Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шейшемби, 21-январь, 2020 Бишкек убактысы 15:54

Укуксуз атуулдардын улуту болбойлу


Укук - баарына жалпыбы? Кимбайке. 07.3.2011.

Кыргызстандагы Интернеттик коомдук тармактарда жана башка медиа каражаттарында “улут жогорубу же адам укугу жогорубу?” деген суроонун тегерегинде кызуу талкуу жүрүүдө. Тарыхчынын блогу.

Кыргызстандын борборунда сабаттуу эле делген айрым замандаштар “Улут - укуктан жогору” деген сыяктуу сөздөр жазылган көрнөктү автобустун бооруна жармаштырып алып, ары-бери жүрдү деген маалыматты угуп, абдан кейидим.

Улуттук наркты колдогон акция өттү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:46 0:00

Эми бул ураандын ээлеринин логикасына таянсак, анда эгемен мамлекетке ээ улутубуз дагы эле бешиктен бели чыкпаган бечара болуп бара жаткан экен; мындай жармачтыктын башкы себеби - Батыштын акчасына же башка каражатына таянып, адам укуктары деп чыркырагандардын жана башкалардын айынан кыргыз улутунун кызыкчылыктарына шек жаралып жаткан имиш.

Албетте, аларга каяша кылып, Гитлер да өз улутунун кызыкчылыктарын баарынан бийик деп санаганын эскертип чыккандар болду.

Бул талаш-тартыш Интернеттеги коомдук тармактарда да кызуу жүрүүдө. Эми заманбап улут деген эмне? Бул жаатта чоң сөзгө өтпөстөн, бир өңүтүнө гана токтололук.

Азыркы улут эч качан “башка чоочун кишилер жана биздин бирдиктүү улут” деп бөлүнбөйт.

“Биздин улутубуз” деген түшүнүктүн өзү ар дайым бир нече мааниде колдонулушу ыктымал.

Советтер Биримдиги сыяктуу көп этностуу мамлекеттердин шартында ири улутка жуурулуштуруу далалаттары жасалганы чын. Маселен, “хомо советикус” (Homo soveticus же Homo sovieticus) –– таптакыр жаңы “советтик киши” деген “түрдү” жаратуу аракеттери болду. Бирок Евразиянын түндүгүн ээлеген бул мамлекеттеги үстөмдүк кылган жалгыз тилди карап туруп эле, сырткаркы дүйнөдө советтик көп этностуу калайыкты “орус эли”, “орусиялыктар” (Рашн –– Russian) деп атай беришчү.

Азыркы тапта Орусия Федерациясында көптөгөн чөлкөмдөрдө мындагы түпкү этностордун аталыштары менен федерациялык жумурияттар, ар кыл автономиялык түзүлүштөр жашап жатат.

Унитардык мамлекет болгон Кыргызстан мурда, 1991-жылдын 31-августуна чейин, коммунисттик федерациядагы РСФСР менен тең укуктуу жумурият катары СССРдин бөлүгү болгон болсо, СССР биротоло ойрон болгондон бери бүткүл дүйнө тааныган көз каранды эмес мамлекетке айланып, телчигип келет.

Дээрлик 30 жыл ичинде коомубузда “хомо советикустун” изи да калган жок деп ойлоор элем. Көрсө, Кыргызстанда улуураак муундагы айрымдарыбыз наристелик таза ниетибизден жана саясат таануу менен этнологиядагы чала сабаттыгыбыздан улам кыргыз улутун дагы эле ири оторчулук коомундагы чакан эл катары сезет окшобойбу!

Мына, “укуктан улут жогору” ураанын чакыргандарды дал ушундайча түшүндүм. Алар кыргыз улутун дагы эле падышалык Орусиянын жана андан кийинки СССРдин чеңгелинен чыга албай жаткан мажүрөө улут деп санашат көрүнбөйбү.

Болбосо, кыргыз улуту эчак пост-советтик эгемен мамлекеттин түпкү эли катары Ала-Тоодогу бул мамлекетке өз аталышын бергендигин, кыргыз тили мамлекеттик тил болуп калгандыгын, эми өлкөбүздөгү башка этностордун өкүлдөрүн ынтымак-ырашкерлик менен жалпы Атажуртубуздун жаркын келечегин курууга чакырып, кыргыздар өздөрү да өрнөк болушу керектигин алар аңдоого тийиш эле.

Бир жагынан, бүгүнкү кыргыз улутунун ичинен эле Баш мыйзамды өзүнө бычып түзүүгө, чек ара маселесин жең ичинен чечүүгө, Кумтөр алтын кенин казууда ыктыярдуу түрдө чет элдик шойкомдуу ишкерлерге атайылап алданууга, жемкордук схема аркылуу далай акчаларды кымырып, чет мамлекетке ташууга, тынч демонстрант калайыкты аттырууга, оппозицияга өткөн Медет Садыркулов сыяктуу атуулдарды мерт кылууга, кыз ала качууга, зомбулук, ыдык көрсөтүүгө ж.б. демилгечи жана себепчи болгон далай “кып-кыргыздар” чыккан. Алар Марстан түшүп келген эмес. Өзүбүздөн чыккан. Аларды “биздин улутубуздан экен” деп, былыктарын айтпай, жосунсуз жоруктарына көз жумду кылып калкалашыбыз зарылбы?

Бул жаатта “улут укуктан жогору” дебестен, укукту пайдалануу менен улуттун ичиндеги жексурларды адилет мыйзамга ылайык жазалоо керектигин бардыгы тең эле аңдайт го?

Экинчи жагынан, дал ушул улутубуздун ичинен акыйкатсыздыктан улам далай киши жанын кыйган, чет мамлекетке бозгунга кеткен, абакта отурган, сырттагы ууру-кескилерден жапа чегип, үй-бүлө зомбулугун көргөн, жемкорлордун айынан үйсүз калып, саламаттыгынан ажыраган, адамгерчиликтүү тейлөөдөн, илим-билимден куру жалак калган. Алардын бардыгынын укуктарын коргоо маселесин эми “улут –– укуктан жогору” деген ураан менен көз жаздымда калтыралыбы?

Журналист, публицист Санжи Туйтунова карындашымдын оюн толук колдойм:

“Адамдын укугу сакталган, корголгон жерде улуттук өнүгүү болот. Ашынган улутчулдук же диний фанатизм мамлекет үчүн коркунучтуу. Укук сакталбаган жерде ар бир адам өкүмзордуктун курмандыгы болушу мүмкүн. Укукту улутка каршы койбош керек”.

“Фейсбуктагы” башка бир постко жооп берип жазганымды саал толуктап кайталайын:

Түндүк Корея менен Түркмөнстанда укуктан жогору мамлекет бийлиги, улут көсөмү тургандыгын, бул – атуулдар үчүн түрмө экендигин билишибиз абзел. Укугу жок, укугу тепселген атуулдардан куралган улуттун келечеги жок. Атуул катары бардык укуктарга ээ кишилерден куралган улут –– эң бактылуу.

Аялдар тарткан азап көргөзмөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:05 0:00

Албетте, жакында Бишкектеги сүрөт көргөзмөсүндө даниялык жылаңач айымдын көрүүчүлөрдү аралап келип, Батыштын айрым мамлекеттериндеги абортко тыюу салууларга каршылык көрсөткөн ишарасына нааразы болгон элечекчен айымдардын Бишкектеги соңку демонстрациясы да өлкөбүздөгү атуулдардын өз укугун толук жана эркин колдонуп, сөз эркиндигине ылайык өз пикирин ачык билдирип жаткандыгын айгинелейт.

Бирок алардын иш-чарасына аралаштырып, “Улут –– укуктан жогору” деген ураанды жармаштыра койгондор көңүлдү таптакыр башка талаага буруп кетип жатпайбы!

Марат Тагаев мырзанын: “Укуктан мурда улут турат деген –– фашисттик ураан!.. Уяты жокторго барибир экен. "Эрден чыксаң да, элден чыкпа" деп Роза эжеге тийишип. Ошол жерде эри жоктор деле жүрөт. Туугандар, андай эмес! Кыргыздын кызы эл башкарат, эл башкара албаганы эр башкарат”, - деген каршы жообу эле буга дурус мисал.

Аялынын баркын биле албаган жана сүйүүсүнө ээ боло албаган эркек сөрөйлөрдүн күңү болбой, кыргыз айымдар ажырашып эле кетип жүрөт. Курманжан датка энебиз бул жагынан биринчи да, акыркы да эмес. Жаңыл Мырза өзү каалабаган эркектанага турмуш куруп чыкпастан, андайдын сунушун татынакай эле четке кагып койгон.

"Эрден чыксаң да, элден чыкпа" деген ураан да мыйзамдык түркөйлүктү билдирет, биздин айымдарыбыздын Баш мыйзамдагы укуктарынын бири –– өз эрки менен үй-бүлө куруусу. Үй-бүлөдө ур-токмокко, зөөкүрлүккө кабылган айымдарга, карындаштарга азыр деле баса айтам: “Ушундай пендеге кор болгуча, ажырашып эле тынгын!”

Лондондогу Гайд-парктын бир бурчу. 2017.
Лондондогу Гайд-парктын бир бурчу. 2017.

Мен 1990-жылдарда Лондондо Гайд-парктагы далай жыйындарды атайын угуп көргөм.

Ыктыярдуу чечендердин бири “Кудай бар!”, “Эки айдан кийин акыр заман башталат!” десе, экинчиси: “Кудай таптакыр жок!” –– деп кыйкырып жатышты. Алар бири-бири менен жакалашып кетишкен жок. Ар кими өз оюн айтып, чарчаганда кетишти.

Бизде болсо борборубуздун бүткүл чордондук аймагы кээде Гайд-паркты элестетип кетет. Тынч эле жыйын өтүп турса, буга да шүгүр!..

Тек, чочуларым, өзүн улуттун түркүгү санаган кайсы бирөө алдыдагы он жылдыктарда бийликке жармашып чыгып алып, андан соң “улут –– укуктан жогору” дегендердин ураанын, - тээ алыскы Чилиде хунта башчысы, генерал Пиночет өз турумуна каршы пикир айткандарды байтактыдагы стадионго байлап-матагандай, - зомбулук өкүмүн жүзөгө ашыруу үчүн өзгөчө маашырлана идеологиялык курал катары колдонуп кетпесе экен деп ачык эле санааркоо билдиргибиз келди.

Ошондуктан, ойноп ураан чакырсак да, ойлоп туруп иш кылалык деген замандаштарды колдоп үн кошууну эп көрдүм. Ылайым биздин Гайд-парк фашисттик, ашынган улутчул ураандардан эркин болсо экен!

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (30)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG