"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
16-26-апрелде Ташкент шаарында өткөрүлгөн оор атлетика боюнча Азия Кубогунда кыргыз жигиттери бир алтын, эки күмүш жана эки коло медалды жеңип келди.
26-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевдин Москвадагы расмий сапары, жолугушуулары, 29-апрелде болчу митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
25-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин бир жыл ичинде кетирген каталыктары, 29-апрелдеги митинг тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
17-19-майда Бишкекте «Туризм жана саясат» деп аталган эл аралык биринчи Кыргыз туризм жармаңкеси болмокчу.
20-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин криминалга байланышы жана “Хипк” программасынын күңгөй- тескейи тууралуу жана башка түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
Кыргызстанда туризм темасын чагылдырган журналистер ассоциациясы түзүлүп, бул тармакка кызыккандардын башын бириктирди. Анткени,гезит, журналдарда, телерадио берүүлөрдө туризм темасы учкай гана баяндалып жүрөт.Кыргызстандын кооз жаратылышы,туристтик мүмкүнчүлүгү жөнүндө дүйнө коомчулугуна кабарлап, бул тармактын көйгөйлөрүн чагылдырып турган атайын гезит, журнал, маалымат каражатынын жоктугу рекламаны аксатып турат. Ошондуктан өлкөнүн өнөр жай, соода жана туризм министрлиги бул кемтикти толуктоо максатында туризм темасына адистешкен журналисттердин ассоциациясын түзүү демилгесин көтөрүп чыкты.
Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн Эл аралык олимпиада комитетинин жыйынына Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетинин жаңы жетекчилери катышып келишти. Анда Кыргызстандын маселеси дагы талкууга алынып, жардам берүүнүн зарылдыгы айтылды.
13-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары бийликтин криминалга байланышы жана Эдил Байсаловго болгон кол салуу окуясын орчундуу чагылдырды.
11-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин каталыктары жана жекшемби күнү болгон шайлоонун жыйынтыктары тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
11-апрелде Ганси аскер базасында иштеген жергиликтүү жумушчулар дагы бир жолу нааразылык акциясына чыгышты. Алар айлык акыларынын кыскарганына жана алар менен жаңы келишим түзүлбөй жатканына кабатыр болушууда.
9-апрелде Алматы шаарында грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрү аныкталды.
6-апрелден 9-апрелге чейин Алматы шаарында өтүп жаткан грек-рим жана эркин күрөшү боюнча чоңдор арасында Азия чемпионатына кыргызстандык балбандар да катышууда.
6-апрелдеги өлкөнүн негизги маалымат каражаттары жаңы бийликтин каталыктары жана алдыдагы шайлоолор, талапкерлер тууралуу түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
4-апрелде жарык көргөн маалымат каражаттарында негизги тема Рысбек Акматбаевдин талапкерлигинин кайрадан калыбына келиши, Жогорку Кеңештин сесиясындагы каралган маселелер болду.
Темирди көркөм иштетүү дагы кыргыз кол өнөрчүлүгүнүн байыркы түрүнүн бири. Байыркы учурларда усталар күмүштү, темирди отко эритип, узануунун ички сырларын мыкты өздөштүргөн. Аларды көркөм кооздукту түзүүчү чеберлер катары ардакташкан.
24- марттагы өлкөнүн негизги маалымат каражаттары ыңкылаптын бир жылдыгына карата түрдүү пикирдеги макалаларга орун берди.
Кыргызстандык окурмандар “Аргументы и факты”, “Комсомольская правда в Кыргызстане”, “Дело№”, “Автогид” жана “Кеңеш” аттуу гезиттер менен тааныша алышат.
21-мартта өткөн шайлоодо Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетине 10 талапкердин ичинен Мурат Саралинов президент болуп шайланды.
Кыргыздар байыртан эле малдын сөөгүнөн, кайберендин мүйүзүнөн турмуш- тиричиликке керектүү буюм- тайымдарды жасап колдонуп келишкен. Учурга жараша бул өнөрдүн өрүшү кеңейип, жаңы түс, багыттар менен өнүгүүдө.
Дагы жүктөңүз