Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:06

"Кыргызтелекомго" жетекчи токтой элек


"Кыргызтелеком"
"Кыргызтелеком"

Мамлекеттик мүлк фондуна караштуу "Кыргызтелекомдун" директорлор кеңеши ишканага жаңы жетекчи дайындай элек.

Ушул жуманын башында ишкананын жетекчиси Марат Каратаев үч орун басары менен кызматтан кеткен. Маммүлк фонду кадрдык өзгөрүү жөнүндө расмий түшүндүрмө бере элек.

"Кыргызтелекомдо" акыркы эки жылдан ашык убактан бери ушуну менен төртүнчү жолу жетекчилик алмашып, ишкананын айланасында талаш-тартыштуу жагдай пайда болуп, доомат күчөдү.

Марат Каратаев "Кыргызтелекомду" былтыр октябрь айынан бери жетектеп жаткан. Аны менен кошо бул ачык акционердик коомдун башкармалыгынын мүчөлөрү Мирлан Карабукаев, Жумамүдүн Жумалиев жана Аскар Исаков иштен алынды.

"Кыргызтелекомдун" жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп Нурбек Чылпаков дайындалды жана бул дайындоо күтүүсүз болгонун "Азаттыкка" айтып берди:

- Мен азыр убактылуу милдетти аткарып жатам. Директорлор кеңешинин жыйынына катышкан жокмун. Мени болгону бүгүн эртең менен эле тааныштырышты. Ошону менен эле азыр иштеп жатам. Эмне себептен алмашканын айта албайм. Мен буга чейин ГТСте иштечүмүн. Мени эртең менен "жумушка кел" деп чакырышты, келдим, жамаатка тааныштырышты. Чечим чыгарган адамдардан сураңыз да. Мен болгону аткаруучумун.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Акыркы убакта "Кыргызтелекомдун" иштен алынган жетекчиси Марат Каратаевге карата доомат күчөгөн эле. Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов парламентте ​Марат Каратаев "Улуттук электр түйүнү", "Чыгышэлектр", "Батышэлектр", "Электр станциялары" жана "Бишкек жылуулук борбору" ишканаларынын директорлор кеңешинин мүчөсү экени айтып чыккан. Муну мыйзамсыз деп баалаган депутат анын иштен алынышын талап кылган:

- Марат Каратаев мурун Коопсуздук кеңешинде иштечү. Андан кийин аны "Кыргызтелеком" ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кылып дайындашат. Бирок ошол эле учурда ал энергетика тармагындагы мамлекеттик акционердик коомдордо директорлор кеңишинде мүчө болуп иштептир. Бир мамлекеттик кызматкердин алты жерде иштегенине мыйзам жол бербейт. Ал киши өзү да "ооба, туура эмес кылыптырмын, андай-мындай" деп мага да келген. Мага "мамлекеттен айлык алган жокмун" деди. Кантип албайт? Директорлор кеңешинин мүчөлөрү айлык алаарын баарыбыз эле билебиз да. Мен бул боюнча Мамлекеттик мүлк кызматынын төрагасына да суроо бергем, "чара көргүлө" деп айткам. Ушундай чара көрүлгөнү туура болду. Башка мамлекеттик кызматкерлерди да ушинтип караш керек.

"Кыргызтелеком" 2016-жылы 25,6 миллион сом пайда тапкан. Былтыр пайда 28,5 миллиондой сомго көбүрөк болгон. Өткөн айда акционерлердин жылдык жыйынында "Кыргызтелеком" пайда тапканы менен киреше боюнча планды аткарбаганы айтылган.

Өткөн айда Жогорку Кеңештеги "Ата Мекен" фракциясынын коррупцияга каршы күрөш чараларын караганда фракция лидери Алмамбет Шыкмаматов “Кыргызтелеком” менен РТС ишканасынын келишиминин негизинде 30 миллион сомдон ашуун зыян келгенин айтып чыккан:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

- "Кыргызтелеком" - стратегиялык мааниге ээ ишкана. Коммуникацияга, Интернетке, электрондук өкмөткө, IT-технологияга байланышкан маселелердин баары ушуларга караштуу. Булардын тегерегинде көп чуулгандуу иштер болуп жатат. Жердин асты менен өткөн Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын интернет-зымдарын өткөрүүдө 34 миллион сом зыян келген. Бирок Башкы прокуратура "кимди жоопко тартаарыбызды билбей жатабыз" деп токтотуп койгон. Айтор соңку эки жылдан бери булардын айланасында чуулгандуу окуялар тыйылбай келатат. Өкмөт бул жерде башкы маселелердин бири кылып терең кадрдык, түзүмдүк реформаларды жүргүзүп, буларды көзөмөлдөгөн мыйзамдарды күчөтпөсө болбой калды. Жетекчи алмашканда эле бул маселелердин чечилип каларына көзүм жетпейт. Анткени ички системасы ошого жол берип жатат. Бул жерде көзөмөлсүз акча көп.

Эки жыл мурун Кыргызстанда Интернет үч эсе кымбаттап кеткен эле. Башкы прокуратура "казакстандык ишканалар менен Интернетти кымбат сатып алуу боюнча мыйзамсыз келишим түздү" деген айып менен “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигине кылмыш ишин козгогон. Мекеменин ошол кездеги жетекчиси Эмил Эшеналиев кызматтан алынган.

Жагдайды Жогорку Кеңештеги убактылуу депутаттык комиссия иликтеп чыккан. Анда "ишкананын жетекчилиги күнөөлүү" деген корутунду чыккан. Эмил Эшеналиев өзү депутаттык комиссиянын иликтөөсүн четке кагып, казак тарап Интернет берүүнү токтотуп салаарын билдиргенде келишим түзүүгө аргасыз болгонун түшүндүргөн.

Кыргыз өкмөтү Бишкек жана Ош шаарларына камера орнотууга жана жол коопсуздугун камсыз кылууга багытталган "Акылдуу шаар" долбоорун өз күчү менен ишке ашыра турганын билдирген. Долбоорду жүзөгө ашырууга Мамлекеттик каттоо кызматы, "Кыргызтелеком" ишканасы жана Бишкек, Ош шаарларынын мэриялары жооптуу болоору айтылган.

Байланыш тармагындагы эң ири ишкана болуп эсептелген “Кыргызтелеком” 2010-жылы 5-февралда Казакстанда жана Кипрде катталган, аталышы белгисиз чет өлкөлүк компанияга 43 миллион долларга сатылган. Бирок апрель ыңкылабынан кийин кайра мамлекетке кайтарылган. Андан кийин "бийлик “Кыргызтелекомду” атайылап банкрот кылып, аны кытайлык “Хуавей” компаниясына сатууга аракет кылып жатат" деген чуу чыккан. Ошол учурда кыргыз өкмөтү ишкананы реформалаш үчүн концепция да жаза баштаган болчу, бирок ал аракеттен майнап чыккан эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG