Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:01

Экономика

Кытайдын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Цзя Цинлинь Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери менен,28.01.2012.
Кытайдын Элдик саясий кеңешинин төрагасы Цзя Цинлинь Африка өлкөлөрүнүн жетекчилери менен,28.01.2012.

Кытай Африканын эң чоң инвесторуна айланды. Африкалык саясатчылар Бээжинге ыраазы болсо, карапайым калк Кытай "неоколонизатордук" саясат жүргүзүүдө деп кыжалат. Бээжин менен Лондондун соода чыры курчуп, Кытайда британ фирмаларына түрдүү айыптар тагылууда.

Африка континентине тартылган түз чет элдик инвестициянын көлөмү мурда болуп көрбөгөндөй көлөмгө – 80 миллиард долларга жетет. Бул тууралуу Африка өнүктүрүү банкы кабарлады. Ал инвестициялардын көбү Кытайдан тартылган, Бээжин Африкага 27.7 миллиард доллар салган.

Африкалык талдоочулардын айтымында, Кытайдын бул аракети айрым Батыш саясатчыларын кыжалат кылбай койбойт. Барган сайын Кытайдын кара континенттеги таасири жана ролу өсүүдө. Жакында Бээжин менен Африка өнүктүрүү банкы 2 миллиард доллардык долбоорго кол коюшат. Анын алкагында кытайлык фирмаларга Африкада ишкердик жүргүзүү жолдору ачылат.

Ушул айдын башында "Чайна Минметалс" ишканасы дүйнөдөгү эң ири жез кендеринин бири Перудагы Лас Бамбасты 5.85 миллиард долларга сатып алган. Кытайлык фирмалар өз өлкөсүндөгү оор өнөр жайын колдоо максатында Түштүк Америкада, Африкада жана Азияда көптөгөн кендерди сатып алганы маалым.

Африкалык саясатчылар чөлкөмгө инвестиция салган Бээжинге ыраазы болсо, жергиликтүү калк эки ача пикирде. Кытайлык компаниялар жетекчилик кызматтарга жана кара жумушка кытайлыктарды гана алганы карапайым африкалыктарда нааразылык туудурат.
Кытай Африка чөлкөмүнүн кендерине кызыкдар.
Кытай Африка чөлкөмүнүн кендерине кызыкдар.
Алардын айтымында, Кытай инвестицияларынан Бээжин гана пайда көрүп жатат. Ал эми жергиликтүү экономикага аз эле киреше түшүп жатканын жергиликтүү калк билдирди. Айрымдар Кытайды "неоколонизатор" деп атап, чочулаганын жашырышкан жок. Кескин сындарга карабай, Бээжин "Африканы бирге өнүктүрүү корун" долбооруна сарптаган каражатын арбыта берет.

Кытай Африкага салган инвестициянын көлөмүн көбөйтөрүн премьер Ли Кэцян билдирди. Бээжин чөлкөмдүн өлкөлөрүнө бериле турган насыянын жалпы көлөмүн 30 миллиард долларга чейин көбөйтөрүн кабарлады. Кытайдын мамлекеттик Экспорт-импорт банкы 2025-жылга чейин Африканын инфраструктуралык долбоорлоруна 1 триллион доллар каражат чегерет.

Бээжин чет элдик фирмаларды чоң доого жыкты

Кытай өкмөтү коррупция, кызматынан кыянат пайдалануу менен күрөшүүнүн алкагында негизинен чет элдик корпорацияларды тыкыр иликтеп келген. Көптөгөн ири чет элдик ишканаларга "айлана-чөйрөнү булгады" деген кине коюулуп, айып пул салынганы маалым. Андан сырткары апрель айында башталган Бээжин менен Лондондун "соода чырынан" бери Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги британ фирмаларына катуу көз сала баштады.

Кытай бийликтери 14-майда британиялык "ГлаксоСмитКлайн" фармацевтикалык ири компаниянын Кытайдагы мурдагы жетекчисине "кызматкерлерине ири суммадагы пара берүүнү буйруган" деген айып такты. Бул тууралуу "Кварц Ньюс" порталы кабарлады. Акыркы ирет мындай чоң жаңжалга 2009-жылы австралиялык "Рио Тинто" кен иштетүүчү фирмасынын төрагасы "пара алган" деген кине менен кабылган. Анда "Рио Тинтонун" төрт жетекчиси 10 жылга абакка кесилген.
"ГлаксоСмитКлайн".
"ГлаксоСмитКлайн".

Кытайдын Коомдук коопсуздук министрлиги "Уолл Стрит Жорнал" гезитине кабарлагандай, "ГлаксоСмитКлайндын" Бээжиндеги мурдагы жетекчиси Марк Райли 2009-жылы кызматка дайындалгандан бери компания ооруканаларга жана дарыгерлерге фирманын дары-дармектерин сатуу жана таратуу үчүн пара берген. Кытай бийликтери британиялык фармацевтика гиганты паранын жардамы менен миллиарддаган киреше көргөнүн айтып чыгышты.

30-апрелде Лондон дары чөптөрдөн жасалган кытай дарыларын Британияда сатууга тыюу салды.

Көз карандысыз серепчилер Кытайдын саламаттыкты сактоо тармагы ойдогудай каржыланбагандыктан, медицина тармагында иштегендер пара алууга барышаарын белгилешет.

Райлинин күнөөсү далилденсе, ал өмүр бою эркинен ажыратылат. Британ өкмөтү бул боюнча үн ката элек.
Кытай – Африкадагы эң чоң инвестор
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:36 0:00
Түз линк
“Кудайбергендин” соодагерлери митингге чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:33 0:00

23-майда “Кудайберген” базарынын ээсинен 300 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери эки айга камалды.

Көп өтпөй Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров ал акчаны жетекчиси Бабырбек Жээнбековго алып бармак болгон делген аудио тасма интеренетке чыкты. Бирок Бабырбек Жээнбеков андагы айтылган маалыматтарды четке кагууда.

Тагдыр чечкен 300 миң сом


Камакка алынган Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери Нургалы Кудаяров менен “Кудайберген” базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева сүйлөшүп жаткан аудио тасма интернетке жарыяланды. Андагы сөздөргө караганда, Нургалы Кудаяров 300 миң сомду алып, аны жетекчиси Бабырбек Жээнбековго алып бармак.

“Кудайберген” базарынын ээси Эльвира Сурабалдиева “Азаттыкка” ал үн жаздыруу боюнча буларды билдирди:

- Нургалы байке, сиз чын айтып жатасызбы? Бул чындыгында эле шефиңер Бабырбек Жээнбековдун сөзүбү деп сурасам: "Ооба ал өзү айтып жатат, ал өзү чечип жатат", - деп айткан болчу. Мен деле Нургалы Кудаяров бир чети мени алдаганын же чын эле ошондой болгонун так билбейм. Анын баарын тергөө иштери аныктайт.

300 миң сом пара талап кылды делген Нургалы Кудаяровду 25-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту эки айга камакта кармоо чечимин чыгарды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын бөлүм башчысы Руслан Умаров билдирди. Анын айтымында, Нургалы Кудаяров “Кудайберген” базарынын жетекчиси Эльвира Сурабалдиевадан 300 миң сом параны базардагы орундардын баасы боюнча маселени чечип берүү үчүн алып жатканда кармалган:

- Ал алдын-ала жүз миң сом алган. Ага дагы 200 миң сом берип жатканда кармадык. Жалпысы 300 миң сом алып жаткан. Ал бул акчаларды базардагы орундардын ижара акысына бааны көтөрүү маселесин макулдашуу үчүн алган. Азыр иликтөө иштери жүрүүдө. Биз бардык жаздырылган аудиолорду иликтеп жатабыз. Бул акчаны жетекчиликке берем деген да сөзү бар. Ал дагы иликтенип жатат.

Жээнбеков: Мен тазамын


Өз кезегинде Монополияны жөнгө салуу агенттигинин башчысын Бабырбек Жээнбеков аудио тасмада айтылган сөздөрдү четке кагып, балким агенттиктин жеетктөөчү адиси Нургалы Кудаяров анын атын пайдаланган болушу мүмкүн деген ойдо:

- Бул жигит жетектөөчү адис болуп иштейт. Мен кандай гана иштер болбосун аны бөлүмдөрдүн жана башкармалыктардын башчылары аркылуу жүргүзөм. Ошолордон талап кылам. Ар бир катардагы кызматчы менен сүйлөшүп, ушундай деңгээлге түшкөнүм туура эмес. Албетте бул факты бүгүн көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жатат. Бирок ага юридикалык бааны тергөө органдары коюшу керек, ошолордун жыйынтыгын күтө туралы. Бирок мен бул жерде тазамын, күнөөм жок.


Баа баары бир көтөрүлдү, бирок...


“Кудайберген” базарынын жетекчилиги жыл башында соода орундары үчүн ижара акысын эки эсеге көтөрүүгө барган. Буга нааразы болгон базардагы соодагерлер бир канча ирет Бишкек мэриясынын жана өкмөт үйүнүн алдында нааразычылык акциясын өткөргөн. Монополияны жөнгө салуу агенттиги 100 пайыз ижара акысын көтөрүү туура эместигин билдирип, аны базар ээси негиздеп бере албай жатканын айтып келе жаткан болчу.

Бирок Бабырбек Жээнбековдун билдиришинче, бул маселеге 22-майда чекит коюлду. Ал агенттик базардагы орундары үчүн бааны 92 пайызга көтөрүүгө макулдук бергенин кошумчалады.

- Эки тараптын тең кызыкчылыгын эске алып, ошол эле кезде мыйзамды жетекчиликке алып, бааны чындыгында эле бир топ жогорулаттык. Менин билишимче, баа 92 пайызга көтөрүлдү. Анткени базар жетекчилигинин түшүндүрүүсү боюнча, алар 4-5 жылдан бери бааны көтөрбөй кармап келген экен. Анан аргабыз жок, ушундай кадамга барып жатабыз деп айтышты.


Ал эми Эльвира Сурабалдиеванын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Монополияга каршы агенттик базардагы орундардын баасын 92 эмес, 100 пайыз көтөрүүгө макулдук берген документтер бар:

- Ошол документтерди биздин кызматкерлер деле көрүшкөн. Анда биздин мурдагы баага караганда ижара акысын 100 пайыз көтөрүү болгон. Мисалы, буга чейин 4 миң сом болсо 8 миң сом болот. Ал кагаздарда Жээнбековдун коюлган колу турат.

Базарчылар эмне дейт?

Салыштыруу үчүн айтсак, буга чейин бир орун үчүн 5 миң сом төлөп келгендер эми 9-10 миң сомго чейин төлөшү мүмкүн. “Бирок базарда соода кылгандар жаңы бааны көтөрө албайт”,- дейт Биргелешкен кыргыз ишкерлер профсоюзунун төрагасы Нурлан Данияров. Ал “Кудайберген” базарындагы соодагерлердин укугун коргоп келе жатат:

- Туруп-туруп эле 100 пайызга көтөрүүнү кантип негиздешти? Биздин оюбузча, булар жанагы пара акчаны алып туруп жасашкан.

Бирок Бабырбек Жээнбеков мындай айыптоону четке какты. Анын айтымында, Жээнбеков атайлап макулдашууну создуктуруп, кармап жатат деген сөздөр чыккандыктан, тез аранын ичинде макулдашууга кол койгон.

Бабырбек Жээнбеков оппозиция лидерлеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбековдун атасы. Депутаттын айтымында, бийлик маалымат каражаттары аркылуу жогорудагы фактыны бетке кармап, өзүн жана атасын жаманатты кылууда:

- Эки жылдан бери мага каршы ар кандай айыптарды тагууга аракет кылышты. Бирок андан эч нерсе чыккан жок. Эми Монополияны жөнгө салуу агенттигинин кызматкери пара менен кармалганын шылтоолоп, Жээнбеков деген фамилияны жаманатты кылуу аракетин көрүп жатышат.


“Кудайберген” базары Бишкектеги унаа тетиктерин саткан ири базарлардын бири. Соодагерлердин коомдук жактоочусу Нурлан Данияров баанын адилетсиз көтөрүлүшү базардагыларды жаңы нааразылык акцияга мажбурлашы мүмкүн дп эсептейт.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG