Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:32

Борбор Азия

Баткен коогасы: Ак-Таштагы кара так
please wait

No media source currently available

0:00 0:42:03 0:00

Кыргызстандын эгемен тарыхында "Баткен коогалаңы", "Баткен окуясы" жана "Баткен согушу" деген аталыштар менен калган каргашалуу окуя Жалал-Абаддагы Чаткал районунда да болгон. 2000-жылы 11-сентябрда "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук тобунун жети жоочусу Чаткалдагы Ак-Таш айылына өтүп келген. Бир канча саатка созулган атышууда согушкерлердин баары жок кылынган, Кыргызстандын күч органынын эки кызматкери - милициянын ага лейтенанты, 33 жаштагы Муратбек Туйтунов менен милициянын сержанты, 24 жаштагы Мирдин Тугельбаев окко учкан. "Азаттык" "Баткен окуясынын" 20 жылдыгына карата 2019-жылы беш сериялуу даректүү тасма тарткан. Бул чыгарылышта ошол кооганын уландысы Ак-Таштагы окуя тууралуу баяндалат.

Тышкы саясатта тең салмактуулук сакталабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:50:33 0:00

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Глазгодогу климаттын өзгөрүүсүнө каршы саммитке катышты. Анын алкагында Жапаров бир катар дүйнөлүк лидерлер менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул окуя соңку күндөрдөгү кыргыз медиасынын күн тартибинин башкы сабына чыгып, талкууланууда. Бул сапардан соң Кыргызстандын тышкы саясатында эмне өзгөрөт, дүйнөлүк лидерлер менен жолугушуудан эмне жыйынтык чыгат? Дегеле Кыргызстандын эл аралык аренадагы аброю кандай? "Эксперттер талдайт" программасы ушул теманы талкуулады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG