Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39

Чаалыкпас тарыхчынын чабыты: Олжобай Каратаев “-мышта”


Профессор Олжобай Каратаев. 02.6.2012.
Профессор Олжобай Каратаев. 02.6.2012.

Заманбап кыргыз тарых илимине, этнография жана түркология тармагына ырааттуу салым кошуп келе жаткан мээнеткеч тарыхчы жана этнографтардын бири, тарых илимдеринин доктору, профессор Олжобай Каратаев алтымыш жашка толду. Маараке ээси тууралуу Т.Чоротегин өз блогун сунуштайт.

Олжобайдын бараандуу салымдары тууралуу учкай кеп

Элибизде мээнеткеч баба дыйкан сыңары талбай эмгектенген далай тарыхчыларыбыз болгон жана бар.

Улуу муундун жолун жаңыча улап келе жаткан илимпоз тарыхчылардын бири – Олжобай Кубатбек уулу Каратаев. Анын илимий жана педагогдук ишмердиги тууралуу бүгүн сөз кылуубуз үчүн удул келип турат, анткени ал дал ушул күнү алтымыштын кырына келген кези.

Акындар, адатта, бул сыяктуу ашуулардан өз баяндамаларын ыр жыйнак кылып сунушташат. Ал эми окумуштуулар өздөрү тууралуу башка кесиптештери сөз кылбаса, негизи, өз мааракесине маани деле бербей демейдеги иликтөөлөрүн уланта беришет.

Бул чакан блогубузда Олжобайдын чыгармачылыгы жөнүндө азыноолак гана сөз кылсак да, анын илимпоздук торбосу эмнеси менен барктуу экендигин чечмелөөгө тырышмакчыбыз.

Адатта, тарых илимине сүңгүгөн адистер тил илимине айкалышкан темаларга көп даай беришпейт.

Олжобай болсо өзүнүн илим жолун тарыхчы, этнограф, тилчи, булак таануучу жана географтар үчүн маанилүү болгон ономастика тармагындагы изилдөөлөрү менен баштаган. Ал 1994-жылы март айында Бишкекте “Кыргыз этнонимиясы: тарыхый-лингвистикалык иликтөөлөр” деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактады. Кыргыз тарыхы, этнография жана түрк тилдери илимий шифрлерине ылайык жазылган бул ширенди эмгек Кыргызстандын эгемендик доорунда алгачкы болуп кыргыз тилинде жазылган жана жакталган тарыхчылык диссертация болду.

Анын илимий жетекчилери – таанымал топонимист, түрколог, филология илимдеринин кандидаты Кадыралы Конкобаев менен ушул саптардын ээси, ал кезде тарых илимдеринин кандидаты, доцент Тынчтыкбек Чоротегин эле.

Ал эми он жылдан кийин, 2004-жылы, Олжобай Каратаев Бишкек шаарында “Кыргыздардын этномаданий байланыштары (эн тамгалар, этнонимдер, жер-суу аталыштары, этнографиялык маалыматтардын негизинде)” деген темада доктордук диссертациясын ийгиликтүү жактады.

Бул эмгек элеттен чыккан жаш илимпоздун тырышчаактыгынын орчун мөмөсү болду.

Доктордук диссертациясында кыргыз этнографиясынын ички маселелери менен гана чектелбестен, Олжобай лакайлардын, сары уйгурлардын жана лобнорлуктардын теги, алардын кыргыздар менен этногенез жаатындагы жалпылыктары сыяктуу өңүттөрдү да изилдөөгө алган.

Айтмакчы, кыргыз элинин этнографилык маалыматтарында сакталып калган эн тамгалар аркылуу Борбордук жана Ички Азиядагы жана Шибердеги ар кыл калктардын өз ара тарыхый карым-катнашы, кыргыздардын ар кыл аймактарга таралуусу сыяктуу маселелерди кошумча чагылдырууга болоорун да тарыхчы жана этнограф О.Каратаев далилдүү тастыктайт.

Анын докторлук ишинин илимий кеңешчилери – памирдик кыргыздардын тарыхын эана этностук тарыхты изилдеген окумуштуу, тарых илимдеринин доктору, профессор Эгемберди Жумагулович Маанаев жана ушул саптардын ээси, тарых илимдеринин доктору, профессор Т.К.Чоротегин болчу.

О.Каратаевдин доктордук диссертациялык ишинин расмий сын пикир ээлери (оппоненттери) катары белгилүү кыпчак таануучу, булак таануучу, Казакстан ИАсынын академиги Болат Ешмухамбетович Кумеков (Алматы, Казакстан), айтылуу хакас этнографы, профессор Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев (Абакан, Хакас Жумурияты, Орусия), кыргыз манас таануучусу жана этнографы, профессор Имел Бакиевич Молдобаев (Бишкек, Кыргызстан) чакырылып, үчөө тең бул эмгекке оң баа беришкен.

Олжобайдын бул доктордук диссертациясы этнология жана Атамекен тарыхы сыяктуу илимий шифрлерге ылайык (демек, ар кыл илимий тармактарды өз ара ширелтип) жакталгандыгы да өзгөчө баса белгилөөгө татыйт.

Тарыхчы, этнограф Олжобай Каратаев.
Тарыхчы, этнограф Олжобай Каратаев.

Олжобай Каратаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) тарых факултетинде чөлкөм таануу багытындагы кафедраны түптөөгө да зор салым кошту.

Бир кафедранын долбоорун жаратуу жалпы факултетке таандык канчалаган окуу сааттарын күндүр-түндүр эсептөө, ар бир жаңы дарс үчүн жадыбалда жаңы устун ачуу, ар жаңы сабактын усулдук өзгөчөлүгүн жана багытын ачыктап берүү сыяктуу толгон-токой иш-аракетти камтыйт. Компүтер жана анын “Эксел” сыяктуу программалары толук колдонула элек кезде бул машакаттуу ишке Олжобайдай күжүрмөн жана тырышчаак адистер гана чыдай турган.

1994–95-жылдардагы бул жүрүм ага кафедра башчы жана башка кызматтарында зор пайдасын тийгизди.

Анын тарыхчы, этнограф жана түрколог катары адистик салымдары кийинчерээк эл аралык Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде да жогору бааланды.

Олжобай Каратаев Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында жана Бишкектеги университеттерде гана иштеп чектелбестен, Түркиянын Кастамону шаарынын Кастамону мамлекеттик университетинде да бир катар жылдар бою профессор кызматында эмгектенип да келди.

Аны Түркияга даяр окумуштуу катары профессордук кызматка чакыргандыктын өзү анын Кыргызстандагы көп жылдык этнографтык эмгегинин кыйыр бааланышы болуп саналат.

Соңку жылдары ал КУУда гана дарс окуп чектелбестен, Алматыда ал-Фараби атындагы Казак улуттук университеттеринде (Тарых факултетинде) чакырылган профессор катары дарс окуп келет. Бул дагы анын түрк өлкөлөрүндөгү адис катары аброюн көрсөтөт деп ойлойм.

Ал Кыргызстандагы тарых, түркология, ономастика жана этнография, Чыгыш элдеринин тарыхы жана маданияты тармагында дарстар окуп, семинарлар жүргүздү. Олжобай кыргыздардын этностук тарыхы, көөнө маданияты, санжырасы, эн тамгалары, Евразиядагы ар кыл чөлкөмдөргө жайылган кыргыздар (анын ичинде Жуңгариядагы тарбагатай кыргыздары, Манчжуриядагы фу-йү кыргыздары ж.б.) жана 30 кылымдай мезгил карыткан бай тарыхка ээ кыргыз улутунан ар кыл тарыхый баскычтарда жиктелип, башка элдерге жуурулушуп кеткен этностук топтор (лобнорлуктар, сарыг уйгурлар же юйгулар, долондор, хотондор, лакайлар, катагандар жуурултуп алган кыргыздар ж.б.) тууралуу ар кыл эмгектер жарыялады.

(Маселен, караңыз: Каратаев, Олжобай Кубатбекович. Кыргыздардын теги, таралуу ареалы, этностук-маданий алакалары / Жооптуу редакторлор Тынчтыкбек Чоротегин, Памирбек Казыбаев. – Бишкек: КТМУ, 2013. – 290 б., сүрөттөр; Каратаев, Олжобай. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. - Бишкек: Кыргыз-Түрк "Манас" университети, 2003. - 265 бет; ж.б.).

Ал айрым тарыхый инсандар жөнүндө да илимий макалалар жарыялап келет.

Маселен, ал Түштүк Шибердеги Кыргыз улусунун өкүмдары Эренак бек тууралуу макалалар жазган.

(Караңыз: Каратаев О.К. Эренак-бек – Сибирь кыргыздарынын мамлекеттик жана саясий жетекчиси // Кыргыз каганаты түрк мамлекеттүүлүгүнүн алкагында: Борбордук Азиядагы Улуу Кыргыз каганатынын түптөлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган II эл аралык жыйын. – Бишкек: Мурас, 2014. – Б. 124–132; Каратаев О.К. Сибирь кыргыздары XVII–XVIII кылымдарда // Кыргызстандын тарыхы. Байыркы мезгилден бүгүнкү күнгө чейин. – Бишкек: КР УИА, 2017. – Т. 2. – Б. 138–158; ж.б.).

Ал Казакстан, Түркия, Орусия сыяктуу өлкөлөр да камтылган бир катар эл аралык илимий долбоорлорго ырааттуу катышып келе жатат. Анын илимий эмгектери кыргыз, түрк, англис, орус, азербайжан, украин ж.б. тилдерде атамекендик жана чет элдик илимий басылмаларда жарык көрдү.

О.Каратаев айтылуу хакас этнографы Виктор Яковлевич (Астайбек) Бутанаев жана анын жубайы Ирина Исаевна Бутанаева жазган эмгекти орус тилинен кыргызчага которуп жарыялаган.

(Караңыз: Бутанаев В.Я.,Бутанаева И.И. Эне-Сай кыргыздары: фольклор жана тарых / Кыргызчага которгон профессор, тарых илимдеринин доктору Олжобай Каратаев. – Бишкек: "Сорос-Кыргызстан" Кору, 2002. – 228 б. – "Котормочулук" долбоору.)

Олжобай Каратаев бир катар шакирттерге да илимий жетекчилик кылууда. Анын илимпоздук нускоосу менен жактаган илим доктору, анын илимий жетекчилиги астында жактаган илим кандидаттары жана PhD наамынын ээлери Кыргызстандын ар кыл шаарларындагы илимий мекемелерде гана эмес, Түркия сыяктуу чет мамлекеттерде да эмгектенип келишет. Алардын арасында этнография жаатында докторлугун жактаган профессор Сулайман Кайыпов, кандидаттыгын жактаган Жылдызкан Абдиева, Саитдин Азизбаев, Абдрахман Алымбаев, Бегайым Жалиева, Гүлзада Жумашова, Абдинаби Кадыров, Элнура Кулова, Абдымиталип Мырзакметов, Сапарбай Наркеев, Кубанычбек Таиров ж.б. тарыхчылар бар.

Ал өзү расмий жетекчи болбостон устаттык көмөк көрсөткөн жаш илимпоздор да арбын.

Тасма. "Муздак дубалдар" Кыргызстанда биринчи кулаган. “Ыңгайсыз суроолордун” кезектеги чыгарылышы. 11.11.2009.

Кыскача өмүр таржымакалынан

Олжобай Кубатбек уулу Каратаев 1963-жылдын 23-августунда Кыргызстандын Жалал-Абат облусундагы (мурдагы Ош облусу) Сузак районуна караштуу Орто Азия айылында туулган.

Атасы – Кубатбек, энеси – Анипа айылдык айдыңдардын үй бүлөсү эле.

Олжобай Каратаев (солдо) энеси Анипа жана бир тууган агасы Жолчубек менен. Орто Азия кыштагы, Сузак району, Жалал-Абат облусу. 03.6.2012.
Олжобай Каратаев (солдо) энеси Анипа жана бир тууган агасы Жолчубек менен. Орто Азия кыштагы, Сузак району, Жалал-Абат облусу. 03.6.2012.

1980-жылы №13 Орто Азия орто мектебин аяктагандан соң, Олжобай алгач Жалал-Абат шаарында жумушчу болуп эмгектенген.

1981–1983 жж. Ал Советтик Армиянын катарында (Монголияда) кызмат өтөгөн. Бул жагдай ага Ички Азия жана Шибер тууралуу кеңири түшүнүк алууга өбөлгө түзгөн.

1983–1984-жж. Ал СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУнун) алдындагы даярдоо бөлүмүнө (тарых адистиги боюнча) кирген.

Ал 1985-жылы КМУнун (КУУнун) тарых факультетине өтүп, аны 1990-жылы артыкчылык диплому менен аяктаган.

О.Каратаев 1990–1993-жж. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясындагы Тил жана адабият институтунда илимий кызматкер болуп иштеп, түрколог Кадыралы Конкобаевдин жетекчилиги астында ономастика маселелерин иликтеген.

1993-ж. февраль айынан тартып ал КУУнун тарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасына окутуучулук кызматына чакырылып, туруктуу иштей баштаган.

1994-жылы ал ономастика, тарых жана этнография (этнология жана антропология) жаатында кыргыз тилиндеги эң алгачкы илимдин кандидаттык диссертациясын жактап, тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасын алган.

О.К.Каратаев КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетинде (Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында) ага окутуучу, доцент болуп иштеген.

Ал аталган факультеттин "Чөлкөм таануу" бөлүмүн, андан соң кафедрасын бир катар жылдар жетектеген.

2004-жылы Бишкек шаарында (Кыргыз УИАсынын Тарых институту) доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргоп, тарых илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алган.

Ал Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык комиссиясынын чечими менен профессор наамын жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинен “Эл агартуусунун мыктысы (отличниги)” төшбелгисин алган.

Бир аз убаытка ал КУУнун биринчи проректору болуп жетекчилик кызматта да иштеген.

Ал 2004-жылдан 2015-жылга чейин Бишкек шаарындагы Эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин (КТМУ) профессору болуп иштеди.

О.Каратаев 2015–2020-жж. Түркиянын Кастамону университетинин профессору болуп эмгектенди.

Учурда ал Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунда профессор кызматын аркалоодо.

Тарыхчы Кайрыкан Жаныбекова айым. 05.4.2018.
Тарыхчы Кайрыкан Жаныбекова айым. 05.4.2018.

Олжобайдын жаншериги – тарых илимдеринин кандидаты, этнограф Кайрыкан Жаныбекова. Алардын эки кыз, бир уулу, неберелери бар.

Албетте, маараке ээсин кээде үйлөнөөр алдында турган болочокку күйөө баладай мактап жиберет эмеспизби. Сын айта кетсек, Олжокенин да меники сыяктуу эле жылкы мүнөзүн кармата койгон учуру бар, бирок анын өмүрлүк жары бул өксүгүн жымсалдап, ар дайым жаркылдап турат.

Анан Кайрыдай жароокер жары турса, Олжоке аккордеон тартып аргендей үнү менен ырдабаганда, ким ырдамак?

Атаганат, Олжокеге эгиз сыяктуу болгон ыраматылык тарыхчы, профессор Бектемир Жумабаев (14.06.1960 – 16.01.2014) экөө ырдап чыкканда, тарыхчылардын кечеси көркүнө чыгаар эле.

Анын музыкага жакындыгы укканын унутпаган куйма кулак касиетин курчутканбы дейм.

Азил кылып айтсам, балким, бул жаатта ал этнограф Сулайман Турду уулу Кайыповго жетпестир, же андан ашып кетеби, аларды жарыштыра сынап көргүдөй удул бизге келген жок. Бир гана билгеним: Сулайман Турду уулу байке 1990-жылдардагы айтыш өнөрү боюнча атаандашып чыккандардын ар биринин өзгөчөлүктөрүн белгилеп, үзүндүлөрүн алигиче жатка айтып бере алат.

Ал эми улам башка элдерди аралап, түркологиялык салыштырма иликтөө жүргүзгөн талаа этнографы жана фолклор таануучу үчүн куйма кулак болуу – адистик зор артыкчылыкка жатат эмеспи.

Кыргызстандык жана орусиялык тарыхчылар. Артта тургандар (оңдон): Олжобай Каратаев, Кубатбек Табалдыев, Аалыбек Акунов. Алдыда отургандар (оңдон): Авазбек Атаханов, Виктор Бутанаев, Бектемир Жумабаев, Юлий Худяков, Тынчтыкбек Чоротегин. Бишкек шаары, 1999-жыл.
Кыргызстандык жана орусиялык тарыхчылар. Артта тургандар (оңдон): Олжобай Каратаев, Кубатбек Табалдыев, Аалыбек Акунов. Алдыда отургандар (оңдон): Авазбек Атаханов, Виктор Бутанаев, Бектемир Жумабаев, Юлий Худяков, Тынчтыкбек Чоротегин. Бишкек шаары, 1999-жыл.

Жаратман, демилгелүү инсанда чарчоо жок

Олжобай Кубатбек уулу ушул тапта Кыргызстан тарыхы, түрк элдеринин тарыхы жана этнографиясы менен байланыштуу жаңы жана ар тараптуу изилдөөлөр жүргүзүп келет.

Ал совет доорунда аскердик милдетин өтөп жүрүп, Монголияны кезген, 1990-жылдары абакандык устатыбыз, маркум Астайбек (Виктор) Бутанаевдин чакыруусу менен Орусияда болуп, Энесайдын орчун өрөөнүн, анын жогорку агымын кыдырып чыккан. Олжобай Казакстан менен Өзбекстандын бир катар аймактарын да кезген.

Ал эми 1995-жылдан тартып ал Түркиянын ар кыл аймактарын (анын ичинде Кыргыз күмбөзү делген эстелик жайгашкан Изник шаарын ж.б.) кыдырып, бул саякаттарда тапкан маалыматтарын илимий чыгармачылыгында колдонуп келет.

Олжобай Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын, “Кыргыз Тарых Коому” бирикмесинин, “Мурас” фондунун, өзү иштеген жана кызматташкан ар кыл университеттердин илимий жыйындарын уюштурууга жигердүү катышып келди.

Жакында ал кыргыз таануу жаатында салым кошкон бүткүл дүйнө жүзүндөгү түрколог аалымдар тууралуу энциклопедиялык биобиблиографиялык маалымдама китеп жазып бүттү. Анда буга чейин кеңири коомчулук билбей келген окумуштуулар тууралуу да маалымат камтылат.

Эми маараке ээсине чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыбаттык, кылымдан кыйла ашкан узак өмүр каалайбыз. Жамандык эч болбосун, жакшылыкты жаншеригиң Кайрыкан менен чогуу көр, Олжоке.

“Эмгектүү кулда чарчоо жок” демекчи, өтөлгөлүү өмүрдү мындан ары да байсалдуу сүрүү үчүн Олжокени алдыда дагы далай жаңы чыгармачыл белестер өздөрүнө чакырып жатат.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт .

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG