ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:57

"Саясий чечим деп эсептейм". Күрөңовдун билдирүүсү, жактоочунун өтүнүчү

Тилекмат Күрөңов. 2026-жылдын 25-ноябры.
Тилекмат Күрөңов. 2026-жылдын 25-ноябры.

Активист Тилекмат Күрөңовдун иши боюнча соттук отурумга 25-ноябрда да күбөлөр келген жок. Анын бөгөт чарасы да өзгөрүүсүз калды. Күрөңов сот жараянынын созулушун саясий жагдайлар менен байланыштырса, адвокаты аны мыйзамда каралган мөөнөттөн ашык камакта кармоого байланыштуу маселе көтөрдү.

"Саясий чечим..."

Бишкектин Ленин райондук сотунда 25-ноябрда активист Тилекмат Күрөңовдун (Кудайберген уулу) иши боюнча соттук териштирүү уланды. Азыркы тапта сот жараяны күбөлөрдүн сурагы этабында.

"Азаттыктын" кабарчылары жеринен маалымдагандай, бүгүнкү отурумга бир нече күбө чакырылган. Бирок алар келген жок. Кийинки отурум 2-декабрга белгиленди.

Жактоочулар активисттин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүү өтүнүчүн бүгүн да келтиришти, сот бул жолу да алардын суранычын четке какты.

Тилекмат Күрөңов ага карата жүрүп жаткан соттук териштирүүнүн кечеңдешин саясат менен байланыштырарын айтты:

Сот отуруму. 2026-жылдын 25-ноябры
Сот отуруму. 2026-жылдын 25-ноябры

"Саясий чечим деп эсептейм. Себеби мен УКМКда кармалып турганда Канат Исаев деген саясатчыга каршы көрсөтмө бергенге мажбур болгом, эбегейсиз басым алдында. Ал азыр издөөдө экен. Мүмкүн ошого байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок ага берген көрсөтмөлөрдүн баары чындыкка дал келбейт".

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Канатбек Исаев учурда издөөдө. Соңку кылмыш иши 2025-жылдын апрелинде козголгону, ага "кылмышка даярдануу, массалык башаламандык уюштуруу жана бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" деген айыптар тагылып жатканы маалымдалган. 2017, 2024-жылдары да ал "уюшкан кылмыштуу топту каржылоого", "жапырт башаламандык уюштурууга даярдануу жана бийликти басып алууга аракеттенүү" боюнча айыптоолорго кабылган.

Активист Күрөновдун жакындары анын ден соолугуна кабатыр болуп, ошону менен катар бөгөт чарасы боюнча мыйзам талаптары аткарылбай жатканын айтууда.

Атасы Кудайберген Күрөңов уулунун саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, анын азыркы абалын кыйноо менен салыштырды. Айтымында, Тилекмат өзү даттанганбаганы менен жакындары август-сентябрь айларынан бери абалына кабатыр болуп келишет, ден соолугун текшертип берүү өтүнүчтөрүнө тийиштүү мекемелерден жооп болгон эмес:

Кудайберген Күрөңов (архив сүрөт)
Кудайберген Күрөңов (архив сүрөт)

"Ал айткан жок өзү. Арызданган жок. Кыйналып жатканын көрүп жазып, кайрылганбыз. Ошондон бери бир да жооп болгон жок, же ооруп жатат, же ооруган жок деген. Маалымат каражаттарына чыгарып коюп жатат, "дал келбейт, ооруган жок" деп. Таптаза, сонун болсо далил болуш керек "мына, текшерүүдөн өткөрдүк, таза, жакшы" деген. Тамак ичпей, кыйналып, өткөндө Тез жардам чакырылып, жардам көрсөтүлдү. Ал жөн жерден эле болгон жок да. Албетте, кыйноо да. Даана эле кыйноо. 10-октябрдан кийин бир беткей болушу керек эле да. Камакта мыйзамсыз кармап жатышат".

Тилекмат Күрөңов өзү буга чейин эч кандай оорусу болбогонун, буту шишип, азыр тарап калганын айтты.

Адвокат Асел Аргымбаева Күрөңов соттун чечими менен 45 күндөн бери мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттөн ашык камакта кармалып жатканын айтты:

Асел Аргымбаева
Асел Аргымбаева

"Чынын айтсам, бул жерде мыйзамдардын сакталышы тууралуу сөз кылуу орунсуз болуп калды окшойт. Мыйзамда камакта кармоо мөөнөтү бир жылдан ашпоого тийиш экени так жазылган. Ал эми бир жылдык мөөнөт быйыл 10-октябрда аяктаган. Бүгүн анын мыйзамда каралган эң жогорку мөөнөттөн ашык кармалып жатканына туура 45 күн болду. Биз камактагы бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча бир нече жолу өтүнүч келтирдик. Бирок сот биздин жүйөлөрдү эске албай жатат. Бул жагдайга Башкы прокуратура да реакция жасай элек. Жогорку сотко да Ленин райондук соту мыйзамды одоно бузууга жол берип жатканын маалымдоо максатында кайрылганбыз. Ошондой эле Акыйкатчы институтуна да кайрылуу жөнөткөнбүз".

Абак мекемесинин жообу

Пенитенциардык мекемелер менен күч түзүмдөрү өзүлөрүнүн расмий билдирүүлөрүндө активист Тилекмат Күрөңовдун ден соолугуна байланыштуу олуттуу коркунуч жок экенин жана ага тергөө абагында зарыл болгон медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын айтып келишет.

Быйыл июль айында социалдык тармактарда ал гепатитке чалдыккан адам менен бир камерада кармалууда деген маалымат тараганда Жаза аткаруу кызматы аны менен бир камерада отургандар толук медициналык текшерүүдөн өткөнүн жана арасынан жугуштуу оору аныкталбаганын билдирген. Мекеме ошондой эле камерадагы санитардык шарттар белгиленген талаптарга жооп берерин белгилеген.

Ал эми 2025-жылдын май айында активист сотко таяк таянып барганда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын омуртка оорусу козголгонун маалымдап, тиешелүү дарылоо жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жакында эле Ленин райондук сотунда өткөн жараянда Күрөңов ичи катуу ооруп жатканын, кан басымы көтөрүлгөнүн жана эки жумадан бери ооруну басаңдатуучу дары ичип жүргөнүн айткан. Бирок бул боюнча Жаза аткаруу кызматы маалымат же комментарий берген эмес.

Кылмыш иши жана соттук териштирүү

Тилекмат Күрөңов 2021-жылы президент Садыр Жапаровдун Конституцияны өзгөртүү сунушуна каршы тынчтык митингин өткөрүүгө аракет кылганы үчүн кармалып, Бишкектин Свердлов райондук соту аны ошол жылы 1,5 жылга абакка кескен. Сот активистти Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар”, “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренелери менен күнөөлүү деп тапкан. Жаза мөөнөтүн өтөп бүткөнүнө байланыштуу ал 2022-жылы эркиндикке чыккан. Өзү коюлган айыптарды четке каккан.

Активист 2022-жылы Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга алмашылышына нааразылык билдирген активист-саясатчылардын тобуна кошулуп, буга каршы позициясын айтып чыккан. Ошол жылдын октябрында укук коргоо органдары активист-саясатчылар тобунун отуздай мүчөсүн кармаган маалда Тилекмат Күрөңов Казакстанда жүргөн жеринен Орусияга өтүп, андан ары АКШдан башпаанек алган. Кошмо Штаттарда жүрүп ал кыргыз бийлигин сындоосун уланткан. 2024-жылдын январында Кыргызстандын бийлиги аны мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга айыптап, сыртынан камакка алуу ордерин чыгарган.

Тилекмат Күрөңов 2024-жылдын ноябрында кыргыз оппозиционерлери менен жолуктурууну убада кылган мурдагы депутат Эмил Жамгырчиев менен жолугуу үчүн Дубай шаарына барган. Активист кийин Фейсбукта билдирүү жасап, Эмил Жамгырчиев экөө кездешкен соң паспорту жоголуп кеткенин, кыргыз бийлигинин өтүнүчү менен аны полиция кармаганын жарыялаган. Кийин бошотулуп, документи жок болгондуктан БАЭде жарым жылдай жашаган. Эмил Жамгырчиев анын айыптоолорун төгүндөгөн.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2025-жылдын 19-апрелинде чет жакта жүргөн активист Бириккен Араб Эмираттарынан кармалып, Кыргызстанга жеткирилгенин кабарлаган. Анда жарандык активист конституциялык түзүлүшкө каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шек саналып жатканын жана эл аралык издөөдө болгонун билдирген. Ошол жылдын 21-апрелинде Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алып, ошол бөгөт чара уланып келатат.

Активист өзү коюлган айыптарды четке кагып келет. 4-сентябрда сот залынан чыгып баратып “Азаттыкка” учкай пикирин билдирип ал бийликти басып алганга чакырык кылбаганын айткан.

Соттук отурумдарда иш боюнча күбө катары саясатчылар Нуржигит Кадырбеков, Бектур Асанов, Урматбек Самаев, Мамбетжунус Абылов, Таалайбек Ибраев, Жеңиш Молдокматов, Орозайым Нарматова жана башкалар көрсөтмө берген. Күбө катары чакырыла тургандар арасында Атай Бейшенбек, Эмил Жамгырчиев, Эмил Жайчиев жана Мунарбек Сайпидинов бар экени айтылган.

Күрөңовдун ишине байланыштуу кармалган төрт кишиге – укук коргоочу Рита Карасартовага жана башка С.Ф.А., М.О.Б. жана Ш.Э.К. аттуу жарандарга сот өкүмү чыгып, “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылышкан. Алар пробация менен сот залынан бошотулуп, ар бирине 50 миң сомдон айып пул салынган.

Эл аралык реакция

Тилекмат Күрөңовдун ишине байланыштуу бир катар эл аралык уюмдар тынчсыздануусун билдирип, анын кармалышы жана Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) Кыргызстанга өткөрүлүп берилиши боюнча билдирүүлөрдү жасашкан.

Human Rights Watch уюму 2025-жылы активисттин БАЭден Кыргызстанга өткөрүлүп берилишин сынга алып, бул эл аралык укуктагы «кайра жөнөтпөө» (non-refoulement) принцибин бузушу мүмкүн экенин билдирген. Уюмдун маалыматына караганда, ал өткөрүлүп берилген учурда АКШдан башпаанек алуу өтүнүчү дагы эле каралып жаткан. Ошондой эле Human Rights Watch анын катын социалдык тармактарга жарыялагандан кийин укук коргоочу Рита Карасартованын кармалышы боюнча да тынчсыздануусун билдирген.

БУУнун Качкындар иши боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгынын (УВКБ ООН) документтерине ылайык, Тилекмат Күрөңов БАЭде кармалган учурда башпаанек сураган адам макамын тастыктаган күбөлүккө ээ болгон. Анда ал уюмдун коргоосунда экени жана өмүрүнө же коопсуздугуна коркунуч жаралышы мүмкүн болгон өлкөгө жөнөтүлбөшү керектиги көрсөтүлгөн.

Amnesty International уюму да 2025-жылы атайын билдирүү таратып, активисттин ишин трансчекаралык куугунтуктоонун мисалы катары атаган. Уюм Кыргызстан бийлигин бул ишке байланыштуу жарандык активисттерди жана укук коргоочуларды куугунтуктоону токтотууга чакырган.

Ал эми Freedom Now укук коргоо уюму жана Hausfeld LLP юридикалык компаниясы 2026-жылы Тилекмат Күрөңовдун атынан БУУнун Өзүм билемдик менен кармоолор боюнча жумуш тобуна кайрылуу жолдошкон. Алар активисттин БАЭден өткөрүлүп берилиши жана Кыргызстандагы камакта кармалышы башпаанек издөөчүнүн укуктарын, ошондой эле сөз эркиндиги жана тынч жыйын өткөрүү укуктарын бузат деп эсептешкен.

"Мыйзам каматат..."

Бийлик Кыргызстанда сөз эркиндиги буга чейин да болгонун жана мындан ары да боло берерин улам кайталап келет. Ошону менен катар жарандык активисттердин, журналисттердин жоопкерчилиги жана тактыгы тууралуу маселени көтөрүшөт.

Президент Садыр Жапаров өзү да кармалгандар бийликтин көрсөтмөсү менен эмес, мыйзамдын негизинде камалып жатат деген пикирин жакында журналист Али Токтакуновго курган маегинде айткан:

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

"...мыйзамдар түзүлдү, жоопкерчилик алышты. Туура эмес маалымат таратсаң, бирөөнүн беделине шек келтирсең жооп бересиң деп. Аларды мен каматкан жокмун да, "кама" деп дагы айтпайм. Мыйзам каматат. Аларды суроо Ички иштер министрлигинин, УКМКнын милдети. Тартип деген болуш керек. Тартип болбосо, мамлекет чачырап кетет. Айрым учурда 5-10 суткага камашы мүмкүн".

2024-жылы 31-августта Эгемендик күнүнө карата мамлекеттик тууну көтөрүү иш-чарасында Жапаров Кыргызстанда авторитардык башкарууга жол бербей турганын билдирип, сөз эркиндиги, адам укуктарынын корголушу, мамлекеттин бүтүндүгү жана күчтүү экономика эгемендиктин өзөгүн түзө турганын белгилеген.

"Азыр деле “Кыргызстан авторитардык мамлекетке айланып баратат” деген баш адаштырган азгырма жол менен кетүүнү таӊуулап жатышат. Биз буга эч качан жол бербейбиз. Бүгүнкү күндө бүткүл дүйнөдө өнүккөн демократиялык өлкөлөрдө коопсуздукка суроо-талап болушунча өсүп жатканына күбө болуп келебиз. Азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтарына адекваттуу башкаруу системасы гана тийиштүү деңгээлде жооп бере алат деп баса белгилеп айтар элем", - деген Жапаров.


Freedom House (FH) эл аралык уюму “Дүйнөдөгү эркиндик 2025: Адам укуктары үчүн оор күрөш” деп аталган баяндамасында дүйнөнүн көпчүлүк аймактарында эркиндик деңгээлинин төмөндөөсү байкалып жатканы белгилеп, Кыргызстанды бешинчи жыл катары менен “эркин эмес” мамлекеттердин тизмесинде калтырды. Буга себеп катары кыргыз өкмөтү пикирин билдиргендерди куугунтуктоону жана чектөөлөрдү күчөткөнү көрсөтүлгөн. Мунун ичинде 2022-жылдан бери Бишкектин Горький эс алуу багынан башка жеринде митинг өткөрүүгө чектөө коюлганы да мисал келтирилген.

Быйыл май айында "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) эл аралык уюму басма сөз эркиндиги боюнча жаңы докладын жана 180 өлкөнүн рейтингин жарыялаганда Кыргызстандын көрсөткүчү былтыркыга салыштырганда эки баскычка ылдыйлап, 146-сапка жайгашканы белгилүү болгон.

Сентябрдын башында Адам укуктары боюнча эл аралык International Partnership for Human Rights (IPHR) уюму Кыргызстандагы жарандык эркиндиктердин абалы боюнча жаңы баяндамасын жарыялады. Баяндаманын авторлору 2026-жылдын март айынан августка чейинки абалга токтолуп, УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин деле бийликти сындагандарга карата саясат жумшарат деген үмүт акталбаганын белгилешти. Айрымдарга актоо өкүмдөрү чыгарылып, адамдар бошотулганына карабастан журналисттерге, блогерлерге, активисттерге жана оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштерин козгоо улана бергени да айтылат.

“Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан.

​
XS
SM
MD
LG