катталганына, ээси ким экенине кызыгышты. Алмаз Жакыповдун айтымында, компания быйыл мартта Австрияда катталган. Ага ээлик кылуучу компания болсо Кипрде каттоодо турат. Депутат Өмүрбек Текебаев бул компанияга Жерүй эч кандай тендерсиз берилиши менен «Кенбайлыктар тууралуу» мыйзам бузулганын белгиледи:

- Мыйзамда бул маселе тендер жана түз жол менен чечилет деген жери бар. Бирок алтын сыяктуу стратегиялык маанидеги кен байлыктар сөзсүз тендер менен берилиши жазылган. Силер пара алган жокпуз, акпыз деп атканыңардан кийин ачык жол менен чечишиңер керек эле.

Депутат Темир Сариевдин пикиринде, бул иш боюнча президент менен өкмөт башчы күнөөлүү:
- Анткени бул чечим абдан жогорку деңгээлде кабыл алынган. Азыр «Кыргызалтын» менен премьер-министр бири-бирине шылтап жатышат. Эң негизгиси Кыргызстандын кызыкчылыгы сакталган эмес. Кумтөр да ушундай болгон, эми Жерүй да ушуга баратат.

Депутат Кубатбек Байболов болсо азыр эмне үчүн тендер болгон жок, эмне үчүн мыйзам бузулду деген гана доомат коюлуп жатканын белгилеп, кол койулган бул келишимди жокко чыгаруу жана тендер өткөрүү боюнча токтом кабыл алууну сунуштады.

Жыйынтыктоочу сөз алган депутат Болот Шерниязов өкмөттүн Жерүйгө байланышкан кадамын коррупциянын башаты катары баалады.

Өкмөт башчы Феликс Кулов жыйын соңунда айтылган сын пикирлерге кабыл албастыгын айтты:

- Коррупцияга байланыштуу айыптоолорду мен депутаттардын абийирине койдум. Мен эмоция менен айтылган бул айыптоолорду кабыл албайм. Кен байлыктар боюнча мыйзамда тендер аркылуу же түздөн-түз сүйлөшүү жолу менен берилээри белгиленген. Эгер биз тендер аркылуу барсак эки-үч жылды жоготобуз. Келишим боюнча айтсам, аны түзүүдө биз Кумтөрдүн сабагын эске алдык. Кыргызстан андан зыян тартпайт.

Жыйында бир топ депутаттар Жерүй маселеси боюнча атайын парламенттик комиссия түзүүнү сунуштады. Акырында бүгүнкү каралган маселе боюнча токтом кабыл алууну парламент дүйшөмбүгө калтырды. Бул маселе каралып жаткан учурда парламент алдында Жерүй алтын кенинин 200 чакты жумушчусу иш орундарын кайра түзүп берүү, инвесторду тендер жолу менен калыс тандоо талабы менен пикет өткөрүштү.

Кыргыз өкмөтү «Жерүй» кенинин жумушчуларына жаңы инвестор келгиче орточо айлык маянасын төлөп берүү чечимин чыгарган. Мыйзам негизинде төлөнчү үч айлык мөөнөт аяктап баратканына кабатыр жумушчулар 25-майда Бишкектеги өкмөт үйүнүн алдында пикетке чыгышты.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун президенти Алмаз Жакыповдун ырасташынча, өкмөт өткөн жылдын соңунда «Жерүй» алтын кенин иштетүүгө жаңы инвестор табуу чечимин чыгарган. Анын негизинде «Кыргызалтын» акционердик коому англиялык «Норокс» компаниясынын ордуна австриялык «Глобал Голд» компаниясы менен келишим түзүүгө киришкен. Компаниялар жаңыланып атканда «Жерүйдө» иштеп аткан жумушчуларга үч айлык орточо айлык акысы төлөнө баштаганын А.Жакыпов мурда эле кабарлаган.

- Орточо эсеп айлык акылары төлөнүп жатат. Марттын айлыгын алышты. Үч айдын ичинде биз айлыкты мыйзамдын негизинде төлөп беребиз. Ошонун арасында инвестор кирет деген толук ишеним бар,-деди Алмаз Жакыпов.

«Кыргызалтын» акционердик коом жетекчисинин атайын белгилеген үч айлык мөөнөтү аяктап баратыр. 24-майда кыргыз өкмөтү австриялык «Глобал Голд» компаниясы менен макулдашууга «Кыргызалтынга» уруксатын берди.

Бирок да жаңы компания жумушун качан баштары азырынча белгисиз. Ага кошумча англиялык «Норокс» компаниясы менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы талаштуу маселе дале чечиле элек. Иши кылып, үч ай өткөндөн кийин маянасыз калабыз деп кабатырланган «Жерүй» кенинин 700 жакын жумушчуларынын 200 чамалуусу Бишкекке пикетке келишкен. Эми алардын пикирин угуп көрөлү.

- Булар бизге жаңы келишимге кечээ өкмөттө кол коюлуп калды, деп кабарлашты. Ф.Куловдун өзүнүн келишимге элдин, депутатыңардын, өкүлчүлүктүн катышуусу менен ачык-айкын кол коюлат деген убадасы бар эмес беле. Мунуңар аткарылган жок дедик. Ошол жаңы компания ишин баштагыча бизге толук айлык акыны төлөп берсин дедик. Ошону сүйлөшөбүз деп кирип кетишти,- дейт Бакыт Сейталиев.

Электрик Нуржан Боронбаев:

- Эмки инвестор келгенге чейин айлык акыңар толугу менен төлөнүп турат, деп убада беришкен. Ушул май менен биздин контрагыбыз бүтүп атыры. Контракт бүткөндөн кийин бизге эч ким айлык төлөбөйт. Биз мынакей 700 киши жумушсуз, эчтемкесиз калдык.

Парламент депутаты Болот Шерниязов «Жерүй» алтын кенин өкмөт ачык тендерге коюп, шарты келишкен инвесторго бериши керек дейт.

- Булар эмне деген келишимге кол койгон? Ал документти биз да ала элекпиз. Абдан жашырын документ окшойт. Бирок алабыз! Ачык-айкын тендер кылып бергиле. Андай болгон жок.

«Кыргызалтын» акционердик коомунун вице-президенти Максат Жээналиев жумушчуларга компенсация апрелден тарта июнь айын кошуп толугу менен төлөнүп берилерин ырастады.

- Биз 1-апрелде сүйлөшкөнбүз. Ошондо апрель, май, июнь болот да. Ошондуктан булар тынчсызданбай эле коюшсун. Июнь айында толугу менен компенсация жүргүзүлөт.

Бүгүн парламентте «Жерүй» алтын кени боюнча өкмөттүк саат өтөт. Эмнеликтен мурунку-кийинки өкмөт «Кумтөрдөн» соң эң ири алтын кенин ачык тендерге койбой, көңүлү түшкөн компанияга берип жатышынын чоо-жайын эми депутаттар такташмакчы.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG