Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:36

Борбор Азия

Иранда балбандар алтын, күмүш медалга ээ болду. Ошто көк-бөрү мелдеши башталды. Шахматтан чемпиондор аныкталды.

Ирандын Киш аралчасында эркин күрөш боюнча олимпиада чемпиону Тахти атындагы Гран-при эл аралык мелдеште Кыргызстандын командасы экинчи орунду камсыз кылды. Америкалык балбандар үчүнчү орунду ээледи. Баш байгени жергиликтүү балбандар колдон чыгарышкан жок.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти, милициянын генералы Мелис Турганбаев бул Гран-при мелдешинде Азиянын эки жолку чемпиону, дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, кыргызстандык Базар Базаргуриев алтын медалдын ээси болгонун “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстандын намысын коргогон оор салмактагы Айаал Лазарев коло байгени колдон чыгарып, аз упай айырма менен бешинчи орунга илинди.

Грек-рим күрөшү боюнча Тахти кубогунда 16-Азия оюндарынын күмүш байге ээси, жаштар арасында Азия, дүйнө чемпиону Каныбек Жолчубековдун да жолу болуп, 55 кг. салмакта экинчи орунду ээледи.
Мелдешке Иран, Кытай, Орусия, АКШ, Түркия, Монголия жана Кыргызстандын эки жүздөн ашуун тандалган балбандары катышты.

Кыргызстандын жаңы рекордчулары

90 кг. салмактагы бишкектик Пётр Малахов чоюн көтөрүү боюнча Кыргызстандын рекордуна жаңы чек койду. Ал ар бири 24 кг. болгон эки гиряны 103 жолу жогору көтөрүп, Бишкектин чемпиону аталуу менен өлкөнүн рекордун да жаңылады.

Дагы бир бишкектик жигит Руслан Тагиров салмагы 32 кг. болгон эки чоюнду 41 ирет көтөрүү менен Кыргызстандын жаңы рекордчусу аталды.
Чоюн билек балбандардан Сергей Некрасов, Дүйшөналы уулу Нуралы, Анатолий Богатый, Александр Петров, Алмаз Балтабаев, Аскар Бактыгулов жана оор салмактагы Элбек Ниязматов айырмаланып, мөрөй алышты.

Мыктылар Азия, дүйнө биринчиликтерине

Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук бий боюнча Бишкектин чемпионаты жыйынтыкталды. Европа жана латынамерикалык спорт бийлердин үлгүсүндө жуп болуп бийлөө мелдешине үч жүзгө жакын бийчи катышты.

Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун айтымында, кыргызстандык бийчилер эми Азия, дүйнө чемпионаттарына катышууга даярдык көрүшөт. Алар былтыр Гуанчжоуда өткөн 16-Азия оюндарында бешинчи орунга жеткен.

Акыл оюнунда мыктылар

Кыз-келиндер арасында шахмат боюнча да Кыргызстандын чемпиону аныкталды. Кыз-келиндерден өлкөнүн көп жолку чемпиону Ирина Острий 8 упай топтоо менен баш байгенин ээси болду. Акыл таймашында Айжан Алымбай кызы экинчи орунду камсыз кылды. Шахматтан өлкөнүн көп жолку чемпиону, бир нече шахмат олимпиадаларынын катышуучусу Бактыгүл Тиленбаева 7 упайы менен үчүнчү орунду ээлеп, коло байгелүү болду.

Эр-азаматтардын шахмат эрөөлүндө Альгис Шүкүралиев, Владимир Ильинский, Андрей Мазницин, Нургазы Жээнбеков, Тилек Такырбашев жана Замир Кыдыралиев өнөрү менен таанылды. Жеңүүчүлөр 11-мартта аныкталып, 9 упайга ээ болгон Андрей Мазницин чемпион аталды. Альгис Шүкүралиев да 9 упай топтоо менен күмүш байгенин ээси болду.

Шахмат боюнча уландар жана жаштар арасында Азия чемпиону Семетей Төлөгөнтегиндин устаты Төлөгөн Исаевдин пикиринде, өлкө чемпионатында мыктылар иргелбей, коммерциялык мелдеш катары өтүп, чеберчилик бааланбады.

Ошто көк-бөрү мелдеши

11-мартта Ош шаарында көк-бөрү боюнча Түштүк аймагынын биринчилиги башталды. Элдин бүйүрүн кызыткан бул таймашууларга Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын жана Ош шаарынын командалары катышып жатканын, баш байгеге унаа жана баалуу сыйлыктар коюлганын Ош шаардык спорт комитетинин төрагасы Замирбек Аскаров “Азаттыкка” билдирди.

Хоккей: "Даңк" жана нааразылык

Жакында эле Астанада өткөн 7-кышкы Азия оюндарында шайба хоккейи боюнча алтын медаль жеңип келген Кыргызстандын командасынын айрым мүчөлөрүнө өкмөттүк сыйлыктар ыйгарылды. “Даңк” медалына өлкөнүн шайба хоккей федерациясынын президенти Анварбек Оморканов ээ болду. Команданын жетекчиси Бактыбек Иманалиев менен команда капитаны Рамис Токталиев Ардак грамоталар менен сыйланды.

Ал эми топ хоккейи боюнча 7-кышкы Азия оюндарынын коло байгесине ээ болгондор көңүл сыртында калышканын, өкмөт калыстык кылбаганын, 27 өлкөдөн топ хоккейчилер Кыргызстанды 7-орунга жеткиргени бааланбай турганын команданын машыктыруучусу Ниязбек Алиев айтып, сынга алды.

Медалдарды жыйнап келген өспүрүмдөр

Орусиянын Москва облусунун Руза шаарындагы эл аралык мелдештен кыргызстандык жаш суучулдар 21 медаль утуп, келечектен үмүт жандырып келишти. Кыргызстандан 11 өспүрүм барып, 21 медаль утса, анын 12си алтын байге болду.

Бишкектик Никита Пауков 4 алтын, Владислав Шулико менен Азиз Сансызбаев ар бири үчтөн алтын, бирден күмүш медаль тагынып, мекенине кубанып кайтышты.
Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) кезектеги отурумун өткөрүүдө. 2011-жылдын 10-февралы.
Кыргызстандын парламенти (Жогорку Кеңеш) кезектеги отурумун өткөрүүдө. 2011-жылдын 10-февралы.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинде (парламентинде) үч партиядан турган башкаруучу коалициянын тагдыры арсар бойдон калды. "Ата Журт” фракциясы 22-мартка чейин талаптары аткарылбаса, коалициядан чыга турганын өкмөттөгү өнөктөштөрүнө алдын-ала эскертти.

Коалициядагы кризис чыңалып отуруп бүгүн (11-мартта) ачыкка чыкты.

Парламенттин кезектеги жыйыны башталбай жатып үзгүлтүккө учурады.

Төрага Акматбек Келдибеков коалициянын келечеги тууралуу бир катар депутаттар арыз менен кайрылышканын, андыктан депутаттар коалициялык жыйынга таркашарын айтып жыйынды жаап койду.

Жогорку Кеңешке премьер-министр Алмазбек Атамбаев, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов келип, жабык эшик аркасында чукул жыйын өткөрүштү.

Андан соң коалициянын жетекчиси, “республикачы” Канат Исаев менен Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйын өткөрүп, коалиция таркабай турганын жарыялашты.

Бирок алардын катарында “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев болгон жок.

К.Исаевдин айтмында, коалициядан чыгабыз деген депутаттардын саны аны таркатуу үчүн жетишсиз. Андыктан коалиция мындан ары да иштей бермекчи:

- Буга чейин да коалициянын ичинде ар кандай маселелер боюнча суроолор болгон. Бүгүн да ошондой суроолор пайда болуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Бирок айтып кетейин, “коалиция тарайт” деген сөздөр чындыкка жатпайт.

Ошентсе да “Ата Журт” партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын өкүлдөрү абал башкачараак экенин айтышууда.

Алар фракция жыйынына чогулуп, 22-мартка чейин талаптары аткарылбаса башкаруучу коалициядан чыгышарын жарыялашты.

Бирок кандай конкреттүү талаптары бар экенин “Ата-Журтчулар” айтышкан жок. Тек гана “чечим чыгарууда өкмөт жетекчилиги бизди эске албай атат” деген болушту.

“Ата Журт” фракциясынын мүчөсү Марат Султанов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, коалициянын таркатууга “Ата Журттагы” депутаттардын саны жетиштүү экенин билдирди.

Аталган фракциянын мүчөсү Нариман Түлеев болсо коалициядан чыгууга даяр турган депутаттардын саны 19 экенин кошумчалады.

Ошондой эле М.Султановдун айтымында, бүгүн премьер-министр Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Бабанов алар менен жолугушуп, мындан ары кеңешип иштөөгө сөз беришти.

Ошол себептүү “Ата Журт” 22-мартка чейин тыныгуу алып, коалициядан чыгуу маселесин күн тартибинде калтырып койду.

Ал арада КСДП фракциясынын төрагасы Чыныбай Турсунбеков да коалициянын тарап кетүү коркунучу жок экенин айтууда.

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков коалиция бүгүн болбосо эртең таркай турганын, кийин (жаңы парламентте) “Ак шумкар”, “Акыйкат”, “Замандаш” партиялары катышкан кеңири коалиция түзүлүү ыктымалдуулугу жогору экенин айтууда:

- Менин көз карашымда келечектеги коалиция, эгер азыркы коалиция кулай турган болсо албетте, бир топ туруктуу болот. Анткени адамдар да, саясатчылар да, мамлекет, партиялар да – биз көп нерселерди үйрөнүп атабыз. Келечекте коалиция бир топ көбүрөөк партиялардан турат. Керек болсо сырттагы, парламентке кирбеген, белгилүү, элдин ишеничине татыган партиялардын лидерлерин да коалицияга чакыруу мүмкүнчүлүгү пайда болот.

“Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов да кеңири коалиция куруу сунушун айтууда.

Анын айтымында, азыркы үч партиядан турган коалиция баарыбир туруксуз. Андыктан өткөн шайлоодо эки пайыздык чектен өткөн айрым партияларды да тартуу аркылуу, элдик ишеним өкмөтү курулушу керек.

Айрым талдоочулардын баамында, парламенттеги кризис өкмөттүн криминалга күрөш жарыялашынан соң тереңдей баштады. Анткени “криминалга тиешеси бар” деген шектенүү менен кармалгандардын арасында “Ата Журт” партиясы менен тыгыз иштешкендер болгон.

Бирок мындай божомолду аталган партиядан шайланган депутаттар жокко чыгарышууда.

“Ата Мекен” фракциясындагылар болсо, биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов коррупциялык иштерге аралашып кеткенин, Орусияда чоң бизнеси бар экенин айтып, кийинки коалицияга “Республика” партиясын кошпоо керектигин айтышат.

“Республика” партиясы өз кезегинде Ө.Бабановго карата айтылган айыптоолорду четке каккан билдирүү таратты.

Ошентип коалициянын тагдыры 22-мартка чейин калтырылды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG