Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:03

Апта: Бабановго тагылган айып, Нью-Йорктогу теракт


Бабановго эл менен жолугушууда айткан сөзү үчүн кылмыш иши козголду.
Бабановго эл менен жолугушууда айткан сөзү үчүн кылмыш иши козголду.

Узап бараткан жуманын урунттуу окуяларына сереп.

30-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялады. 15-октябрда өткөн шайлоого 1 697 868 адам катышып, бул тизмеде катталган шайлоочулардын 56.34% түздү. Сооронбай Жээнбековго алардын 54.22% же 920 620 адам, Өмүрбек Бабанов үчүн 33.49% же 568 668 добуш берилген. Үчүнчү орундагы талапкер Адахан Мадумаровду шайлоочулардын 6.57% же 110 284 киши колдогон. 12 миң киши (0.73%) “баарына каршы” добуш берген.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча протоколго БШКнын 12 мүчөсүнүн тогузу “макул”, бирөө “каршы” добуш берди. Эки киши жыйынга катышкан жок.

Каршы добуш берген комиссия мүчөсү Атыр Абдрахматова шайлоодо бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн административдик ресурс колдонулганын, талапкерлердин тең укуктуулугу бузулганын жүйө келтирди.

Боршайком шайлоо бир гана айлампа менен өткөндүктөн ага бөлүнгөн 671 миллион 502 миң сомдон 170 миллионго жакыны казынага кайтарыларын билдирди. Ошондой эле 5% босогодон өткөн Жээнбеков, Бабанов жана Мадумаров шайлоого катышууга койгон 1 млн сом күрөөнү кайра алышат.

Президенттик шайлоого эл аралык коомчулук дагы көз салып, өз баасын берди. Европа коопсуздук жана кызматташтык уюму шайлоо бийликти эл шайлаган президентке тынч өткөрүп берүүгө шарт түздү, бирок административдик ресурс колдонуу, шайлоочуларга басым көрсөтүү жана добуштарды сатып алуу тынчсыздандыруучу фактор бойдон калды деп баалаган. Эл аралык байкоочулар “Боршайком талаш-тартыштарды чечүүдө айрым учурларда калыстыгын көрсөтө алган жок” деген тыянак чыгарган.

Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. 3-ноябрь, 2017-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбеков. 3-ноябрь, 2017-жыл

3-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев Сооронбай Жээнбековдун ант берүү аземин 24-ноябрга белгилөө тууралуу жарлыкка кол коюп, 16 адамдан турган уюштуруу комитети түзүлгөн.

Чечилбеген чек ара

Кыргыз-казак чек арасындагы кризис Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын Ташкенттеги жыйынында да көтөрүлдү.

Кыргыз делегациясын баштаган премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстан өзүнө тиешелүү милдеттемелерди аткарып бүткөнүнө карабай, Казакстан чек арага бөгөт коюп жатканын көтөрдү.

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Бишкек-Астана чек ара боюнча мунаса тапкан жок

Казакстан кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча жол картага кол коюудан баш тартты.

"Ар бир оор жүк ташуучу автоунаа беш суткадан кийин өтүп жатат. Буга Казакстан ар кандай өз аргументтерин келтирүүдө. Анын бири катары абалды Казакстан аткезчиликке шылтап жатат. Бирок айыл чарба жана сүт азыктары кантип контрабанда болушу мүмкүн? Эми казак тарап темир жолдогу вагондорду текшерүүнү күчөттү, ошондо биздин бардык товар контрабанда болуп калдыбы?"- деген Исаков мындан үчүнчү өлкөлөр дагы зыян тартып жатканын баса белгиледи.

Кыргыз коллегасынын мындай сөзүнө казак өкмөт башчысы Бахытжан Сагинтаев өз аргументин сандар менен бышыктап, ушул жылдын октябрь айында эле кыргыз-казак чек арасында товарга туура эмес документ толтурулган 246 факт катталганын айтты. Чек арада 10-октябрдан тарта көзөмөл күчөгөндөн бери эле 409 факт табылганын эске салды. Андыктан расмий Астана Бишкектен “беш принципиалдуу” багыттагы ишти көргүсү келээрине токтолду.

"Биринчиси - Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын ЕАЭБдин салыкты администрациялоо боюнча эрежелерине ылайыкташтыруу. Экинчиси - мыйзамсыз экспортко, анын ичинде контрафакт продукцияга бөгөт коюу. Үчүнчүсү - кыргыз тараптын товарларга ЕАЭБдин талаптарын сактоо үчүн ветеринардык-санитардык, фитосанитардык көзөмөлдү такай жана эффективдүү жүргүзүүсү. Төртүнчүсү - Кыргызстан экономикалык союзга мүчө өлкөлөрдүн транспорт мыйзамдарынын бузулушуна жол бербей, алдын алуусу. Бешинчиси - контрабандага, кыргыз-казак чек арасынан наркозаттардын, куралдын, ок-дарынын жана башкалардын мыйзамсыз өтүшүнө жол берилбеши" - керек деп санап өттү казак өкмөт башчысы.

Сапар Исаков жана Бахытжан Сагинтаев.
Сапар Исаков жана Бахытжан Сагинтаев.

Бул талаптардын төртөө буга чейин айтылса, бешинчиси кыргыз өкмөтүнө күтүлбөгөн шарт болду. Ташкенттеги жыйынга катышкан экономика министри Артем Новиков ​"чындыгында биз дагы курал-жарак, ок-дарылардын аткезчилиги тууралуу бүгүн биринчи жолу уктук. Буга чейин казактарда мындай талап жок болчу" деп таңкалганын жашырган жок. "Кыргызстан маңзат, курал жана башка тыюу салынган буюмдарды жайылтпоо боюнча бардык эл аралык конвенцияларды сактап келатат. Андыктан казак тарап бул маселени эмнеге айтканы мага дагы түшүнүксүз болуп турат" - деди Ташкенте барган делегация мүчөсү.

Ташкентте Сагинтаев сөзүн “кыргыз коллегаларыбыз бизди угушун каалайбыз, Кыргызстан тараптын конструктивдүү позициясын күтөбүз” деп жыйынтыктады.

Буга чейин дагы Ак Ордо Кыргызстан бажыдагы кемчиликтерди жоюу боюнча Астананын сунушуна расмий жооп бере электигин билдирген. Казакстандын Каржы министрлигинин кирешелер комитетинин төрага орун басары Госман Амрин​ "товарлар кайсы баада түшүп жатканы тууралуу маалымат алмашууну сунуштадык. Бир тууган элбиз, көйгөйдү бирге чечүүбүз керек" деп, бирок "эгер алар буга макул болбосо чек арадагы көзөмөл алынбасын ачык айтабыз" - деп так кесе жооп берген.

25-октябрда Евразия экономикалык биримдигинин Еревандагы жыйынында казак премьери Кыргызстан бажыдагы аткезчиликти көзөмөлгө албайт деп айыптаган. Сагинтаевдин эсебинде Кыргызстандагы аткезчилик айынан экономикалык биримдик 1,8 млрд доллар жоготкон, анын ичинде Казакстан 212 млн долларга жакын зыян тарткан.

Кыргыз бийлиги аткезчилик боюнча коңшу өлкөнүн дооматына дароо жооп кайтарган. Экономика министри Артем Новиков “Кытай менен Казакстандын статистикасындагы айырмачылыктарды” айгинелеген сандарды көтөрүп чыккан.

Көз карандысыз эксперттердин пикиринде, ЕАЭБге кирген эки өлкөнүн чек ара чыры Кыргызстандын Кытай менен көмүскө соодасын жана кыргыз бажысындагы маселелерди кошо козгоду.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирген маалда өкмөттү жетектеген Темир Сариев кыргыз-казак чек арасындагы кырдаалды коңшу эки өлкөнүн президенттери гана чече алат деген оюн “Азаттык” радиосуна курган маегинде баса белгиледи. Экс-премьер эгер Кыргызстан экономикалык уюмдан чыгып кетсе, "азыркыдан беш эсе кыйын тоскоолдуктарга" кабыларын эскерткен.

2-3-ноябрда Ташкенттеги жыйында КМШга кирген өлкөлөрдүн премьерлери кыргыз-казак өкмөт башчыларынын айтышканына күбө болушса дагы бул маселе боюнча үн катышкан жок.

Экономика министри Новиков чек арадагы кырдаал боюнча Кыргызстандын арызы Дүйнөлүк соода уюмунун тийиштүү комитетинде 10-ноябрда караларын жана ошондой эле ЕАЭБдин Экономикалык комиссиясынын реакциясын күтүп жатышканын Ташкентте туруп журналисттерге айтты.

Бабановго олуттуу айып тагылды

4-ноябрда Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата-Журт" фракциясынын лидери, президенттик шайлоодо экинчи келген талапкер Өмүрбек Бабановго кылмыш ишин козгоду.

Башкы көзөмөл органдын маалымат катчысы Алмамбет Абдраманов саясатчыга Кылмыш кодексинин 297-беренеси (Конституциялык түзүлүштү күч менен алмаштырууга ачык чакыруу), 299-беренеси (Улут аралык, расалык жана диний кастыкты козутуу) боюнча айыптар тагылганын бышыктады.

"2017-жылдын 28-сентябрында Ош шаарынын Амир-Темур (Он-Адыр) кичи районунун жашоочулары, негизинен өзбек тектүүлөр менен жолугушкан учурда алардын добушун алуу максатында өзбектердин укугу тебеленип жатканын, мамлекеттик органдар тараптан басымга кабылганын, улуттук теңсиздик бардыгын айтып, буга каршы жигердүү күрөшүүгө чакырганы аныкталды" - деди башкы көзөмөл мекемесинин өкү​лү​.

Кылмыш иштин алкагында саясатчынын шайлоо маалындагы сөзүнө филологиялык-саясий экспертиза жасалган. Соттук-эксперттик кызмат депутаттын айткандары тууралуу интернетке чыккан маалыматтар монтаждалган эмес деген жыйынтыкка келген.

28-сентябрда Бабанов Ошто негизинен өзбек тектүүлөр жашаган Амир-Темур (мурдагы Он-Адыр) конушунда эл менен жолуккан кезде “чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы”, “ким, кайсы бир милиция өзбек калкына тийсе, ал кызматынан кетет. Мен сөз берем” сыяктуу сөздөрү бар видео ошол эле күнү кечинде интернетке тараган.

Саясатчы анын сөзүн кимдир бирөөлөр монтаждап, атайылап чуулгандуу маалымат таратып жатканын бир нече жолу кайталаган. "Мен ал сөздү милициялар, спортсмендер түнү менен элди коркутуп, мени менен жолугушууга барбагыла дегенде "чөгөлөп жашаганча, тике туруп өлгөн жакшы деп айткам" деп түшүндүргөн.

Улуттук коопсуздук комитети болсо тергөө башталганын билдиргени менен башка дагы кайсы адамдарга иш козголгонун ачык жарыялаган жок.

Ушул эле күнү Бабанов “ойдон чыгарылган, саясий кылмыш иштин козголушуна күбө болдук” деп билдирүү таратты.

“Мен саясий аренадан кетсем эле өлкөдө жашоо жакшырып, маселелер чечилип кетпейт. Ар нерсеге эле мени жабыштырып, күнөөлөп, каралай берүүгө болбойт" - деген саясатчы "бийлик даанышмандык кылып, бул ишти жаңылыштык катары четке кагат деп ойлойм” – дейт.

“Бийлик куру саясат менен эмес, элибиздин турмушун жакшырта турган реформаларды жүргүзүү менен алектениши зарыл. Ар бир адилетсиз иш аягы жакшы бүтпөйт”, - деген Бабанов саясий бийликти эски каталарды кайталабай, адилеттүү болууга үндөйт.

Бабанов 10 күндөй мурун Орусияга ден соолугун чыңоо үчүн кеткенин "Республика" партиясынан өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришти.

Парламенттеги оппозициялык фракциянын лидери мекенине качан кайтып келээри беймаалым, бул суроого анын партиялаштары дагы жооп бере алышкан жок.

Шайлоодо башкаруучу партиянын талапкерине күчтүү атаандаштык көрсөткөн саясатчыга кылмыш ишинин козголушу мүмкүн деп буга чейин жоромолдошкон. Талапкерлердин теледебатында бийлик сүрөгөн Сооронбай Жээнбеков жеңип чыкса коррупция менен күрөштү Бабановдон баштарын бет маңдай туруп айткан эле.

Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов.
Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов.

Мөөнөтү аяктап жаткан президент Алмазбек Атамбаев да соңку кезде Бабановду бир нече жолу катуу сындады.

Саясий аналитик Эмилбек Жороев бийликтин жогорку сересиндегилердин мындай сөздөрү Бабановго козголгон кылмыш ишке саясий түс берерин айтып, "бийлик бир колдон экинчи колго өтүп жаткан тушта, жаңы президент келип жатканда туура эмес кадам болуп калчудай" деп баалайт.

Орусиялык журналист, Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов кыргыз бийликтери “Бабановду коркутуп, анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө бөгөт коюу үчүн” кылмыш ишин ачты деген пикирин жергиликтүү медиалардын бирине билдирген.

Буга чейин Талас шаарында эки ирет нааразылык акциясы өтүп, чогулгандар президент Атамбаевдин таластыктардан кечирим суроосун талап кылышкан. Президенттик аппарат бул акциялардын артында Бабанов турганын айткан.

Талас: Митингге чыккандар талаптарын кайталашты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:28 0:00

"Республика" партиясынын лидерине байланыштуу чыр шайлоо өнөктүгү кызыган маалда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугуп, анын колдоосуна ээ болгондон кийин ырбаган. Ага улай Бишкек – Астана ортосунда мамиле кескин начарлап, кыргыз-казак чек арасында кризис жаратты.

Ушуну менен Жогорку Кеңештеги алты фракциянын үч фракция лидерине кылмыш иши козголду. "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге коррупция беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, сегиз жылга эркинен ажыратылды. Шайлоодо Бабановдун негизги колдоочуларынын бирине айланган, "Кыргызстан" фракциясынын мурдагы лидери Канатбек Исаевге бийликти күч менен басып алууну пландаган деген кине менен кылмыш иши козголуп, камакта отурат.

Ньй-Йорктогу кандуу чабуул

31-октябрда Манхаттэнде жүк ташыган автоунаа бейкапар жүргөндөрдү качырып барып, сегиз кишини өлтүргөн. 12 киши ар кандай жараат алган. Полиция машиненин айдоочусун курсакка атып, колго түшүргөн. Көп узабай Американын бийликтери кол салууну “теракт” деп, ага шектүү катары 29 жаштагы Өзбекстандын жараны Сайфулло Саипов деген ысымды жарыялады. Күбөлөр Саипов качып баратып “Аллаху акбар” деп кыйкырганын айтып беришкен.

АКШдагы терактка өзбек жараны шектелүүдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:03 0:00

АКШ президенти Дональд Трамп кол салууну кескин айыптап, Саиповду “террорчу”, “айбан” деп атап, аны өлүм жазасына тартууга чакырды. Ага удаа эле иммигранттардын Кошмо Шаттарга келип, туруктуу жашоосуна уруксат берген грин-карт программасын токтоторун жарыялады.

2010-жылы Ташкенттин тургуну Саипов грин-карт утуп алып, Нью-Йоркко келгени дароо эле маалым болду.

1-ноябрда Нью-Йорктогу сотто Саиповго прокуратура т​ерроризм боюнча эки айып такты. "Биринчиси - террористтик уюмга материалдык колдоо көргөзгөнү. Бул “Ислам мамлекети” тобу. Экинчиси - кыянатчылык жана бир нечеге өлүмгө себепкер болушу", - деди прокурор Жун Ким.

Адвокат Девид Паттон болсо Саипов медициналык жардамга муктаж экенин жана ага тийиштүү мамиле жасалышы зарылдыгын белгиледи.

"Бул сот жараянында Саипов мырзага кандай мамиле кылганыбыз анын эмес, биздин ким экенибизди көбүрөөк көргөзөт" - деди өзбек жарандын укугун коргогон америкалык адвокат.

Полиция жарадар кылган шектүү сот залына майыптардын арабасында, колу кишенделип алынып келинген. Ага орус тилинде котормочу жардам берип атты.

Сотто Саипов бул аракетине өкүнбөй турганын жана колдон келишинче көп киши өлтүрүүнү көздөгөнүн жашырган жок. Ал бул ишти бир жыл мурда эле пландап, эки ай мурун даярданып баштаган экен.

29 жаштагы жигит мындай ишке барууга “Ислам мамлекети” террордук тобунун видеолору дем бергенин, ал үчүн жүк ташуучу унааны 22-октябрда ижарага алганын айтып берди.

Саиповдун телефонундагы 90 видеоролик менен 3800 сүрөттүн көбү ИМ террордук тобунун пропагандасына байланыштуу экенин, анын ичинде башы алынгандардын, атылгандардын же танкка тебелетилгендердин сүрөттөрү табылганы сотто ачыкка чыкты.

Прокурорлор Саипов өзү жаткан палатага ИМ террор тобунун желегин алып келүүнү суранганын, жасаган ишине өкүнбөсүн айтышты.

Саиповдун Ташкентте жашаган 27 жаштагы карындашы Умида Саипова "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде "ал кандай жагдайга кептелгенин билбейбиз. Балким кайсы бир уюмга кирип кеткендир" - деп, агасы менен такай байланышта болушканын айтып берген.

2010-жылы АКШга баргандан кийин Сайфулло Саипов өзбекстандык кызга үйлөнүп, эки балалуу болгон. Алгач Флоридада, андан соң Огайодо жана акыркы убакта Нью-Жерсинин Паттерсон шаарында жашаган. Саиповдун тааныштары анын мүнөзүн агрессивдүү деп сыпатташканы менен, радикалдык идеяларга сугарылып жүргөнүн деле байкашкан эмес.

1988-жылы туулуп, 2009-жылы Ташкент финансы институтун бүтүргөн. Окуу жайын аяктагандан кийин борбордогу "Саехат" мейманканасында бухгалтер болуп иштеген.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев президент Трампка жолдогон көңүл айтуу катында терактты айыптоо менен Ташкент бул кылмышты иликтөөгө ар тараптан “көмөктөшүүгө даярдыгын” билдирген.

“Бул аёосуз жана өтө катаал кылмышка эч актоо жок”,- деп айтылат Мирзиёевдин Вашингтонго жолдогон катында.

Трамп грин-карт лотереясын токтотууну сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:57 0:00

Өзбекстандын коопсуздук кызматтары Ташкентте Саиповдун атасын, апасын жана 17 жаштагы карындашын суракка алганы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG