Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:44

Эгемендикти эңсеген жана ага жеткирген бабаларга таазим


Эгемендик символдору "Ала-Тоо" аянтында. 30.7.2020.
Эгемендик символдору "Ала-Тоо" аянтында. 30.7.2020.

Айрым замандаштарыбыз эгемендик өзү эле келген дешет. Чын-чынында, Кыргызстандын эгемендигин ырааттуу эңсеген мекенчилдердин эмгегисиз да ал келмек эмес... Тарыхчынын блогу.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыкты жарыялашынын 29 жылдыгы өтүп жаткан ушул куттуу күнү (31.8.2020), адатта, “асмандан эле эгемендик түшүп калбадыбы!” деп сүйлөй турган кишилер аз эмес.

Дүйнөдө калайыктын басымдуу бөлүгү эгемендикке анчейин умтулбаган отор жайлар деле болгону жана азыр да андайлар бар экендиги анык. Бермуда аралдары 1995-жылдагы референдумда Улуу Британиянын отор жайы бойдон кала берүүнү чечкен. Ал эми Улуу Британия 1973-жылы Европа Ынтымагына кирген соң, өз тарабынан оторчул аймактардан оолактаган кадамдар жасаган, ошондо Австралия, Жаңы Зеландия сыяктуу отордук аймактар 1986-жылы эгемен болууга аргасыз барышкан, ошондо да алар Улуу Британиянын такты ээсин өз мамлекет башчысы катары расмий сактап кала беришкен. Албетте, мында Улуу Британиянын бара-бара нагыз либерал, демократиялуу мамлекет болуп калгандыгы гана эмес, айрым отор жайлардагы калайыктын басымдуу бөлүгүн мурдагы оторчулардын этносу түзгөндүгү да чоң рол ойногондугу ажеп эмес.

Азыркы тапта да анча-мынча кыйынчылыктарды баштан кечирген кээ бир мекендештерибиз каныйлап: “кайра Орусиянын отор жайына айлансакпы!” деп айткан учурлар болду. Эгерде КМШ деп жарыяланган шериктештик жалаң гана авторитардык Кремлдин камчысын чаппаган болсо, Кремлдин кожоюндарынын өздөрү да азыркы Европа Биримдигине тете болгон теңата жана чыныгы демократиялуу ынтымакты түзүүгө ак дилинен ынтызарлана күрөшкөн болсо, анда конфедерацияны эңсегендер азыркыдан алда канча көп болмоктур?

Ушул кырдаалда улам эскертип туруу зарыл болгон бир өңүт бар. Ал –– Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыгы үчүн күрөшкөн бабалардын опол тоодой эмгеги.

Улуттук тарыхыбызды совет доорунда бир беткей гана окутуп келишчү, ошондуктан “Кыргызстан СССРдин курамынан чыга алат!” деп укуктук жактан негиздеп илимий эмгек жазган юрист-окумуштуу Кубанычбек Нурбеков тууралуу кеңири маалыматты СССР кулагандан кийин гана акырындап үйрөнгөнүбүздү тарыхчылар да моюнга алышыбыз керек.

Энесай Кыргыз каганаты тууралуу маалыматты астейдил үйрөнүүдө, эгемен Кыргыз мамлекети тууралуу “Манас” эпосунун жана башка баатырдык эпостордун мазмунун жайылтууда, 1855––76-жылдардын ортосундагы, 1898-жылдагы жана 1916-жылдагы падышалык оторчуларга каршы куралдуу күрөштөрдү, басмачылардын кыймылын изилдөөдө улам жаңы муундардын аң-сезимине эгемендикке чакырган идеялар кыт куйгандай орной берген.

Түгөлбай Сыдыкбековдун, Чыңгыз Айтматовдун, Төлөгөн Касымбековдун, Кеңеш Жусуповдун, Шайлообек Дүйшеевдин жана башка залкар жазуучулар менен акындардын чыгармалары жана публицисттик эмгектери, Өмүркул Караев, Кушбек Үсөнбаев сыяктуу тарыхчылардын, Асанбек Табалдиев сыяктуу ойчулдардын чыгармалары да эгемендик сезимине тарбиялаган десек болот.

Биздин улуу муундар Азамат Алтай, Төлөмүш Жакып уулу жана башка аталарыбыз жана ага-эжелерибиз обого алып чыккан “Азаттыктын” берүүлөрү аркылуу да эгеменчил идеяларга каныгышкан. “Түкөбүз (Т.Сыдыкбеков) “Азаттыктын” берүүлөрүнүн мазмунун бизге айтып берчү эле” деп анын кичүү замандаштары эскерип калышат.

1988-жылы Кыргызстанда кош тилдүүлүк үчүн күрөш жана 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган мамлекеттик тил тууралуу мыйзам –– булар да эгемендикке карай тынч күрөштүн бир бөлүгү болуп саналат.

Эгемендикке чакырыктар 1989-жылы “Ашар” жана башка коомдук уюмдарды түзгөндө, 1990-жылы антикоммунистик демонстрациялар маалында жана 1990-жылдын 25–26-майында “Кыргызстан Демократиялык кыймылын (Балтика боюндагы өлкөлөрдүн “Элдик майдан”, “Саюдис” сыяктуу саясий блокторуна окшош кубаттуу саясий блокту) негиздеген учурда байма-бай айтылып жатты. Бул кыймылдарга эч катышпаган жана алардан алты чакырымдай алыстыкта айланып өтүп жүргөн мурдагы партократтар, албетте, азыр деле каадаланып “Эгемендик көктөн даяр түшпөдүбү!” деп коюшат.

Ар бир окуянын оош-кыйыш жактары бар. 1990-жылы июндагы Ош окуялары, бир караганда, кыргыз жана өзбек тиреши катары гана каралышы ыктымал. Бирок дал ошол окуядан бир жыл мурда Ферганада өзбектер менен месхет түрктөрүнүн (ахыска түрктөрүнүн) ортосундагы кагылышууну, СССРдин ар кыл чөлкөмдөрүндөгү этностор аралык кагылышууларды да назарда тутсак, Ош окуялары деле ошол кезде эгеменчил күчтөрдү ич ара кайраштыруу үчүн КГБ уюштурган ири провокация болгон деген жоромолдордун чындыгы бар деп ойлошубуз ажеп эмес.

КДКнын жыйындарынын бири. 1990.
КДКнын жыйындарынын бири. 1990.

1990-жылдын октябрындагы Бишкекте Ак Үйдүн чыгыш тарабындагы (ал кезде азыркыдай коргон таптакыр жок эле) антикоммунисттик маанайдагы саясий ачкачылык да эгемендик идеялары менен коштолгон.

Эгерде калайыктын дал ушундай эгемендикке умтулган жалпы маанайы болбосо, анда 1990-жылы декабрда Кыргызстандын Жогорку Кеңеши жумурияттын эгемендиги тууралуу өзгөчө маанилүү декларацияны кабыл алмак эмес. Бул документ –– бүткүл советтик Борбордук Азия үчүн “эгеменчил бомба” болгон. Анда жумурияттын аталышынан “советтик” жана “социалисттик” деген сөздөр алынып салынган. Бул –– тек гана аталыштагы терминди кыскартуу эмес, тоталитардык СССРден Кыргызстан өз ыктыяры менен чыга алат, деген маркум юрист Кубанычбек Нурбековдун осуят болуп калган ойлорунун жүзөгө ашырыла башташы болгон.

Албетте, бул декларация Кыргызстан тең укуктуу, эгемендикке эч шек келтирбеген конфедерацияга мүчө боло алат деген жылчыкты да калтырган. Бул жылчык –– эгемендикке каршыбы? Эгерде болочокто Борбордук Азиядагы өлкөлөр азыркы Батыш Европадагы өлкөлөр сыяктуу эле демократиялуу мамлекет болуп өнүгүп чыкчу болсо, анда эгемендикке шек келтирбеген ири чөлкөмдүк ынтымакты (аны “Түркстан Шериктештиги” деп атайсызбы, же “Борбордук Азия Шериктештиги” деп атайсызбы, айырмасы жок) калыптандыруу удулу да пайда болоору шексиз.

Ошондо азыркы Бажы Биримдигинин теңсиздик тажрыйбасы толугу менен четке кагылмак. Чакан Лүксембург, Белгия менен ири Германия, Франция нагыз тең укуктуу болгондогудай өрнөктөр эске алынмак.

Демек, Кыргызстандын эгемендиги үчүн күрөш –– анын эл аралык коомчулук менен тең ата, шериктеш, кызматташ, тынчтыкта жанаша жашоо принциптерине эч качан каршы келбей турган нерсе.

1991-жылы жайында Кыргызстандын коомчулугу жана анын бийлигинин басымдуу бөлүгү “Ашарчылар” менен КДКчылар чогуу уюштурган “Өмүр көчү” жүрүшүн толук колдоду. Ал тынч жүрүш 1916-жылдагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана ал кандуу басылгандагы Улуу Үркүндүн 75 жылдыгына арналды. Бул жүрүш 1916-жылдагы окуялардын курмандыктарын коомдук эскерүү жаатында советтик Борбордук Азия чөлкөмү үчүн көзгө басар элдик кыймыл болгондугун айта кетелик.

1991-жылы июнь-июль айларында Бишкектин түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылынын түштүгүндө тоо этектеринде тымызын археологиялык казуу жүрдү. Аны археолог Михаил Иванович Москалёв ал кездеги КГБнын көзөмөлү астында жүргүзгөнүн азыр элдин бардыгы билет. Дал ушул тымызын иликтөөнүн натыйжасында Кыргызстандын каймагы болгон инсандардын бир катарынын 1938-жылы сталиндик режим бир чуңкурга жашыруун көмгөн сөөктөрү кимге таандык болгону да аныкталды.

Атылган 137 кишинин көпчүлүгү СССРге каршы эгеменчил күрөшкө катышкан, “Социал-Туран” партиясынын катарында болгон, Кыргызстанды СССРден бөлүп чыгууга куштар империалисттик мамлекеттердин тыңчылары болушкан деп күнөөлөнгөндүгүн эми бардыгы билет. Албетте, алар эч кандай тыңчы болушкан эмес, балким, СССРден чыгуу ниетин деле билдиришкен эмес, бирок алардын көпчүлүгү Кыргызстандын татыктуу, Орусияга теңата жумурият катары 1936-жылы биримдиктик (“союздук”) республика макамын алышы үчүн салым кошкондордун арасында болчу.

"Ата-Бейит" эскерүү жайында. 08.11.2017.
"Ата-Бейит" эскерүү жайында. 08.11.2017.

Чоң-Таштын төрүндө көмүлгөндөр жана Кыргызстандын РСФСРдин курамындагы Кыргыз АССРи макамынан СССРдин биримдиктик макамдагы жумурияты макамына көтөрүлүшүнө салым кошуп, бирок башка жагдайда, башка жерлерде атылган бардык бабаларыбыз Кыргызстанды толук эгемендикке карай бир тепкичке жогорулатып коюшкандыгы 1991-жылы нагыз айгинеленди.

1991-жылы 30-августта “Ата Бейит” көрүстөнү расмий ачылып, анда ар кыл этностон турган 137 бабабыздын сөөктөрү арууланып кайра жерге берилди. Ал окуяга өзүм да КУУнун карапайым окутуучусу, КДКнын мүчөсү жана “Азаттыктын” тыш кабарчысы катары катышкан элем. “Ата Бейит” аталышын залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматов берген. Анын атасы Төрөкул Айтматовдун сөөгү да ошол 137 кишинин сөөктөрүнүн арасынан табылган болчу...

Кыргызстандын туңгуч президенти, ал кезде либерал саясатты туткан Аскар Акаев, жумурияттын уламышка айланган Жогорку Кеңешинин төрагасы Медеткан Шеримкулов (ал 1991-жылдын 19-августунда кутум уюштурууга далаалат кылган ГКЧПга каршы биринчи болуп эгеменчил айбаттуу билдирүү жасаган ала-тоолук мамлекеттик ишмер болду), депутаттардын басымдуу бөлүгү, өкмөт мүчөлөрү, айдыңдар, журналисттер, сталиндик террордон набыт болгондордун жакындары, нечендеген карапайым мекендештер бул сөөктү кайра коюу жөрөлгөсүнө катышты.

Ал эми кийинки күнү, 1991-жылдын 31-августунда, Борбордук Азиядагы советтик жумурияттардын ичинен биринчи болуп, Кыргызстан өзүнүн мамлекеттик көз каранды эместигин СССРдеги конституциялык укуктарына таянуу менен салтанаттуу жарыялады.

Маркум Кубанычбек Нурбековдун илимий эмгекке шөкөттөлүп камтылган осуяты, КДКчылардын жана башка эгеменчил күчтөрдүн тилеги толугу менен жүзөгө ашырылды.

Идеялар, анын ичинде эгемендик идеялары, жөнү жок эле жашай бербейт. Бул идеяларды колдоочулар жана удулу келгенде жүзөгө ашыргандар бар болгондугу үчүн жашайт. Кыргызстандын уламышта калган Жогорку Кеңеши тынч жол менен мамлекеттик көз каранды эместикти калыбына келтирүүдө опол тоодой салым кошту. Анын бул кадамы ага чейинки эгеменчил күчтөрдүн ырааттуу күрөшүнүн мыйзам ченемдүү уландысы болду. Албетте, Кыргызстандын мамлекеттик көз карандысыздыкка жетишине жалпы СССРдеги авторитардык башкаруу борборунан обочолонуу жана бөлүнүү жүрүмүнүн да өзгөчө таасири жана колдоосу болду.

Бүгүнкү куттуу майрам күнү бардык эгеменчил ата-бабаларыбызга таазим этебиз.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG