Синин Бишкек сапары: Бээжиндин экономикалык жана саясий таасири

Кыргызстан, Бишкек. Президент Садыр Жапаров менен Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин сүйлөшүүсү "Ынтымак Ордодо" өттү. 31-август, 2026-жыл

30-августта Бишкекке Кытайдын төрагасы Си Цзинпин мамлекеттик сапар менен келди. Ал ШКУнун 25 жылдыгына арналган саммитке катышат. Кытай лидери кыргыз-кытай алакалары өнүгүп жатканын белгиледи. Кытайдын төрагасынын сапары, Кыргызстандын кубаттуу коңшусу менен алакасына токтолобуз.

"Кытай – ак ниет коңшу, жакын дос"

Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапары 30-август күнү башталган. Сапардын расмий бөлүгү 31-август күнү уланып, сүйлөшүүлөр жана документтерге кол коюу аземи “Ынтымак Ордо” сарайында өттү.

Си Цзинпинди Кытайдын коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин Саясий бюросунун мүчөсү Пэн Лиюан, Коммунисттик партиянын Борбордук комитетинин катчылыгынын жетекчиси Цай Ци, тышкы иштер министри Ван И баштаган расмий кызмат адамдары коштоп келди.

Садыр Жапаров

“Ынтымак Ордодо” өткөн кеңири форматтагы сүйлөшүүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Кытай лидери менен бирге жаңы көзөмөл-өткөрмө бекеттерин ачуу, автоунаа жана темир жолдорун куруу аркылуу Улуу жибек жолун кайра жандандырып жатышканын белгиледи.

“Бүгүн Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын тышкы саясатындагы маанилүү приоритети, негизги соода жана инвестициялык өнөктөшү болуп эсептелет. Кытай – бул ак ниет коңшу, жакын дос жана мезгилдин сынагынан өткөн ишенимдүү өнөктөш. Биздин өлкөлөр өз ара ишенимге негизделген ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүктүн үлгүсүн даңазалап келет. Бүгүн кол коюлуп жаткан “Ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө” келишим алдыдагы жогорку сапаттуу өнүгүү жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк үчүн бекем негизди түзөт”.

"Мультимодалдуу транспорттук байланыштар калыптанууда"

Сапардын алдында Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Бээжин өз ара саясий ишенимди бекемдөөгө, кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн алакасын жаңы тепкичке чыгарууга мүмкүндүк берерине ишеним артып жатканын билдирген.

Си Цзинпин кыргыз-кытай мамилелерине жогорку баа берип, саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээлин жана практикалык кызматташтыктын күч алып жатканын айтты. Анын айтымында, эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсү Кыргызстан менен Кытай элдеринин бакубатчылыгын жогорулатууга гана өбөлгө түзбөстөн, бүткүл аймакта тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылууга олуттуу салым кошууда.

Дагы караңыз

Си Цзинпиндин Бишкек сапары эмнеси менен маанилүү?

Бишкекке келер алдында Кытайдын төрагасынын “Кытай жана Кыргызстан: эки тараптуу алакаларды бийик сапатта өнүктүрүүнүн жаңы мейкиндиктерине бирге” аттуу макаласы Кыргызстандын мамлекеттик басылмаларына жарыяланды.

Макалада Кытай өндүрүшүнүн продукциялары кыргыз керектөөчүлөрүндө чыныгы трендге айланганын, Кыргызстандын жогорку сапаттагы айыл чарба азыктары миллиондогон кытай үй-бүлөлөрүнө чейин жеткенин жазган. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун, “Бедел” өткөрмө бекетинин курулуштары кызуу жүрүп жатканын белгилеп, көп деңгээлдүү жана мультимодалдуу транспорттук байланыштар калыптанып жатканына токтолгон.

Жээнбек Кулубаев

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев мамлекеттик сапардын жыйынтыгы тууралуу билдирүүсүндө макулдашуулар стратегиялык өнөктөштүккө жаңы дем берерин билдирди.

“Жолугушуунун жыйынтыгында эки тарап кызматташтыкты кеңири чөйрөдө мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө багытталган 30дан ашык эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алардын ичинен эң маанилүүсү – “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы түбөлүк ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим болуп эсептелет. Жана “Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда жаңы доордо баарын камтуучу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүү жөнүндө” биргелешкен декларациясы кабыл алынды. Биз Кытай Эл Республикасы менен болгон достук мамилелерди жогору баалайбыз жана Кыргыз Республикасы өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин ырастайбыз. Бүгүнкү жетишилген макулдашуулар кыргыз-кытай өнөктөштүгүнүн өнүгүшүнө жаңы дем берет деп ишенебиз”.

Дагы караңыз

Эгемендикке 35 жыл: багытын издеген Кыргызстан

Төрт жылда 1,85 млрд доллар түз инвестиция

2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга болжол менен 1,85 млрд доллар түз инвестиция тартылганы белгилүү болду. Кыргыз өкмөтүнүн маалыматы боюнча булардын ичинен эң ириси Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу аталууда. Жалпы наркы 4 миллиард 665 миллион доллар деп эсептелген бул долбоор Кыргызстан эгемендик алгандан бери сөз болуп келсе да, анын курулушу эки жыл мурун башталды. Президент Жапаров долбоорду ишке ашыруу боюнча орус президенти Путинди көндүргөнүн айткан жайы бар.

Соңку жылдары Кыргызстан Торугарт жана Эркечтам менен катар Бедел аркылуу үчүнчү соода жолун ачуунун үстүнөн иштеп жатат. Бул жол Кытайдын аймагынан Бишкекке 400 чакырымга жакын жол кыскарары айтылган.

Иш-чаранын алкагында тараптар кыргыз-кытай чек ара аймагынан өтүүчү Үзөңгү-Кууш суусу аркылуу чек аралык автоунаа көпүрөсүн биргелешип курууну макулдашты.

Соңку учурда Кыргызстанда Кытайдын экономикалык жана саясий таасири күчөгөнүн адистер белгилешет. Буга чейин Кытай экономикалык башкы өнөктөш катары айтылса соңку жылдары негизги саясий өнөктөшкө да айланып бара жатат.

Борбор Азия өлкөлөрү менен чектешкен Кытай чөлкөмдөгү ири инфраструктуралык долбоорлорго жигердүү инвестиция салып келүүдө.

Ошол эле маалда кыргыз коомунда Кытайдын таасири артып баратат деген чочулоо бар. Айрым серепчилер Кытай ишкерлери жана жумушчуларынын көбөйгөн сайын ири коңшунун таасирин көзөмөлгө алуу зарыл экенин белгилешет. Кыргыз бийлиги мындай чочулоолорго негиз жок экенин байма-бай-билдирип келет. Садыр Жапаров соңку маегинде Кытайдын экономикалык кубатын пайдалануу аркылуу өлкөнү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген.

Ошол эле учурда кыргыз бийлиги Кытай менен мамиледе этият болууга чакыргандарга чара көргөн учурлар, соцмедиалардын айрым колдонуучулары, активисттерди жоопко тартуу аракети болду.

Кыргыз бийлиги кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин бир нече ирет билдирген. Президент Жапаров Кыргызстанда чет элдик жумушчулар темасын атайын саясатташтырып, коомдук пикир жаратуудан алыс болууга да чакырганы бар.

Канат Мидин уулу

Юрист Канат Мидин уулу өркүндөп турган Кытайдын мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстан ийкемдүү колдонууга тийиш экенин айтат.

"Мурун Кытай өзүнүн тарыхында бир нече ирет дүйнөдөгү эң кубаттуу, өнүккөн экономика, күчтүү мамлекет болгон. Ал учурлардан кийин кайра катаклизмдер башталып, таасирин жоготкон. Бирок, өз учуру менен кайра калыбына келген. Ошондой учурларда биздин өрөөндөн дагы Улуу жибек жолу өтүп жаткан учурларда дагы мына ушунун таасири абдан чоң болуп, ушул жактагы мамлекеттердин экономикасы аябай өнүккөн. Демек, азыр тарыхый процесстер кайсы бир деңгээлде кайтып атат десек болот. Биздин мамлекеттер үчүн бул чоң мүмкүнчүлүк. Анткени, Улуу Жибек жолу кайра жанданып атат. Демек, биз эле эмес дүйнө жүзүндөгү бардык мамлекеттер соода-сатыкка аралашып, алар менен алака-мамиле түзүп, алардан инвестицияларды тартып кызматташканга кызыкдар. Анан, биз коңшу мамлекет болгон үчүн бизге чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратып атат. Албетте, биз муну жакшы пайдаланышыбыз керек жана ошол багытта кетип атабыз деген ойдомун".

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

ШКУга 25 жыл. Ички ажырым жана тышкы басым

Синин буга чейинки сапарларынан кандай майнап чыкты?

Бул Кытай төрагасынын Кыргызстанга үчүнчү мамлекеттик сапары болуп эсептелет. Си Цзинпиндин буга чейинки 2013-жылы жана 2019-жылдардагы мамлекеттик сапарлары да ШКУнун саммиттеринин алдында жасалган.

2013-жылы (10-11-сентябрь) болгон алгачкы мамлекеттик сапарында үч олуттуу келишим түзүлгөн. Кыргыз өкмөтү менен Кытайдын Эксимбанкы «Түндүк-түштүк» унаа жолун курууга жана Бишкек ЖЭБин модернизациялоого насыя берүү келишимине кол коюшкан. Кубаттуулугу жылына 800 миң тонналык “Жунда” мунай заводу боюнча алкактык келишим түзүлгөн. Ошондой эле, эки өлкөнүн өкмөттөрү “Кыргызстан-Кытай” газ куурун куруу жана ишке берүү боюнча кызматташуу келишимине кол коюшкан. Бул Түркмөнстан-Тажикстан-Кыргызстан-Кытай магистралдык газ куурунун Кыргызстандагы 215 чакырымдык бөлүгү болуп эсептелет.

2019-жылы (12-13-июнь) келгенде Си Цзинпин I даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган. Кытай лидери мындан ары Кыргызстандан айыл чарба продукцияларын көбүрөөк импорттой турганын жарыялаган. Бирок, жети жылдан бери ал сөз иш жүзүнө ашпай келет. 2024-2025-жылдардагы түстүү металлдардын ири соодасын эске албаганда, статистика ошондон бери Кытайдын Кыргызстандан импорту 60% өскөнүн көрсөтөт. Инфляциянын алкагынан караганда, бул Кыргызстандан Кытайга товар агымы азайса азайып, бирок көбөйбөгөнүн билдирет.

Ага карабай, Кыргызстандын тышкы соодасынын дээрлик 1/3 (үчтөн бири – 31,4%) Кытай менен жүрөт. Си Цзинпин мурунку жолу келгенден бери эки өлкөнүн өз ара соодасы 4,3 эсеге өстү. Маселен 2019-жылы 6,3 млрд доллар болсо, 2025-жылы 27 млрд доллардан ашкан. Анын 80% ашууну, же дээрлик 22 млрд доллары импорт болуп эсептелет.

Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев Кытай багытындагы кыргыз экспортунун жетиштүү өрүш ала албай жатканын мындайча түшүндүрөт:

"Бүгүнкү күндө кол коюлган келишимдер сооданы өнүктүрүүгө багытталган. Бажы кызматы кол койгон келишим өткөрмө бекеттерди көзөмөлдөө, алардагы көзөмөл органдардын иштөөсү боюнча дагы чечимдер комитеттин негизинде гана чечиле турган болуп жатат. Бул келечекке абдан чоң жеңилдетүүлөрдү бере турган келишим. Өзүңүздөр билесиздер, Кытай Эл Республикасынын өзүнүн талаптары бар. Айыл чарба продукциясына көзөмөл жүргүзүп, дүйнө жүзү боюнча эң күчөтүлгөн талапта текшерип, анан өткөрөт. Биздин айыл чарба продукциябызды сөзсүз ошол деңгээлге жеткирип, фитосанитардык көзөмөлдү өзүнүн нормаларына жеткирип гана киргизүүгө тийишпиз".

Кытайга карыз

2026-жылдын май айынын жыйынтыгына карата расмий маалымат боюнча Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 9 млрд 951,88 млн долларга жетти. Анын ичинен 4 млрд 739,63 млн доллар ички, 5 млрд 212,25 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 414,54 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет. Мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 42,10% түздү.

Президент Садыр Жапаров 21-июлда Фейсбукта жазган постунда Кыргызстандын мамлекеттик карызы жөнүндө талкууларга жооп берип, коомчулукту анын көбөйүп кетишине кыжалат болбоого чакырган. Мамлекет башчы мурда сырттан алынган насыя маанисиз багыттарга жумшалып келгенин, жаңы алынган карыз өзүн-өзү актаган долбоорлорго жумшалып жатканын жазган. 25-июлда юстиция министри Аяз Баетов коомчулукта талкуу жараткан жерди ижарага берүү, миграция жана тышкы карыз маселесине байланыштуу пикирин билдирип, Кыргызстан 2020-жылдан бери Кытайдан бир да доллар карыз албаганын Фейсбук баракчасына жарыялаган. Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет.

Кыргыз өкмөтү Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу үчүн Бээжинден 305 млн доллар насыя алганы жатат. Тиешелүү келишимди майдын ортосунда Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп берген. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бюджети 5 млрд доллар деп эсептелген. Анын ичинен Кыргызстандын аймагынан өткөн бөлүгүнө 4,7 млрд доллар сарпталат. Долбоорду ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн катышуусунда биргелешкен ишкана түзүлгөн. Биргелешкен ишкана насыя тартып, бюджеттин жарымын жабат. Калган жарымынын 51% Кытай берсе, Бишкек менен Ташкенттин үлүшүнө 24,5%дан тийет.

Шинжаңдагы азчылыктар көйгөйү

Кытайдын Кыргызстанда саясий, экономикалык таасири артып жатканы менен эки тарап тең расмий жолугушууларда Шинжаңдагы улуттук азчылыктар маселеси тууралуу ооз ачпайт. Ал жактагы кыргыз тектүү мусулмандардын көйгөйүн Кыргызстан дээрлик козгой элек. Экономикалык кызматташтыкка ыктаган Бишкек үчүн Бээжин менен тыгыз карым-катнаштын болгону маанилүү сыяктуу. Буга чейин Шинжаң-Уйгур автоном облусун байырлаган кыргыздардын арасында кордук көрүп, камалып же куугунтук, кысым-басымга туш болгонун айткандар болгон.

Быйыл июлдун башында Кытайда "Этностук биримдик" мыйзамы күчүнө кирди. Документ 56 этностук топтун жалпы мамлекеттик биримдигин бекемдөөгө, маданий жана тилдик интеграцияны күчөтүүгө багытталганы расмий белгиленгени менен Шинжаңдан оогон кайрылмандар мыйзам Кытайдын кысымына ого бетер жол ачат деп кооптонушууда. Бириккен Улуттар Уюму менен Европа Биримдиги да бул мыйзам Кытайдагы улуттук азчылыктарга басым-кысым көрсөтүүгө жол ачат деп сынга алган.

Ошентип Бээжин бул документке жамынып, Кытайдын өзүндө эле эмес, чет жактардагы бийликти сындаган жарандарды куугунтуктап, саясий жана экономикалык таасирин пайдалануу менен башка мамлекеттерге кысым аркылуу сынчылардын үнүн өчүрүүгө умтулат деген сын-пикир, чочулоолор айтылууда.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда кыргыз, уйгур, казактар баштаган мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканын буга чейин жарыялашкан. Кытай бийлигинин мындай аракети эл аралык коомчулукка 2017-жылдан тартып белгилүү боло баштаган. АКШнын мамлекеттик департаментинин эсебинде, ошол мезгилден тартып кармалып, лагерлерге камалгандардын саны миллионго жеткен.

Бээжин ал кезде "терроризмге каршы күрөш" деген негизде мусулмандарга кысымды күчөткөн. Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келди.

2020-2021-жылдарда АКШнын өкмөтү, Британия, Нидерланд, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп таанып, санкцияларды киргизген.

Улуттар Уюму 2026-жылдын апрелинде Кытайдагы жаңы мыйзам тууралуу атайын баяндама жарыялап, документ Кытайдагы аз улуттардын укуктарын тебелөөгө шарт түзөрүн, өлкөдө аларга кайдыгер мамиле калыптанышы мүмкүн экенин билдирген.

Бээжин БУУ менен Европа Биримдигинин сынын четке кагып, муну жалаа жана Кытайдын ички ишине кийлигишүү аракети катары сыпаттаган.

Жеңилдетилген виза

Кытай кыргыз жарандарына бул өлкөгө виза алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөштүргөн. Ага ылайык, быйыл 20-августтан тартып кыргызстандык жарандар 10 суткага чейин визасыз транзит жана Хайнан провинциясына 30 күнгө чейин визасыз кире алат. Кыргызстан болсо 2024-жылдын соңунда кытайлык туристтик топтор үчүн 21 күндүк визасыз режим киргизгенин жарыялаган. Ошентип, соңку жылдары Кыргызстандан Кытайга карай ишкердик жана туристтик агым кыйла көбөйдү.

Кыргызстандын тышкы соодасында Кытайдын үлүшү 31% ашат. Эки өлкөнүн өз ара соода алакасынын көлөмү 2025-жылы 27,2 млрд долларга жеткен. Анын 81% Кытайдан келген импорт түзөт.