Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:49

Навальныйга абак жетекчиси Куранды берген жок


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный аны абакта мажбурлап тамак ичирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.   

Покров шаарындагы №2 колонияда ачкачылык кармап отурган Навальныйды түрмө жетекчилиги мажбурлап тамак берүү менен коркутуп жатышканы тууралуу саясатчынын «Твиттердеги» баракчасында жарыяланды.

«Ачкачылыктан баш тартпастыгын көргөн администрация мажбурлап тамак берүү менен аны күнүгө коркутуп жатат. Ошол эле кезде Алексейди түрмөнүн ооруканасынан камерага которуп коюшкан. Ага дагы деле догдур киргизбей жатышат», - деп жазылат анда.

Абакта Навальныйдын омурткасынан мертинип, колу-буту сенейип калганы аныкталган. Ошондой эле ал жөтөлгө кабылганын айтып арызданган.

Абакта медициналык жардам көрсөтүлбөй, чет жактан дарыгер чакырууга да уруксат берилбей жатканын айткан Навальный 31-мартта ачкачылык жарыялаган. Андан бери 8 килограммга арыктап, камалгандан бери 15 килограмм салмагын жоготкон.

Мындан тышкары Навальный ага Куран китебин берүүдөн баш тарткан абак жетекчилигинин үстүнөн сотко кайрылганы маалым болду. Колониянын администрациясы диний китептин мазмуну экстремизм белгилери боюнча үч ай убакытта текшерилиши керектигин жүйө келтирген.

Ошол эле кезде Орусияда Навальныйдын тарапташтарына куугунтук токтогон жок.

6-апрелде Владимир облусундагы Покров шаарындагы колониянын алдына топтолгондордун арасынан кармалган төрт киши «коомдук жайдагы тартипти бузду» деген жүйө менен 8-9 күнгө камалды.

Навальныйдын саламаттыгын текшерүү үчүн түрмөгө киргизүүнү талап кылып барган догдуру - Орусиянын «Дарыгерлер альянсы» аттуу көз карандысыз кесиптик кошуунунун жетекчиси Анастасия Васильевага облустук сот жогорудагыдай эле жүйө менен 180 миң рубль айып пул салды.

6-апрелдеги акцияда Анастасия Васильева менен кошо тогуздай адамды полиция камакка алган. Покров шаары, 2021-жыл
6-апрелдеги акцияда Анастасия Васильева менен кошо тогуздай адамды полиция камакка алган. Покров шаары, 2021-жыл

Ал эми Дагестанда Навальныйдын штабы түзүлгөндөн бир күн өтпөй, штабдын координаторунун дайыны чыкпай жатканы белгилүү болду.

Махачкалада орус оппозициясынын лидерин колдогон активисттердин тобу түзүлгөнү 11-апрелде маалым болгон. Андан бир күндөн кийин штабдын координатору Эдуард Атаев айылына кетип, ошол бойдон телефону өчүрүлүп, кабар-дайыны чыкпай жатканын журналисттерге жардамчысы Мурад Манапов кабарлаган.

«Ал шаарга кайтканында мага айтышы керек эле. Бирок, чалган жок. Мен унутуп калды деп ойлогом. Эртеси телефон өчүк болуп калды», - деген Манапов Атаевдин туугандарын таап, полицияга кайрылганы жатышканын кошумчалаган.

Бул билдирүүдөн кийин Махачкаладагы активисттер Атаевдин дайынсыз кеткенин жарыялашты.

Эдуард Атаев
Эдуард Атаев

Буга чейин февралда Махачкалада Навальныйдын тобун жайгаштырууга Москвадан барган Руслан Аблякимовду белгисиз бирөөлөр сабап кеткен.

Навальныйдын үзөңгүлөшү жана Орусия боюнча штабдардын координатору Леонид Волков оппозициячыл саясатчынын абакта отурганына карабай командасы сентябрда өтчү парламенттик шайлоого даярдык көрө турганын белгилеген.

Навальный бир нече жыл мурда үзөңгүлөштөрү менен «Акылдуу добуш берүү» деген долбоорду ишке ашыра баштаган. Анын алкагында оппозициячыл партиялар бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын талапкерине каршы биригип, бир талапкерди колдоого алып келет.

2019-жылы «Акылдуу добуш берүү» долбоорунун таасири менен оппозициячыл талапкерлер Москва шаардык кеңешиндеги 45 орундун 20сына шайланууга жетишкен.

Навальный сегиз ай мурда «Новичок» менен ууландырылгандан кийин Берлинде эки жума комага түшүп, эсине келген. Узакка дарылангандан кийин Москвага кайтканында камакка алынып, 2014-жылкы кылмыш иш боюнча «шарттуу жазанын эрежелерин сактаган жок» деген доо менен 2,5 жылга эркинен ажыратылган.

Навальный аны ууландырууга президент Владимир Путинди күнөөлөп, кылмыш иштерин «саясий буйрутма» катары баалайт.

  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG