Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Борбор Азия

Глазго: Дүйнө лидерлери планетанын камын көрөт
please wait

No media source currently available

0:00 0:15:55 0:00

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин административдик сотунун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов боюнча чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко кайрылды. Кыйноолорду алдын алуу борборунун кызматкерлери абакта отурган Жеңиш Молдокматовду көрүп чыкты. Шотландиянын Глазго шаарында Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйыны башталды.

Нуриддин Холикназаров.
Нуриддин Холикназаров.

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жетекчи (муфтий) болуп Ташкендин башкы имам-хатиби Нуриддин Холикназаров шайланды.

Ал Анжияндан Ошко көчүп келип, шаарда имам, кийин бир канча мезгил Кыргызстанда казы болгон Орто Азияга белгилүү диний аалым Шафоат ажы Холикназаровдун небереси.

Аны менен иштешкендер илимдүүлүгүн, иш билгилигин жана ар кимдин тилин таба алган ийкемдүүлүгүн макташты. Муфтийликке жаңы шайланган Нуриддин Холикназаров өзү дин чөйрөсүндө дагы жаңыланууга багыт аларын билдирди.

Эки жарым айда тандалган муфтий

Өзбекстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын жетекчисинин орду эки жарым айдан ашуун убакыттан бери бош турган. Анткени көп жылдан бери муфтий болуп турган Усманхан Алимов быйыл 15-августта 71 жаш курагында узакка созулган оорудан каза болгон.

Жакында Өзбекстандын дин иштер башкармалыгынын уламалар кеңешинин кеңейтилген жыйынында Ташкент шаарынын башкы имам-хатиби, 53 жаштагы Нуриддин Холикназаровдун талапкерлиги көрсөтүлдү.

“Биз азыр абдан кызык тарыхый жагдайда турабыз. Нуриддин Холикназаровдун талапкерлигинин муфтийликке көрсөтүлгөнү - Өзбекстандын калкы, жалпы момун мусулмандар жана мамлекетибиз үчүн аябагандай жакшы кайрым алып келүүгө себеп болушун Алладан сурайбыз”, – деп белгиледи муфтийликке талапкерди сунуштаган уламалар кеңешинин мүчөсү.

Өзбекстандын дин иштер башкармалыгынын уламалар кеңешинин жаңы муфтийин шайлоо боюнча кеңейтилген жыйыны биринчи жолу мамлекеттик телеканалдардан түз алып көрсөтүлдү.

Муфтий шайлоого бир гана Нуриддин Холикназаровдун талапкерлиги коюлуп, уламалар кеңешинин мүчөлөрү аны бир добуштан колдоду.

Ийкемдүү имам, президенттин назары

Өзбек дин чөйрөсүнө терең билими, ар кимдин тилин таап, ынандыра алган тубаса дипломаттыгы менен таанылган Нуриддин Холикназаров Ташкендин башкы имам-хатиби болуп турганда өзгөчө ийкемдүүлүгү менен президент Шавкат Мирзиёевдин назарына илинип, колдоосуна ээ болгону айтылды.

Жаңы шайланган муфтий Нуриддин Холикназаров (оңдон биринчи) АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушууда. Февраль, 2020-жыл.
Жаңы шайланган муфтий Нуриддин Холикназаров (оңдон биринчи) АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен жолугушууда. Февраль, 2020-жыл.

Нуриддин Холикназаровдун түпкүлүгү Анжиян облусунун Асаке аймагынан.

Ал Ташкендин башкы имам-хатибдигине дайындалганга чейин борбордун Юнусабад районундагы мечитте, Асаке шаардык мечитинде имамдык кылып, Анжиян облусунда бир топ жыл казы болуп иштеп келди.

Жаңы шайланган муфтий Нуриддин Холикназаров кызматка киришип жатып, дин башкармалыгында жаңылануу жасоого убада берди:

“Мага берилген ишеничти актоо үчүн колумдан келген аракетимди жасап, болгон мүмкүнчүлүгүмдү жумшайм. Элибиз үчүн, журтубуз үчүн, мекенибиз үчүн кызмат кылууга кудайдан жардам сурап, дуба кылып, бүгүн кызматка кириштик. Азыр жаңы Өзбекстанда бардык тармактарда аябай жакшы иштер башталууда. Азыр биз дин ишинде да бир топ реформалардын күбөсү болуп турабыз. Баарыбызга маалым болгондой, мечиттердин ачылышы жана диний билим берүүдөгү өзгөрүүлөр мамлекет башчыбыз алып барып жаткан адилет саясаттын көрүнүшү”, – деп билдирди жаңы муфтий Нуриддин Холикназаров кызматка киришүү ырасмиси учурунда.

Муфтийдин ата-теги

Нуриддин Холикназаров 1992-жылы Бухара медресесин, 1998-жылы Ташкендеги Имам Аль-Бухари ислам институтун ийгиликтүү аяктап, 2007-жылы Фергана мамлекеттик университетинен филолог адистигин алган.

Жаңы муфтий Холикназаров дин кызматында жүргөн тажрыйбасында ар кандай жагдайда чатакташкан дин аалымдары менен имамдарды жараштырган өзгөчө дипломаттык жөндөмү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурганы белгиленди.

"Азаттыктын" өзбек кызматына атын атагысы келбеген булактар аны атайын кызматтар менен байланышы бар деп мүнөздөгөн.

"Эгерде аны чекисттер чечпесе анын талапкерлиги жогортон колдоо тапмак эмес" деген жоромолдор айтылды.

Анткен менен "Нуриддин Холикназаровдун дин аалымдарынын үй-бүлөсүнөн чыккан теги, алган терең диний жана светтик билими, бардык тараптар менен тил табыша алган жөндөмү бул жогорку кызматка баруусуна жол ачты" дегендер да арбын.

Аны менен 15 жыл үзөңгүлөш иштеген Анжияндын Бостон районунун мурдагы имамы, азыр Шарак-Сайда имамдык кылган Абдулахад Тажибаев Холикназаровдун түпкү теги менен кулк-мүнөзүнө токтолду.

“Бул киши өзү чоң аалымдардын үй-бүлөсүнөн чыккан адам. Ал мурда Орто Азия мусулмандар дин башкармалыгынын Кыргызстан боюнча казысы болгон Шафоат ажы Холикназаровдун небереси. Нуриддин Холикназаров көп жылдар бою Анжияндын казысы болуп турду. Ал өзүнүн мыкты адеби жана адамгерчилик мамилеси күчтүү адам. Анын мыкты тарбиясы, терең билими менен маданияты, бардыгына жаккан кулк-мүнөзгө ээ. Бардыгын туюп, билип, ишти алып барып, баарын бириктирип, мамиле кылуунун чебери. Ал мындай жөндөмү менен Анжиянда ар кыл багытта болуп, чырлашкан имамдардын башын бириктирип, ынтымагын чыңдап, башка адамдарды ынандырчу”, - деди Абдулахад Тажибаев.

"Азаттыктын" маектеши эске салган жаңы муфтийдин чоң атасы Шафоат ажы Холикназаров 1890-жылы Анжиянда туулуп, анын үй-бүлөсү падышалык бийликтен запкы тартып, ар кайсы жакка качып жүрүп, акыры Кыргызстандын Ош шаарына отурукташкан.

Шафоат ажынын балагы менен жаштыгы Ошто өтүп, ал он жашында Куран жаттап, он бир бир жашында атасы менен Меккеге зыяратка барганы жазылган. Бирок анын атасы Меккеде каза болуп калып, жаш ажы ал жакта калып кетип, он жылдай атактуу аалымдардан сабак алган.

Шафоат ажы 20га чыгып, бой жеткенде атасынын керээзи боюнча Ошко кайтып келген. Бирок совет бийлигинин катаал мезгилинде ал үй-бүлөсү менен Кашкарга, Алматыга, Токмокко жана Ат-Башыга жер которуп жашоого аргасыз болгон.

Шафоат ажы өзүн жана үй-бүлөсүн коргоо үчүн кайсы бир мезгилде совет бийлиги менен кызматташкан. Ал 1943-жылы Москвадагы диний көзөмөл боюнча жыйынга катышып, Орто Азия мусулмандарынын дин башкармалыгын негиздөөчүлөрдүн катарында болгон.

Андан ары Шафоат ажы Холикназаров Оштогу Шейит-Дөбө мечитинин имамы, Ош облусунун имам-хатиби жана Кыргызстандын казысы да болгон.

Шафоат Холикназаров 1973-жылы Ош шаарында каза болуп, сөөгү Сары-Мазар көрүстөнүнө коюлган.

Анын үй-бүлөсү кийин Кыргызстандын Ош шаарынан тарыхый мекени болгон Өзбекстандын Анжиян облусуна көчүп кеткен.

Азыр жаңыдан муфтийликке шайланган Нуриддин Холикназаров 1968-жылы Анжиян облусунун Асаке шаарында жарык дүйнөгө келген. Ал эгемен Өзбекстандын эсеби боюнча бешинчи муфтийи болду. Ага чейин Ташкенде 1943-жылы негизделген Орто Азия жана Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгы иштеп келген.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG