Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:55

Борбор Азия

АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору.
АКШнын Бишкектеги Транзиттик борбору.

Кыргызстан Баткен облусунда антитеррордук машыгуу борборун курууга каражат сурап АКШга кайрылды.

Мындай кайрылууну Роза Отунбаева Вашингтонго жасаган сапары учурунда жасаган. Баткенде машыгуу борборун куруу демилгеси өткөн жылы ушул мезгилде көтөрүлүп, АКШ тарабынан 5.5 млн. доллар убада кылынган эле.

Вашингтондогу сөз

Президент Роза Отунбаева Вашингтонго жасаган сапары учурунда Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу зарылдыгын билдирген:

- Баткенде база куруу күн тартибинде калып жатат. Мен кыргыз-тажик чек арасына санаам өтө тынч эмес. Бул маселе боюнча биз Москва менен да иштешип жатабыз. Бирок АКШдан дагы жардам караштырып жатабыз. Биз Анитеррордук машыгуу борборун курууну каалайбыз. Биздин чек ара кызматы дагы өтө олуттуу жардамга муктаж.

Президент Роза Отунбаева менен АКШ президентинин атайын жардамчысы Майкл Макфоллдун 6-марттагы жолугушуусунда, Макфолл
АКШ тарап коопсуздукка байланыштуу бир катар долбоорлорду жакын арада сунуштаарын билдирген. Ал долбоорлордун арасында Баткенде антитеррордук машыгуу борборун куруу болуп калышы мүмкүн. Анын үстүнө бул долбоордун ишке ашыруу боюнча Кыргызстан менен АКШ өткөн жылы эле иш баштап, бирок токтоп калган.

Кошмо Штаттардын Бишкектеги элчилиги өткөн жылы март айында борборду куруу үчүн 5,5 млн. доллар бөлүнөрүн билдирген.

Орусияга ыктаган серепчилердин каршылыгы

Орусияга ыктаган серепчилер ошол кезде эле Баткенде АКШ тарабынан антитеррордук машыгуу борборунун курулушуна кескин каршы чыгып, бул Орусия жана Кытайга карай сес көрсөтүүдөй болуп калаарын билдирип чыгышкан.

Мындай тынчсызданууларга жооп кылган АКШ антитеррордук машыгуу борборун кыргыз өкмөтүнө куруп берерин, аны толугу менен кыргыз тарап өзү башкарарын айтып чыккан.

Белгилүү талдоочу Валентин Богатырев антитеррордук борборду АКШ кура турган болсо Кыргызстандын бул жактагы өнөктөштөрүндө суроо пайда болушу мүмкүн дейт:

- Баткенде антитеррордук машыгуу борборунун курулушу Кыргызстан үчүн жакшы. Бирок биз жакшы билебиз, антитеррордук борбордо ар кандай багыттагы адистер болот. Алар машыктыруу эле эмес башка иштер менен да алектенет деген күмөндөр болот. Ошондуктан Россия, Кытайда чочулоолор болот. Сөзсүз болот. Анын үстүнө Орусия өзү дагы биздин түштүктө баңгизаттарын ташууга каршы борбор курууга кызыкдар болуп келатат.

Президент аппаратындагы стратегиялык талдоо жана мониторинг бөлүмүнүн жетекчиси Орозбек Молдалиев америкалыктар Баткенде антитеррордук борбор курушуна орус тарап каршы болбош керек деген пикирин айтып, аны мындайча негиздеди:

- Маселе мындай да, эгерде чек аранын коопсуздугу сакталса орустарга жаман болобу ошондон. Өздөрү айтып жатат Баткенде чек араңарды тоспосоңор наркобизнесиңер каптап кетти, террорчулар келип атат, мунун баары түз Москвага келип атат деп бизди коркутуп атпайбы. Баткенге антитеррордук борбор курулса ал жалаң эле Кыргызстан учүн болбойт. Ал регионалдык борбор болот.

Молдалиев Орусия өзү АКШ менен мамилесин оңдоп жатканын да кошумчалады.

Генерал кылдаттык керек дейт

Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин мурунку төрагасы, генерал Рашид Тагаев мындай иштерде абдан кылдаттык керек деген пикирде:

- Мунун артында өтө көп саясат, оюндар бар. Муну жакшы талдап, ойлоп, кыргызда айтылгандай “жети өлчөп бир кесиш керек”. Биз биринчиден чоң-чоң уюмдарга мүчөбүз. ШКУга, ЖККУга киребиз. Булардын көз карашы бөлөкчө деп ойлоймун. Ошон үчүн азыраак зыян алып келе тургандай кылып, “кичинерээк бир бармакты” кесиш керек. Ар түрдүү көз караштар болуп калышы мүмкүн, тирешүүлөр болуп калышы мүмкүн, ар түрдүү оюндар болуп калышы мүмкүн. Ошон үчүн муну акыл-эс менен калчап, макулдашып, анан кийин кылса болот эле деген ойдомун.

Таймаш былтыр эле башталган

Кыргызстандын түштүк жергесинде база куруу боюнча АКШ менен Орусиянын ортосунда таймаш жүрүп жатканы өткөн жылдары белгилүү болгон. Ал расмий маалыматтар менен кийинчерээк тастыкталган. Маселен,
Кыргызстандагы 2009-жылкы президенттик шайлоодон кийин Курманбек Бакиев менен Дмитрий Медведев Орусиянын кошумча аскердик контингентин түштүктө жайгаштыруу жана машыгуу борборун куруу боюнча меморандумга кол коюшкан.

Кыргызстан машыгуу борбору Баткенде болушун жактаса, орус тарап инфраструкттурасы даяр Ошто курууну көздөгөн. Мына ушундай карама-каршылыкка байланыштуу ал иш токтоп калган.

АКШ болсо Баткнеде антитеррордук машыгуу борборун курууга өткөн жылы эле 5.5 млн. доллар бөлүүгө даяр болгон.
Өзбек укук коргоочусу Мутабар Тожибаева АКШ Мамдепартаментинин "Каармандык үчүн" сыйлыгын 2009-жылы Мамкатчы Хиллари Клинтон менен биринчи айым Мишел Обаманын колунан алган.
Өзбек укук коргоочусу Мутабар Тожибаева АКШ Мамдепартаментинин "Каармандык үчүн" сыйлыгын 2009-жылы Мамкатчы Хиллари Клинтон менен биринчи айым Мишел Обаманын колунан алган.

Мутабар Тожибоева мындай чечимин "Каармандык үчүн" сыйлыгы азыр кыргыз президенти Роза Отунбаевага берилип жатышы менен байланыштырууда.

Кыргыз президентин “Каармандык үчүн” сыйлыгына Кыргызстандагы АКШ элчилиги көрсөткөн. Сыйлык Роза Отунбаевага Вашингтондо бүгүн ыйгарылаары айтылууда. АКШнын Мамлекеттик департаменти тарабынан уюштурулган «Каармандык үчүн» аттуу айымдардын эл аралык сыйлыгы 2007-жылдан бери дүйнөдөгү ар кыл өлкөлөрдөгү айымдарга тапшырылып келет. АКШнын мурдагы Мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс тарабынан негизделген бул сыйлык менен жалпысынан 27 өлкөдөн 36 айым сыйланган. Өзбекстандык укук коргоочу Мутабар Тожибоевага бул сыйлык 2009-жылы берилген эле. 49 жаштагы Мутабар Тожибоева Өзбекстанда адам укуктары жаатындагы ишмердүүлүгү үчүн эки жыл абакта отуруп чыккан. Учурда Францияда жашайт.

Укук коргоочу Тожибоева сыйлыктан эмне үчүн баш тартып жатканы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Бул сыйлыктан баш тартууңузга эмне себеп болду?

- АКШ Мамдепартаментинин бул сыйылыгын мага 2009-жылы Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон жана Мишел Обама айым тапшырган. Бул сыйлык азыр Кыргызстандын президенти Роза Отунбаевага берилип жатканы үчүн мен андан баш тарттым. Мен аял катары Роза Отунбаевага эч кандай кусаматым жок. Мен бул сыйлык президент Отунбаевага берилишине каршымын. Себеби ал Убактылуу өкмөттү жетектеп турганда Кыргызстандын түштүгүндө өзбек элине каршы кылмыш болду. Ал аны токтото алган жок, конкреттүү кадамдарды да жасаган жок. Ал бул кылмыштын курмандыктары болгон жерлерге жолугушууга да барган жок. Андан кийин жиберилген гумжардамдарды коррупциялашкан чиновниктер окуя курмандыктарына калыс таратпай койгон учурда да Отунбаева ага көз жумуп койду. Менин улутума карата куугунтуктоолор дале уланып жаткандыктан мен бул сыйлыктан баш тартам. Мындай учурда менин Роза Отунбаева менен бир катарда турганга акым жок.

Бул чечимди кабыл алуу мага өтө оор болду. Бул сыйлык мага берилген учурда биз, өзбектер аябай сүйүнгөнбүз. Бул бизге көптөгөн үмүттөрдү пайда кылган эле. Азыр эми Отунбаевага бул сыйлыкты берүү менен алар өзбек калкынын ошол үмүт-тилектеринин баарын өчүрдү.

- Отунбаева ошол учурда сиз айткан зомбулуктарды токтото алаарына ишенээр белеңиз, ал президент болгон чакта деле Кыргызстандагы ошол учурдагы кырдаалды эске алганда бул мүмкүн беле?

- Ооба, балким токтото алмак эместир, ал аял, аны коррупциялашкан чиновниктер укпагандыр. Бирок бир нерсени эстен чыгарбаш керек, Отунбаева эч кандай каармандык жасаган жок.

- Сиз анда Америкада аны эмне үчүн сыйлап жатат деп ойлойсуз?

- Бул бир сөз менен айтканда геосаясий оюн. Бул геосаясат адам укуктарынан, демократия принциптеринен маанилүү экенин айгинелеп турат.

- Демек сиз бул сыйлоо АКШнын Кыргызстандагы кандайдыр бир геосаясий кызыкчылыктарынан улам болуп жатат деп ойлойсузбу?

- Ооба, мен ошентип ойлойм.

- Отунбаева кантсе да Борбор Азиядагы, а түгүл постсоветтик аймактагы биринчи аял президент. Бул дагы кандайдыр бир каармандыкты талап кылгандыр, балким Вашингтон ошого көңүл бургандыр?

- Кечирип койосуз, эгер эртең Гүлнара Каримова (өзбек президенти Ислам Каримовдун кызы - ред) Өзбекстандын президенти болсо, аймактагы экинчи аял президент катары аны да “каармандык үчүн” сыйлаш керектир? Же Нурсултан Назарбаевдин кызын...

- Бирок Кыргызстандагы абал башкача эле да, эки революциядан кийинки абалды жөнгө салууда кантип эле Отунбаеванын кандайдыр бир салымы, каармандыгы болгон жок деп ойлойсуз?

- Ал президент болгону үчүн эле бул сыйлык берилип жатса мен түшүнбөйм...Эгер Кыргызстанга гана бул сыйлыкты бериш керек болсо укук коргоочу Төлөкан Исмаиловага, же Азиза Абдрасуловага берсе болмок. А Отунбаева кандай каармандык көрсөттү? Ал президент болгондон бери өлкөдө абал оңолуп кеттиби? Тескерисинче абал начарлоодо. Эл аралык коомчулук Кыргызстандагы этникалык тазалоолор жана өзбек тектүүлөргө карата башка кылмыштар боюнча проблемаларды көтөргөн учурда да ал президент катары эч кандай реакция жасаган жок.

- Бул албетте сиздин оюңуз, сиздин чечимиңиз. Эми бул сыйлыктан баш тартуу жараяны кандай жүрөт?

- Мамдепартаменттин “Каармандык үчүн” сыйлыгы эч кандай материалдык колдоо менен коштолбойт. Мен Хиллари Клинтон менен Мишел Обама айымдарга бул сыйлыктын лауреаттарынын тизмесинен менин атымды сызып салуу тууралуу кайрылам...

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG