Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Экономика

Стамбул шаары.
Стамбул шаары.

Соңку күндөрү түркиялык басылмалар өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөр мигранттарды "тазалоо" иштери башталганын жазып жатат. Түрк полициясы өткөн аптада рейд учурунда өлкөдө мыйзамсыз жашаган ондогон өзбек жаранды камакка алганы айтылууда.

Стамбул шаарынан депортацияланган өзбекстандык Дилшод Ахмедов калаанын Тузла районундагы убактылуу кармоочу жайда элүүдөн ашык мекендештерин көргөнүн "Азаттыктын" өзбек кызматына билдирди. Ал өткөн апта "Түркияда туруктуу жашоого уруксаты жок болгону" үчүн кармалган.

"Бизди колубузга кишен салып, 18 саат автобуста алып барышты. Арабызда алтымыш жаштан ашкандар да бар болчу. Эки айдан бери ошол кармоочу жайда жаткан өзбектер да бар экен. Баарыбызды бир бөлмөгө камашты. Шарттары өтө оор, адам чыдагыс. 24 саат бою ачка болгон күндөр болду. Өзбекстандын жарандарына кысым күч алууда. Алар бизге кылмышкерлерден да жаман мамиле кылышты. Мен Өзбекстандын элчилигинен ал жакта калган мекендештерибизге көңүл бурууну суранам".

24 жаштагы Дилшод Ахмедов Түркияга тогуз ай мурун келгенин, виза мөөнөтү бүтсө дагы Өзбекстанга кайта албай калганын кошумчалады.

"Мен Стамбулда кагаз чыгарган заводдо иштечүмүн. Өзбекстанга кайра барсам жумуш жок. Мени менен иштеген өзбектердин баары мыйзамсыз жүрүшчү. Кийин аларды да полиция алып кеткенин билдим”.

Измир шаарындагы миграция департаменти.
Измир шаарындагы миграция департаменти.

Ал эми Өзбекстандын Хорезм шаарынан Стамбулга келип иштеп жүргөн Азамат Матжанов да соңку күндөрү күч кызматкерлери көзөмөлдү күчөттү дейт.

"Көптөгөн өзбектер үй кызматтарында иштешет. Түркияда аларга үч айга чейин визасыз мөөнөт бар. Бирок полиция алардын үйүнө кирип, кармап кетип жатат. Мени үч таанышымды кармап, депортация кылышты".

Өзбек мигранттардын өлкөдөн чыгарылып жатышы жана аларга карата катаал текшерүү боюнча дооматтарга Стамбул полициясынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Ал ортодо Стамбулда жашаган, ысымын айткысы келбеген өзбекстандык журналист Өзбекстандын Анкарадагы элчилиги Малатия шаарында абактагы мекендештердин абалы тууралуу кабардар экенин "Азаттыкка" билдирди.

"Бул маселе боюнча Өзбекстандын Стамбулдагы консулдугуна кайрылсам, алар бул боюнча Анкарадагы элчилик иштеп жатканын, Түркиянын Миграция кызматына кат жазышканын жана өзбек жарандарынын тагдырына кайдыгер эместигин айтышты. Консулдуктун өкүлдөрү да Өзбекстандын жараны кармалып, камакка алынса телефон аркылуу байланышууга мүмкүнчүлүк бар экенин эскертти".

Мигранттар көп, экономикалык абалы начар

Түркияга барган өзбек жарандары 90 күн визасыз жүрө алат. Бирок ал мөөнөт өткөн соң туруктуу жашоого уруксат же эмгек визасын алууга милдеттүү.

Түркия өзбек эмгек мигранттары жашаган төрт өлкөнүн сап башында турат. Өлкөдө элүү миңден ашык өзбекстандык расмий катталган. Ал эми мыйзамсыз иштеп жүргөндөрдүн саны мындан эки эсе көп экени айтылып келет.

Ысымын жашырган өзбекстандык журналисттин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, келерки жылы өтө турган президенттик шайлоо алдында Түркияда мыйзамсыз чет өлкөлүктөргө кысым күч алды.

"Өлкөдө 10 миллионго жакын сириялык качкын бар. Ооганстан, Пакистандан качып келгендер да көп. Азыр Украинадан, Орусиядан мигранттардын агымы бар. Ошондой эле Түркияга иштегени келген өзбектердин саны көбөйдү. Бир жагынан экономикалык таңкыстык кыйнап, лиранын куну түшүп, баалар көтөрүлдү. Турак жайдын баасы кымбаттады. Буга жергиликтүү эл нааразы".

Түркиядагы "Өзбек биримдиги" коомунун жетекчиси Адем Чевик болсо мигранттарды тыкыр текшерүүсүз депортациялоо гуманитардык принциптерге каршы келерин билдирди.

"Алар Түркияда конок. Алардын кармалышы же депортацияланышы биздин өлкө үгүттөгөн гуманитардык принциптерге туура келбейт. Эгерде алар жаман ниет менен келсе, же террордук уюмдарга мүчөлөрү болсо, камашсын. Жакшы ойдо келгендердин абалын иликтеп чыгуу керек".

Адем Чевик ошондой эле полициянын катаал мамилесине кабылган мигранттар сотко кайрылууга укуктуу экенин кошумчалады.

Ал эми Стамбулда жашаган өзбек журналист Ташкент менен Анкара эмгек миграциясы боюнча келишимдерди кайра карап чыгышы керектигин эскертет.

"Түркия сериалдагы Түркия эмес. Тааныштарынан угуп келгендер кийин мыйзамсыз жашап жүрө беришет. Заводдордо 8-9 сааттан иштешет. Түрк тилин билбейт, анан кыйынчылыкка кабылат. Өзбекстанда жумушсуздук жоюлмайынча, Түркияга келгендердин саны азайбайт. Муну дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуу керек".

Дүйнөдө эң көп качкындар жашаган өлкө

Жакында эле Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган өлкөдө мыйзамсыз жашаган бир миллион сириялык качкындын өз ыктыяры менен мекенине кайтуусуна шарт түзө турган жаңы долбоордун үстүндө иштеп жатканын билдирген. Сириянын түндүгүндө баш калкалаган качкындар үчүн кеминде 100 миң чакан үй курууну максат кылгандарын да белгиледи.

Режеп Тайып Эрдоган.
Режеп Тайып Эрдоган.

Анын качкындар тууралуу айткан мындай билдирүүсүн утурлай, түрк маалымат каражаттарында мыйзамсыз жүргөн ооганстандык жана сириялык качкындар мекенине депортацияланып жатканы тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Өзгөчө Стамбул жана Анкара баштаган ири шаарларда жашаган чет өлкөлүктөрдүн документтери текшерилип, кармалгандардын дээрлик көпчүлүгү ооган жана сириялык экени айтылып жаткан.

Түркиянын Миграция департаментинин маалыматына ылайык, учурда бул өлкөдө төрт миллион качкын баш калкалайт. Анын 3 млн. 700 миңи сириялыктар. Өлкөдө жалпысынан 5,5 миллион чет өлкөлүк расмий каттоодон өткөн. Алардын 1 млн. 400 миңи туруктуу жашоого уруксат алган мигранттар экени аныкталды.

Былтыр Стамбул аймактык миграция башкармалыгы тарабынан 72 миңдей мыйзамсыз мигрант сот жообуна тартылган. Алардын 23 миңдейи өлкөлөрүнө депортацияланса, калган 40 миңдейи өлкөнүн башка облустарындагы убактылуу кармоочу жайларга жөнөтүлгөн.

Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022-жыл.
Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022-жыл.

Чаткалда сабак учурунда мектептин шыбы урап түшкөн окуя өлкөдөгү эски мектептердин коопсуздугуна байланышкан маселени козгоду. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстандагы 2162 мектептин 245и авариялык абалда. Бул ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет.

Алардын айрымдарына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "окуганга болбойт, кооптуу" деген чечимди чыгарып бергени менен окуу жараяны кадимкидей эле уланып келүүдө. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда.

"Тамчы өтүп, полдор чирип кеткен..."

Баткендин Кыштут айылындагы орто мектептин артынан көрүнүшү. 2022-жыл.
Баткендин Кыштут айылындагы орто мектептин артынан көрүнүшү. 2022-жыл.

Баткен районунун Кыштут орто мектебинин директору Байыш Сайданов "жаңы мектеп курулганча эскиси кулап калбаса экен" деп тилеп олтурушканын кеп салды. Кыштуттагы мектеп 1968-жылы курулган.

"Мектептин эскилиги жеткен, дубалды кармап турган сынчтары (жыгач түркүктөр) чириген, чатыры эски, жаан жааган сайын тамчы өтүп, полдор чирип кеткен... Чаткалдагы окуяны көрүп ойлонуп калат экенсиң. Кырсык болбосун, мындай жайда балдарды окутуп жатканыма директор катары керт башым менен жооп беришим керек".

Жаан жааган сайын тамчы тамып, мектептин шыбы көөп, ийилип, көгөрүп кеткен. Дубалдагы анча-мынча жаракалар жыл сайын жаңы окуу жылына карата жамалып-чапталып, косметикалык ремонт менен сырты кооздолуп келгени менен эски мектептин керектен чыкканына кыйла жыл болду. 2015-жылдан бери авариялык абалда деп үч жолу акт түзүлгөн. Учурда бул мектепте 206 бала окуйт, 20 мугалим эмгектенет.

"Дубалдарды кармап турган сынчтар (жыгач түркүктөр) толук чирип калган. Ачып көрүшсө, дубалдар дагы кыйшайган. Мунун артынан быйыл өтө көп текшерүү келди. Президенттин өкүлү курулуш башталат деди эле, дале башталбай турат. Сыртынан жакшы эле көрүнүп турат, бирок ичиндеги абалы жакшы эмес. Сентябрда ата-энелерден суранып окууну баштаганбыз, быйыл жаңы болуп калаар деп күтүп жатам".

Баткендин Кыштут айылындагы орто мектеп. 2022-жыл.
Баткендин Кыштут айылындагы орто мектеп. 2022-жыл.

Былтыр сентябрда айылдагы ата-энелер коопсуздук маселесинен чочулашып, балдарын мектепке жөнөтүүдөн баш тартышкан. Алар "авариялык абалдагы мектептен көрө чатыр тигип бергиле" деп талап коюшкан.

Кенже Смановдун үч баласы ушул мектепте билим алууда.

"Мектептин шыбынан тамчы тамат. Кокус жер титирөө болсо түшүп кетиши мүмкүн. Рельсте, темирде турат. Түшүп кетсе балдарды басып калат деп коркуп жөнөтпөйлү дегенбиз. Эки-үч бөлмөсү такыр эле авариялык абалда. Сабак учурунда ушундай болсо, ким жооп берет деп акимге дагы айтканбыз. Эч ким мойнуна алган эмес. Суранышып, окуу жабылганча барып тургула дешкен. Башка айла жок да, чатыр тигип бергиле десек, аны дагы аткарышкан эмес. Менин үч балам окуйт, аялым мугалим".

Баткендеги Кыштут орто мектебинин шыбы.
Баткендеги Кыштут орто мектебинин шыбы.

Мектеп директорунун айтымында, Кыштут мектеби быйыл курула турган мектептердин тизмесине илинген. Буга чейин 150 орундуу мектептин долбоору иштелип чыккан.

"Авариялык абалда экенин билебиз, кудай сактасын"

Билим берүү министрлигинин маалыматына караганда, ушул тапта өлкө боюнча 2162 мектеп бар. Мындан сырткары 172 менчик мектеп бар. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 245и авариялык абалда, башкача айтканда ар бир тогузунчу мектепте окуу опурталдуу дегенди билдирет.

Авариялык абалдагы мектептердин саны боюнча Ош облусу алдыңкы орунда (66 мектеп).



Бул мектептерде 100дөн 550гө чейин окуучу билим алганын эске алсак, болжол менен 70 миңдей окуучу кооптуу саналган имараттарда окуусун улантууда.

Сузактагы 1908-жылы курулган мектеп.
Сузактагы 1908-жылы курулган мектеп.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Турат Арзыкулов атындагы №52 мектеп - Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири.

Анын биринчи корпусу 1908-жылы курулуп, темир жол станциясынын кеңсеси катары кызмат кылган. Өткөн кылымдын 50-жылдарында мектепке өткөрүлүп берилген. Ошондон бери капиталдык ремонт дагы жасалган эмес.

527 окуучу билим алган мектепте андан бери көп деле өзгөрүү болбоптур. Жылытуу үчүн мешке от жагылат, даараткана сыртта, суу кудуктан алынат.

Сузактагы 1908-жылы курулган мектепте 527 бала окуйт.
Сузактагы 1908-жылы курулган мектепте 527 бала окуйт.

"Мектеп үч корпустан турат. Биринчи корпусу 1908-жылы, калган экөө 1960-жылы курулган. Мектепке ылайыкташтырылып курулган эмес. Коридор жок, киргенде эле класска кирип кетишет. Мектепте өтө кооптоно турган деле жагдайлар, жарака жок. Эскилиги жеткендиктен шыбактары тынбай көчүп турат. Чатырынан тамчы тамат. Утуркусун-утуру алмаштырып турабыз. Информатика классыбыздын шыбы бир аз ийилип калган, ал жерге тирөөч койгонбуз. Бирок ал жакка окуучуларды киргизбейбиз. Китепканабыз окуучуларга ылайыкталган эмес. Кышында от жаккан учурда кыйналабыз. Ар бир класста өзүнчө меш бар, көмүр менен ысытабыз. Ал түтөйт, ушундай жагдайлар бар",-дейт мектеп директору Асылбек Маматов.

Сузактагы 1908-жылы курулган мектеп.
Сузактагы 1908-жылы курулган мектеп.

Райондун акими Баратбек Сыдыкназаровдун айтымында, бул мектептин окуучуларына үч чакырым алыстыктагы жаңы салынган мектепке барып окуу сунушталган. Бирок ата-энелер ага көнгөн эмес. Жаңы мектеп 275 орундуу.

"Авариялык абалда экенин билебиз, качан иш башталарын билебиз, бирок баштала элек. Акча каражат бөлүнө элек. Кайсы фирма иштей турганы белгисиз. Жергиликтүү бийликке, Мамлекеттик курулуш агенттигинен же Финансы министрлигинен "ушундай курулуш башталат, ушунча суммага" деп кат келбейт. Өзүбүз жеринде иш болуп жатканда билип калып жатыбыз. Мектеп боюнча баарына айтылып, көзөмөлдө. Кудай сактасын!".

Сузак - авариялык мектептери көп райондордун катарында (12 мектеп).

Турак-жай, жарандык курулуш департаментинин маалыматына караганда, 2022-жылга чейин ар кандай каржылоо булактарынын (республикалык бюджет, облустук фонддор, Сауд өнүктүрүү фонд ж.б) эсебинен 22 авариялык мектептин ордуна жаңысы курулуп, пайдаланууга берилди.

Ал эми калган 223 мектептин ичинен:

"Кышында класстар муздак болот"

Нарын районунун Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектептин окуучулары жарым кылым мурда курулган имаратта окуйт.

Ушул тапта мектептин бир жак дубалы ажырап, сыртты көздөй ооп, шып балдардын үстүнө түшүп кетчүдөй болуп турат. Жаңысы качан салынары али белгисиз.

"Чаткалдан кийин коркуп калдык". Жарака кеткен мектептеги окуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:25 0:00

Ийри-Суу айылындагы Муса Байдөөлөтов атындагы орто мектептин эки корпустан турат. Салыштырмалуу жакшырак деп эсептелинген корпуста жети класстык бөлмө бар. Анда эки смен менен 250дөй окуучу билим алат.

8-класста окуган Асема Дүйшөнова кышкысын класстар суук болуп, кийимчен отурууга аргасыз болорун айтууда.

“Азыр күн жылып калбадыбы. Кышында класста муздак болот, үшүйбүз. Биздин класс дагы күнгөй бетте болуп бир аз жылуурак болуп турат. Тескей тарапта болсо күн тийбейт да. Алар кошумча жылыткыч колдонушат. Башка айылдардан заңгыраган эки кабат мектептерди көрүп жүрөбүз. Биз дагы ошондой мектепте окугубуз келет”.

Мектептин имараты жыгач менен салынып, сыртынан бышкан кыш менен капталган. Салынганына 40 жылга чамалаган имарат жыл сайын акталып, сырдалып турат. Жарака кеткен жерлерин бүтөп, балдарга коопсуздукту сактап берүү мектептин кызматкерлеринин мойнунда.

Мектептин экинчи корпусунда ашкана жана китепкана жайгашкан. Бирок ал имаратты Өзгөчө кырдаалдар министрлиги пайдаланууга болбойт деген бүтүм чыгарган. Биринчи корпус тар болгондуктан айласыздан кооптуу имаратка кирүүгө туура келет дейт мектептин директору Миргүл Асылбекова.

“Мына дубалы ажырап калды. Бул жагында эле ашканабыз жайгашкан. 4-класска чейинки балдар келип тамактанышат. Имарат кулап кетсе, жетекчи катары мен жооп берем да. Айла жоктон ушундай кадамга барып жатабыз. Ошентсе да билим сапатына көңүл бурабыз. Предметтик олимпиадалардын республикалык баскычтарына чейин катышып орун алган окуучуларыбыз бар. Былтыр жалпы республикалык тестирлөөдөн бир окуучубуз 200дөн ашык упай алып, Нарын району боюнча биринчи болду. Мындан тышкары дагы көптөгөн жетишкендиктерибиз бар”.

Мектеп жетекчилиги жаңы имарат салып берүү өтүнүчү менен өкмөткө бир нече жолу кайрылышкан. “Жаңы мектепке муктаж” деген тизмесине киргени менен курулат деген имараттардын катарына кошула элек. Ийри-Суу айылындагы бул мектепке үч айылдан окуучулары окуйт. Кыштактын күн чыгыш тарабында 7 чакырым алыс жайгашкан Төш-Булак айылынан 20дан ашык бала күнүгө жөө келип кетет. Ал эми 3 чакырымдай алыс Ак-Булуң айылынан 30га чукул окуучу келет.

Нарын облусундагы жалпы 141 мектептин 30га чукулу авариялык абалда. Алардын көпчүлүгүнө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "имаратка кирүүгө болбойт" деген бүтүмүнө карабай азыркы күнгө чейин балдар окуусун улантып келишет.

Жаңы мектептерди курууга чоң каражат керек

Ар бир жаңы мектептин курулушу болжол менен 65 миллион сомго бааланат. Бул эң чакан мектеп үчүн эсептелген баа.

Мамкурулуш жалпы билим берүү мектептеринин курулушун бирдиктүү стандарттарга которуу, бир типтүүлүккө келтирүү жана республикалык бюджеттин каражаттарын үнөмдөө максатында 150, 275, 375, 500 орундук мектептердин долбоордук-сметалык документтерин иштеп чыккан.

Типтүү мектептердин курулушунун сметалык наркы баалары боюнча төмөндөгүнү түзөт (бул курулуш материалдарынын кескин түрдө жана техникалык тейлөөнүн кымбаттап кеткенге чейинки баа экени белгиленген):

  • 150 орундуу мектептин жалпы баасы –64 234,9 миң сом;
  • 275 орундуу мектептин жалпы баасы- 82 203,0 миң сом;
  • 375 орундуу мектептин жалпы баасы- 98 304,9 миң сом;
  • 500 орундуу мектептин жалпы баасы- 113 291,6 миң сом.

"Эскини эптегенче эсиң кетет"

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Кызыл-Жар айыл өкмөтүндөгү Кебек Мамаев атындагы орто мектебинде 230 окуучу билим алат. Курулуш департаментинин маалыматына караганда, мектептин дубалында жаракалар кетип, авариялык абалга келген.

Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби.
Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби.

Мектеп 1964-жылы курулган. Окуганга опурталдуу делген тизмеге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2015-жылы киргизгенин мектеп директору Батырбек Кулеков билдирди. Бирок ошондон бери деле мектепте балдар окуусун улантууда.

Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби.
Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектеби.

“Кыштын күнү кар дагы түшүп дубалдары урап калуусу мүмкүн. Азыр эми жыгачтары куурап коркунуч туудурууда. Мешке от жакканда куураган жыгачтар кыйла ысып, түтөй баштайт. Мындай учурда өчүрүп калабыз. Ушундай коркунучтар бар. Класстарыбыз чоң, кыштын күнү от жагып деле ысыта албай кыйналабыз”.

Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинин жарака кеткен бөлүгү.
Кара-Кулжадагы Кебек Мамаев атындагы орто мектебинин жарака кеткен бөлүгү.

Ал эми Ноокат районундагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби 1965-жылы 120 орундуу болуп курулган. Мектеп директорунун айтымында, учурда бул жайда 470ден ашуун окуучу билим алууда.

Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022-жыл.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби. 2022-жыл.

“Мектеп кам кыш менен салынган. Абалы өтө начар. Балдардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Бала батпайт, бөлмөлөр аз. Полдор түшүп жатат. 2014-жылы жараксыз деп табылган. Курулуш башталат деп эле түрдүү себептерден улам калып кетүүдө. Азырынча 2023-жылдын планына кирет деп айтып жатышат”,-дейт мектептин директору Мураталы Калбаев.

Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектебинин бир корпусу. Анын бир классында балдар билим алса, бирөө кампа катары колдонулары айтылды. 2022-жыл.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектебинин бир корпусу. Анын бир классында балдар билим алса, бирөө кампа катары колдонулары айтылды. 2022-жыл.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеби.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеп. 2022-жыл.
Ноокаттагы Алымкул Үсөнбаев атындагы Арал орто мектеп. 2022-жыл.

Өзгөн районуна караштуу Жазы айылында Акматаалы Абдыкеримов орто мектебиндеги жагдай деле башка мектептерге окшош. Мектеп 1997-жылы салынган. Азыркы учурда 300дөн ашуун бала билим алат.

Мектеп директору Жазгүл Насирдинованын айтымында, ал фин тибинде салынгандыктан дубалдар жука болуп, сабак өтүп жатканда ар кандай тоскоолдуктар жаралат.

Өзгөн районуна караштуу Жазы айылындагы Акматаалы Абдыкеримов орто мектебинин кире бериши. 2022-жыл.
Өзгөн районуна караштуу Жазы айылындагы Акматаалы Абдыкеримов орто мектебинин кире бериши. 2022-жыл.

“Мунун документи деле жок. ӨКМ тарабынан салынган дейт. Менде такыр документтери жок. Фин тибинде салынган мектеп болгон үчүн бир класста сабак өтүп жатсаң экинчи класстын үндөрү кадимкидей угула берет. Ортосу жука", - деди мектептин директору.

Өзгөн районуна караштуу Жазы айылындагы Акматаалы Абдыкеримов орто мектебинин полу чирип калган класстарынын бири. 2022-жыл.
Өзгөн районуна караштуу Жазы айылындагы Акматаалы Абдыкеримов орто мектебинин полу чирип калган класстарынын бири. 2022-жыл.

"Анан полдорубуз чирип түшө берет. Улам аларды оңдоп турабыз. Бирок кайра чирип түшө берет. Анан потолокторубуз дагы кичине ийилип калган. Эски ашар жолунда салынган мектебибизди болсо ашкана жана китепкана катары пайдаланабыз. Төрт бөлмөсүн бала бакчага бөлүп бергенбиз. Ал жакта балдар тарбияланат ”, - деп сөзүн улады мектептин жетекчиси.

"Жаман жыт, антисанитария..."

Чаткалдагы окуядан кийин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү бардык мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарынын абалын текшерүү тапшырмасын берген.

Кыргызстандагы бардык мектептерди толук инвентаризациялоо зарылдыгы 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтылды. Депутат Аида Исатбек кызы Чаткалдагы окуяны эске салып, билим берүү тармагындагы реформа ошондон башталышы керектигин белгиледи:

"Эмне үчүн реформанын биринчи кадамы катары мектептер инвентаризация кылынган жок? Бүгүнкү күндө бизде өлкөдө 2236 мектеп бар экен. Ошонун кайсынысы авариялык абалда, кайсынысы жарайт же жарабайт деп иш жүргүзүп, реформаны ошондон кийин баштасак туура болмок”.

Чаткалдагы мектептин шыбы урагандан кийин балдардын өмүрүнөн кооптонгон Ысык-Көл облусуна караштуу Өрүктү айылындагы (Ысык-Көл району) И.Бейшембиев атындагы мектептин директору Бүшаралы Кошумбекова, айыл башчы Султан Тентимишов, айылдык кеңештин депутаттары быйыл айылга жаңы мектеп курулар-курулбасын тактоо үчүн Бишкекке чейин келишти.

Турак-жай, жарандык курулуш департаментинен алынган маалыматка караганда, бул мектептин пайдубалы чөгүп кеткен. Мектеп дайыма ным абалында тургандыктан көк жыттанып, полдору чириген. Мектептин фундаментинин алдынан суу агып өтөт. Шыбынан суу аккандыктан, ийилип калган. Дубалдар урап жатат. Мектептин спорт зал, ашканасы дагы жок.

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы И.Бейшембиев атындагы орто мектеп. 2022-жыл.
Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы И.Бейшембиев атындагы орто мектеп. 2022-жыл.

"Мектеп авариялык абалда. Жараксыз деген ӨКМнин төрт жолу берген корутундусу бар. Титулдук тизмеге дагы эле кирбептир. Былтыр айылдын башкы планы жок деп айтышты эле, ал бүтсө деле тизмеде жок. Мамлекеттик курулуш мекемеси болсо биз киргизген элек тизмеге дешет, Финансы министрлигине келсек аларга берилбептир. Бизде 166 окуучу окуп, 18 мугалим эмгектенет. Мектептин айрым бөлмөлөрү көгөрүп кеткен".

Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы И.Бейшембиев атындагы мектептин пайдубалы чөгүп, жаракалар кете баштаган. 2022-жыл.
Ысык-Көлдүн Өрүктү айылындагы И.Бейшембиев атындагы мектептин пайдубалы чөгүп, жаракалар кете баштаган. 2022-жыл.

"Мектептин орду, долбоору дагы даяр. Каражат маселеси чечилбей жатыптыр", - деди айыл өкмөттүн башчысы Тентимишов.

Жаңы мектеп куруу үчүн инвесторлор изделип жатат.

Мындай мектептер өлкөнүн ар бир районунда бар. Таластын Манас районундагы Бала-Саруу атындагы орто мектебинде деле жагдай ушундай. 1957-жылы салынган имараттын пайдубалы таштан, дубалдары саман кирпичтен ашар жолу менен курулган. Пайдубалы чөгүп, пол, дубалдары акырындап урап жатканы корутундуда жазылган. Мектептин дубалдары ичи-тышынан тирөөчтөр менен кармалууда. Бул мектеп Орусиянын каржатынын эсебинен "Газпром" компаниясы куруп бере тургандардын тизмесине кирген. Бирок "Кыргызстан-Газпром" мектептерди качан куруп баштаарын айткан жок.

"Башка облустарга жана региондорго жаңы мектептерди куруу маселеси каралып жатат. Бул чоң долбоор болгондуктан так убактысын жана жерин айта албайбыз", - деди компаниянын жетекчисинин орун басары Арзымат Алдаяров.

Жакында эле Министрлер кабинети Орусия салып берген "Газпром" мектебин "Газпром-Кыргызстан" компаниясына 20 жылдык мөөнөткө бекер пайдаланууга берүү демилгесин көтөрүп жатканы белгилүү болгон. Мунун ордуна алар башка аймактарга дагы мектеп куруп берүүнү убада кылышкан. Буга чейин "Газпром-Кыргызстан" мектеби боюнча келишимге ылайык жылына 20,8 миллион сом өлчөмүндө ижара акысы төлөнүп келген. Бекер пайдалануу мөөнөтү Орусия өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга ылайык кийин дагы узартылышы мүмкүн.

Орусиянын Украинага согуш ачкандан кийинки абалына токтолгон эксперттер мектеп куруу маселеси дагы кечеңдеши ыктымалдыгын айтып жатышат.

Жаңы мектеп салууга каражаты бөлүнүп, курулушу жарымдаган бойдон токтоп калган мектептер да жок эмес. Дүйнө билим менен атаандашып жаткан мезгилде мектептердин урашы, жетишпей, авариялык абалда турушу кечирилгис чоң көйгөй деп эсептейт билим берүү жаатындагы адис Венера Акматова.

Венера Акматова.
Венера Акматова.

"Жаңы курулуп жаткан мектептер алыскы райондордогу курулайын деген, шарты жок мектептердин ордуна түшкөн жок. Бул шаардын жака белиндеги, такыр мектеби жок конуштарга салынды. Ремонт, оор абалын оңдоо боюнча координалдуу деле чоң иштер болгон жок. Аймактагы мектептердин дээрлик бардыгында ажаткана сыртта. Кышында суукта, жаман жыт, антисанитария... Анан кичинекей, жакшынакай бөбөктөрдүн ошол жакка барып жатканын ойлогондо жүрөгүң ооруйт. Кол жууганга мүмкүнчүлүк жок. Ысык суу тургай, муздагы дагы жок. Мен Кыргызстандагы дээрлик бардык мектептеринде эле болдум окшойт. Колду самындап, таза жуу ден соолук үчүн абдан маанилүү. Азыр канчалаган балдарда мите курт бар, бул дагы колду жуубагандын кесепети. Көп мектептер контрамарка менен жылытышат, мешке от жагып, ис чыгат. Кышкысын сырткы кийимдерин чечпей отурушат".

Өмүргө жана ден соолукка коркунуч

Кыргызстандагы кооптуулардын тизмесине кирген мектептердин дээрлик бардыгынын абалы окшош. Көбүнүн дубалынан жарака кеткен, шыбынан суу тамат, ным жыттанып, дубалы көгөргөн же полу түшүп калган. Арасында дубалын устун менен тиреп койгондор дагы бар.

Окуучулар күндүн жарымын, болбоду дегенде беш саатын мектепте өткөрөт. Дарыгерлер көгөргөн жана ным жыттанган бөлмөдө көп отуруу деп соолукка олуттуу зыянын тийгизерин айтышат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин өспүрүмдөр, балдар гигиенасы боюнча дарыгери, бөлүм башчы Мария Кушубакова:

Мария Кушубакова.
Мария Кушубакова.

"Имараттарда нымдуулук 45-60%га чейин болсо уруксат берилет. Андан жогору болуп, бөлмө нымдуу болуп, көгөргөн учурда биз "бул бөлмөгө окуганга же жашаганга болбойт, ал жерди желдетип кургатыш керек" деген өзүбүздүн көрсөтмөбүздү беребиз. Авариялык мектептердин бардыгы ӨКМ жана биз тарабынан көрсөтмө берилип, окуганга болбойт деген чечим чыгарылып келет. Бирок шартка карап окуп эле келатышат. Көгөрүп кеткен жерде окугандын бир жаман жери - бул билинбей оорутат жана анын себебин аныктоо өтө кыйын. Бул негизинен дем алуу органдарына, өпкө, боор, бөйрөк, кан системасына таасирин тийгизет. Көгөрүп кеткен нерсе (плесень) токсиндерди, уу бөлүп чыгарат. Аны менен дем алганда организмге кирип жайгаша берет, болгондо дагы терең жайгашат. Бул өнөкөт ооруларга алып келиши мүмкүн, эң көбү аллергиялык ооруларга алып келет. Плесневые грибки деген - тирүү жана бардык жерде жашап кете ала турган нерсе",-дейт.

2013-жылы Билим берүү жана илим министрлиги, ЮНИСЕФ мектептерди жалпы улуттук баалоо иштерин жүргүзүп, Кыргызстандын мектептеринин 80% ашууну кооптуу деген бүтүмгө келишкен.

“Көптөгөн мектептердин ички түзүмүнүн абалы окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратат. Мектептердин чатыры, пайдубалы, дубалдары, суу түтүктөрү, канализациялары капиталдык оңдоп-түзөтүүлөрдү талап кылат”, - деп жазылган ал отчетто.

Кыргызстанда 1 миллион 408 миңге жакын мектеп окуучусу бар. Башкача айтканда, өлкөбүздүн дээрлик ар бир төртүнчү тургуну мектеп окуучусу. 82 миңдей мугалим эмгектенет.

Кыргызстанда билим берүүгө короткон чыгымдар жыл сайын өсүүдө:

  • 2001-жылы чыгымдар 3 миллиард сомду
  • 2007-жылы 9 миллиард сомду
  • 2012-жылы 21 миллиард сомду
  • 2020-жылы 39,9 миллиард сомду (анын 34,3 миллиард сому республикалык бюджеттен жана 5,6 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен) түзгөн. Чыгымдардын 60% жакыны мектептеги билим берүүгө жумшалат. Бирок билим берүүгө болгон чыгашалардын өсүшү (20 жылдын ичинде 13 жолу) билим берүүнүн, мектептердин сапатынын жогорулашына алып келген жок.


Мектепте билим алууга кетирген мамлекеттик чыгымдардын көбү донордук каражаттардын эсебинен каржыланат (Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, USAID, GIZ). Анын бир бөлүгү грант түрүндө, дагы бир бөлүгү насыя түрүндө берилет.

Ондогон мектептер урай турган абалда турганда бийлик президенттик администрациянын жаңы имаратын курууга белсенди. Садыр Жапаров президенттик администрациянын имаратын куруу үчүн алмаштырылып жаткан 16 гектар жердин баасы 30 миллион доллардан жогору болорун белгилеп, имаратты курууга кеткен каражат ал салынып бүткөндөн кийин толук эсептелип чыгарын айтты.

Эксперттер жаңы Ак үйдүн курулушу болжол менен 30 млн. долларга деп эсептелген болсо, ушул каражатка 400 орундуу 25тей, 300 орундуу 30дай мектеп түшмөк деп сынга алууда.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG