Кусейин Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.
Бишкекте Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлиги Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун өлүмү боюнча басма сөз жыйынын өткөрүштү.
Маданият, маалымат жана туризм министрлиги туризм жаатында иш алып барган дагы бир “Кыргыз туризм” ишканасын түзүүнү сунуш кылып жатат. Маалымат боюнча ишкана музейлерди, аймактардагы туристтик объектилерди өз карамагына алып, чарбалык иштерди жүргүзөт жана Кыргызстанды чет жакта жарнама кылат.
Мамлекеттик кызматкерлердин кесипкөйлүгүн арттыруу үчүн түзүлгөн улуттук кадр резервине 715 киши сынакка катышып, 34ү өттү. Анын ичинен үч гана киши жумуш менен камсыз болгон.
Кыргызстанда президенттик шайлоодо иштеген орусиялык саясий технологдун калпы чыкты.
Бишкекте өткөн курултайда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кол тийбестик макамынан ажыратуу маселеси добушка коюлду.
Депутаттар жыйынга катышпаганы үчүн кворум болбой калган учурлар маал-маалы менен катталып турат.
Жогорку Кеңештин 22-ноябрдагы жыйыны түшкү танапистен кийин 40 мүнөт кеч башталды. Маселен, депутаттар 13:00дө бир сааттык танаписке чыгып 14:00дө ишин баштамак. Бирок жыйында онго жетпеген гана эл өкүлү отургандыктан вице-спикер Асел Кодуранова парламенттин аппаратына депутаттарды кабинеттеринен ча
Парламент “Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулады.
Бишкектеги үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери Саламаттык сактоо министрлигинин реформасына каршы болууда.
Кара-Балтадагы атышуу күч кызматкерлеринин кесиптик даярдыгы боюнча маселени козгоду.
Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө – Кыргызстан” кинофестивалынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Калыстар тандалып алынган 25 тасманын ичинен эң мыкты делген 10 эмгекке байгелүү орундарды тапшырды. Арасында “Азаттыктын” иликтөөчү журналисти, маркум Уланбек Эгизбаев көзү тирүү кезинде тарткан “Бөтөн жашоо” ф
17-ноябрь эл аралык студенттер күнү. Майрамга карата азыркы кыргызстандык студенттин жашоосу кандай, алар кантип акча табат, жогорку окуу жайлар берген билимге канааттанышабы, дегиле эмне жөнүндө кыялданышат деген суроолорго жооп издедик.
КМШ өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын жетекчилери Ооганстандагы абалды талкуулашты.
Кыргызстандын 28 пайызын түзгөн жаштар үчүн жылына 10 миллион сом каражат бөлүнөт. Катышуучулар бул акча шаардан артпай, аймактагылар көңүл сыртында калып жатканына нааразы.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык 14 жаштан 28 жашка чейинки курактагы адамдар жаштарга кирет. Алар учурда Кыргызстан калкынын 28 пайызын түзөт. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалыматына ылайык, жыл сайын жаштарды колдоо үчүн 10 млн. сом бөлүнөт.
Жогорку Кеңештин 48 депутатынын жеке өздөрүнө катталган турак үйлөрү жок.
Чаткал районунун Терек-Сай айылында кенге байланыштуу дагы бир чыр чыкты.
Басма сөз күнүндө буга чейин көзү өтүп кеткен журналисттер эскерилип, сүрөт галереясы уюштурулду.
Эксперттик топ иштеп чыккан стратегияны президент Сооронбай Жээнбеков колдоду.
Кыргыз өкмөтү “Центерра Голд Инк.” компаниясы менен былтыр кабыл алынган стратегиялык келишимдин шарттарын кайра кароону келерки жылга жылдырды. Аткаруу бийлиги азырынча анын себептерин түшүндүрө элек.
Дагы жүктөңүз