Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:05

Борбор Азия

Кара-Кечедеги көмүр кризиси
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:09 0:00

Өлкөдө электр энергиясы чоң таңкыстыкка учурап, күйүүчү-майлоочу майлардын баасы кескин көтөрүлүп, ортомчулар менен талаш-тартыштан улам ири Кара-Кече кенинен көмүр алып келүүдө кыйынчылыктар жаралган. Учурда "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасы өлкөнү көмүр менен камсыз кылууга аракет кылып жатат. Кара-Кечедеги кечиккен камылгага ким жооп берет?

Арон Атабек
Арон Атабек

Алматыда 69 жашка караган курагында акын, диссидент Арон Атабек дүйнө салды. "Массалык тополоң уюштурган" деп соттолгон акын 15 жыл түрмөдө отуруп, эки ай мурда саламаттыгы кескин начарлап кеткенде бошотулган. Маркум тагылган айыпты четке кагып, темир тор артынан да Казакстандын режимин сындап келген.

Казакстандык жана эл аралык коомчулук Арон Атабектин өлүмүнө реакциясын билдирип жатат.

Саясат таануучу Досым Сатпаев ​"өз элине акыйкаттык издегени үчүн 15 жыл камалган Атабектин өмүрүн абак кыскартканын" жазды.

"Абак анын түбүнө жеткени кайыгылуу, өмүрүнүн акырында эркиндиктен, кадимки турмуштан ыракат ала алган жок. Баатыр, тарых, легенда, биз сизди унутпайбыз",-деп жазды журналист Ирина Медникова.

"Түрмөнүн азабын көрдү. Бирок түрмөдө отурган көптөгөн башка адамдардан айырмаланып сынбады, өзүнүн идеясынан кайтпады. Мен аны эң биринчи кезекте ушул үчүн сыйлайм. Ушундай күрөшү, баатырлыгы үчүн сыйлайм",-деди саясатчы Жасарал Куанышалин.

"Арондун рухун сындыра алышкан жок. Анын руху өчпөйт. Биз балдарыбыздын, неберелерибиздин атын Арон деп коебуз. Акыр аягында бийлик алмашат. Ошондо жазыксыз соттогондор, Аронго түрмөдө азап чектиргендер сөзсүз кылмыш жообуна тартыларына ишенем”,-дейт активист Мурат Шорманов.

Human Rights Watch эл аралык уюмунун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мира Риттман дагы билдирүү жазды.

“Казакстандык диссидент Арон Атабектин өлгөнүн угуп алып, абдан кейидим. 15 жыл (!) абакта отуруп, жакында бошотулган. Ден соолугу талкаланган, сүрөттөрдө анын аябай арыктаганын көргөнбүз. Үй-бүлөсүнө, маркумду жоктоп отурган бардык адамдарга терең көңүл айтам”,- деп жазды "Твиттерге".

Ал эми Норвегиянын Хелсинки комитети "казак бийлиги түшүндүрмө берүүгө тийиш" деп "Твиттерге" аркылуу билдирүү жасады.

Арон Атабек деген адабий ысымы менен белгилүү акын Арон Едигеевдин каза болгону жөнүндөгү маалыматты маркумдун бир тууганы Разия Нутышева "Азаттыктын" казак кызматына 24-ноябрдын кечинде бышыктады. Шаардагы ооруканалардын биринде жаткан Атабектин жүрөгү токтоп калган.

Ал коронавирус инфекциясы өтүшүп кеткенден кийин 20-октябрда реанимацияга жаткырылган. Кийин комага түшүп, жасалма дем алдыруучу жабдыкка туташтырылган. Жакындары жана аны менен жолуккандар абактан бошоп келгенде эле алсырап, кыйналып турганын айтышкан.

Өмүрүнүн акыркы 15 жылын Атабек түрмөдө өткөргөн. Ага 2007-жылы полициянын өлүмү менен аяктаган нааразылык акциясын уюштурган деп айып тагылып, 18 жылга кесилген.

Атабек күнөөсү жоктугун айтып, темир тор артынан да чыгармачылыгы аркылуу Казакстан бийлигин сындап келди.

Быйыл 1-октябрда "айккыс ооруга чалдыгып, саламаттыгы начарлаганына байланыштуу" деген аныктама менен абактан бошотулган. Калган мөөнөттү эркиндигин чектөө менен алмаштырышкан.

Маркум түрмөдө аны сабап, кыйнап, начар шартта кармашканын айтып берген.

Августта Кыйноолордун алдын алуу улуттук уюмдун катышуучулары Павлодардагы абакка барып, анын абалы менен таанышкан. Тааныгыс болуп арыктаган, териси менен сөөктөрү калган диссиденттин сүрөттөрү нааразылыктын толкунун жаратып, аны бошотуу чакырыктары көбөйгөн.

Түрмөдөн чыккандан кийин Атабек "Азаттык" радиосуна интервью бергенде, аны "алдап" алып чыгышканын, Алматыга жөнөтүшөрүн акырына чейин түшүндүрүшпөгөнүн айтып, "өлсүн" деп чыгарышкан деген оюн ортого салган.

"Ден соолугума байланыштуу бошотпой эле коюшсун деп дароо айттым. Мени жок жерден жаманатты кылып каралашкан, эми толук акташсын, материалдык кенемте төлөп беришсин".

Укук коргоочу уюмдар акынды саясий туткун деп таанышкан. Жылдар бою казакстандык жана эл аралык укук коргоочулар анын азат кылынышын талап кылып келишти. Маркумдун сөөгү 26-ноябрда жерге берилет.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG