Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:19

Борбор Азия

шаршемби 3 Февраль 2021

Казакстанда коронавирустан эмдөө башталды
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

2-февралда Казакстанда коронавируска каршы жапырт эмдөө башталды. Орусия өндүргөн "Sputnik V" вакцинасынын 20 миң дозасы коңшу өлкөгө дем алыш күнү келди. Учурда вакцина дээрлик бардык аймактарга таратылганы кабарланды. Ал эми биринчилерден болуп казакстандык аткаминелер жана медиктер эмдөөдөн өттү.

Жаңы Ангрен ЖЭБи.
Жаңы Ангрен ЖЭБи.

20-январда Өзбекстандын Ташкент облусундагы Жаңы Ангрен жылуулук электр борборунун оңдоо иштери үчүн токтотулган блогунда жарылуу болгон. Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарылууда үч киши каза болуп, дагы үчөө ар түрдүү деңгээлде жараат алганын кабарлаган. Көп өтпөй бул жылуулук борборунун эки жетекчиси муунуп каза болгон. Жумушчулар мындай "табышмактуу" өлүмдөр буга чейин да болуп келгенин, бирок алардын коопсуздугу көмүскөдө калып жатканын билдиришти.

2021-жылдын 20-январындагы Жаңы Ангрен ЖЭБиндеги жарылуу боюнча Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын адистери иликтөө иштерин баштаганы кабарланган. Ал эми 22-январда Ангрен шаардык прокуратурасы бул окуяга байланыштуу “адам өлүмүнө жана башка оор кесепеттерге кириптер кылган эмгекти коргоо эрежелеринин бузулушу” беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Кийинчерээк бул иш Ташкент облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Анткен менен жарылууда каза болгондордун бири Назира Режабаеванын келини Лола Бойгозева окуяга кооптуу абал себеп болгонун жашырбайт. Анын айтымында, жетекчилик жумушчулардын коопсуздугун эске алган эмес.

"Менин эжем Назира борбордун 5-блогунда иштечү. Адистер бул жерлерди текшерип чыгышы керек болчу. Ошондо жумушчулар 24 сааттан кийин гана блокко чыгышы керек эле. Бирок жумушчулар 12 сааттан кийин эле иштей башташкан. Мында жумушчулардын ден соолугу жана коопсуздугу эске алынган эмес", – деди Бойгозова.

Ал окуядан эки күн өткөндөн кийин гана аларга суук кабар келгенин жана каза болгондордун сөөктөрүн үй-бүлөлөрү өздөрү алып чыкканын баса белгиледи.

"Күйөө балабыз каза болгон үч жумушчунун сөөгүн 52 метр бийиктиктен алып түшүрдү. Алар толугу менен күйүп калышыптыр. Жаназага жылуулук борборунан бир дагы адам келген жок. Ишкананын Ташкенттеги кеңсесинен келишип, 2 миллион сум, башкача айтканда 200 доллардай берип кетишти. Бирок, бардык жерде “материалдык жана моралдык колдоо көрсөттүк” деген жалган маалыматтарды таратып жатышат. Эжем каза болуп, эки баласы жетим калды. Буга ким жооп берет?", – деди Лола Бойгозова.

Ал эми кырсык болгондон үч күн өткөндөн кийин "Gazeta.uz" басылмасы Жаңы Ангрен жылуулук электр борборунун жетекчилеринин бири үйүндө асынып алганын жазып чыккан. Бул маалыматты Өзбекстандын Башкы прокуратурасы да тастыктаган.


40 жаштагы өзбекстандык аткаминер 20-январда жарылуу болгон цехти жетектеп турган. Ошондой эле басылма цехтин башчысы өлөрдөн бир күн мурун суракка чакырылганын билдирген.

Көп өтпөй Жаңы Ангрен жылуулук электр борборундагы жарылган цехтин дагы бир жетекчиси өз жанын кыйганы кабарланды. Каза болгон Сирожиддин Шодиевдин жакындары ал маркум жылуулук борборунун жетекчилигинин басымынан улам өз өмүрүнө кол салганын билдиришкен. Алардын айтымында, борбордун башчысы маркум Шодиевди 20-январда болгон кырсык үчүн жоопкерчиликти алууга мажбурлаган.

Бул окуя боюнча "Азаттык" радиосунун өзбек кызматынын журналисттери атайын иликтөө жүргүзүп, Жаңы Ангрен ЖЭБинин жетекчилеринин "табышмактуу" өлүмдөрү сыяктуу окуялар буга чейин да болуп келгенин аныкташкан. Маселен, мында каза болгон кишинин кесиптеши, 2018-жылы жылуулук борборунундагы цехтердин башчысы болуп иштеген Сирожиддин Пулатов да өз жанын өзү кыйганы белгиленет.

"Буга чейин Сирож деген жигит да асынып өлгөн. Анын ишин да азыркыдай эле жаап коюшкан. Эки жыл мурунку изилдөөнүн жыйынтыгында "окуяга жумушчулардын өздөрү күнөөлүү, коопсуздук эрежелерин сакташкан эмес" деп коюшкан. Бизге ушул себептен цехтин башчысы өзүн-өзү өлтүргөнү айтылды. Эми кайра эле жетекчилер муунуп өлүштү, ишкана муну да ушундай жол менен жапкысы келет. Эч ким жаза алган жок. Азыр ошол эле жетекчилер жылуулук борборуна туугандары менен кошо ээлик кылып отурушат", – деди атын атагысы келбеген ишкананын кызматкери.


Ал арада Жаңы Ангрен жылуулук электр борборунун жумушчулары интернеттеги коомдук тармактарда ишканада тыкыр текшерүү жүргүзүлүп, тезинен жумушчулардын коопсуздугун камсыз кылуу керектигин талкуулашкан. Ошондой эле алар президент Шавкат Мирзиёевге борбордун от казандары өтө эскиргенин жана көп жылдардан бери капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж экенин билдирген кат жөнөтүшкөн.

Бул – акыркы бир жылдын ичинде Жаңы Ангрен ЖЭБинде катталган экинчи кырсык болду. Былтыр январдын аягында ишкананын №3 жана №4 блокторунун чатыры күйүп кеткен. Анда эч ким жараат алган эмес.

Анткен менен 5-январдан бери өлкөнүн ар кайсы аймактарында электр кубаты менен камсыздоо али турукташа элек. Тескерисинче, үзгүлтүктөрдүн өлчөмү улам көбөйүп, карапайым эл нааразы болуп жатканы айтылып келет.

Өзбекстанда мурдагы жылдардагыдай эле быйыл да газ менен электр кубаты күн сайын өчүрүлүүдө. Буга байланыштуу былтыр ноябрда жылуулуксуз жана жарыксыз калган Анжиян жана Бухара шаарларынын тургундары да нааразылык иш-чараларына чыгышкан. Быйыл да ушундай эле көйгөй менен Жизак облусунун тургундары нааразылык митинг өткөрүшкөн.


Алар ондогон турак үйдө жүздөгөн киши жарыксыз, суук тамда жашоого мажбур болгонун айтышкан. Ал эми өзбек аткаминерлери энергетикалык кризисти аба ырайынын кескин муздашына жана электр кубатын керектөөнүн кескин күч алышына байланыштырат. Бирок эл арасында бир нече жылдан бери ушул эле көйгөй кайталанып келатканы айтылат.

Коңшу Өзбекстанда 2020-жылдын 18-ноябрынан бери суук түшүп, кар жаап, өлкө боюнча отун-кубат каатчылыгы пайда болгон. Борбор шаар Ташкенттин бир катар райондорунда буу казандары жана түтүктөр иштен чыгып, көпчүлүк аймактарда электр жарыгы өчүп, көгүлтүр газ сатып алуу үчүн узун кезектер пайда болгону айтылат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG