Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:57

Борбор Азия

бейшемби 18 Февраль 2021

Камчыбек Ташиев, 18-февраль, 2021-жыл, Баткен.
Камчыбек Ташиев, 18-февраль, 2021-жыл, Баткен.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  18-февралда Баткенде чек арада жайгашкан айыл тургундары менен жолукту.

Жолугушууда ал чек арада жашаган элдин суроолоруна жооп берип, алдыда чоң өзгөрүүлөр болорун, жакын арада президент менен жолугуп, чечимдер кабыл алынарын айтты.

Камчыбек Ташиев менен жолугушууга келген эл негизинен чек араны тактоо, бул багыттагы саясат жана аракеттер боюнча пикир-сунуштарын айтып, коопсуз жашоону камсыздоону суранышты.

Камчыбек Ташиев Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларды тактоо боюнча эки тараптуу өкмөттүк жумушчу топтун жолугушуусу март айында жанданарын билдирди. Чек араны тактоо иши митинг эмес, дипломатиялык жол менен чечилерин эске салды.

“Бизге басым жасап, ультиматум коюп, "бүгүн чечип бергиле" деген болбойт. "Бүгүн чечесиңерби?" деп кокодон албагыла. Биз аракет кылып чечебиз. Кандай мамиле жасашса, ошондой жооп кайтарабыз, кыжалат болуунун кереги жок. Бизге колдоо көрсөтүп, жардам берсеңер ошол иштерди жасайбыз”.

Чек арадагы эл буга чейин да бир нече жолу тиешелүү жетекчилерге көйгөйдү чечүү боюнча кайрыла берип иш жылбай жатканынан тажашканын айтышты.

Ак-Сай айылынын тургуну Зайнидин Дубанаев бийликтин кайдыгерлиги элди нааразы кылып келгенин айтты.

"Жетекчилерибиз кошуналарга талап коюп, сүйлөшүү жүргүзө албай келген. Чек арадан 500 метр аралыкта курулуштарды жүргүзбөө тууралуу келишим бар. Биздин курулуштар токтойт, алардыкын токтото алышпайт. Аткезчилик менен товар ташуу чек арада токтогон жок".

Көк-Таш айылынын башчысы Разия Өсөрова мамлекет тарабынан чек ара айылдарына атайын макам берилгени менен, бир да жеңилдик болбой жатканын айтты:

“Мамлекет бизге "чек арадагы айыл" деген статус бергени менен, ичинде эч нерсеси жок баштыкты карматып койгон. Жер, суу, салык, социалдык төлөмдөр маселесине өзгөчө көңүл бурушу керек. Ошондо эл чек арадан кетпей жашамак".

Баткенге өзгөчө макам берилет
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:01 0:00

Камчыбек Ташиев элдин суроолоруна жооп берип, жакынкы күндөрү чек араны кайтарууда өзгөрүүлөр болорун айтты. Мындан тышкары буга чейин чек араны тикен зымдар менен тосмолоо бир жылда 15 чакырым болсо, быйыл 150 чакырымды тосууга каражат бөлүнөрүн маалымдады. Жакын арада президент менен чек ара маселелери боюнча жолугушуу болуп, элдин суроо-талаптарын түз жеткирип, чечимдер кабыл алынарын билдирди.

Жолугушууда Баткен облусуна өзгөчө макам берүү менен облус башчысына жергиликтүү жетекчилерди кызматка дайындоо, бошотуу, каржылык фонд түзүү сунуштары да айтылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев эл менен жолугушуудан кийин аймактагы атайын кызмат өкүлдөрү менен жабык жыйын өткөрүп, тиешелүү тапшырмаларды бергени айтылды.

Февралдын башынан бери Тажикстан жана Өзбекстан менен чек араларда улам-улам жаңжал чыгып, тургундар чек ара маселесин тез арада чечүүнү талап кылып, бир нече жолу кайрылуу жасашкан.

Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасынын 40 пайызы, Өзбекстан менен 10 пайыздайы тактала элек.

10-февралда Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин сайтына кыргыз-тажик чек арасы боюнча билдирүү жарыяланып, ортодогу тилкенин делимитация жана демаркация иштери бүтө электиги, сүйлөшүүлөр уланып жатканы белгиленген.

Мекеме кыргыз тарапты чек ара маселелери боюнча билдирүү жасоодо этият болууга чакырып, такталбаган маалымат чек арадагы абалдын туруктуулугун бузушу ыктымал экенин билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 12-февралда Германиянын борбору Берлин шаарындагы клиникалардын биринде жүрөгүнөн операция болгон. Ал Кыргызстанга 18-февралда учуп келип, ошол эле күнү Баткенге иш сапары менен барды.

Камчыбек Ташиев октябрдагы элдик толкундоодон кийин Садыр Жапаровдун командасы менен бийликке келген. Ал атайын кызматтын башчысы болуп октябрда дайындалган. Жапаров ошол эле замат аны Чек араны тактоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси кылып дайындаган. Мындан тышкары Чек ара кызматы УКМКнын карамагына өткөрүлгөн.

Cабинелла менен Айдананы мындан эки жыл мурда Казакстандын атайын кызматы “Жусан” деп аталган программанын негизинде Жакынкы Чыгыштан мекенине кайтарган.

Экөө тең аларды согуш болуп жаткан аймакка балдары менен чогуу күйөөлөрү алып кеткенин айтышат.

Алардын түгөйлөрү “Ислам мамлекети” террорчул тобунун жоочуларынын катарына кошулуп, аялдары кан төгүлгөн жерде балдарын асырап калган.

Айдана менен Сабинелланын таржымалын өздөрүнөн уксак.

“Биз Казакстанга эми кайтпайбыз...”

Айдананы (аты өзгөртүлдү – ред.) күйөөсү Сирияга 2015-жылы алып кеткен. Колунда сегиз айлык баласы бар жаш келин кан күйүп турган аймакта баш-аягы төрт жыл жүргөн.

“18 жашымда өзүмдөн 13 жаш улуу, динге берилген адамга турмушка чыктым. Ага намазды жаңыдан окуй баштаган кезде жолуккам. Диний буюм-тайымдар сатылган дүкөндө иштеп жүрчүмүн, үйлөнгөндөн кийин жумушка жибербей койду.

Күйөөм жогорку билимдүү адам эле, мунай компаниясында инженер болуп иштечү. Ал менин көңүлүмдү эч качан ооруткан эмес, кам көрүп, каалаганымды алып берчү. Мен атасыз чоңойгом, ушундан уламбы, анын айткандарынын баары мага мыйзам болчу.

2015-жылы май айында Стамбулга сапар тарттык. Акчабызды чогултуп, барып-келгенге билет сатып алганбыз.

Сегиз айлык уулубузду көтөрүп алып, шаар кыдырдык. Кайра үйгө кайтарда күйөөм “Сирияда исламга негизделген мамлекет түзүлүп жатат, ал жакта баары шарият менен жашайт. Бүгүн кечинде мейманканадан алып кетишет, алар бизди Түркия менен Сириянын чек арасына алып барышат. Биз эми Казакстанга кайтпайбыз!”, - деди.

Мен ошол күнү күйөөм Сириядагы “агайындар” менен сүйлөшүп жүргөнүн билдим. Мен ага ыйлап, жалынып-жалбарып сурандым, бирок ал айтканынан кайтпай койду.

Бизди мейманканадан белгисиз адамдар алып кетти. Машине менен Түркиянын Сирияга чектеш Газиантеп шаарына жеттик. Чек арадан түн бир оокумда өттүк. Уулумду боорума кысып алып, коркуп кайсы бир жүгөрү талаасын аралап чуркап баратканым эсимде...

Биз актөбөлүк бир үй-бүлө менен Сириянын батышындагы мунай чыккан жерден алыс эмес Эль-Меядин (бул шаарды “Ислам мамлекети” террорчул тобу 2014-жылы июлда басып алган, өкмүттүк күчтөр аны 2017-жылы октябрда бошоткон – ред.) деп аталган шаарды байырлап калдык.

Күйөөм жогорку билимдүү, англис тилин билген тажрыйбалуу инженер болгондуктан бизге бардык шарты бар, ыңгайлуу үй беришти.

Бизден башка үч баласы бар казакстандык үй-бүлө барган эле. Кийин алардын алты жаштагы Асан (аты өзгөртүлдү – ред.) аттуу гана уулу Казакстанга кайтып барды.

Бала көтөргөн аял.
Бала көтөргөн аял.

Биз жашаган жерде мунай чыкчу. Судан, Тунис жана Индонезиядан келгендер көп эле. Күйөөм жумушка таң атпай кетип, түн бир оокумда келчү. Маал-маалы менен жардыруулар болуп турчу. Андай учурда аялдар балдарын алып, жертөлөгө жашынчу.

Биз Эль-Меядинде алты айга чукул жашадык, андан соң түндүктөгү Эт-Табка шаарына көчүп келдик. Күйөөм ушуну каалады.

2016-жылдын башы болчу. Мен күйөөмдөн “мекенибизге кетели” деп өтүнө берчүмүн. Ал курал-жарак сакталган кампаны кайтарчу жана ДАИШ (“Ислам мамлекети” террорчул тобунун дагы бир аты – ред.) тууралуу баштапкы ой-пикири өзгөрө баштаган. Бир күнү ал мага “Бул жактан кетүү өтө кыйын. Эгер мен өлсөм, уулубуз үчүн кайраттуу бол. Казакстан менен байланышыңды жоготпо” деди. Ал ошондо өлөрүн билгендей эле айтыптыр. 2016-жылы 23-декабрда курал-жарак кампасына урулган авиасоккудан ажал тапты. Ошол жылы ал 36га чыкмак.

“Көрөр күнүм, ичээр суум түгөндүбү?...”

Сирияда көргөн күнүмдү душманыма да каалабас элем. Соңку эки жарым жылды эптеп жан багуунун гана айласын кылып өткөрдүм. Таңга маал бомба жарылып, асман анын жарыгынан агара түшкөндө ажалым жеттиби, ичер суум түгөндүбү деп ойлочумун. Мен өлсөм балам эмне болот деп кайгыга батчумун.

ДАИШ күйөөсүнөн ажыраган келиндерди “жесирлер үйүнө” жайгаштырчу. Алар ал жакта төрт ай, он күн аза күтүшчү, андан кийин башка кишиге менен никеге турганга уруксат беришчү. Мен дагы мындай үйдө бир канча убакыт болдум. Мага үйлөнгүсү келгендер көп эле, бирок мен уулумду октон, өрттөн кантип сактап калам деген ой менен алпурушуп жашадым.

Ракка, Сирия.
Ракка, Сирия.

Соңку эки жылда биз такай жер которуп жүрдүк. Бир конуштуу айылдан экинчисине жөө-жалаңдап жеткен күндөр да болду. Кайсы жерге барбайлы кан, ок-дары жыттанып турчу. ДАИШтин жоочулары жана жергиликтүү тургундар өлгөн адамдарды жерге бергенге үлгүрбөй да калышар эле. Биздин үстүбүздө пилотсуз учактар учуп жүрчү, кыймылдагандын баарын атчу.

Раккадагы бир аял көз алдымдан кетпейт. Атыраудан болчу. 13 жаштагы уулу мерт болуп, сөөгү так көчөнүн ортосунда жатты. Ал уулунун сөөгүн көмүү үчүн көмөк сурап, баарына жалынып жатты. Адамдар көчөгө чыккандан коркуп турушту. Шордуу аял уулуна сойлоп жетип, жерди колу менен тытмалап казды. Уулунун сөөгүн жолбун иттерге, карга-кушка жем болбосун деп өзү көмдү...

Биз бир канча күн казылган аңда жашырынып жаттык. ДАИШ байырлаган акыркы шаар Багузга чабуул жасалганда, биз эшикте, Ефрат дарыясынын боюнда түнөдүк. Суунун боюнда кол чатырга окшогон чөп өсөт эле, аталышы эсимде жок. Биз аны терип алып улпакка көөлөп жечүбүз. Күндүз анардын бутактарын жулуп келип, чүпүрөккө ороп отко жакчубуз.

Мен Багузда жашоо опурталдуу экенин сезип, тобокелге бардым. Акыркы 200 долларымды жергиликтүү бир тургунга берип, күрддөрдүн лагерин көрсөтүп коюшун сурандым.

"Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары. Багауз.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун жоочулары. Багауз.

Жергиликтүү тургундар арасында ортомчулар тууралуу көп эле укчубуз. Кээ бирлери алар алдап кетишерин айтышчу, башкалары атайлап мина катылган талааларга баштап барарын кеп кылышчу. Мен аябай корктум, бирок андан башка аргам да жок эле. 2019-жылы январда ортомчу бизди күрддөрдүн “Ал-Холь” лагерине жеткирди.

“Мен эч нерсени жашыргым келбейт”

“Аль-Холдо” мен баягы актөбөлүк, биз менен Сирияда коңшу турган үй-бүлөнүн тун уулу Асанды жолуктурдум. Ал ата-энесинен ажырап калган экен. Карындашы бомбалоо учурунда, иниси ачарчылыктан улам чарчап калыптыр. Жалгыз калган Асанды араб балдар менен чогуу ушул лагерге алып келишкен экен. Сирияда жүрүп күрд тилин үйрөнүп алгам. Анын пайдасы тийди.

Күн сайын уулум менен араб качкындарынын лагерине келчүмүн. Мага Асанды бергилери келишчү эмес. Бирок мен аларды тажатып күндө бара берип, акыры алып кеттим. Казакстанга келгенде аны менен чогуу Актаудагы реабилитациялык борбордо болдук. Уулум аны өз байкесиндей көрөт.

Качкындар лагеринин жалпы көрүнүшү. Аль-Холь, Хасака. Сирия.
Качкындар лагеринин жалпы көрүнүшү. Аль-Холь, Хасака. Сирия.

Биз Казакстан өз жарандарын алып кеткени жатканын лагерге Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү келгенде билдик. Алар лагерлерди кыдырып, казакстандыктарды издеп жүрүшкөн экен. Алар алгач тизме түзүштү, андан кийин автобуска салып аэропортко алып келишти.

Учак Актаудагы аэропортко 2019-жылы 7-майда таңга маал конду. Кызыктай сезимге бөлөндүм. Бир чети ыраазы болуп, экинчи чети уялып да турдум.

Биз Актаудагы реабилитациялык борбордо бир ай болдук, анан Актөбөгө келдик. Кайын-журтум бизди, уулунан калган жалгыз туякты кучак жая тосуп алышты.

2015-жылы биз Стамбулга барганыбызда күйөөм уулубузга оюнчук машине сатып берген. Биз октон, өрттөн ошону гана сактап кала алдык. Мен уулума атасынын бул белеги тууралуу, анын көзү өтүп кеткенин айтып бердим. Бирок кандай жагдайда мерт болгонун түшүндүрүп бере албадым. Ал эрезеге жеткенде атасы жаза басып жаңылганын, анын куну кымбатка турганын да айтып берем. Мен эч нерсе жашыргым келбейт. Ал түшүнөт деп ишенем.

Азыр биз уулум экөөбүз менин апам менен Кандыагашада турабыз. Балам 1-класска барды, ага шахмат ойногон жагат. Жакында эле мелдеште байгелүү орун алды. Мен болсо орусиялык университетте теология адистиги боюнча билим алып жатам.

Аль-Холь лагериндеги аялдар.
Аль-Холь лагериндеги аялдар.

Буга чейин диний билимим бар деп жаңылышып жүргөн экем. Азыр менин катамды башкалар кайталабаса экен деп тилейм. Келечекте билимимди, тажрыйбамды башкаларга жардам бериш үчүн пайдалангым келет.

Уулумду мекенчил кылып тарбиялоону самайм. Дипломумду алып, апамдын үмүтүн актагым келет. Ал башында менден көп нерсе күтчү. Апама кам көрүп, ал көргөн азап-тозокту унуткаргым келет.

Жашоомдун төрт жылы текке кетти. Балким бул тагдыр маңдайыма жазылгандыр... Ошондуктан буга байланыштуу күйөөмдү күнөөлөп, артта калган нерселерди казгым келбейт. Ал дагы жаза тайып жаңылышты. Ал ката кетиргенин түшүнгөндө өтө кеч болуп калган эле.

Айрымдар Сирияга бара турганыбызды убагында билген эмесмин деп айтсам ишенишпейт. Бирок мен эч кимге таарынбайм. Адамдар бирөөнүн катасын бат көрөт, кемчилигиңди бат байкашат. Бирок Кудайдан башка эч ким өкүнгөнүңдү көргүсү келбейт.

Айланаңарды карасаңар, жаза басып жаңылган жалгыз мен эмесмин. Ооба, мен кетирген ката башкалардыкына окшобошу мүмкүн. Мен муну жакшы билем. Бирок менден шек санап, жеришпесе... Мен ансыз деле өз жазамды алдым.

Кудайга ушул күн үчүн ыраазымын. Кээде бул түшүм болуп калсачы деп коркуп кетем".

“Сирияга күйөөм алып кеткен...”

Сабинелла Аязбаева күйөөсү, үч баласы менен Сирияга кеткен. Ал жактан дагы эки балалуу болгон. Жакынкы Чыгышта баш-аягы төрт жыл жүргөн.

“Азаттык: Сирияга кеткиче жашоо-шартыңар кандай эле?

Сабинелла Аязбаева: Баары сонун болчу. Өзүбүздүн батирибиз, бизнесибиз бар эле. Эч нерседен өксүбөй жашачубуз. Күйөөм экөөбүз үйлөнгөнгө чейин эле ислам динин чогуу кабыл алып, мечитке барып намаз окуп жүрчүбүз. Күйөөм салттуу эмес ислам тууралуу маалымат булактарды интернеттен, ар кандай шилтемелер аркылуу ала баштады. Мен эмнеге мындай кылганын билбейм. Башында ал мага эч нерсе айткан эмес.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Азаттык”: Күйөөңүз Сирияга баруу тууралуу качан сөз кыла баштады?

Сабинелла Аязбаева: Үйлөнгөнүбүзгө үч жыл болгондон кийин баары кокусунан эле башталып кетти: 2014-жылы Сирияга кетерибизге бир апта калганда мага жолго тез камынып, паспортторду алуу керектигин эскертти.

Ал “мусулман аттуунун баары ошол жакта, биз эле калдык” деп туруп алды. Ал жакта исламга негизделген мамлекет, халифат түзүлгөнүн, балдарыбыз ошол жакта билим аларын айтты. Мен ушуга ынандым окшойт.

“Азаттык”: Күйөөңүз ал жакта согуш болуп жатканын айткан жокпу?

Сабинелла Аязбаева: Ал мага согуш мамлекеттин сыртында болуп жатат, чек аралар бар экенин, андан эч ким өтүп келе албасын, эч ким согушпаганын айтты. Мен буга ишендим. Ал кезде муну эч ким деле күтпөсө керек. Көпчүлүк аялдар күйөөлөрүн ээрчип кетти. Биз Сирияга аттанганда мен 25, күйөөм 28 жашта эле. Улуу балабыз алтыда, кичүүсү 1,5 жашта болчу.

“Азаттык”: Сирияга кантип жеттиңер? Ата-энеңерге эмне деп айттыңар?

Сабинелла Аязбаева: Күйөөм аларга “чыгыш шаарларына саякатка баратканыбызды” айтышымды суранды. Башында ошондой эле болду. Алгач Бакуга бардык. Ал жакта бир аптадай турдук, балдарыбыз менен шаар кыдырдык. Андан ары Грузияга жол тартып, Түркияга өттүк. Күйөөм “эч ким бизден шек санабасын, балдарыбыз эл-жер көрсүн” деген. Биздин саякат үч жумага созулду. Кийин ал Газиантепке барышыбыз керек экенин, ал жактан чек арадан өтүп Сириядагы Жералбус шаарына жетерибизди айтты.

Ракка шаарында аскердик маршка катышып аткан исламчыл жоочулар. Сирия. 2014-жыл.
Ракка шаарында аскердик маршка катышып аткан исламчыл жоочулар. Сирия. 2014-жыл.

Азаттык: Сизде кабатыр кылган ой жаралган жокпу?

Сабинелла Аязбаева: Биз чек арадан мына-мына өтөбүз деп турганда пайда болду. Бизге бул жакка барба, тигил жерден өтпө, анткени мина коюлган деп айтышты. Бирок бизди баштап барган ортомчулар жүргөн жерлерде мина жок болчу. Чек арадан өткөндөн кийин мен артка кылчайып, эми бир нерсе деп айтууга, өкүнүүгө кеч экенин түшүндүм. Сени таптакыр бейтааныш адамдар тосуп алды, алар кайсы тилде сүйлөп жатканын түшүнбөйсүң, алар кимдер экенин билбейсиң. Бизге ушул кооптуу жерден өтүп кетсек эле баары жакшы болот деп ишарат кылышты. Бирок жердин баары кооптуу, коркунучтуу болуп чыкты.

“Апам мини-инсульт алды”

Азаттык: Сирияга келгениңерде кандай болду?

Сабинелла Аязбаева: Келерибиз менен эле бизди экиге бөлүштү, күйөөмдү кайсы бир жакка алып кетишти. Мени балдарым менен чоң үйгө, башка аялдар менен чогуу жайгаштырышты. Мен башында күйөөмдү кайда алып кетишкенин билген жокмун жана мен аны экинчи көрбөй калам деп аябай корктум. Көп өтпөй орус тилдүү адамдар келип, күйөөмдү башкалар менен кошо аскердик даярдыкка алып кетишкенин, кайтып келерин айтышты.

“Азаттык”: Күйөөңүз жок кезде балдарыңыз менен кантип жан бактыңыз?

Сабинелла Аязбаева: Аялдар үйүндө жашаганыбыздан кийин бизге, ар бир үй-бүлөгө бирден батир беришти жана күйөөлөрүбүздү күтүшүбүз керектигин айтышты. Бул Ракка шаары (Сириянын түндүгүндөгү шаар, “Ислам мамлекети” террорчул уюму аны 2013-жылы басып алган жана экстремисттер көзөмөлдөгөн аймактагы негизги калаа болгон – ред.) эле.

Келгенибизден беш-алты күн өткөндөн кийин жапырт чабуул башталды. Бомбалар жарылган кезде терезенин айнеги күбүлүп түшчү. Үйлөр кыйрачу. Мен күйөөмө 40 күндөн кийин жолуктум. Ал “Сабыр кылышыбыз керек, артка кайта албайбыз, башка аргабыз жок” деп айтты.

Жарбулус, Сирия.
Жарбулус, Сирия.

"Азаттык": Эмнеге сабыр кылуу керектигин күйөөңүз түшүндүрдүбү?

Сабинелла Аязбаева: Ал мунун баары кудай үчүн жасалып жатканын, биз бул жакта болушубуз керектигин айтты. Кийин балдарыбыз азап чегип жатканын көрүп аларды алып кетишибиз керектигин, бирок артка жол жоктугун айта баштады. Биз үйгө качууну көп эле ойлондук, бирок анын баары ишке ашмак эмес. Качып кетүүнү каалагандарды таап алып, түрмөгө камап, өлүм жазасына тартышчу. Кийин турган ордунда атып салууга буйрук беришти. Мен тобокелге баруудан корктум. Биз ажалды күтүп гана жашап жүрдүк. Мен балдарымды жоготуп алуудан же балдарымдын жетим калышынан коркуп жүрдүм. Акыр-аягында күйөөмдөн айрылдым. Балдарым аман-эсен. Ал жакта уранды алдынан буту-колунан ажыраган аялдарды, балдарды сууруп чыккан күндөр болду. Ичеги-карыны булайып чууруп калгандарды да көрдүм.

“Азаттык”: Сирияда жүргөндө ата-энеңер менен байланышып турдуңарбы?

Сабинелла Аязбаева: Ооба, бирок айына бир гана жолу. Ал жакта интернет байланышын ченеп-чактап гана беришчү. Интернетти кошор менен дароо бомбалап кетишчү. Менин апам биздин саякаттап жүрбөгөнүбүздү дароо эле түшүндү. Анткени күйөөмө бир жолу чалганга уруксат беришкенде ал апам менен байланышып, Сирияда экенибизди айтыптыр. Аны уккан апам мини-инсульт алыптыр. Биз Сирияда жүргөн маалда апам ден соолугунан айрылды, атамдын дагы саламаттыгы начарлады.

“Казакстандан баргандар көп эле”

“Азаттык”: Кантип күн көрдүңөр?

Сабинелла Аязбаева: Биз жаңы барганда чоңдорго 50, ар бир балага 28 доллардан төлөшчү. Акча жашообузга кенен жетчү. Ага чейин чогулткан акчабызды короттук. Биз барган кезде баары ачык болчу, базарлар иштечү. Бомбалоо башталганда баары качып кетип, чабуул токтогондо жашоо кайра уланчу. Биз Сириянын бардык аймагында жашадык.

Калайман бомбалоо башталганда аялдар менен балдарды башка шаарларга жеткиришчү. Муну казак жамааты уюштурчу. Ал жакта Казакстандан баргандар көп болчу. Баары улутуна карап бөлүнгөн эле. Эгер сен араб болсоң кыйынсың, башка улуттан болсоң демек сортуң башка. Мен эмнеге мындай кылышканын билбейм, исламда улутка бөлүп-жарганга жол берилбейт да. Ал жакта кудайга жакпагандай акыйкатсыздык өкүм сүрүп турчу. Биз казакстандыктар негизинен Орусиядан, Дагестандан баргандар менен сүйлөшчүбүз. Бир немис аял да бар эле. Раккадан кийин бизди Шадат айылына алып келишти. Ал дээрлик казак айылына айланып калган, биз бул жерде эки жылдай жашадык. Ал жакты да бомбалашты, жашынууга, корголоого мүмкүн эмес эле, күн сайын адамдар өлүп турчу.

“Азаттык”: Күйөөңүздөн качан айрылдыңыз?

Сабинелла Аязбаева: Күйөөм 2017-жылы авиасоккудан ажал тапты. Аны чек ара кайтарууга жөнөтүшкөн. Ал Амирлердин айтканын аткарчу. Анын өлгөнүн мага угузуп, далил катары сүрөтүн, кийимдерин көрсөтүштү. Кантип жерге бергенин да видеого тартышыптыр. Ага чейин эки жолу жарадар болгон. Экинчисинде көзгө атардын огу башына тийип араң аман калган. Ооруканалар толуп калгандыктан ал үйдө дарыланган, өзүм карагам.

“Азаттык”: Сирияда жүргөндө дагы эки балалуу болупсуз. Ошондой шартта төрөгөндөн кооптонгон жоксузбу?

Сабинелла Аязбаева: Албетте кооптондум, бирок башка аргам жок эле. Үйдө көз жардым, башка келиндер жардам беришти. Бардык эле аялдар ошондой шартта төрөштү. Күйөөлөр адамдын санын көбөйтүү үчүн төрөш керектигин айтышчу.

“Багынуу кооптуу эле”

Азаттык: Абал качан начарлап кетти анан?

Сабинелла Аязбаева: 2018-2019-жылдары ачарчылык башталды. Балдарыбызга ыйлабашы керектигин түшүндүргөнгө аракет кылып, жок нерседен тамак жасайт элек. Чөптөн шорпо кайнатып, улпакты кууручубуз. 2018-жылдын аягында бизди Багуз конушуна которушту. Ал жерде курулган тамдар дээрлик жок болчу, баары чатырларда күн көрүшчү. Кудай жалгап бизге суу өтпөгөнү тийиптир. Калгандар чүпүрөк-чапырак менен тосуп, эптеп күн көрүштү. Кышында абдан эле суук болду. Биз абалдан чыгуунун жолун издей баштадык. Жаныңда күйөөң болбосо чиедей балдарың менен эч нерсе кыла албайт экенсиң. Кийин бизге “жашыл коридор” ачып беришерин, каалагандар күрддөргө багынып берсе болорун айтышты. Бул 2019-жыл эле. Багынып берүүдөн чочуладым, бирок ал жакта калуу андан да опурталдуу эле. Калгандар да болду. Бирок алар кийин бомба чабуулуна кабылышты.

Ракка шаарынын талкаланган көрүнүшү, Сирия.
Ракка шаарынын талкаланган көрүнүшү, Сирия.

“Азаттык”: Багынып берүүдөн эмнеге чочуладыңыз?

Сабинелла Аязбаева: Мен бизди Ирактагыдай кылып кулга айлантышат деп корктум. Күрддөргө келгенибизде баарыбыздын аты-жөнүбүздү жазып алышты. Биз аларга Казакстандан болорубузду айтканыбызда кабарчылар дароо чуркап келип, бул өлкө өз жарандарын алып кетип жатканын билдиришти. Баарыбыз буга ишенген жок элек. Бирок бизге азыр лагерге бара турганыбызды, ал жактан Казакстандан келип алып кетишерин айтышты. Мен акыр-аягына чейин ушинтип эле оңой-олтоң өткөрүп беришерине ишенбей турдум.

Күрддөрдүн лагеринде бир айдай жашадык. Суук болчу, бирок чыдаса болот эле, анан калса бомбанын үнүн укпай жашаган алда канча жакшы эле. Биз мунун баары убактылуу экенин түшүнүп, сабыр кылып жаттык.

Башка өлкөнүн жарандарынын бизге ичтери күйүп, аларды дагы алып кетишин суранып жатышты. Казакстан өз жарандарын гана, мекенине кайткысы келгендерди гана алып кетти. Мени абакка камап, балдарымды балдар үйүнө өткөрүп салышабы деп корктум. Мындай болбогонуна ыраазымын.

“Азаттык”: Мекениңизге кантип кайтып келдиңиз?

Сабинелла Аязбаева: Учак келип бизди алып кетти. Бул 2019-жылдын 6-майы эле. Мага бир аскер аял келип “келе баланы мага бер, өзүң араң эле турасың” деп кичүү кызымды көтөрүп алганы эсимде. Бизге абдан жакшы мамиле кылышты. Алгач Актау шаарына учуп келдик, реабилитациялык борборго жайгаштырышты. Бизге теологдор, психологдор жардам беришти. Мунун баарынын пайдасы тийди. Кийин мени балдарым менен Карагандыга алып келишти. Азыраак убакыт “Шанс” деп аталган борбордо болдук. Андан кийин бизди туугандарыбыз алып кетти.

“Бизден кооптонушат”

“Азаттык”: Жайкын жашоого кантип аралашып, көнө баштадыңар?

Сабинелла Аязбаева: Жашообузду кайра башынан баштоого туура келди. Мен балдарым ал күндөрдү эстен чыгарышын кааладым, аларды мектепке даярдадым. Алар бат эле өзү теңдүүлөргө аралашып кетишти. Мен балдарым менен кошо сабагын даярдашып, окуганды, жазганды үйрөттүм. Балдарым жакшы окушат, тырышып аракеттенишет. Улуу балдарым атасын эстешет, анын көз жумганын билишет. Мен университеттеги окуумду кайра калыбына келтирдим. 2-курста турмушка чыгып, кош бойлуу болгон кезде таштап койгон элем. Мени жаштар борборуна ишке орноштурушту. Кечинде спорт залга барам. Кайын-журтум менен катышып турам, эми күйөөгө чыкпайм деп чечтим.

Азаттык: Коомчулук сизди кантип кабыл алды? Жеригендер болдубу?

Сабинелла Аязбаева: Негизинен баары жакшы эле кабыл алды, алардын колдоосун сездим. Мени “террорист” деп атагандарды уккан жокмун. Мен эч нерсени жашырбай болгонун болгондой айтып жатам. Ар бир адам жаңылышы мүмкүн. Ошондуктан кимдир бирөөгө сын тагып, күнөөлөбөш керек.

Коркуп сүйлөшпөй калган достор болду. Бир курбум күйөөсү жумуштагы кадыр-баркына доо кетирүүдөн коркуп, мени менен байланышууга тыюу салганын жалпы таанышыбыз аркылуу айттырып жибериптир.

Азаттык”: Менин билишимче, сизди Европарламентте сөз сүйлөөгө чакырышкан.

Сабинелла Аязбаева: 2019-жылы. Кантип барып, эмне көргөнүмдү, кайтып келгенден кийинки жашоом тууралуу айтып беришимди суранышкан. Адегенде Брюсселге, анан Венага бардык. Женевага да бармакпыз, бирок коронавирустан улам карантин башталып кетип, баары жабылып калды. Мен терроризмге жана үгүткө каршы кампанияларга да катышкам. Мен бул тозокту баштан кечирдим. Мындай жерлерге барбоо керектигине толук ынандым. Динди өз жериңде деле тутсаң болот. Андай болбойт дегендер жаңылышат.

Азаттык”: Согуш жүрүп жаткан жерден кайткандар кийин да коркунуч туудурат деген ой калыптанып калган. Буга кандай карайсыз?

Сабинелла Аязбаева: Кайтып келгенден кийин түрмөгө камалган адамдар ойлонот, туура чечим кабыл алат деп ишенем. Кимдир бирөөлөр бизди жай жарыла турган минага окшоштурат. Мен эч кандай коркунуч жок деп ойлойм. Мен бардык өлкөлөр өз жарандарын алып келишин каалайм. Анткени ал жактагы жашоо – жашоо эмес. Келгиси келбегендерди кыйнап кереги жок.

Азаттык”: Азыр динге кандай карайсыз?

Сабинелла Аязбаева: Бош убактым болсо мечитке барам, үйдөн намаз окуйм, хижаб кием. Мен ишенимден көңүлүмдү калтырбашым керек да. Биздин Сирияга барганыбыз ишеним эмес, башка маселе болду.

Расмий маалыматка ылайык, Казакстан Сириядан 600дөн көп жаранын алып келген. Бийлик соңку ирет 12 адамдан турган кезектеги топту 4-февралда кайтарганын жарыялады.

Сириядан Казакстанга кайткандардын басымдуусу балдар, алардын ата-энеси Жакынкы Чыгышка болжол менен 2011-2012-жылдар аралыгында, бул аймакта согуштук аракеттер, “Ислам мамлекети” террорчул тобунун чабуулдары күчөп турган маалда кеткен.

Ушул тушта Сириядагы лагерлерде жоочулардын он миңдеген аялдары балдары менен кармалып турат жана алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр.

Казакстандын коопсуздук кызматы 2019-жылы Сирия менен Иракта бери дегенде 90дой казакстандык бар болушу ыктымал экенин билдирген. Алардын так саны эмгиче белгисиз.

Макала "Азаттыктын" казак сайтынан которулду. Орус тилинде бул жерден окусаңыз болот.

Редакциядан: 16-февралда диний радикализмди алдын алуу боюнча иштеген «Азия Групп» фондунун адиси Юлия Денисенко Кыргызстандан кетип, Сирия менен Ирактын согуш жүрүп жаткан аймактарында жүргөн кыз-келиндердин көпчүлүгү – өз күйөөсүн ээрчип баргандар экенин билдирген.

Ал арада кыргыз бийлигинин бул өлкөлөрдөгү кыргыз балдарын алып келүү боюнча аракети пандемиядан улам кечеңдеп жатат. 2019-жылы мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG