9-октябрдан бери Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча «Эйр Манас» авиакомпаниясынын бардык авиакаттамдары техникалык себептерден улам убактылуу токтотулганы көп суроолорду жаратууда.
Мамлекеттик жалгыз авикомпания эмне үчүн банкрот болду? «Ачык асман» саясаты иштеп жатабы? Жергиликтүү каттамдарды жандантуудан үмүт барбы? Европананын «кара тизмесинен» качан чыгабыз? Ушул ж.б. маселелер «Арай көз чарай» берүүбүздө кеп болду.
Талкууга Кыргызстандын Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев, авиация боюнча кеңешчи Кайрат Итибаев жана Оштон экономист Эркин Абдразаков катышты.
«Азаттык»: - Курманбек мырза, кечээтен бери Бишкек-Ош жана Ош-Бишкек багыттары боюнча бардык авиа каттамдар техникалык себептерден улам убактылуу токтотулганы айтылууда. Анын негизи себептери эмнеде? Каттамдарды калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүктөр барбы?
Курманбек Акышев: - Cөздүн башында айтып коюшум керек, «Бишкек-Ош багытындагы бардык каттамдар токтотулду» деген туура эмес. «Эйр Манас» авиакомпаниясы күнүнө Ош-Бишкек багытында алты каттам жүргүзчү эле, ошолор гана токтоп турат. Калган «Авиа Траффик» жана «Тез Жет» компаниялары эки шаардын ортосунда каттамдарын үзгүлтүксүз аткарып жатат. «Эйр Манастын» каттамдарынын токтоп калышына техникалык мүчүлүштүктөр себеп болууда. Тагыраак айтканда, учакты токтотуучу түтүгү жарылып кеткен. Компанияда бир эле учак болгондуктан азыр башкага алмаштырууга шарттары жок болуп жатат. Тетик-жабдуу бир күндө табылбайт экен, азыр аны өндүргөн заводунан, Америкадан табышты. Бизге жеткенге да убакыт кетет, ошондуктан учактар эртең да учпайт. Жүргүнчүлөргө алдын-ала айтылууда. Алар билеттерин которуп алса болот же акчасын кайтарып алууга да шарт бар. Же башка авиакомпания менен жетип алууга мүмкүнчүлүк бар.
«Азаттык»: - Кайрат мырза, 25-сентябрда да «Эйр Манас» авиакомпаниясынын учагы бузулуп калып, Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча бардык каттамдары токтотулган. Компаниянын бир эле учагы бар экен, ушундай шартта кантип сапаттуу, коопсуз тейлөө болот? Өлкөнүн негизги эки шаарынын авиа каттамы үзгүлтүккө учурап жатышынын негизги себебин сиз эмнеден көрөсүз?
Кайрат Итибаев: - 2013-жылы «Эйр Манас» - «Пегасус-Азия» деген аталыш менен түрк ишкери инвестор катары бизге келген. Биз ага рахматыбызды айтып, ыраазычылыгыбызды билдиришибиз керек. Ал Кыргызстанда көп жакшы иштерди жасады. Анын авиакомпанияны кеңейтүүгө, жаңы «Боинг» учактарын сатып алууга пландары да бар болчу. Азыр эми компаниянын бир эле учагы калганы көп суроолорду жаратат. Авиация транспортунда бир учак менен калганы өтө күлкүлүү, кейиштүү. Коопсуздук чаралары жок, коркунучтуу деген сөз. Жалпылап айтканда бул көрүнүш Кыргызстандын экономикалык абалы начар экендигин айгинелеп турат. Авиациядагы кризис 2000-жылдардын башында эле башталган, тармак азыр терең сазда отурат десек болот. «Кыргызстан аба жолдору» деген мамлекеттик авиакомпаниядан «Алтын эйр» компаниясын бөлүп чыгышты, дагы башка «Эйр Кыргызстан» компаниясын түзүштү, акыры ал компаниялар иштебей калды.
«Азаттык»: - Эркин мырза, сиз Ош менен Бишкектин ортосундагы учакта көп каттаган жүргүнчү катары, экономист катары айтсаңыз. Кыргыз авиациясындагы коопсуздук, зарыл инфратүзүм, тейлөөнүн денгээли жөнүндө сиздин баамыңыз кандай?
Эркин Абдразаков: - Биз ХХI кылымда жашап жатып, дүйнөлүк интеграцияга кошула албай, авиациядагы тиешелүү инфратүзүм уюштура албай жатканыбыз мени абдан өкүндүрөт. Башканы коёлу, аралыгы 700 чакырым болгон Ош менен Бишкектин аба мейкиндигин тейлей албай жатабыз. Албетте, авиацияны өнүктүрүүдө «экономика маанилүү, тендер өткөрүлүүдө, инвестор келатат» дешет. Бирок иш жүзүндө башка болуп чыгат. Бизге сырттан чет өлкөлүк таанымал компаниялар келбей жатат. Тескерисинче, аты-жыты жок компаниялар кирүүдө. Бир учагы менен же ижарага учак алып, «чартер каттам» менен учуп жүргөнү кейиштүү көрүнүш. Ошондуктан «Кыргызстан - каалагандар кирип-чыга бере турган кербен сарайбы?» деп калам. Учурда «Ош-Бишкек» багыты менен учуп калганда жеткенче жакаңды кармап, калтырып-титиреп эле араң барасың. Учактын эскилиги эбак жеткени адис эмес кишиге деле даана көрүнүп турат. Улам жаңы өкмөт келгенде тарифтер жөнүндө сөз болот, авиакаттамдардын жол киреси деле арзандаган жок. Антимонополия агенттиги кайда карайт, билбейм. Эки ири шаардын ортосундагы каттамдардын жоопкерчилигин мамлекет өзүнө алышы керек. Ошко жаңы аэропорт куруу жөнүндө сөз болгон, жер бөлүнгөн, ал кыймылдаган жок. Азыркы Ош аэропорту эл жыш жайгашкан аймакта орун алган, ДачаСУдагы кырсык бизге сабак болушу керек. Ош аба майданы Өзбекстандын чек арасына өтө жакын турат. Бул да ойлоно турган мамлекеттик чоң маселе…
(Талкуунун толук вариантын ушул жерден көрүңүз)
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.