Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

“Кең Алтай” долбоорунун Евразия тарыхына арналган жыйыны


Илимий жыйын көрнөгү. КУУ, Бишкек. 08.6.2023.
Илимий жыйын көрнөгү. КУУ, Бишкек. 08.6.2023.

Кыргызстанда июндун (кулжанын) 8–10дорунда өткөн тарыхчылардын, түркологдордун жана кыргыз таануучулардын илимий шеринеси тууралуу тарыхчынын блогу.

Илимий шерине

Кыргызстандын тарых жана чыгыш таануу илимдерине байланыштуу мекемелери орусиялык, казакстандык, өзбекстандык ж.б. өлкөлөрдүн илимпоздору менен биргелдешип уюштургван кезектеги илимий шерине аяктады.

“Евразиядагы орто кылымдардагы саясий, социалдык-экономикалык жана этностук-маданий жүрүмдөр” аттуу эл аралык илимий жыйындын алкагындагы акыркы илимий талкуулар июндун (кулжанын) 10унда соңуна чыкты.

Оболу бул илимий шерине июндун (кулжа айынын) 8инде, бейшембиде, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Башкы жыйын залында жана башка сабак залдарында өз ишин алып барган.

Жыйынтыктоочу иш-чаралар ишембиде (10.6.2023) Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда өткөрүлдү.

Шериктер

Жыйынды уюштурууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети (КУУ), Барнаул шаарындагы Алтай мамлекеттик университети (АлтМУ) жана ага караштуу "Кең Алтай" алтай таануу жана түркология илимий билим берүү борбору, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу "Мурас" фонду, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын (КР УИАнын) Б.Жамгырчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту, "Кыргыз Тарых Коому" эл аралык коомдук бирикмеси, Азия Университеттеринин Ассоциациясы, Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору, КУУнун "Тарых жана чөлкөм таануу институтунун бүтүрүүчүлөрүнүн жамааты" коомдук бирикмеси, ошондой эле ар кыл айдыңдар, тарыхчы илимпоздор салым кошушту.

Астайбек аганы эскерүү

Жыйын башталганда даңазалуу хакас этнографы, Кыргызстандын III даражадагы “Манас” орденинин, “Даңк” медалынын жана Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер наамынын ээси, КУУнун ардактуу профессору, маркум Астайбек (Виктор Яковлевич) Бутанаевдин (1946–2023) элесине багыштап, бир мүнөттүк тунжуроо жарыяланды.

Куттук сөздөр

Илимий шеринеге куттуктоо сөздөрү менен Кыргызстандын президентинин кеңешчиси, тарыхчы жана жазуучу Арслан Капай уулу Койчиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы, Кыргыз эл жазуучусу Султан Аким уулу Раев, “Мурас” фондунун төрагасы, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымов, Казакстан Республикасынын УИАнын мүчө-кабарчысы, УИА президиумунун мүчөсү, Казакстан Республикасынын УИАнын Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Зиябек Ермуханович Кабулдинов, КРУИАнын академиги, КРУИАнын Тарых, археология жана этнология институтунун директору, тарых илимдеринин доктору, профессор Абылабек Асанканов ж.б. чыгыш сүйлөштү.

Пленардык отурумдагы сөздөр

Пленардык отурумда барнаулдук тарыхчы, АлтМУнун профессору Юлия Александровна Лысенко айым "Кең Алтай" алтаистика жана түрк таануу илимий-билим берүү борборунун үч жылдык ишинин жыйынтыгы жана келечеги жаатында илимий баяндама жасап, Орусиядагы бул көп тармактуу илимий долбоорго кыргызстандык жана башка борбордук азиялык тарыхчы, этнограф окумуштуулар үзүрлүү катышып жатышкандыгын баса белгиледи.

Ал эми АлтМУнун Археология, этнография жана музей таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Алексей Алексеевич Тишкин мырза “Эрте орто кылымдардагы көчмөн жана отурукташкан калктын этностор аралык интеграциясынын өзгөчөлүктөрү (Тажикстандагы Шахидон эстелигин изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча)” деген темада кызыктуу баяндама окуду.

Жаш да болсо кыргыз таануучу археолог катары таанымал барнаулдук илимпоз, АлтМУнун профессору Петр Константинович Дашковский “Борбордук Азиядагы этномаданий жүрүмдөрдүн контекстинде Алтайдагы кыргыздар: китептин концепциясы жана илимий изилдөөнүн айрым жыйынтыктарынын көйгөйлөрү” деген темада чыгып сүйлөдү. Бул жигит – кыргыздардын Энесай Кыргыз каганаты доорунан бери кең Алтайда сакталып калган бир катар жаңы археологиялык эстеликтерин илим чөйрөсүнө киргизген мээнеткеч окумуштуу.

Онлайн шартында Маскөөдөн катышкан М.Ломоносов атындагы ММУнун Азия жана Африка өлкөлөрү институтунун профессору, тарых илимдеринин доктору Жибек Сапарбековна Сыздыкова “Улуу Жибек жолундагы Борбордук Азиянын шаарлары” деген темада баяндама сунду.

Белгилүү кыргыз археологу, тарых илимдеринин доктору, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Кубатбек Шаки уулу Табалдыев болсо “Алтай жана Теңир-Тоо (Тянь-Шань) түрктөрүнүн археологиялык эстеликтери” деген темада баяндама окуду.

Бул саптардын ээси өз илимий баяндамасында байыркы кыргыздардын тарыхый мекени жалаң гана Энесай, Кең Алтай аймактары менен чектелбестен, байыртадан бери эле Теңир-Тоону да камтыгандыгы тууралуу белгилеп, бээжиндик профессор, көөнө кытай жазма булактарын изилдеп келе жаткан адис Ю Тайшандын байыркы кыргыздар тууралуу 2019-жылы шардана кылынган табылгаларынын мазмунуна да токтолду.

Ушул эле шерине маалында Алтай мамлекеттик университетинин президенти, юридика илимдеринин доктору, профессор Сергей Землюков мырзага жана андан соң, симпозиум маалында, белгилүү кыргыз тарыхчысы, “Мурас” фондунун жетекчиси Кыяс Молдокасымов мырзага “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылгандыгы тууралуу дипломдор тапшырылды.

“Кең Алтай” жана КУУ

Пленардык отурумдун соңунда Ж.Баласагын атындагы КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын алкагында "Кең Алтай" алтаистика жана түрк таануу илимий-билим берүү борборунун өкүлчүлүгү салтанаттуу ачылды.

Анын ачылыш аземине КУУнун ректору, КР УИАсынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов менен профессор Сергей Валентинович Землюков катышып, тасма кесишти.

Профессор Сергей Землюков АлтМУ башка жергиликтүү жана эл аралык шериктери менен биргелешип жүзөгө ашырып жаткан “Кең Алтай” долбоорунун алкагында көп томдуу эмгек даярдалып жаткандыгын, анын биринчи томунун бет ачары быйыл күзүндө Барнаулда өткөрүлө тургандыгын шардана кылды.

Ар кыл баяндамалар

Секциялардын (бөлүмдөрдүн) бирине модераторлук да кылган таанымал кыргыз тарыхчысы, КТМУнун профессору Муратбек Чалаке уулу Кожобеков “Кыргыз каганатынын Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен дипломатиялык мамилелери” деген темада мазмундуу баяндама окуду.

Дагы бир модератор, тарых илимдеринин доктору, КУУнун профессору Олжобай Кубатбек уулу Каратаев “Барс-бег Ынанчу алп Билге – Энесай кыргыздарынын мамлекетинин каганы (титулдардын түшүнүгү жана мааниси)” деген темада баяндама сунду.

Ал эми Астанадан келген конок, тарых илимдеринин кандидаты, Эл аралык Түрк академиясынын адиси Тимур Анатольевич Козырев мырза “Алтын Ордо жана Казак хандыгы: тарыхый улантылыш” деген темада баяндама жасады.

Кыргызстандагы татарлардын этнографиясын атайын доктордук диссертациясында изилдеген адис, КУУнун профессору Аниса Риф кызы Бикбулатова “Татарлардын тарыхы боюнча орто кылымдардагы булактар” деген темада бандама сунуштады.

Илимий жыйында маркум кыргыз таануучу, тарыхчы, профессор Өмүркул Караевдин (баяндамачы Замира Тенти кызы Садырова) илимий салымдары тууралуу да чагылдырылды.

Ал эми Жалал-Абат шаарындагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессору, тарых илимдеринин кандидаты Жеңишбек Аматисакович Дүйшеев болсо “Орто кылымдардагы Фергананын түндүк-чыгышындагы Селат жана Шикит шаарларынын ордун аныктоо” деген темада сүйлөдү.

Жаш илимпоз, КУУнун аспиранты Болот Бообек уулу “Саян-Алтайдагы кыргыздар менен башка түрк тилдүү элдердин жылкы багуу менен байланышкан каада-салттары жана ишенимдери” деген кызыктуу темада чыгып сүйлөдү.

Дагы бир бишкектик жаш илимпоз, тарых илимдеринин кандидаты, Конрад Аденауэр атындагы Фонддун Француз Борбор Азия изилдөө институтунун (IFEAC) изилдөөчүсү Иван Алексеевич Фукалов мырза “Улуу Жибек жолундагы кул соодасы” деген аталышта баяндама жасады.

Кыргыз санжырасын иликтеп келе жаткан окумуштуу, КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу институтунун Кыргызстандын тарыхы кафедрасынын башчысы, доцент Темиркул Ишеке уулу Асанов “Кыргыз санжырасындагы “тондуу уул” институту” деген темада баяндама жасады.

Өзбекстандык илимпоз, тарых илимдеринин доктору, Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинин профессору Насриддин Атакулович Назаров “Кеч орто кылымдардагы жүрүмдөр этностук трансформациянын фактору катарында” деген аталышта баяндама сунду. Бул илимпоз илгерки кыпчактардан чыккан лакай этносунун этнографиясын жана фолклордук мурасын да иликтеп келет.

Ал эми философия илимдеринин кандидаты, Бекмамат Осмонов атындагы Жалал-Абат мамлекеттик университетинин доценти Гүлжамал Тыныбек кызы Токтогулова айым “1917-жылдагы ыңкылапка чейинки кыргыз коомундагы тил жана жазуу маселесин изилдөөнүн булактык кыртышы” деген аталышта баяндама окуду.

Симпозиум К.Молдокасымовдун ишмердигине арналды

Эл аралык илимий жыйындын алкагында башка да бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын бири – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” коомдук фондунун Башкармалыгынын төрагасы, Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, тарых илимдеринин кандидаты, профессор Кыяс Сатар уулу Молдокасымовдун 60 жылдыгына арналган "Борбор Азия өлкөлөрүндө архивдик жана булак таанууну өнүктүрүүнүн тарыхый, методологиялык жана башка өңүттөрү" аттуу эл аралык симпозиум болду.

Бул шериненин ирегесинде Бишкектеги “Турар” басмасында окумуштуу К.Молдокасымовдун мааракесине арналган илимий жана илимий макалалар жыйнагы жарык көрдү.

Музей таануу көйгөйлөрү

Ал эми Ысык-Көл облусуна караштуу Ысык-Көл районундагы Өрнөк кыштагынын аймагында жайгашкан Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда июндун (кулжанын) 10унда өткөн отурумда бул борбордун директору, тарых илимдеринин кандидаты, белгилүү музей таануучу Аида Кадыр кызы Алымова айым “ICOM эл аралык музейлер кеңешинин маданий мурастарды сактоодогу ишмердүүлүгү” деген темада мултимедиалык баяндама сунуштады.

Борбордук жана Ички Азиядагы музей таануу көйгөйлөрү жаатында да кеңири сөз болду. Маселен, барнаулдук профессор Алексей Алексеевич Тишкин Ооганстандагы музейлердеги эстеликтерди сактоонун азыркы абалына өз тынчсыздануусун билдирди.

Кыргызстандын башкы музейиндеги байыркы мумияны 2017-жылы чала сабат жетекчилер бакшыга тарттырып жибергендиги жөнүндө дагы сөз болуп, деги Баткенге ошол мумия көмүлдү бекен, же шылуундар ал мумияны сыртка жең ичинен сатып, башка эле сөөктү Баткенде көөмп коюшту бекен? деген да санааркоо айтылды.

ШКУ жана Кыргызстан

Өрнөк кыштагында Шанхай Кызматташтык Уюму менен Кыргызстандын өз ара карым-катнашы тууралуу да кереге кеңеш өткөрүлдү. Аны Ж. Баласагын атындагы КУУнун Чөлкөм таануу жана кыргыз таануу кафедрасынын башчысы, тарых илимдеринин доктору, профессор Жамыйкат Орозбек кызы Өмүрова алып барды.

ШКУнун негизги мамлекеттери авторитардык бийлик түзүлүшүнө көз каранды болуп жаткандыгы бул уюмдун ишмердигине да өз көлөкөсүн тийгизээри жана бул уюмдагы медиа каражаттарынын цензурага чалдыгуу тууралуу да ойлор айтылды.

Эл аралык илимий кызматташтык зарыл

Албетте, негизинен орто кылымдардагы тарыхый жүрүмдөргө арналгандыктан, бул шеринеде азыркы саясий кырдаалдар тууралуу атайын талкуу болгон жок.

Арийне, байыркы жана орто кылымдардагы Борбордук жана Ички Азиядагы жана Шибердеги ар кыл элдердин тарыхын терең иликтөө милдети эл аралык илимий кызматташтыкты ого бетер талап кылаары тууралуу арбын сөз айтылды.

Мисалга алсак, Энесай Кыргыз каганатындагы “битик” (руна сымал) жазма эстеликтери негизинен Орусия менен Монголияда сакталган.

Ал эми Бээжинде орто кылымдардагы кыргыз тарыхына байланыштуу мурда айтылбаган жаңы жазма булактар айгинеленгендиги тууралуу “Мурас” фондунун башчысы К.Молдокасымовдун “Фейсбуктагы” июндун (кулжанын) 10ундагы жаңы кабары илимий коомчулукта чоң жанданууну жаратты.

Демек, азыркы эл аралык саясий кырдаал кандайча өнүгүп жаткандыгына карабастан, Кыргызстандагы илимий борборлор жогорудагы шерик өлкөлөрдүн жана башка мамлекеттердин илимий чөйрөлөрү менен байыркы жана орто кылымдардагы тарыхты изилдөө жаатында илимий кызматташтыкты андан ары өөрчүтүүгө умтулаары шексиз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG