Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:13

Борбор Азия

Стамбулдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити.
Стамбулдагы Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин саммити.

12-ноябрда Стамбул шаарында Түрк кеңешине мүчө өлкө башчыларынын "Жашыл технологиялар жана санариптик доордогу акылдуу шаарлар" темасындагы сегизинчи саммити өттү.

Саммитке президент Садыр Жапаров, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан катышты.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулу Бердымухамедов байкоочу өлкө макамында биринчи жолу келди.

Саммитте Түрк кеңешин мындан ары Түрк мамлекеттер уюму деп атоо чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган маалымат жыйынында билдирди.

Ал ошондой эле самиттин жыйынтыгында, өлкө башчылары "Түрк дүйнөсүнүн көз карашы – 2040" стратегиялык документке кол коюшканын кабарлады. Бул документте түрк тилдүү мамлекеттердин жакынкы 20 жылда коопсуздук, транспорт жана бажы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар, энергетика, туризм, саламаттыкты сактоо, экология, айыл чарба маданият, билим жана илим, жаштар жана спорт, диаспоралар менен иштөө ж.б. тармактардагы кызматташуусун тереңдетүү боюнча "жол картасы" болору айтылды.

Бишкектин сунушу

Саммите Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган түрк тилдүү мамлекеттердин арасында соода экономикалык чектөөлөр алынышын жана кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган.

"Биз соодабызды да, өз ара инвестициябызды да тездик менен көбөйтүүгө тийишпиз. Өлкөлөр ортосундагы соодада бардык тарифтик эмес чектөөлөрдү алып салышыбыз керек. Ушул максатта сооданы жеңилдетүү стратегиясы боюнча документке кол коюуга өзгөчө маани берем. Бирок оор жүк тарткан унаа, аба жана деңиз жолдору менен бири-бирибизге бекем байланышпасак, биз каалаган натыйжага жете албайбыз. Биз күн тартибинен транзиттик документтерди алып салышыбыз керек, бажы мыйзамдарын жана практикасын шайкеш келтирип, жол кирени атаандаштык деңгээлге жеткиришибиз керек",- деди Эрдоган.

Ал ошондой эле "Түрк инвестициялык фонду" түптөөнү сунуштады.

Президент Садыр Жапаров.
Президент Садыр Жапаров.

Саммитте сөз сүйлөгөн президент Садыр Жапаров фондду Кыргызстанда негиздөөнү сунуштады.

"Биздин мамлекетте түрк уюмдарынын жоктугун эске алып, бул финансылык институтту - Түрк инвестициялык фондун Бишкек шаарында жайгаштырууну ылайык көрөбүз. Фондду Кыргызстандын борборунда жайгаштыруунун финансылык гана эмес, саясий да мааниси бар. Кыргызстан - Түрк кеңешинин негиздөөчүлөрүнүн бири. Ал эми, биздин Кеңешибиздин негизги документтеринде тең укуктуулукту сактоого жана урматтоого чоң маани берилген. Андыктан, Түрк инвестициялык фондун Кыргызстанга жайгаштыруу Түрк кеңешинин миссиясына толугу менен жооп берет",-деди Жапаров жыйында.

Муну менен катар Жапаров чөлкөмдөгү саясий кырдаалга көңүл буруп, түрк тилдүү мамлекеттерди тынчтык платформасын курууга үндөдү.

"Учурдагы кырдаалды эске алып, Кыргызстан түрк дүйнөсүнө, жалпы эле эл аралык коомчулукка "Борбордук Азия – тынчтыктын аймагы" деген платформаны түзүү идеясын сунуштайт. Борбордук Азия - демографиялык өнүгүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду ээлеген аймак. Ата-бабаларыбыз байыртадан тынчтыкта жана ынтымакта жашоонун принцибин, сабырдуулукту жогору баалап келген. Биз аны жаңы кырдаалда ыйык тутуп, биздин аймакты тынчтыктын, бир туугандыктын, ынтымактуу коңшулардын аймагы катары көргүбүз келет. Борбордук Азиянын элдери эзелтен тынчтыкты сүйүп, жанаша жашоонун принциптерин баалай билген".

Саммит "Демократия жана эркиндик" аралындагы комплекстте өттү.
Саммит "Демократия жана эркиндик" аралындагы комплекстте өттү.

Саммите каралган эң негизги темалар Түрк кеңешинин ишмердүүлүгүнө жана келечегине байланыштуу маанилүү чечимдердин кабыл алынышы жана келечектеги 20 жыл ичинде түрк тилдүү мамлекеттердин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгуу планы талкууланды.

Ошондой эле Стамбулдагы жыйынында Түрк Кеңешинин атын "Түрк мамлекеттер уюму" деп атоо чечими кабыл алынды.

Кыргызстан-Өзбекстан соода байланышын жакшыртат

Ал эми саммитинин алкагында президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолукту.

Анда өлкө башчылары соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча сүйлөштү.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусунда эки тараптуу кызматташуу, анын ичинде соода-экономикалык багытка басым жасап, эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүгө реалдуу мүмкүнчүлүк бар экенин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, ушул жылы президенттер Садыр Жапаров менен Режеп Тайып Эрдогандын 9-июндагы жолугушуусунда да эки өлкөнүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү тууралуу пландар талкууланган болчу.

Түрк дүйнөсүнүн борбору - "Демократия жана эркиндик" аралы

Саммит өткөн "Демократия жана эркиндик" аралындагы комплекс былтыр май айында ачылган. Түркиянын тарыхында бул аралдын өзгөчө мааниси бар. Бул жерде 1960-жылдагы аскердик төңкөрүштүн ондогон айыпталуучулардын соту өткөн. Аралдын аты мурун Яссыада деп аталып, анда атайын курулган сот ошол кездеги премьер-министр, министрлерди өлүм жазасына тарткан. Мындан улам Стамбул шаарына жакын чакан арал каралбай, ээн калган.

Кийин 2016-жылы президент Режеп Тайып Эрдогандын буйругу менен аралга "Демократия жана эркиндик аралы" аты берилип, ага китепкана, музей жана спорт комплекси курулган.

Президент Эрдоган маалымат жыйынында дал ушул арал "түрк дүйнөсүнүн түптөлгөн борбору" деп сыпаттады.

Ал эми Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңеши 2009-жылдын октябрында түзүлүп, ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркия түптөөчүлөр катары кирген. Өзбекстан уюмга кошулууга ниетин 2018-жылы апрель айында билдирип, 2019-жылы Бакуда өткөн Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынында мүчө болгон. Венгрия уюмда байкоочу макамга ээ.

Жапаров түркиялык ишкерлер менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда, Стамбул шаарында Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Аларга Баткен облусуна инвестиция салууну сунуштады.

Мамлекет башчысы түркиялык ишкерлерге облуска өзгөчө макам берилгенин айтып, бул бизнести өнүктүрүп, жергиликтүү элди жумуш менен камсыз кылып, аймактын өнүгүшүнө мүмкүндүк бере турганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Стамбул. 11-ноябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров Түркиянын ишкерлери менен жолугушту. Стамбул. 11-ноябрь, 2021-жыл.

Президент Баткен аймагында өзгөчө жеңилдетилген салык жана инвестициялык режим иштей турганын кошумчалады. Ага ылайык, Баткенге инвестиция салган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн: мүлк салыгы, жер салыгы, пайда жана сатуу салыгынан бошотулат. Өндүрүшкө зарыл болгон жабдууларды ташып келүүдө бажы төлөмү алынбасын, киреше салыгы 10 пайыздан 5 пайызга түшүрүлөрүн айтты.

Мамлекет башчы түрк инвесторлорунун долбоорлорун илгерилетүүдө ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин белгиледи.

Кыргызстандагы түрдүү тармактарда түрк капиталы бар 300дөй компания иштейт. Анда жалпысынан 5000дөн ашуун кыргызстандык эмгектенет.

Жаңы концепция диний абалды жакшырта алабы?
please wait

No media source currently available

0:00 0:49:15 0:00

2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы кабыл алынды. Жаңы концепцияда эмнелер камтылды, учурда Кыргызстандагы диний абал кандай? Мамлекет менен диндин мамилеси жана өз ара катышы кандай болушу керек? Ушул жана башка суроолорду “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” программасында талкуулайбыз.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG