Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:49

Экономика

шейшемби 23 Февраль 2021

Бишкектеги ири дүкөндөрдүн бири.
Бишкектеги ири дүкөндөрдүн бири.

Премьер-министр Улукбек Марипов ушул дем алышта ишкер чөйрөнүн өкүлдөрү менен эки ирет жолугушуу өткөрүп, тармактагы көйгөйлөрдү талкуулады. Ишкерлер бизнеске шарт түзүлбөй жатканына, ыксыз текшерүүлөр күч алганына нааразычылык билдиришти.

Өкмөт башчы менен ишкерлердин эркин форматтагы жолугушуусу 21-февралда жекшембиде уюштурулду. Анда экономика тармагындагы демилгелер талкууга алынды. Ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү демилгелери көтөрүлдү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, премьер-министр Улукбек Марипов бийлик ишкер чөйрөдөгү ачык-айкындыкты камсыздоого даяр экенин билдирип, ал үчүн түрдүү демилгелерге, ишкерлерге инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык стартаптарды колдоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга даяр экенин эскертти.

Өкмөт башчы Улукбек Марипов (ортодо) ишкерлер менен жолугушууда. 21-февраль, 2021-жыл.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов (ортодо) ишкерлер менен жолугушууда. 21-февраль, 2021-жыл.

«Бул жердеги ишкерлердин ар бири өлкөбүздүн өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон. Узак убакыт бою бизнеске тийиштүү көңүл бурулган жок. Бирок бул мамилени өзгөртүүгө, мамлекеттик-жеке диалогдун жаңы үлгүлөрүндө иштөөгө убакыт келип жетти. Бизнес үчүн мен 24 саат бою байланыштамын», - деди Марипов.

Жолугушууга катышкан жеткирүүчүлөр жана дистрибьютерлер ассоциациясынын төрайымы Гүлнара Ускенбаева ишкерлер кабылган кыйынчылыктардын айрымдарына токтолду.

«Ишкерлерди текшерүү жана аларга карата укук коргоо органдары көрсөткөн басымы орунсуз уланууда. Муну токтотуу керек. Текшерүү органдарынын укуктарын чектөө абзел. Антпесе маселе чечилбейт. Мындан тышкары салык жаатындагы талаптарды азайтуу керек. Кичи жана орто бизнести колдобосо болбойт. Премьер-министр Улукбек Марипов жогоруда белгиленген маселелерди өзү колго алып, чечүүнүн жолдорун караштырууга убада берди».

Ишкерлер менен өкмөт башчынын кийинки жолугушуусу бир айдан кийин дагы уюштурулмай болду. Анда азыр айтылган көйгөйлөр кандай тартипте каралганы тууралуу кеңири маалымат берилет.

Марипов 20-февралда курулуш тармагында ишкерлер менен жолугушуп, алардын да көйгөйлөрүн жана сунуштарын уккан.

Жеке ишкерлер бирлигинин төрагасы Фархат Пакыров ишкерлер жаңы бийликтен үмүт артып турганын айтты.

Фархат Пакыров.
Фархат Пакыров.

«Курулуш тармагындагы ишкерлер менен буга чейин иштеген жогорку кызмат адамдары, тактап айтканда премьер-министрлер менен президенттер да бир катар жолугушууларды өткөрүшкөн. Бирок ал жерде көтөрүлгөн маселелер ошол чогулушта гана айтылып, жыйынтык чыкпай келген. Бул жолку жолугушууну бир айдан кийин өкмөт кайра өткөрмөй болду. Мындай демилге ишкер чөйрөнүн өкмөткө болгон ишенимин ойготту».

Курулуш тармагы өлкөнүн ички дүң продукциясынын 10% түзөт. Өкмөттүн маалыматы боюнча, бул тармак экономикалык өсүштүн негизги индикаторлорунун бири. 2020-жылы курулуш тармагындагы инвестициялардын көлөмү 46 млрд. сомго жеткен.

“Эмарк групп” курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматов карантин шартында иштөө оңойго турбаганын белгиледи.

«Былтыр коронавирус илдети баштала электе биздин компанияда 500дөй адам ишчечү. Кризистин айынан азыр 200гө жетпеген жумушчу калды. Биздин негизги кардарларыбыз мигранттар эле. Азыр алар өздөрү жумушсуз калды. Коңшу өлкөлөр өзүнүн бизнес секторун кармап калыш үчүн ишкерлерге ыңгайлуу долбоорлорун иштетип жатышат. Кыргызстанга да мындай долбоор керек. Маселен мен мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы менен бирге иштейли деген демилгени көптөн бери көтөрүп жүрөм. Анткени бул программа менен үй алгандар эски үлгүдөгү батирлерди кымбат алып жатат. Биз аларга арзан батирлерди сунуш кылат элек. Муну менен кошумча орундар түзүлүп, бюджетке төгүлгөн салыктын көлөмү да көбөймөк».

Былтыр 23-октябрда Бишкекте Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин жыйынында ошол кезде премьер-министр болуп турган азыркы президент Садыр Жапаров инвесторлорго колдоо көрсөтүлбөсө, туристтер келбесе, коррупция жоюлбаса мамлекет өнүкпөй турганын айткан.

Садыр Жапаров президент катары кабыл алган алгачкы беш жарлыгынын бири ишкерликти колдоого багытталды. Ал менчикти жана ишкерлерди, инвесторлорду коргоого байланыштуу жарлык чыгарган.

Кыргызстанга чет элдик түз инвестицияларды тартууну камсыз кылыш үчүн инвестицияны колдоо иштерин жеңилдеткен мыйзамга кол коюлган. Ага ылайык, өндүрүштүк жана социалдык курулуш үчүн аймактарда жер тилкелерин трансформациялоо укугу жергиликтүү бийликке берилип, инвестициялык босогонун көлөмү 50 млн. доллардан 10 млн. долларга түшүрүлгөн болчу.

Бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит ишкерлерге карата кысым болуп жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Бизнес-акыйкатчы институтунун коомчулук менен байланыш боюнча адиси Салия Борбиева:

«2020-жылы ишкерлер салык кызматынын аймактардагы бөлүмдөрүнүн аракеттерине нааразы болуп арызданышкан. Мындан тышкары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин, финансы полициясынын жана башка укук коргоо органдарынын текшерүүлөрүнө нааразы болушкан».

Өткөн айдын этегинде Бишкектеги «Спекулянт» дүкөндөр түйүнүнүн эки бухгалтерине Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, «Спекулянт» дүкөнүнүн жетекчилери жана кызматкерлери Кыргызстанга сактоо мөөнөтү өтүп кеткен товарларды ташып жүргөн. Алардын мындай мыйзамсыз иштерине укук коргоо, фискалдык органдардын кызматкерлери жардам берип жүргөнү айтылган.

Дүкөндөр түйүнүнө Орусиянын жараны Василий Щербина ээлик кылат. Ал Кыргызстанга келүүдөн чочулап жатканын, күч түзүмдөрүнүн басымына дуушар болгонун айткан. Ал “бизнесимди тартып алуу аракети жүрүп жатат” деп билдирген. Башкы прокуратура бул окуяга байланыштуу тергөө иштери жүрүп жатканын жарыялаган.

Ирсалиев: Чакан ГЭСтер – отун-кубат кризисинен чыгуунун аргасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:16:27 0:00

Кыргызстандагы Чакан ГЭСтердин консорциумунун жетекчиси Рахатбек Ирсалиев өлкө отун-кубат кризисинен чыгуу үчүн чакан ГЭСтерди куруусу керек деп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG