Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 28-март, 2020 Бишкек убактысы 19:45

Экономика

«Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм»
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:10 0:00

Бишкек менен Лондон Кыргызстандан уурдалган акчаны артка кайтаруу багытында кызматташышы мүмкүн. Эки тарап бул боюнча сүйлөшүү жүргүзүп жатканын Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт «Азаттык» менен болгон маегинде ырастады.

Элчи мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин Британиядагы мүлкүн текшерүү тууралуу чакырыктарга да жооп берип, Кыргызстандагы демократия менен сөз эркиндигинин абалы, коррупциянын деңгээли жана өзүнүн популярдуулугу тууралуу да ой бөлүштү.

- Кыргызстанда Британиянын туруктуу элчилиги иштей баштаганына сегиз жыл толду. Албетте, эки тараптуу карым-катнаш ага чейин эле башталган. Эки өлкөнүн алакасы дайыма эле шайма-шай болгон эмес деп да айтсак болот. Британия менен Кыргызстандын ортосундагы мамиленин жана кызматташтыктын азыркы абалына кандай баа бересиз?

- Азыркы абалы жакшы деп айтар элем. Эки тараптуу мамиле бекем. Менимче, эки тарапка тең пайда алып келип жатат. Биздин дипломатиялык мамилелер, сиз айтып өткөндөй, бир кыйла убакыт мурда, 1992-жылы башталган. Элчилигибизди 2011-жылы ачтык. Ага чейин биздин Эл аралык өнүгүү боюнча департаментибиз (DFID) Кыргызстанда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүдө жигердүү иш алып барып келди. Жылдар бою биз Кыргызстанга 150 миллион фунт стерлингден ашуун каражатты инвестиция кылдык.

Жарандар арасындагы байланыш да маанилүү. Кыргызстанда Британиядагы билим берүү программаларына катышкан адамдардын жигердүү биримдиги бар. Азыр анын мүчөлөрү 300дөн ашты. Алар «Chevening», «John Smith Trust», «Эл аралык лидерлик» программасына жана Британ кеңеши уюштурган программаларга катышкан.

Соодага келсек, Британия - Кыргызстандын Европадагы эң ири соода өнөгү. Чынында Кыргызстандын экспортунун 47% Британияга кетет. Инвестиция чөйрөсүндө да бизде жакшы көрсөткүчтөр бар. Бир мисалды айтсам, «Чаарат» тоо-кен компаниясы Чаткал өрөөнүндөгү кенди иштете баштаганда жергиликтүү тургундар үчүн 850дөй жумуш орундарын түзүп бермекчи. Ал Британиянын эрежелерине баш ийген компания экенин эске алганда, алар айлана-чөйрөнү коргоо жана кенде коопсуздукту камсыз кылуу жаатында өтө жогорку Европанын стандарттарын карманышмакчы.

Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен британ элчиси Чарльз Гарретт (солдо), Бишкек, 11-сентябрь, 2019-жыл.
Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен британ элчиси Чарльз Гарретт (солдо), Бишкек, 11-сентябрь, 2019-жыл.

Көп билинбеген дагы бир чөйрө бар. Ал коргонуу тармагындагы кызматташтык. Биз Кыргызстандын армиясынын өкүлдөрүнө англис тилинде машыгууларды өткөрүп келебиз. Биз адам укуктары жана коррупцияга каршы күрөш маселесинде да тренингдерди өткөрөбүз. Учурда Британиянын Падышалык аскердик академиясында Кыргызстандын армиясынын бир офицери бар. Бул тармактардын баарында бекем кызматташтык жүрүп жатат. Президенттин көп багыттуу тышкы саясатын эске алсак, Кыргызстан менен Британия абдан эле табигый өнөктөштөр.

- Багыттар тууралуу сөз болуп калды. Сиз Кыргызстандын тышкы саясаты чындап көп багыттуу деп ойлойсузбу? Же дагы эле бир же эки мамлекет менен эле мамиле кылабы?

- Көп багыттуу экени талашсыз. Кыргызстан менен Британиянын эки тараптуу мамилесиндеги мен айткан нерселердин баары тышкы саясатта бир же эки ири кызматташтыкка гана артыкчылык берилбей турганын көрсөтүп турат. Башка өлкөлөр сыяктуу эле Улуу Британия менен өнүгүп жаткан, эки тарапка тең пайдалуу мамиле бар.

Уурдалган акчанын убайымы

- Жакында сиз жана Британиянын Кылмыштуулукка каршы күрөшүү агенттигинин өкүлү Кыргызстандын Финансы полициясынын жетекчилери менен жолуктуңуздар. Анда Кыргызстандан чыгарылган акчаны артка кайтаруу боюнча кызматташууга көңүл бурулган экен. Британияда Кыргызстандан чыгарылып кеткен накталай каражат тууралуу кандай маалымат бар?

- Туура айттыңыз, бул абдан маанилүү тема. Бирок расмий өкүлдөрдүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн же иликтөөнүн предмети болгон маселенин деталдары боюнча комментарий бере албай турганымды түшүнсөңүз керек. Андай cүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Британ өкүлдөрү Бишкектеги кесиптештери менен кабарлашып турушат. Эки тарап тең бул ишти алдыга жылдыра алабыз деп үмүттөнөт.

- Уурдалган акчаны артка кайтарып келүү маселесинде эки тараптын ортосунда кандай кызматташуу болушу мүмкүн?

- Бизде, Британияда «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» (Unexplained Wealth Order) аттуу абдан күчтүү бир каражат бар. Анын алкагында сот өз чечими менен Британияда жашаган кандай гана адам болбосун, аны булагы тастыктала элек [күмөндүү] деген байлыгынын чоо-жайын түшүндүрүп берүүгө милдеттендириши мүмкүн. Эгер андай буйрук чыкса жана ага туш болгон адам буйрукка баш ийгиси келбесе же анын талабын канааттандыра албаса, байлыгы конфискацияланат. Бул Британия менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн предмети.

Максим Бакиевдин маселеси

«Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» Британияда жашаган бардык адамдарга карата колдонулушу мүмкүн. Теориялык жактан алганда сиздин сурооңузга «ооба» деп жооп берем...

- Кезинде мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев британ-кыргыз алакасын чыңалтып койгону белгилүү. Кыргыз өкмөтү аны экстрадиция кылыш үчүн Британияга бир нече өтүнүч жиберген. Бирок алар канааттандырылган эмес. Британиядагы «Глобал Уитнесс» аттуу антикоррупциялык уюм Максим Бакиев Лондондун четиндеги Саррей районундагы кымбат үйдө жашап жатканын билдирип келет. Бул мыйзам Максим Бакиевди бутага алышы мүмкүнбү?

- Экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтөр жана аны карап чыгуу маселеси абдан татаал. Мындай өтүнүчтөр абдан жогорку стандарттарга төп келиши керек. Кандай жыйынтык чыгары да ошого жараша болот. Биз Кыргызстанда ошол жогорку стандарттарга туура келген өтүнүчтөрдү көрө элекпиз.

- «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» Максим Бакиевге карата колдонулушу мүмкүнбү?

- «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрук» Британияда жашаган бардык адамдарга карата колдонулушу мүмкүн. Теориялык жактан алганда сиздин сурооңузга «ооба» деп жооп берем. Бирок мен айткандай, бул Британия менен Кыргызстандын расмий өкүлдөрүнүн ортосундагы жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн темасы.

- Максим Бакиев өзү саясий куугунтукка кабылганын билдирип келет. Бирок кыргыз бийлиги ал 2010-жылга чейин олуттуу кылмыштарды жасаган деп ишенет. Анын Британиядагы макамы, иммиграциялык макамы тууралуу эмне билебиз?

- Бул абдан олуттуу маселе экени анык. Эки тарап тиешелүү негизде алдыга кадам таштап, өздөрү канааттанган жооптуу алышы үчүн бул иш терең иликтениши керек.

- «Азаттык» «OCCRP» жана «Kloop» порталы менен биргелешкен иликтөөсүндө кыргыз-кытай жана кыргыз-өзбек чек арасындагы аткезчиликти жана жашыруун карго бизнесин ачыкка чыгарды. Ал жакта Абдукадыр аттуу кытайлык уйгурлардын үй-бүлөсү жана алардын Кыргызстандагы достору чоң акча жасап жатканы белгилүү болду. Ал акчанын бир бөлүгү Британиянын кыймылсыз мүлк тармагына салынган экен. Бул маалыматтар Британиядагы иликтөөлөргө себеп болушу мүмкүнбү?

- Британиянын бийлиги мыйзамсыз же күмөндүү каражаттар жана арам акчаны адалдоо сыяктуу кабарларды териштирип турат. Бул британ өкмөтүнүн ишинин маанилүү бөлүгү. Себеби бул биздин финансылык рыногубузду коргоонун эң жакшы жолу. Бул рынок экономикабыздын эң чоң бөлүгүн түзөт. Андыктан муну маанилүү иш деп эсептейбиз. Анын бир бөлүгү катары «Булагы тастыкталбаган байлык тууралуу буйрукту» колдоно алабыз. Азыр эки өлкөнүн тең расмий өкүлдөрү бул суроолордун баарын караштырып жатат.

Сөз эркиндиги

- Өткөн жылы сиз «OCCRP», «Kloop» жана «Азаттык» жүргүзгөн журналисттик иликтөөсүн кубаттап чыккансыз. Эми бул медиа каражаттарын сотко берип жатышат. Сиз Кыргызстандагы басма сөз эркиндигинин абалын кандай баалайсыз? Мындай соттук иштер сөз эркиндигине, маалымат каражаттарынын эркиндигине кандай таасирин тийгизет?

- Соттошуу - бардык демократиялык өлкөлөрдө маанилүү каражат. Себеби алар жарандардын жеке купуялыгына болгон укугун коргоого жардам берет. Бирок сот системасы объективдүү чечим чыгарышы керек. Антпесе соттук иштер жарандардын жана коомдун кызыкчылыгына каршы колдонулуп кетиши мүмкүн.

Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги тууралуу сөз кылсак, сиз айткан иликтөөлөрдүн жарыяланганы деле оң көрүнүш. Мындай иликтөө Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө, керек болсо өздөрүн демократиялуу өлкөбүз деп атаган дүйнөнүн башка мамлекеттеринде ишке ашпайт эле. Бул абдан чоң жетишкендик. Аны коргоп, өнүктүрүш керек.

Тыйындын экинчи, бир аз терс тарабы бар. Бул - журналисттерге каршы чабуулдар, анын ичинде Болот Темировго [Factcheck.kg] болгон соңку кол салуу. Тилекке каршы, дүйнө жүзүндө бул сыяктуу көп чабуулдар болуп жатат. Соңку бир канча жылда эле Словакияда, Мальтада жана Британияда да мындай кол салуулар болду. Бул тынчсыздануу жаратат.

Журналистика кооптуу кесип болбошу керек. Медиа каражаттары – демократиянын кычкылтеги. Алар өз кадамын туура тандашы үчүн добуш берүүчүлөрдү керектүү маалымат менен камсыз кылып турат. Албетте, журналисттер ыңгайсыз суроолорду беришет. Бул жагдай баарыбызды ойлондурушу керек.

Демократия менен коррупциянын кармашы

- Элчи мырза, көптөгөн эл аралык уюмдар Кыргызстандын саясий- экономикалык жактан өнүгүшүнө кедергисин тийгизип жаткан маселелердин башкы сабына коррупцияны коюшат. Сиз буга кошуласызбы? Өлкөнүн алдында дагы кандай маселелер турат?

- Аларга кошулат элем. Коррупция - өлкө үчүн абдан чоң мүшкүл. Мен бул жакка келгенден көп өтпөй Кыргызстандагы алгачкы таасирлерим тууралуу бир нече видео тарткам. Алардын бири коррупцияга байланыштуу болчу. Себеби Бишкектеги жана өлкөнүн ар кыл аймактарындагы мен сүйлөшкөн таксисттер жана базардагы соодагерлер сыяктуу далай адамдар коррупцияны өздөрүнүн турмуш-тиричилигиндеги эң негизги мүшкүл катары баалашты. Эмне үчүн экенин көрүп турам. «Эл аралык республикалык институттун» (IRI) жакында жарык көргөн баяндамасында коррупция менен жумушсуздук өлкөдөгү негизги эки маселе катары көрсөтүлгөн.

Коррупциянын кесепети бардык адамдарга тиет. Бул маселе тамыр жайган бардык өлкөлөрдө коррупция катардагы жарандардын капчыгына кол салат. Алардын каражаты адал эмгеги менен акча таппаган адамдардын капчыгына түшүп жатат. Коррупция экономиканы солгундатат, бизнестин кеңейишине жана жаңы иш орундарын түзүүгө тоскоолдук кылат. Экономиканы кирешеден куржалак калтырат. Баарынан мурда бул демократия менен мыйзам үстөмдүгүнүн баш оорусу. Жарандардын көбү негизги маселе катары коррупцияны көрсөтүшкөнүнө таң калган жокмун.

Мыйзам үстөмдүгүн орнотуу маселеси - дагы бир кыйынчылык. Мыйзам үстөмдүгү демократиянын пайдубалын түзөт. Эгер эл ага ишенбесе, анда демократияга шек келет. Өлкөдөгү демократиялык системаны бекемдеш үчүн парламентти жана башка институттарды күчтөндүрүш керек.

Британ тактысынын мураскери, принц Чарльз менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт (оңдо). Сүрөт британ элчилигинин «Фейсбук» барагынан алынды.
Британ тактысынын мураскери, принц Чарльз менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Чарльз Гарретт (оңдо). Сүрөт британ элчилигинин «Фейсбук» барагынан алынды.

- Демократия жана мыйзам үстөмдүгү демекчи, Улуу Британия дүйнөдөгү демократиянын жана парламенттик өкмөттүн башатында турган мамлекеттердин бири. Кыргызстан 2016-жылдагы апрель окуяларынан кийин парламенттик системаны калыптандыруу максат кылган эле. Өлкө бул максатына канчалык жакындай алды?

- Туура айттыңыз. Британия демократиянын башатында турат. Биз демократиялык өнүгүү жолубузду 800 жылдан ашык убакыт мурда же «Магна карта» документине кол коюлганда баштаганбыз. Андан бери аны өнүктүрүүгө аракет кылып келебиз. Демократияга тынымсыз көңүл бурулуп, ал үзгүлтүксүз бекемделип турушу керек. Британиядагыдай эле Кыргызстанга да ушул жагдай мүнөздүү.

Коррупция экономиканы солгундатат, бизнестердин кеңейишине жана жаңы иш орундарын түзүүгө тоскоолдук жаратат. Экономиканы кирешеден куру-жалак калтырат. Баарынан мурда бул демократия менен мыйзам үстөмдүгүнүн баш оорусу...

Бул маселеде мыйзам үстөмдүгүнө башкы артыкчылык берилиши керек. Себеби эл мыйзамдын иштешин камсыз кылган институттарга ишеним артпаса, бул алардын демократияга болгон ишенимине да шек келтирип коёт. Элдин демократияга ишенбей калганы жана системанын алар үчүн иштебей калганы жакшы көрүнүш эмес. Себеби система эл үчүн иштеши керек.

- Кыргызстанга бул максатты ишке ашырыш үчүн эмне жетишпей жатат? Коррупцияга каршы натыйжалуу күрөшө турган демократиялык институттардын түптөп, бекемдеш үчүн эмне зарыл? Сиз эмнени байкадыңыз?

- Бул узак мөөнөткө созулчу иш. Бир түндө өзгөртө албайсың. Мыйзам үстөмдүгү жана коррупция - орчундуу маселелер. Алар демократияга колдоо көрсөткөн институттарга кедергисин тийгизет. Президенттин сот системасын реформалоону жана коррупцияга каршы күрөшүүнү көздөп жатканы жакшы көрүнүш.

Британ визасы жана мүмкүнчүлүктөр

- Сиз буга чейинки маектериңиздин биринде британ-кыргыз кызматташтыгынын «чоң потенциалы» бар экенин айткан экенсиз. Кандай мүмкүнчүлүктөр тууралуу сөз болуп жатат? Ошол эле сиз айткан мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, коррупцияга каршы күрөшүү маселесинде кандай кызматташтык болушу мүмкүн?

- Абдан, чоң потенциал бар деп ойлойм. Кыргызстан демократияны өнүктүрүүгө бел байлады. Британия - демократияны колдогон институттарды бекемдөө маселесинде чоң тажрыйбасы бар, демократиянын башатында турган мамлекет. Бул чөйрөдө эки тарапты табигый өнөктөштөр десек болот. Биз бул тармакта көп иш жасап жатабыз. Биз соңку 22 жылдан бери мыйзам үстөмдүгүн күчөтүү маселесинде жигердүү иш алып барып келебиз. Биз парламент жана өкмөт менен иштешип жатабыз. Ушул чөйрөлөрдүн барында мыйзам үстөмдүгү менен демократияны бекемдөөгө, коррупцияга каршы күрөшкө көңүл бурулуп жатат.

Ошентсе да эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө түзө турган башка тармактар да бар. Мисалы экономиканы алсак, алтын Британия менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн басымдуу бөлүгүн түзөт. Мен муну башка тармактарга да жайылткым келет.

Кайсы секторлор? Менимче, IT (маалымат технологиялары) тармагы - эң башкы артыкчылык бериле турган тармак. Британия - маалымат технологиялары боюнча дүйнөлүк лидер, Европадагы лидерлик позициядагы өлкө. Кыргызстанда да IT сектору тездик менен өнүгүп жатканын билем. 2019-жылы Кыргызстандын IT тармагы боюнча Британияга экспорту 2018-жылга салыштырмалуу 100% өстү. Бул тармак канчалык тез өсө аларын, кандай потенциалы бар экенин ушундан көрсө болот.

Мындан тышкары креативдүүлүк тармагын [реклама, архитектура, кино, музыка, мода ж.б.] да айтып келет. Британияда бул тармак ички дүң өнүмгө чоң салым кошот. Кыргызстанда анын мүмкүнчүлүгү чоң. Биз бул чөйрөдө мыкты карым-катыш түзө алабыз деп үмүттөнөм. Ушул жайда «Британ кеңеши» Кыргызстанда «Жаратман Борбор Азия» аттуу эл аралык иш-чара өткөргөнү жатат. Бул иш-чара Борбор Азиядагы жана Британиядагы жаратман, интеллектуалдык чөйрөгө аралашкан адистердин башын бириктирүүнү, муну менен экономикалык көрсөткүчтөрдү жаратууну көздөйт.

Мындан тышкары туризм сектору да бар. Тилекке каршы Британиядан Кыргызстанга келген туристтер кыйла аз. Биз Кыргызстанга туристтерин жөнөткөн он өлкөнүн катарына да кирбейбиз. Бирок тиешелүү деңгээлде жарнама жасалса, Кыргызстанда британ туристин тарта турган көп нерсе бар.

Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Көз жоосун алган, укмуштуудай кооз өлкө. Эли да меймандос. Бул жактагы ишим абдан кызыктуу...

Акыркы бир нерсени айтып коеюн. Бул – климаттын өзгөрүшү. Дүйнө жүзүндөгү бардык өлкөлөр бул маселенин ар кандай формасына туш болуп жатышат. Бул – Борбор Азиянын жалпы маселеси. Кыргызстанда мөңгүлөр эрип жатат. Мындай мүшкүлгө бир мамлекет жалгыз өзү туруштук бере албайт. Ал үчүн өлкөлөр ортосундагы узак мөөнөттүк кызматташтык керек. Британия климаттын өзгөрүшү боюнча Cop26 аттуу эл аралык конференция өткөрөт. Кыргызстан эл аралык кызматташтыкты бекемдөөнү көздөгөн бул иш-чарага жигердүү катышат деген үмүттөмүн.

- Жакында Кыргызстан АКШ визалык чектөөгө киргизген мамлекеттердин катарына кошулду. Британия да иммиграциялык реформалардын алдында турат. Ага ылайык, иш визаларын берүүдө жогорку билими жана чеберчилиги бар адамдарга артыкчылык берилет экен. Бул өзгөрүүлөр Британияда жашап, иштөөнү көздөгөн кыргызстандыктарга кандай таасирин тийгизиши мүмкүн?

- Бул туура. Британия - көп жылдан бери эле мигранттарды өзүнө тартып турган өлкө. Күчтүү экономика жана коомдогу ар түрдүүлүк көпчүлүктү кызыктырып турат. Бул процессти башкарыш үчүн баштан бери эле иммиграциялык эрежелердин мааниси чоң.

Британ элчиси менен «Чивнинг» программасынын жеңүүчүлөрү, 2019-жылдын август айы. Сүрөт британ элчилигинин «Фейсбуктагы» барагынан алынды.
Британ элчиси менен «Чивнинг» программасынын жеңүүчүлөрү, 2019-жылдын август айы. Сүрөт британ элчилигинин «Фейсбуктагы» барагынан алынды.

Соңку реформалар Британияга агылган миграцияны өлкөнүн экономикасынын талаптарына шайкеш келтирүүнү көздөйт. Экономикага тиешелүү шык-жөндөмдөргө муктаж. Эгер кыргыз жарандарында ушундай чеберчилик, жөндөм болсо алар Британияга виза алууга документ тапшыра алышат. Жаңы реформалардын таасири ушундай болот деп турам.

Бул маселеге байланыштуу кийинки окуу жылында баштала турган жаңы саамалык тууралуу айтып кетейин. Ага ылайык, Британиянын университеттеринде билим алган бардык чет өлкөлүк студенттер өлкөдө эки жыл иштөөгө уруксат алышат.

Кыргызстан жана кыргыз тили

- Бул кызык жаңылык экен. Мына эми март айында сиз Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп дайындалганыңызга бир жыл болот. Сиз буга чейин Чыгыш Азия, Балкан өлкөлөрүндө иштесеңиз да, бул сиздин Борбор Азиядагы алгачкы ири дипломатиялык миссияңыз болду окшойт. Кыргызстан жана Кыргызстандын эли жөнүндө таасирлериңиз кандай?

- Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Көз жоосун алган, укмуштуудай кооз өлкө. Эли да меймандос. Бул жактагы ишим абдан кызыктуу. Жумушум аркылуу Британия менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө салым кошуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болдум. Мындан көптү кааламак эмесмин.

- Сиз кыска убакыттын ичинде эле Кыргызстандагы таанымал элчилердин бирине айландыңыз. Сиз социалдык тармактарда оюңузду эркин билдиресиз, өлкөнү ээн-эркин эле түрө кыдырып жүрөсүз. Жакында үй-жайсыз адамдардын борборуна барып, аларга ыктыярчылар менен кошо тамак бердиңиз. Троллейбус менен базарга барып, эт алып келдиңиз. Бардык элчилер эле муну кыла бербесе керек. Карапайым элге жакын болууга эмне түрткү берип турат?

- Менин буга мамилем жөнөкөй. Өлкөнү жакшы түшүнбөй туруп, ал өлкөдө элчи болуш өтө кыйын. Аны түшүнүш үчүн күнүмдүк дипломатиялык байланыштар жетишсиз. Катардагы тургундар менен сүйлөшүп, өлкөнү кыдырып, түрдүү адамдар менен баарлашып, алардын ой-пикирлерин угуу маанилүү. Андыктан Бишкектеги же Ат-Башыдагы базарга барып келүү, башка шаарларды көрүү, троллейбуста жүрүү сыяктуу бардык иш-аракеттер эл менен пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

Социалдык тармактар да мунун маанилүү бир өңүтү. Ал мага, дипломат катары өлкөнүн чар-тарабындагы адамдар менен карым-катнашта болуп турууга, британ-кыргыз алакасы жана мамлекеттин абалы тууралуу алардын оюн угууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мунун баары байланыш.

- Социалдык тармактардагы билдирүүлөр демекчи, жакында Интернеттеги видеодон сиз кыргыздын белгилүү акыны Алыкул Осмоновдун ырынан үзүндү айтып жатканыңызды көрүп калдым. Сиз орус тилин мыкты сүйлөй турганыңызды билебиз. Эми сиз кыргыз тилин да үйрөнүп жатасызбы?

- Ооба, мен орусчаны эң мыкты деңгээлде сүйлөй албай турганымды айтып кетишим керек. Дайыма чеберчилигим жетишпей жаткандай сезилет. Бирок аны өнүктүрөм деп турам. Ошондой эле мен кыргыз тилин да өнүктүрүүгө бел байлап жатам. Бул абдан кооз тил. Биринчи жолу түрк тилдеринин биринде сүйлөөгө аракет кылып жатам. Мен кыргыз тилинин ыргагын жана тыбыштарын сүйүп калдым. Абдан поэтикалык тил. Залкар акындын ырын «Твиттерде» окуп берүү мага ырахат тартуулады.

Мен өткөн күздө ишеним грамотасын тапшыргандан кийин президент Жээнбеков менен жолукканымда да бул тууралуу сөз кылганбыз. Ишеним грамотасын тапшыруу иш-чарасында мен өз сөзүмдү кыргыз тилинде айтууга аракет кылгам. Андан соң президент да менин мүдөө-максатым тууралуу сурап калды. Тилдин кооз болгонунан мурда иштеп жаткан мамлекеттин тилин билүү же эч болбосо бир бөлүгүн үйрөнүү маанилүү. Бул - урмат-сыйдын бир бөлүгү. Ошондой эле тил өлкөнүн эли менен алака-катышыңды жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзөт. Айтор, бул маанилүү.

- Чоң рахмат! Ишиңизге ийгилик!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

«Мен Кыргызстанды абдан жакшы көрөм»
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:10 0:00

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG