Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Офицерлердин айыбын ачкан иликтөө


Ооганстандагы советтик армия. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).
Ооганстандагы советтик армия. (Сүрөттүн макалага тиешеси жок).

Аскер прокуратурасы ооган согушунун ардагери катары жасалма документ даярдап, пенсия алган жана жеңилдиктерден пайдаланган адамдарга байланышкан чуулгандуу фактылар боюнча кылмыш ишин козгоду.

Ага чейин мекеме аралык комиссия ооган согушуна катышканы күмөн туудурган Куралдуу күчтөрдүн 160 офицерин таап чыккан. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча алардын арасынан 53 киши ооган согушуна барбаганы аныкталды.

Анын ичинде Куралдуу күчтөрдүн аскер жетекчилигинде иштеп жүрүп пенсияга чыккан полковниктер жана генералдар да жок эмес. Мекеме аралык комиссиянын корутундусу боюнча мындай көз боёмочулуктун кесепетинен мамлекеттин бюджети 80 миллион сомдон ашуун зыян тарткан. Бирок ысымдары интернет-сайттарга чыгып кеткен айрым генералдар алардын ооган согушуна барганын ырастаган далилдери барын айтып, комиссиянын корутундусун четке кагышууда.

Чуулгандуу кылмыш иши тергеле баштады

Өкмөттүн астында түзүлгөн мекеме аралык комиссия ооган согушуна жана ошол сыяктуу башка согуштук аракеттерге катышканы үчүн башкаларга салыштырмалуу чоң пенсия алып, мамлекеттик жеңилдиктерден пайдаланган офицерлер боюнча бир жыл бою иликтөө жүргүзгөн. Анда Коргоо министрлигинде, Чек ара кызматында, Жаза аткаруу кызматында жана ички иштер органдарында иштеп жүрүп, ооган ардагери катары пенсияга чыккан 160 офицердин документтери шек жараткан. Анын ичинен 53 офицер эч кайсы куралдуу чатактарга катышпаганы аныкталган.

Аскер прокурору Нуркамал Набиев комиссия таап чыккан фактылар боюнча азыр тергөөнүн алкагында кошумча иликтөө иштери жүрүп жатканын билдирди:

Биз ал шектүү тизмедегилердин баары көз боёмочулук кылган деп айта албайбыз.

- Ооган согушунун же башка куралдуу чатактардын катышуучусу катары акча алып жаткандарды тизме боюнча текшерип чыгып, бизге материалдарды өткөрүп беришти. Биз бул боюнча кылмыш ишин козгоп, учурда тергөө иштери башталды. Бирок биз ал шектүү тизмедегилердин баары көз боёмочулук кылган деп айта албайбыз. Анткени материалдарды башка мамлекеттердин архивдеринен алууга туура келет экен. Ал жакта дагы тиешелүү документтер жоголуп кетиши мүмкүн. Анан ал жактарга суроо-талап жөнөтүп, бирок ал жакта "документтер жок экен" десе эле, алар ошол учурда кызмат өтөгөн эмес деп эле айып койгонго эртерээк. Себеби биз башка дагы текшерүүлөрдү жүргүзүп, алар менен бирге кызмат өтөгөндөрдү, алардын командирлерин табышыбыз керек.

Йемен согушуна "катышкан" генерал

Мекеме аралык комиссиянын корутундусунда ооган согушунун же башка бир согуштук аракеттердин катышуучусу катары жасалма документтерди тууралап, пенсияга чыкты деп шектелгендердин арасында буга чейин аскер жетекчилигинде жүргөн генералдар менен полковниктердин да ысымдары бар.

Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы, генерал-майор Нуридин Чомоевге Йемендеги согушка катышканы үчүн пенсиясына кошумча акча чегерилип, андан башка жөлөкпул да алып турган. Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө Нуридин Чомоев Йемендеги тынчтык мезгилде, тагыраагы,1986-1989-жылдары кызматтык сапарда болгону аныкталган. Расмий маалыматтар боюнча ал кезде Йеменде согуш болгон эмес. Йемендеги согуштук аракеттер 1962-1963-1967 жана 1969- жылдарга туура келет. Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн генералдык штабынын башчысынын орун басары Нурлан Чомоевдин атасы, эс алуудагы генерал-майор Нуридин Чомоев өзү бул жагдай тууралуу толугурак комментарий берүүнү туура көрбөдү:

- Мен азыр телефон аркылуу анын баарын айтып бере албайм. Телефон менен аны айтып, баарын түшүндүрүп бере албайм. Менин өздүк ишимде мен ал жакта үч жыл кызмат өтөгөнүм тууралуу жазылган. Мына ошол жактан эле алып алгыла.

Түркмөнстандан Ооганстанга...

Ошондой эле комиссиянын корутундусундагы жогорку офицердик курамдагылардын ичинен генерал-майор Рысбек Мирзаматовдун ысымы да интернет-сайттарга жарыяланды. Рысбек Мирзаматов 1983-1985-жылдары Түркмөнстандын Иолотань шаарында кызмат өтөгөн. Ошого карабастан анын өмүр баянында ал 1984-1985-жылдары Ооганстанда кызмат кылганы көрсөтүлгөн. Бирок аны комиссия корутундусунда "Ооганстанда кызмат кылган эмес" деп тапты.

Анткен менен Ташкент шаарынын тургуну, оставкадагы полковник Мухитдин Кадыров Түркмөнстандагы аскердик бөлүктө Рысбек Мирзаматов менен бирге кызмат өтөгөнүн жана алар атайын тапшырмаларды аткаруу үчүн Ооганстанга мезгил-мезгили менен барып турушканы боюнча комиссияга түшүнүк кат жазып берген. Чек ара кызматынын эс алуудагы генерал-майору Рысбек Мирзаматов комиссиянын корутундусуна макул эмес экенин айтып, бул маселе боюнча соттошууга чейин бара турганын билдирди:

Рысбек Мирзаматов.
Рысбек Мирзаматов.

- Мен азыркы учурда Бишкекте эмесмин. Кийинки аптада Бишкекке барам. Анан мен ошондо болгонун болгондой кылып, айтып берем. Себеби мени "ооган согушунун катышуучусу" деген кайсы негизде келип чыкканы, аны буга чейин эле комиссия карап чыкканы, анын тиешелүү чечими бар экенин ырастаган тиешелүү кагаздардын баары менде сакталуу. Мына ошол документтердин негизинде мен ооган согушунун ардагери экенимди кайсы жерде болбосун далилдеп берем.

"Балакай ооганчылар" жана "баласынын атасы"

Мекеме аралык комиссиянын корутундусуна караганда, жасалма документ боюнча жалган ардагерлердин эң эле көбү ички иштер органдарынан табылган. Жалпысынан ошондой шек менен милициядагы 95 ардагердин өздүк иштери текшерилген. Текшерүүнүн жүрүшүндө алардын арасында жашы боюнча ооган согушуна аскердик кызмат өтөш үчүн чакыртууга мүмкүн болбогон өспүрүмдөр да бар. Жаш курагы дал келбесе дагы ооган согушунун ардагери катары жасалма документ тууралап, пенсияга чыккандардын экөөнүн ысымы аталды.

Алардын бири - азыр 44 жаштагы милиция кызматкери Марат Аманкулов советтик аскерлер Ооганстандан чыгарылган учурда, тагыраагы 1989-жылы болгону 15 жашта болсо, азыркы учурда 40 жаштагы милициянын старшинасы Дамир Сарыбаев 12 гана жашта болгон.

Мурдагы аскер прокурору Кубатбек Кожоналиев бул жагдай бир чети күлкүлүү болсо, экинчи жактан Куралдуу күчтөрдүн беделине көлөкө түшүрө турганын белгиледи:

Кубатбек Кожоналиев.
Кубатбек Кожоналиев.

- Бул эми аябай уят да. Бир чет күлкүң келсе, экинчи жагынан ыйлагың келет. Мунун баары аскер кызматындагы коррупциянын жыйынтыгы. Анан бул жерде биздин Куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын башчысынын орун басарынын атасынын ысымы жүрөт. Бул жагдай анын баласына көө сыйпап, көлөкө түшүргөндөй болуп калды. Анткени Чомоев Нуридин генштабдын башчысынын орун басары Чомоев Нурландын атасы. Эгерде бул маалымат жалган болсо Нуридин Чомоев же анын уулу сотко берип, абройун коргошу керек. Себеби баласы атасынын абройун коргошу керек да. Муну жөн койгонго болбойт.

Жалган документ, жасалма күбөлүктөр

Бирок ошол эле учурда бул маселени иликтеген комиссиянын корутундусундагы 160 адамдын арасынан интернет-сайттарда айрым генералдардын гана ысымдары аталып, башкаларыныкы байкалбай калганы суроо жаратты. Айрым комиссия мүчөлөрү муну бул иште өтө көп аскер адамдарынын ысымдары болгондуктан, айрым маалымат каражаттары алардын мурдагы ээлеген кызматына же аскердик чинине жараша кээ бирлеринин аттарын ачык жазып чыгышкан болушу мүмкүн деп болжоп жатышат. Мекеме аралык комиссиянын мүчөсү, ооган согушунун ардагери, генерал-полковник Абдыгул Чотбаев бул жагдай тууралуу мындай деди:

Сүрөт Абдыгул Чотбаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
Сүрөт Абдыгул Чотбаевдин "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

- Биз алардан башка, дагы бир генералдын жана дагы бир полковниктин ысымын таптык. Бирок алардын көзү өтүп кеткен экен. Ошондуктан каза болуп калган ал адамдардын аты-жөнүн ал тизмеге киргизүүнү туура көрбөдүк. Ал эми тигил генералдардын бири Ошто аскер комиссары болуп жүргөндө өзүнө өзү ошондой күбөлүк жазып алыптыр. Биз Подольскидеги архивден "ал кызмат өтөгөн аскер бөлүгү Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышкан эмес" деген жооп алдык. Анан эми тигил экинчи генерал Йеменде болуптур. Бирок ал болгон учурда Йеменде согуш болгон эмес экен. Ал дагы өз убагында өз кызматынан ошондой күбөлүк жаздырып алыптыр.

Аскер прокуратурасы мекеме аралык комиссиянын архивдик материалдардын негизинде топтогон документтердин баары изилденип, ага укуктук баа берилерин жарыялады. Аскер кызматкерлеринин арасындагы мындай кыңыр иштерди иликтөө боюнча мекеме аралык комиссия былтыр ушул маалда ошол кездеги премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен түзүлгөн болчу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG