Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:34

Борбор Азия

Сейтек Качкынбаев
Сейтек Качкынбаев

Эмне үчүн Жапонияда якузалар-жапон мафиясы (якудза деп орустар жазат, чынында эч ким антип айтпайт, якуЗа эле дешет) коомдо чоң ролду ойной албай калган?

Адегенде кайсы гана өлкө болбосун мамлекеттин негизги милдеттери болот: (1) салыктарды төкпөй-чачпай, жашырбай жыйнап, (2) элге коопсуздукту, (3) орто билимди, (4) алгачкы медициналык жардамды, анан (5) жолдор, көчөдөгү жарыктандыруу, тротуарлар, коммуникация сыяктуу КООМДУК ЖЫРГАЛЧЫЛЫКты (public good) элге сунуштай алуусу керек.

Мисалы, полиция/милицияны сиз чакырарыңыз менен келип, сиз түнкү саат үчтө Туңгуч районунда жүрсөңүз да сактайт, келинчегиңиз тээ Таластын Маймагында толготуп калса да тез арада төрөтүн кабыл ала тургандай кудуретте болуусу керек.

Эгер мамлекет ушул минималдык КООМДУК ЖЫРГАЛЧЫЛЫКТЫ элге жеткире албаса, анда эл өзүн-өзү коргоого, эмдөөгө мажбур болот. Кантип дегенде, бейформалдуу "көзү ачыктык" жолу менен эмдей баштайт, сотко кайрылбай эле адилеттүүлүктү издеп, "Камчы, Ырыспектерге, Водолаздарга" кайрыла баштайт. Камчыны же Водолазды эртең камаганда деле бүрсүгүнү эле башка, андан да күчтүү Водолаз, Камчы пайда болот. Болгону мамлекет Водолаздардын жумушун эле тартып алып, өлкөдө жаңы жумуш орундарын пайда кылуу менен аларды башка жумушка орнотушу керек.

Ал эми Жапонияда болсо якузалар азыр деле болгону менен, алардын киши коргоп, элге САПАТТУУ, ЭЛПЕК, ӨЗ УЧУРУНДА, ЖООПКЕРЧИЛИКТҮҮ кызматы менен "крыша" болуп берген коопсуздук кызматын эбак эле мамлекет тартып алган. Ошондуктан якузанын да, "смотрящийдин" да, "көз ачыктын" да таптакыр ал жерде кереги жок. Жапонияда якузалар бу күндөрү деле бар. Илгеркидей киши өлтүрүү менен эмес, көбүн эсе түнкү клубдарды, массажканаларды, сойку бизнесин карап калышкан. Бирок элге таптакыр тийишпейт, анткени эл алардын кардары болот. Жапонияда болсо кардардын укугу баарынан жогору турат. Якуза элди таарынтып ала турган болсо бизнесинде кардарын жоготот, бул болсо айлыксыз калат дегенди түшүндүрөт.

Анда эмесе "кантип Кыргыз Улусу да криминалдан алардын жумушун тартып ала алгандай кылса болот?". Жооп: ал үчүн мамлекеттик кызматтагыларды бүтүндөй толугу менен министрлердин орун басарларынан тарта бөлүмдөрдүн катардагы кызматкерлерине чейин Жапония, Түштүк Корея, АКШ, Франциядагыдай сынак жолу менен эки жылдын ичинде баш аягына чейин алмаштырып чыгуу керек. Анын механизмдерин былтыры декабр айында АКИпресс менен “Алиби” гезиттерине бергем. Бул шилтемелерден караңыз:
http://www.facebook.com/l/b9de9VCkCpoPbQlHEkz3wtSCNUQ/www.presskg.com/alibi/10/1214_12.htm

Сейтек Качкынбаев, Токиодогу Васеда университетинин саясий экономия Кафедрасынын докторанты
Сталинди көргөн, Хрущевге жолуккан Күмүш апа
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:02 0:00
Түз линк

Совет заманында партиялык жана чарбалык иштерде жетекчи болгон ардагер Күмүш Суранова Москвадагы чоң жыйындарга катышып, Сталиндин көзүн көрүп, Хрущев жана кыргыз ишмерлери Исхак Раззаков, Болот Мамбетовдор менен жолуккан окуяларын “Азаттыкка” эскерип сүйлөп берди. KCh, MiT. Azattyk ünalgysy. 28.02.2011.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG