Келерки жылы Кыргызстанда президенттик шайлоо болот. Ага өзүнүн талапкер катары катышуусуна Конституция жол бербесин азыркы президент Аскар Акаев бир нече ирет билдирген. Бирок жергиликтүү саясатчылар арасында ага ишенбегендер дале көп.
7-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынында 1991-жылдан берки менчиктештирүүнүн жүрүшүн талкуулоо улантылды. Анда оппозициялык маанайдагы депутаттар кескин сын-пикирлерди айтышты. Жыйынга премьер-министр баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышты.
Бүгүн Бишкекте Евразия экономикалык шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын бюросунун жыйыны болот. Ага шериктештикке кирген мамлекеттердин парламенттеринин төрагалары катышмакчы.
6-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын соттук-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде “Арнамыс” партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун арызын кароо үзгүлтүккө учурады. Ага Сокулук райондук сотунун чечиминин депутаттарга таратылып берилбегендиги себеп болду.
3-октябрда Казакстанда парламенттик шайлоонун экинчи туру өттү. Бул жолу эл бир мандаттуу 22 шайлоо округунан мажилиске депутаттарды шайлашты. Астана убактысы боюнча кечки саат сегизге карай, башкача айтканда, добуш берүү бекеттеринин жабылышына чейин 44% шайлоочу келип, добуш беришти. Казакстандын мыйзамдарына ылайык тизмеге киргизилгендердин 50%дан азы добуш берүүгө келгенине карабай шайлоо өттү деп эсептеле берет. Эми 44% шайлоочунун көпчүлүгүнүн добушун алган талапкерлер жеңүүчү деп табылат.
16-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны Шайлоо кодексине өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулап, бирок аны кабыл алган жок. Натыйжада талапкерлер катталуу алдында өзүнүн жана жакындарынын мүлкү тууралуу декларация толтуруу милдетинен кутулушту.
Бесландагы трагедиядан кийин президент Владимир Путин Россиянын бийлик системасын реформалоону баштады. Батышта жана Россиянын өзүндөгү демократтар аны авторитаризмге кайтуу катары баалоодо. Буга кыргыз саясатчыларынын пикири кандай? Дегеле Россиядагы реформанын Борбор Азия регионуна таасир тийиши мүмкүнбү?
13-сентябрда Бишкектеги “Хаят” мейманканасында Кыргызстанда электр энергиясын жоготууну кыскартууга арналган тегерек стол жыйын башталды. Аны АКШнын USAID агенттиги уюштуруп, эксперттер маселе боюнча өз пикир, сунуштарын ортого салууда.
11-сентябрда Токтогул атындагы филармонияда “Алга, Кыргызстан” партиясынын экинчи курултайы өттү. Ага жер-жерлерден келген 495 делегат катышты. Курултайда партиянын бир жыл ичинде жалпы улуттук масштабдагы саясий партияга айланганы белгиленди.
10-сентябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттарына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык боюнча маалымат берди. Анда талапкерлердин саны аз болуп жаткандыгы жана шайлоочулар тизмесин түзүүдө кыйынчылыктар бар экендиги белгиленди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы боюнча өкмөттүн маалыматы боюнча талкууну улантты. Депутаттар өз сөздөрүндө өлкөдө турукташуунун белгилери бар экенин айтуу менен, жер-жерлерде чечилбей жаткан маселелер арбындыгын санап өтүштү.
Быйылкы жыл Акыйкат башкаруу жана социалдык мобилизациялоо жылы деп жарыяланган. Кечээ жакында президент Аскар Акаев Акыйкат башкаруу боюнча консультативдик кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул жылы чын эле Акыйкат башкаруу орнотулуп, коррупция ооздукталуудабы?
Конституциялык сот Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Дүйшөн Чотоновдун арызын кароону 7-сентябрга белгиледи. Сотко Мыйзам чыгаруу жыйынынан Азимбек Бекназаровдун, ал эми Эл өкүлдөр жыйынынан Баяман Эркинбаевдин катышаары маалымдалган.
Өлкөнүн саясий айдыңын карама-каршы жээгиндеги күчтөр парламенттик шайлоонун алдындагы алгачкы курултайына даярдык көрө баштады. 11-сентябрда Токтогул атындагы филармонияда бийликчил «Алга, Кыргызстан» партиясы, ал эми 25-сентябрга оппозициялык партиялардын тобу курултай өткөрөөрүн жарыялашты.
1-сентябрда “Эл бийлиги үчүн” шайлоо блогунун лидери Азимбек Бекназаров маалымат жыйынын өткөрүп, анда Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу мыйзамга президенттин вето коюсунда саясий себептер бар деген пикирин билдирди. Ал эми мамлекет башчынын администрация аны төгүнгө чыгарууда.
Конституцияга ылайык 1-сентябрда парламент ишин баштайт. Кош палаталуу экинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңештин бул акыркы сессиясы. Анткени февраль айында жаңы парламент шайланат.
Келерки жыл Кыргызстанда саясий жактан активдүү болот. Бул жылы калк парламентке депутаттарды жана өлкө жетекчилигине президентти шайлайт. Мындай чоң саясий иш чараларга карата өлкөдө даярдыктар азыртан көрүлө баштады.
28-августа Астана шаарында Борбор Азия кызматташуу уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны болду. Анда регионалдык кызматташуу, коопсуздук маселелери талкууланды. Министрлерди казак президенти Нурсултан Назарбаевдин кабыл алгандыгы кабарланууда.
“Центерра голддогу” кыргыз өкмөтүнө тиешелүү акциянын бир бөлүгүн сатуудан түшкөн 85 миллион доллардын Англиянын банкында кармалып турганын Эл аралык валюта корунун миссиясынын башчысы Тапио Саавалайнен билдирди. Анын сөзүнө караганда, акча чет өлкө банкында Кыргызстанда салык төлөп калбаш үчүн кармалууда.
Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бактыбек Абдирисаев 24-август күнү маалымат жыйынын өткөрүп, анда эки мамлекеттин мамилеси жана Америка конгрессинин делегацияларынын Кыргызстанга сапары тууралуу маалымат берди.
Дагы жүктөңүз