Молдалиев Кыргызстанда "экстремисттик деп таанылган медианын материалын бөлүшкөн" деп соттолгон алгачкы адам болуп калды. Коюлган айыптарды ал четке кагып, мыйзам бузбаганын айтып келет. Укук коргоочулар соттун бул чечими тынчсыздандырган көрүнүш экенин белгилеп жатышат. Алардын айтымында, мындай чечим сөз эркиндиги жана маалымат таратуу укугу боюнча кооптуу прецедент жаратышы мүмкүн. Кыргызстандын бийлиги 2025-жылы журналисттик эркин иликтөөлөрдү жүргүзүп келген «Клооп», «Темиров LIVE» жана «Айт Айт Десе» медиаларын экстремисттик деп тааныган.
Эл аралык уюмдардын билдирүүлөрү
Human Rights Watch эл аралык уюму кыргыз бийлигин “экстремисттик материалды тараткан” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган Бактыбек Молдалиевдин кылмыш ишин токтотуп, аны абактан бошотууга чакырды.
Уюмдун 18-ноябрда жарыяланган билдирүүсүндө бул иш Кыргызстандагы социалдык тармак колдонуучулары үчүн кооптуу белги экени, жөн гана «бөлүшүү» дегенди басуу адамды түрмөгө түшүрүшү мүмкүндүгү белгиленди:
"49 жаштагы Бактыбек Молдалиев ширетүүчү болуп иштеген жана Фейсбукта саясий маселелер боюнча үзгүлтүксүз пикир билдирип турган. Анын жубайы Элвира Жусупованын айтымында, Молдалиевди милиция 2025-жылдын ноябрында бир күнгө кармап, телефонун далил катары алып коюп, ичиндеги маалыматтарга кирүү мүмкүнчүлүгүн алган... 11-ноябрдагы соттук отурумда Молдалиев күнөөнү четке кагып, талаш жаратып жаткан материалды анын аккаунту аркылуу милиция кызматкерлери же башка адамдар жарыялап, аны атайылап күнөөлөшү мүмкүн экенин айткан. Кыргызстандын бийлиги Молдалиевге каршы ишти токтотуп, аны негизсиз чыгарылган өкүмдөн бошотуп, эркиндикке чыгарышы керек. Ошондой эле өкмөт сөз эркиндигине каршы аракеттерден баш тартып, сынчыл пикирлерди басуу үчүн жазык-сот адилеттиги системасын курал катары пайдаланууну токтотуп, экстремизм боюнча мыйзамдарды реформалашы зарыл".
Ошол эле күнү Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) эл аралык уюму Молдалиевдин "экстремисттик материал тараткан" деп айыпталып, үч жылга кесилишин айыптады. Уюмдун Европа жана Борбор Азия аймактык директору Фиона О'Брайен муну Кыргызстандагы сөз эркиндигине кысым деп сыпаттады.
"Клооп иликтөөчү басылмасынын материалы менен бөлүшкөнү үчүн социалдык тармак колдонуучусунун Кыргызстанда үч жылга эркинен ажыратылышы олуттуу тынчсызданууну жаратат. Бул бийликтин өкмөттөгү коррупция тууралуу маалыматтарды жарыялоону басуу аракеттери күчөгөнүн көрсөтөт. Буга чейин, 2025-жылы бийлик Kloop басылмасынын сыйлык алган коррупция боюнча иликтөөлөрүн «экстремисттик» деп тааныган. Кыргызстан үчүн буга чейин болуп көрбөгөндөй мындай кадам президент Садыр Жапаровдун тушунда өлкөдөгү медиа эркиндиги канчалык деңгээлде чектелип калганын көрсөтөт", - деген О'Брайен.
Human Rights Watch (HRW) - адам укуктарын коргоо менен алектенген эл аралык бейөкмөт уюм. Ал 1978-жылы негизделген жана дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндөгү абалга мониторинг жүргүзөт. Уюм сөз эркиндиги, медианын көз карандысыздыгы, саясий куугунтук, кыйноолор жана сот адилеттиги сыяктуу маселелер боюнча иликтөө жүргүзүп, баяндамаларды жарыялап келет.
Журналисттерди коргоо комитети (Committee to Protect Journalists, CPJ) - дүйнө жүзүндөгү журналисттердин укуктарын жана басма сөз эркиндигин коргоо менен алектенген эл аралык бейөкмөт уюм. Ал 1981-жылы АКШда негизделген. CPJ журналисттерге каршы кысымды, камакты, кол салууларды жана өлтүрүүлөрдү иликтеп, документтештирет. Уюм сөз эркиндиги бузулган учурларга көңүл буруп, өкмөттөрдү жана эл аралык уюмдарды чара көрүүгө чакырып келет. CPJ жыл сайын дүйнөдө камакта отурган журналисттер боюнча маалыматтарды жарыялап, басма сөз эркиндигинин абалын талдап турат. Ошондой эле коркунучка кабылган журналисттерге колдоо көрсөтүп, алардын бошотулушун талап кылган кампания жүргүзөт.
Эненин өтүнүчү
“Экстремисттик материалды тараткан” деген айып менен үч жылга эркинен ажыратылган Бактыбек Молдалиевдин апасы Кымбат Масымканова президент Садыр Жапаровго кайрылып, уулун үй камагына чыгарып берүүгө жардам берүүнү суранды.
Ал Бактыбек Молдалиев үй-бүлөсүн жалгыз багарын, бала-чакасы каржылык жактан кыйналып жатканын 20-ноябрда "Азаттыкка" курган маегинде айтты:
“Садыр балам, уулумду үй камагына чыгарып берип эле сот аны суракка алса болмок. Эч жакка качпай, суракка барып турат эле. Балдары аябай кыйналды. Жакшы деле тамак иче элек. Анын үстүнө уулум үйдү жалгыз өзү карап жүрүп үй-бүлөсү жүдөп кетти. Президент кечиримдүү болуп, үй камагына чыгарып берсе”, - деди Кымбат Масымканова.
"Күнөөсүз жеринен соттолду"
Бишкектин Октябрь райондук соту 11-ноябрда "экстремисттик деп табылган медианын материалдарын бөлүшкөн" деп айыпталып жаткан Бактыбек Молдалиевди үч жылга эркиндигинен ажыратты. Анын жубайы Элвира Жусупованын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Молдалиев сотто эч кандай медианын материалдарын бөлүшпөгөнүн, телефону бир жылдан ашуун убактан бери милиция кызматкерлеринде болгонун билдирип, коюлган күнөөнү мойнуна алган эмес.
Бактыбек Молдалиев быйыл 8-май күнү милицияга суракка чакырылып, ошол жактан камакка алынган.
Алгач ал Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык башаламандыктар") 3-бөлүгү ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") менен шек саналып жаткан. Бирок кийинчерээк айыбы Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу") 1-бөлүгүнө ("Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу, ташуу же жөнөтүү, же болбосо жайылтуу максатында аларды сатып алуу же сактоо, экстремисттик уюмдардын символикасын жана атрибутикасын пайдалануу, ошондой эле Интернет тармагы же жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу пайдалануу") алмаштырылган.
Молдалиевдин жакындары ага Кыргызстанда "экстремисттик деп табылган медианын материалын бөлүшкөн" деген айып коюлганын билдиришкен.
Ишти тергеген Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы анын себебин түшүндүргөн эмес жана кайсы медианын материалын бөлүшкөнүн да ачыктаган эмес.
Элвира Жусупова "Азаттыкка" 11-ноябрда билдиргенине караганда, сот жүрүшүндө милиция белгилеген медиалар «Клооп» жана «Айт Айт Десе» долбоорлору экени белгилүү болгон:
"Бакытка мурда тагылган кылмыш иши боюнча эксперттер "эч кандай чакырык жок" деген бүтүм чыгарып беришкен экен. Бирок тергөөчүлөр аны бошоткулары келбей, кылмыш ишинин беренесин өзгөртүштү. Анан 13-июлда сот башталды. Сотто Бактыбекти «Клооптун» бир ишкер тууралуу видеоматериалын бөлүшкөн деп айыпташты. «Айт Айт Десе» дегени да бар дешти. Анда ишкер бизнесин бийлик тартып алганын айтып берген экен. Бирок Бакыт бул сайттарды сот экстремисттик деп тапканын билерин, ошондуктан алардын материалдарын бөлүшпөй турганын сотто да айтты. Ал башынан эле телефондору милициянын колунда болгонун айтып келе жатат, бүгүн да ошону айтты. Бакыт адилеттүүлүк жөнүндө көп жазчу, бүгүн соттон да адилеттүүлүк сурады. Бирок сот аны уккан жок, жашы жете элек балдары бар экенин да эске албады".
Ички иштер министрлиги Бактыбек Молдалиевди алгачкы жолу 2025-жылы ноябрда Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев жана башка он чакты адам камакка алынгандан кийин кармаган. Милиция аны бир күн суракка алып, кайра кое бергенин жубайы "Азаттыкка" ырастады:
"Бакытты былтыр 22-ноябрда кармап кетишкен, милиция таң эрте үйгө келип, балдардын жүрөгүн түшүрүп, үйдү тинтип, өзүн алып кеткен. Кечке чейин сурак кылып, кечинде кое беришкен. Бирок телефонун алып калышыптыр. Кийин сурасак, телефонун "далил зат" деген жүйө менен кайтарып беришкен эмес. Менде тергөөчүнүн каты да турат. Экинчи ирет быйыл май айында суракка чакырып, андан ары камап коюшкан. Анын эки телефону тең милицияда. Быйыл сентябрда тергөө абагында отурган Бактыбек үй-бүлөлүк чаттан "чыгып кетти" деген жазууну көрүп калдык. Демек, тергөөчүлөр анын тергөөсү бүтсө да телефонунан баракчаларына кирип жатышат. Бакыт сотто да ушуну белгилеп, "милиция же башкалар аккаунтунан бөлүшүп, подстава кылып коюушу мүмкүн" деп күмөн санап жатат".
Элвира Жусупова жолдошу кармалып, камалгандан бери төрт баласын жалгыз багып келет.Мындан тышкары жума сайын тергөө абагында жаткан жолдошуна ысык тамак киргизүүгө мажбур. Буларга жетишүү үчүн ал өзүнүн коомдук тамактануучу жайдагы ишинен тышкары ашпозчулук кылып, конок күткөн адамдарга дастаркон жасалгалап, тамак-ашын даярдап берүү үчүн жалданып иштейт:
"Биз Бакыт экөөбүз үйлөнүп, чогуу жашаганыбызга 21 жыл болду. Төрт балабыз бар, улуулары студент, кичүүлөрү мектепте. Үйүбүз жок, батирде турабыз. Бакыт камалып калгандан кийин жалгыз мага балдардын окуусун, кийим-кече, тамак-ашын каржылоо кыйынчылыкка турду. Батирдин акчасын да төлөш керек. Улуу балдарым жайы менен иштешти, кызым аргасыз мага жардам берүү үчүн окуусунан убактылуу чыкты. Бакытты камап коюшуп, биздин үй-бүлөнүн башын алып койгондой эле болушту, анткени баарын өзү жасачу, бизди эч нерседен муктаж кылчу эмес", - деп айтып берди Жусупова "Азаттыкка" 20-ноябрда.
"Карапайым ширетүүчү, саясат менен иши жок"
49 жаштагы Бактыбек Молдалиев ширетүүчү болуп курулуш тармагында иштеп жүргөн. Ал мурда-кийин саясатка аралашпаганын чогуу иштеген Мирланбек Маратбек аттуу жаран "Азаттыкка" билдирди:
"Бактыбек карапайым ширетүүчү, курулушта чогуу иштегенбиз. Саясат менен иши жок, Фейсбукта эл катары баракчасы бар. Ал жакка "Манас" эпосундагы сөздөрдү бөлүшкөнү болбосо, саясатка аралашчу эмес. Эч бир саясий партияда да жок, шайлоолорго катышкан эмес. Бүгүн сотуна мен да бардым, судья Бактыбектин мурда соттолбогонун, жашы жете элек балдары бар экенин, батирде жашаганын эске алып, жок дегенде үй камагына чыгарат деген үмүт менен барганбыз. Бирок андай болбой, сот аны үч жылга кесип жиберди", - деди ал.
Укук коргоочу Рита Карасартова 11-ноябрда Бактыбек Молдалиевдин сот отурумуна катышып, мониторинг кылды. Ал Молдалиевди үч жылга камоо чечимин судья милициянын козгогон ишине жана лингвист эксперттин корутундусуна гана таянып чыгарганын белгилеп, адилетсиз чечим деп сыпаттады:
"Бактыбек Молдалиевдин иши аябай маанилүү иш. Бүгүнкү учурдагы соттордун ишин келечек муунга сабак кылып көрсөтүп бере тургандай мисал кылуучу кейстердин бири. Анткени Бакытка иш козгогон милиция аны массалык башаламандыкка чакырык таба албай, лингвист-эксперттен "экстремисттик материалдарды жайылтыптырбы?" деген суроо берген. Лингвист "ооба" деп жооп берген. Судья Бахтияр Алибаев ошол лингвисттин корутундусуна гана таянып, чечим чыгарды. Судья күнөөкөрдөй болуп, "менин өкүмүм акыркы эмес, экинчи инстанцияга арыздансаңар болот" деп башын жерге салып чыгып кетти. Кылмыш барбы, же жокпу, чече албаган, духу жок, жоопкерчилиги жок соттор Кыргызстандын келечегине керекпи? Сот өзү бийлик бутагы, каалагандай, адилеттүү чечим чыгарат деп Башмыйзамда турса, сот милицияга нотариус болуп отурат".
Бактыбек Молдалиевге кылмыш ишинин козголушу, тергөөнүн жүрүшү жана соттук териштирүү боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар расмий комментарий бере элек.
Мыйзамга ылайык, экстремисттик же радикалдык идеяларды жайылтат деп таанылган уюмдардын ишмердигине катышкан жана алардын материалдарын тараткан жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн. Кыргызстанда буга чейин "кара тизмеге" киргизилген сайттардын материалдарын бөлүшкөнү үчүн кылмыш иши козголгон окуя катталган эмес.
Рита Карасартова Бактыбек Молдалиевдин соттолушун өлкөдөгү сөз эркиндигине болгон чектөөнүн эң жогорку чеги катары баалады:
"Болот Темировду, «Клоопту» экстремист деди, кийинчерээк «Шумкар» деген оппозициялык кыймылды экстремист деп тапты. Эртең бир күнү Карасартованы экстремист деп чыгарбашына кепилдик бере албайм. Анан эми алардын жазганын жактырып же бөлүшүп койгон адамды экстремист деп камап жатышат. Биздин оозубузду жаап, таптакыр үн каттырбай, Конституцияда берилген сөз эркиндигибизден, ой жүгүртүү эркиндигибизден, биригүү эркиндигибизден ажыратып коюшабы? Анда Конституциянын эмне кереги бар? Андан көрө «бизде эч кандай эркиндик жок, бай-манап өлкөбүз» деп айтышсын. Конституция деген жөн эле кагаз эмес да!"
Сот чечимдери жана камоолор
Быйыл мартта Жогорку соттун коллегиясы «Клооп», «Темиров LIVE» жана «Айт Айт Десе» медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп таануу тууралуу Октябрь райондук жана Бишкек шаар сотторунун чечимдерин күчүндө калтырган. Андан тышкары бул долбоорлорду негиздеген журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп жарыяланган.
Бишкектин Октябрь райондук соту быйыл 12-октябрдагы чечими менен "Шумкар" кыймылынын жана анын мүчөлөрүнүн ишмердигин экстремисттик деп тапкан. Ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын мурдагы убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчисинин мурдагы орун басары Сыргак Кенжебаев, чет өлкөдөгү активисттер Самат Кушбек жана Айдар Раевдин ишмердиги Кыргызстанда террористтик жана/же экстремисттик деп эсептелет.
Кыргызстанда соңку жылдары бийликти сындаган бир топ журналист, блогерден тышкары соцтармактардын колдонуучулары да кармалып, камалды. Буга чейин Бишкекте дөңгөлөк жамоочу болуп иштеген жаран Фейсбуктагы билдирүүлөрү үчүн камалган.
"Мыйзам каматат..."
Бирок бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин улам кайталап келет. Ошону менен катар жарандык активисттердин, журналисттердин жоопкерчилиги жана тактыгы тууралуу маселени көтөрүшөт.
Президент Садыр Жапаров өзү да кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында журналист Али Токтакуновго курган маегинде айткан:
"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".
2024-жылы 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирип, сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.
"Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем", - деген Жапаров.
Freedom House (FH) эл аралык уюму “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик деңгээлинин төмөндөөсү байкалып жатканы белгилеп, Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин тизмесинде калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Мунун ичинде 2022-жылдан бери Бишкектин Горький эс алуу багынан башка жеринде митинг өткөрүүгө чектөө коюлганы да мисал келтирилген.
Быйыл май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.
Сентябрдын башында Адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешти. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, адамдар бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.
“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.
Шерине