Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

Борбор Азия

Мадина Мухамаджанова.
Мадина Мухамаджанова.

Дүйшөмбү шаарынын Сино районунун прокурорунун биринчи орун басары Сухроб Салимзода кызматтан алынды. “Озоди” радиосу өз булактарына таянуу менен анын кызматтан кетишине “Мадинанын ишин" адилетсиз тергегени себеп болгонун кабарлаган.

32 жаштагы Мадина Мухамаджонова жаткан Дүйшөмбү шаардык ооруканасынын реаниматологдорунун бири өткөн аптада "Азаттык" радиосунун тажик кызматына билдиргендей, учурда бейтаптын абалы тууралуу так маалымат айтуу кыйын.

Дарыгерлер Мадина абанын жетишсиздигинен улам муунуп, мээси жабыркаган болушу мүмкүн экенин билдиришкен.

Тажикстандын Башкы прокуратурасынын 1-ноябрда тараткан расмий маалыматына ылайык, Мадина Мухамаджонованы уурдап, ур-токмокко алынышына шектүү жубайлар – Лутфулло Давлятов менен Азиза Давлятова кармалып, кылмыш иши козголгон.

Аялы “Адам өмүрүнө кол салуу”, күйөөсү Лутфулло Давлятов болсо “Кыйноо” беренелери менен айыпталууда. Дүйшөмбү шаарынын акими Рустам Эмомали бул окуяны жеке көзөмөлүнө алганы кабарланган.

Азиза Давлятова, Мадина Мухаммаджонова, Лутфулло Давлятов.
Азиза Давлятова, Мадина Мухаммаджонова, Лутфулло Давлятов.

Социалдык тармактардагы маалыматтарга караганда, Азиза Давлятова аттуу аял Мадинаны уурдап кетип, катуу сабаган.

Азизанын күйөөсү Мадина менен чогуу иштегендиктен, аял жолдошун кызганганы айтылууда. Кыйноого күйөөсүнүн канчалык тиешеси бар экени белгисиз.

Давлатали Давлатзода.
Давлатали Давлатзода.

Шектүү катары камалган Лутфулло Давлятов Тажикстандын бийликтеги Элдик-демократиялык партиясынын төрагасынын мурдагы орун басары, парламенттин төмөнкү палатасынын депутаты Давлатали Давлатзоданун уулу.

Тажик аткаминер келини Азиза Давлятова мыйзам алдында жооп бериши керектигин, уулу бул ишке такыр тиешеси жок экенин “Озоди” радиосуна курган маегинде билдирген.

"Азыр Лутфуллого айып тагабыз деп жатышат, бирок ал эмнеге күнөөлүү, түшүнбөйм. Биринчиден, Лутфулло бул жаңжалга катышкан эмес. Ошол учурда ал Дүйшөмбүдө болчу, жаңжал борбордон тышкары жерде болгон. Экинчиден, уулум камалганга чейин күн сайын таңкы саат 5-6да Мадинанын дарылануусуна байланышкан маселелер менен алек болгон. Ал көп акча карыз болчу, анткени ал күн сайын анын дарылануусуна керектүү дары-дармектерди сатып алчу”, - дейт Давлатзода.

Амон Карабаев
Амон Карабаев

Ал арада кызы Мадинанын оор акыбалда жатканын уккан атасы Амон Карабаев өзү жашаган Орусиянын Краснодар шаарынан Дүйшөмбүгө учуп келген.

Ал "Азаттык" радиосунун тажик кызматына курган маегинде, "Мадинанын иши" тыкыр текшерилиши керек экенин эскерткен.

"Кызымды акыркы жолу кандай көрсөм, кайра ошондой абалга келишин каалайм. Бул трагедия эч качан болбошу керек эле. Неберемдин жанында апасы болушу керек. Экөөнүн тең Орусияга биротоло келишин жана Лутфулло Давлятовду өмүрүндө кайра жолуктурбасын тилейм. Кызым Мадинанын жашоосуна бул чуулгандуу күн так салбашын каалайт элем. Жогорку инстанциялар окуяны терең изилдеши керек", - деди Мадина Мухамаджонованын атасы.

Октябрь айынын этегинде жарандык активисттер эс-учун жоготуп ооруканага жеткирилген Мадинага карата сот адилетсиздигине нааразылык билдиришкен. Алар Дүйшөмбү шаарынын мэрине, Тажикстандын башкы прокуроруна жана Ички иштер министрлигинин жетекчисине кайрылуу жасашкан.

"Бул кылмышты жасаган шектүүнүн оюнда өч алуу, сүйүү, таарыныч, көрө албастык болгон. Айрыкча мыкаачылык менен сабаган аялды кантип актоого болот? Албетте, эмне болгонун жана бул мыкаачылык кылмышка ким жоопкер экенин божомолдоп гана айта алабыз" деп жазылат активисттердин кайрылуусунда.

“Мадинанын иши” 2-ноябрда президент Эмомали Рахмон өткөргөн жыйында да талкууланган. “Озодинин” өз булагы мамлекет башчы ур-токмокко алынган аялдын иши тергелбегени үчүн тиешелүү органдарды катуу сынга алганын билдирген.

Бул чуулгандуу окуя Тажикстанда чоң резонанс жаратып, Дүйшөмбү шаарынын Сино районунун прокурорунун биринчи орун басары Сухроб Салимзода кызматтан алынды.

Ал “Мадина иши” боюнча шек саналган кишиге мунапыс берүү жөнүндө токтомго кол койгон. Сухроб Салимзода – Тажикстандын мурдагы башкы прокурору Шерхон Салимзоданын небереси.

Буга чейин, 2-ноябрда Сино райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Зафар Исмоилзода да иштен алынган.

25-августта Мадина Мухамаджонова уурдалып, бир күндөн кийин ур-токмоктун белгилери менен эс-учун жоготкон абалда ооруканага жеткирилген. Бул окуя эки айдан кийин гана коомчулукка белгилүү болгон. Дүйшөмбүнүн укук коргоо органдары күнөөлүүлөрдү жоопко тарткан эмес.

Борбор Азия "Талибанды" тааныбайт, сооданы жандантат
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:24 0:00

Борбор Азия өлкөлөрү Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» өкмөтүн расмий тааныбаса дагы Кабул менен диалогду үзбөй жүргүзүү зарылдыгын белгилешет. Коңшулардын оогандар менен экономикалык алакасы, кызыкчылыгы ар кандай деңгээлде. Соңку маалда соода-сатыкта, жүк ташууда кыймыл жандана баштады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG