"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.
Украинада бүгүн кезексиз парламенттик шайлоо өтүүдө. 3 жылдын ичинде украиналыктар ушуну менен төртүнчү ирет добуш берип жатышат. Добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат жетиде ачылып, кечки саат ондо жабылмакчы.
Мьянма, же мурдагы Бирмада демонстранттарга күч колдонуп, бир нече киши каза тапканына карабай, бүгүн да эл көчө жүрүштөрүнө чыкты. Бейшемби күнкү кандуу окуялардан кийин АКШ өлкөнү дээрлик 45 жылдан бери бийлеп келаткан аскерий хунтага каршы жаңы санкция киргизди.
Кошмо Штаттары менен Иран ортосундагы тирешүү дагы күчөдү. 28-августта президент Жорж Буш Иранды Ирактагы “зөөкүр аракеттерин” токтотууга үндөдү. Анын алдында Багдадда америкалык аскерлер ирандык делегацияны кармап, көп узабай кое беришкен. Бир нече күн мурун болсо Иран президенти Махмуд Ахмадинежад АКШнын Ирактагы саясий таасири төмөндөп баратканын айтып, Тегеран боштукту толтурууга жардамдашкысы келет деп билдирген.
Түркиянын тышкы иштер министри Абдулла Гүл 339 добуш менен мамлекет башчы болуп шайланды. АК партиясынын атынан талапкер катары көргөзүлгөн Гүл президенттикке шайланып калса, Түркия исламчыл нукка бурулабы деген суроо миллиондогон секулярчыларды тынчсыздандырып келген эле.
Россия “Европадагы жөнөкөй куралдуу күчтөр” жөнүндөгү келишимге катышуусун убактылуу токтотту. Мындай буйрукка президент Владимир Путин бүгүн кол койду жана ал дароо күчүнө кирди.
Аялдар адатта көп сүйлөшөт деген пикир дээрлик бардык маданияттарда кеңири тараган. Америкалык психологдун жаңы изилдөөсү мындай стереотипти жокко чыгарат. Дагы бир илимпоздор мышыктардын дээрлик бардыгы Жакынкы чыгыштан тараган деп ырасташат.
Кечээ дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө эң белгилүү ырчылардын катышуусунда 24 сааттык концерт болду. Сиднейде башталып, Бразилия менен АКШда аяктаган марафон кеңири коомчулуктун көңүлүн Жер шарындагы климаттык өзгөрүүлөргө тартуу максатында өткөрүлгөн.
Ирактын оккупациясы башталгандан бери президент Буштун согуш стратегиясы Конгресстеги партиялаштарынын колдоосуна ээ болуп келген. Акыркы бир нече аптадан бери президент республикачылардын колдоосунан кол жууп калышы мүмкүн деген ишараларды байкаса болот.
2014-жылкы кышкы Олимпиада Россиянын Сочи шаарында өтмөй болду. Мындай чечим кечээ түн ичинде Эларалык Олимпиада комитетинин Гватемалада өткөн сессиясында кабыл алынды. Добуш берүүнү түз эфирде көрүп турган сочиликтер эртең мененкиге чейин майрамдашты. Сочинин ийгилигине президент Путиндин кайрылуусу чоң салым кошту, дешет байкоочулар.
Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Ливандын мурдагы өкмөт башчысы Рафик Хариринин өлүмү үчүн шектелген адамдарды соттоо үчүн эларалык трибунал түзүүнү колдоду. Резолюция 10-июнда күчүнө кирмекчи. Харири 2005-жылдын февралында Бейрутта бомба жардыруусунан каза тапкан.
Украин жетекчилиги өлкөнү саясий кризистен алып чыгуу максатында мунасага келишти. Бүгүн эртең менен президент Виктор Юшенко атаандашы премьер-министр Виктор Янукович менен сүйлөшкөндөн кийин, 30-сентябрда парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө макулдашышканын билдирди.
Өкмөттөр жана куралдуу топтор “опузалоо саясатын” адам укуктарын басмырлоо үчүн пайдаланууда. Мындай тыянак Эмнести Интернешнл уюмунун жылдык отчетунда айтылат. Уюм Россиядагы шовинизм, ксенофобиянын өсүшүнө өзгөчө камтама экенин билдирет.
Бүгүн кечинде Афиныда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын финалы өтөт. 2 жыл илгери англиялык Ливерпулга уттуруп койгон италиялык АС Милан бул жолу өчүн ала алабы?
Францияда жаңы президент Николя Саркозинин инаугурациясы болду. 6-майда ал шайлоонун экинчи айлампасында социалист Сеголен Руалды жеңген эле. Кечээ болсо мурдагы мамлекет башчы Жак Ширак улутка кайрылуу жасады. Бүгүн кечинде Саркози Берлинге аттанмакчы. Канцлер Ангела Меркель менен сүйлөшүүлөрдө Еврошаркеттин келечеги сөз болот.
Франция бүгүн жаңы президентин тандап жатат. Елисей сарайына Сеголен Руаяль же Николя Саркози келеби, бир нече сааттан кийин белгилүү болмокчу. Кимиси жеңсе да, эң жогорку кызматты жаңы муундун өкүлү ээлейт. Эки талапкер тең согуштан кийин туулган.
Украинанын жетекчилери саясий туңгуюктан чыгуу максатында эрте парламенттик шайлоо өткөрүүгө макулдашышты. Тараптардын өкүлдөрүнөн куралган жумушчу топко келишимди ишке ашыруунун жол жоболорун иштеп чыгуу тапшырмасы берилди.
Француздар президент Жак Ширактын ордун баса турган адамды тандап жатышат. Акыркы маалыматтарга ылайык, добуш берүүчүлөрдүн катышуусу абдан активдүү болуп жатат. Буга чейинки сурамжылоолорго ылайык, оңчул Николя Саркози социалисттердин талапкери Сеголен Руаялдан бир аз алдыда баратат. Бирок, миллиондогон добуш берүүчү артыкчылыкты кимге берүүнү акыркы мүнөткө чейин чече электигин эске алып, аналитиктер бул шайлоодо көптөгөн сюрприздер болушу мүмкүн дешет. Ат салышууга 12 талапкер катышууда.
Украинада саясий лидерлер кризис сүйлөшүүлөр жолу мене жөнгө салынышы ыктымал деп ырасташканы менен, ишембиде миңдеген адамдар Киевтин көчөлөрүнө чыгышты.
БУУнун атайын өкүлү Мартти Ахтисаари Косовонун келечеги боюнча бир жылдык сүйлөшүүлөр туңгуюкка такалды деп билдирди. Дипломаттын ырастоосунда, серб жана косоволук албандардын лидерлери мунасага келүүгө дилгирлигин көрсөтө алышкан жок. Косовонун макамы боюнча сүйлөшүүлөрдүн соңку айлмпасы 10-мартта Венада жыйынтыксыз аяктады.
Багдадда бүгүн АКШ, Иран, Сирия жана ондогон башка мамлекеттердин жана регионалдык уюмдардын өкүлдөрү Ирактагы коопсуздук маселелерин талкуулашты. Шаардын “Жашыл” деп аталган коопсуздук тилкесинде өткөн жыйын негизинен Тегеран менен Дамаскты Ирактагы зомбулукка чекит коюуу аракеттерине тартууну көздөгөн.
Дагы жүктөңүз