Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

“Түрк” этностук-саясий жалпылама аталышы эскирбейт


Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасында (1072--1077-жж.) түрк өлкөлөрү менен шаарлары да чагылдырылган.
Махмуд Кашгари Барскани чийген дүйнө картасында (1072--1077-жж.) түрк өлкөлөрү менен шаарлары да чагылдырылган.

Дүйнөдө илимий чөйрөдө бекем орногон шарттуу жалпылама этностук аталыштар арбын. Алардын бири – түркэтноними. Тарыхчынын блогу.

Алгы сөз

Айрым жалпы этнографиялык маалыматтарды калың окурман катмарына мезгил-мезгили менен баяндап туруу – бүгүнкү тарыхчы жана этнографтын публицист катары милдетине жатат көрүнбөйбү.

Бул макаланын жаралышына азыркы тапта интернеттин коомдук тармактарында “кыргыздар бүгүнкү түркиялык түрктөрдөн жана жалпы Улуу түрк каганаты чыккан доордон эртерээк тарыхта эске алынып жатышса, демек, жалпы “түрк элдери” деген түшүнүктү “кыргыз элдери” деген аталышка алмаштыруу керек эмеспи!” деген сыяктуу жоромолдордун таркап жатышы түрткү болду.

Бул “жарма патриоттук” жоромолду бир гана жарыядан эмес, улам жаңы пикирлерден дагы окууга туура келип жатат.

Анын калпыстыгын тастыктоо үчүн сөз учугун алыстан таштоого туура келди.

Оболу макалабызда көп учурай турган айрым терминдерге бир ооз сөз менен аныктама бере кетелик: этноним – ар кандай эле этностун, элдин, улуттун, уруунун аталышынын ономастика (аталыштарды изилдөөчү илими тармак) жана этнография илимдериндеги жалпылама аталышы (кыргыз, кыпчак, огуз, карлук, түрк, уйгур, согдак, украин, ж.б.); политоним – ар кандай этнонимдин мамлекеттүүлүк, саясий ынтымак менен байланыштуу тиешелүү этностун алкагынан кеңири өлчөмдө пайдаланылып калган учуру чагылдырылган аталыш (хун, түрк, иран, кытай, татар-монгол, ж.б.; геноним – тиешелүү этностун курамындагы чакан уруулук же уруктук бабасынын тукумдарынын жалпылама аталышы (маселен, кайсы бир элдеги бир уруктун ичиндеги Баланча уулдары үчүн Баланча – геноним болуп саналат: сарыбагыштын жантай уулдары, чоро саяктын ырыскул уулдары, адыгененин алымбек уулдары, Абу-Дабидеги араптардын Нахйаан уулдары, ж.у.с.).

“Семит тилдери” аталышы кантип жаралган?

Дүйнөдөгү бир катар тектеш тилдерде сүйлөгөн калктардын илимдеги жалпы аталышы шарттуу түрдө жаралгандыгынын үлгүсү “семит тилдеринде сүйлөгөн элдер” сөз айкашынан тастыкталат.

Негизи, эң башатында “семит” деп аталган эл болгондугу – бул тек гана тарыхый жомок.

Бул жалпылама “семит” аталышына негиз болгон булактар – байыркы уламыштар жана шарттуу санжыралар камтылган диний китептер (Тоорат, Инжил, Куран).

Жакынкы Чыгыштан таркаган бир катар дүйнө диндеринде эң алгачкы кишилер – Адам ата, Обо эне болгон деген орток түшүнүк таркалган.

Бул диний-санжыралык маалыматты биз жөөттөрдөн жана христиандардан гана эмес, мусулмандык санжыралардан да табабыз.

Алардагы санжыралык уламыштар кийинчерээк Куранга да арап тилине жана маданиятына ылайыкташтырылып киргизилген.

Мисалы, Тоораттагы Сиф уулу Ноах Инжилде Ной (латынча Noe) болуп калган, Куранда болсо Нух пайгамбар деп аталган.

Кудайдын буйругу менен кеме куруп, дүйнөлүк деген топон суудан өз бүлөсүн жана бир канча жандыкты аман сактап калып, адамзат тукумун андан ары уланткан деп диний санжырада айтылган Ноах (Ной, Нух) жана анын ысымы айтылбаган жубайы Сим, Хам жана Иафет деген үч уулдуу болушкан имиш.

Бул үч уулдун ысымдарын мусулман кыргыздар Сам, Хам жана Жапас (арапча Йафис – يافث) деп жүрүшөт.

Алардын ичинен Сам деген уулдан таркаган (“семит”) делгендердин арасында арамейлер, азыркы жөөттөр менен араптар да болгон деп саналган.

Жакынкы Чыгыш диний санжырасын кабыл албаган элдер

Ал эми Жакынкы Чыгыштан чыккан бир катар диндерде ыйык делген китептер аркылуу калайыкка кеңири жайылтылган жана бул китептердин кадыр-баркы менен кыйла кылымдар бою дээрлик шек саноого да алынбаган Алам ата, Нух, Сам, Хам, Жапас тууралуу санжыралык маалыматтар жөнүндө дүйнө жүзүндөгү таптакыр бөлөк диндерди туткан көптөгөн элдер (алдардын арасында илгерки шумерлер, египеттиктер, кытайлыктар, бутпарастар, теңирчилер, скандинавиялык элдер, ацтек, майя элдери ж.б.) эч кабардар болушкан эмес, алар алгачкы киши тууралуу өз алдынча атаандаш жоромолдорду айтып келишкен.

Байыркы түрктөрдүн теңирчилик түшүнүгүндө Атам ата, Нух пайгамбар жана топон суудан сактап калган кеме тууралуу жоромолдор камтылган эмес.

Ал эми байыркы индиялык (ведалык) түшүнүккө караганда, эң алгачкы киши Пуруша деп аталган жана андан аалам жаратылган. Байыркы ирандыктарда алгачкы киши катары Гайомарт деген ысымдуу киши элестетилген.

Байыркы кытайлык уламыштардын бирине келсек, анда Пан-гу деген дөө тууралуу айтылат.

Пан-гу – аалам жаралып жаткан алгачкы маалда тооктун жумурткасындай шекилди алган биринчи киши болгон. Пан-гу бул жумуртканын ичинде узак мезгил бою – 18 миң жыл бою жашаган, андан соң жаркын башталыш (ян) асманды жаратат да, ылайланган башталыш (ин) жерди жаратат. Пан-гунун демди ичине алуусу – шамалга, дем чыгаруусу – күн күркүрөп, чагылган чартылдаган абалга айланып турат. Пан-гу көзүн ачса – күн чыгат, көзүн жумса – түн кирет. Бул биринчи дөө киши ааламды асман менен жер кабышпай тургандай кылып оңдогон соң гана өлөт жана анын денесине жабышкан майда мителерден кишилер пайда болот.

Демек, байыркы түрктөр, индиялыктар, ирандыктар жана кытайлар үчүн жакынкы чыгыштык “Адам ата” түшүнүгү таптакыр жок болгон, Аларга Адам атанын бир канча муундардан кийинки тукуму Нух жана анын уулдары тууралуу түшүнүк ого бетер бейтааныш болгон.

Диний санжырадан илимге "адашып" кирген термин

Дал ошол тоораттык, инжилдик жана курандык санжырада эскерилген генонимдин кайсы бир тектеш тилдер үчүн жалпылама аталыш болуп калышы – илимдеги кокустуктан жаралган көрүнүштөрдүн бири болуп саналат.

Эгерде инжилдик санжырага карасак, анда бир катар индоевропалык тилдерде сүйлөгөн элдер Иафеттин (Жапастын) тукумдары болуп саналышат.

Анда флексиячыл тилдерде сүйлөгөн индоевропалык элдер алардан таптакыр айырмаланган, агглүтинатив тилдерде сүйлөгөн урал-алтай (анын ичинде түрк, жапон, корей, монгол, фин-угор) элдерине тууган болуп чыгышмак беле?

Себеби борбордук азиялык түрк мусулмандар да өз ата-бабасын жана тегерегиндеги коңшу элдерди Жапаска такашат эмеспи!

Айтылуу кыргыз тарыхчысы Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков падышалык оторчулук доорунда жарыялаган санжыралык маалыматтан үзүндү келтирелик:

“…Абалкы атабыз азирети Адам болуп, азирети Обо оболку энебиз болду, жер жүзүндөгү барча адам ушул эки заттан таралды

Экинчи атабыз азирети Нук болду, жер үстүнө ар балакет жык толду, топон суу каптап бар үммөтү тамамдалды, үч уул, үч келини аман калды, бу күнкү калк мына ошолордон таралды. Ошентип үчүнчү аталарыбыздын ысым Каам, Саам, Жаппас аталды… (Мында Осмонаалы Кыдык уулу Адам ата менен Нух пайгамдардын ортомундагы муундарды кыскартып, Нухту экинчи ата кылып көрсөтөт. – Т.Ч.).

...Жаппас тукуму экиге бөлүнөт: арийлер, туранийлер делет. Арий дегенибиз: индилер, ирандыктар, сарттар, оогандар, юнандар, арнайуттар, латындар, франсуздар, англистер, немистер, орустар — буларды арийлер, жаки ак түстүү коом дешет... Туранийлер коому Асиа (Азия. – Т.Ч.) тарабында болор. Кытайлар, инди кытайлары, жапондор, финдер, осмондор, татарлар, кыргыздар, казактар, калмактар, дуңгандар — жонунан Туран коому аталат”.

Ошентип, атактуу немис тарыхчысы Август Людвиг Шлёцер (August Ludwig (von) Schlözer; 1735–1809) жана башкалар илимге жалпылама “семит” тилдери деп киргизген түшүнүк тектеш тилдерде сүйлөгөн бир нече ондогон элдер үчүн шарттуу гана орток аталыш болуп калды.

Азыркы тапта тил илиминде “семит тилдери” термининин ордуна “афразиялык тил бүлөсү” деген термин көбүрөөк колдонулууда, бирок жалпы калайык дагы эле “семит тилдери” жалпылама сөзүн колдонуп келет.

“Семит тилдеринин” (афразиялык тилдер бүлөсүнүн) курамына эчак жок болгон байыркы тилдер (аккад, вавилон, эбла, аморит, ханаан, угарит, финикия, арамей, эски ассирия, ж.б.) жана азыркы таптагы арап, жөөт (иврит), амхар, тигринийа, малта, жаңы ассириялык ж.б. тилдер киришет.

Демек, Шлёцер сыяктуу Жаңы доордун тарыхчылары жана илимпоздору инжилдик шарттуу санжырага таянып туруп, “семит тилдери” деген тилдик-этнографиялык жалпылама терминди сунушташкандыгы – ошол Жаңы доордогу тил таануу жана этнография илиминин деңгээлине байланыштуу көрүнүш болгон.

Кайра кайталасак, чын-чынында бул сөз “Нухтун уулу Сам” деген гана диний китепте жазылган эски уламыштагы Сам деген кишинин атын (генонимди) тектеш бир катар элдердин тилдик үй-бүлөсүнө шарттуу таңуулоо болуп саналат. Чындыгында сам (сем) жана семит деген эч бир киши же эл тарыхта катталган эмес.

Бул – илимдеги шарттуулук көрүнүштөрүнүн бири.

“Түрк” этноними менен политониминин тарыхы терең

Бүгүнкү Түркиянын заманбап жумурияттык “Түркийе” аталышында 1923-жылдан бери расмий сактап калган “түрк” этноними (Turk, Turkish) менен жалпы түрк калктарына таандык “түрк” этнополитоними (Turk, Turkic) азыркы англис тилинде айырмаланып көрсөтүлүп келет.

Буга нааразы болгон айрым анатолиялык кесиптештер да бар. Бирок бул – тарыхка кыйла тактык киргизүү.

Анткени азыркы Түркиядагы түрктөр – негизинен сунний түрк мусулмандар. Көпчүлүк анатолиялык (кичи азиялык) түрктөрдүн тикелей бабаларынын өзөгү огуздардан куралгандыгына карабастан, алардын арасында кыпчак, карлук, кыргыз жана башка түрк тилдүү топтордон жана түрк эмес элдерден да этностук бөлүктөр арбын жуурулушкан.

Ал эми жалпылама “түрк” сөзү эч качан исламга кирбеген евразиялык түрк жамааттарын да өзүнө камтыйт.

Бул сөз эзелтеден Ферганада байырлаган жана өзүн азыркы түркиялык түрктөргө – огуз түрктөрүнө кошпогон “түрк” аттуу этносту да түшүндүрөт.

Огуз эмес чыгыш жана түндүк-батыш түрк калктары да бул сөз аркылуу кеңири түрк тилдүү жамаатты башка тилдегилерден айырмалап туюнтушкан.

Көп этностуулук

Кыргызстандын жана жалпы Евразиянын түрк тилдүү калктарынын тарыхын жалпылап жазууда этнологдорубуз эсинен эч качан чыгарбай турган жагдай – эзелтеден эле жалпы Евразия аймагынын бардык чөлкөмдөрү бир гана тилде сүйлөгөн этнос менен чектелбегендиги.

Ошондуктан кайсы-бир этнос кайсы аймакта саясий үстөмдүк кылбасын, баары бир бул этнос башка да тарыхый коңшулары менен дурус ымала түзүү аркылуу гана өз мамлекетинин узак мөөнөттүк өкүм сүрүшүн камсыз кылган.

Түштүк Шиберди алсак, VI – XII кылымдардагы Энесай Кыргыз каганатында, маселен, кыргыздардан башка этносторду “кыштым” деп аташкан жана Кыргыз мамлекети бул этносторду да өз саясына алып, коргоп, алардын аскердик колдоосун да пайдаланып турган.

Кыргыздар өз мамлекетинин алкагында жана өз өлкөсүнө коңшу байырлаган башка этностор менен саясий ынтымагын чыңдап келгендиги “Манас” дастанында кыргыз ханы Манас башка этносторду өзүнүн куралдуу күчтөрүнө кошкондугу, теги башка баатырларды үзөңгүлөш катары колдонууну эч качан өөн көрбөгөндүгү, буга демейдегидей көрүнүш катары мамиле кылганы тууралуу дастандык сюжеттер аркылуу айгинеленет. Манаска үзөңгүлөштөрдүн арасында теги кытай (Алмамбет), казак, ногой, башкыр, өзбек, ж.б. кейипкерлер бар.

Жалпылама түрк политоними

Теңир-Тоодо ислам динин ыктыярдуу кабыл алган Карахандар каганатында көчмөн чигилдер саясий үстөмдүк кылганы менен, жалпы мамлекеттик тилди “хаканиялык түрк тили” деп аташып, “түрк” сөзү Улуу Түрк кагандыгындагы мезгилдей эле жалпылама саясий-этностук аталыш (политоним) болуп кызмат кылуусун уланта берген.

Караханийлик доордун залкар ойчулдары Жусуп Баласагын жазган “Кутадгу билиг” (1069-1070) жана Махмуд Кашгари Барскани жазган “Түрк тилдеринин сөз жыйнагы” - “Дивану лугати-т-түрк” (1072-1077) эмгектеринен деле түрк этносторунун жалпылыгын арап жана фарсы тилдүү калктарга теңтайлашкан бирдиктүү улуттук жалпылама аталыш катары туюнткан “түрк” политонимин учуратабыз.

Мавераннахрда эмир Темир курган жана ордосу Самаркан шаары болгон кубаттуу мамлекетте дагы “түрк” сөзү ар кыл түрк тилдүү этносторду жалпылаган орток политоним болгон.

Түрк” этнониминин политоним катары колдонулгандыгын “Темирдин түзүктөрү” деген эмир Темирге таандык кылынып айтылган, бирок кийинчерээк жазылганы жоромолдонгон чагатайча эмгектен деле, Улугбектин, Захир ад-Дин Бабурдун чыгармаларынан деле таасын көрө алабыз.

Парсы (фарсы) адабиятынын классиги, акын Абдурахман Жами (1414–1492) орток чагатай түрк тилинде чыгармалар жазган Алишер Навайи (орусча Навои; бул адабий ысым “музыка ыргагынын, б.а. мелодиясынын ээси” дегенди туюнтат) менен замандаш жана дос болгон.

Жами өз досунун “түрк” экенин мындайча баса белгилейт: “Ал өзү түрк болгонуна жана менин тегим жагынан парсы (фарсий) экендигиме карабастан, биз бири-бирибизге ымалалашпыз”.

Кыргыз санжырачылары да бул политонимди жана “Түрк ата” генонимин кеңири колдонушкандыгына Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыковдун эмгегинен күбө болобуз:

“Жапастан сегиз уул болду, улуусу Түрк аталды. Атасы Жапас оо дүйнө кетер алды улуу уулу Түрктү ордуна дайындады. Ошентип Түрк ата өзү баштап тогуз уулу падыша болду. Түрк ичинде тогузду ырасым тутмак ошондон калды. Түрк акылдуу, адептүү адам эле. Атасынан соң көп жерди көрдү, акыры бир жерди жактырып анда турду. Бу күндө ал жерди Ысык-Көл дешет, эли жердеген жайын Түркстан дешет, түп атабыздын ысымынан калды...”

Тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноев да “Кызыл Кыргыз тарыхы” эмгегинде түрк этнонимин жалпы түрк элдеринин бабасынын аты менен байланыштырган:

“Көк болуп, көккө жылдыз куралып, күн жаралып, ай чыгып, жер үстү нече түргө айланып, канча муз доору өтүп, таш-мис (жез. – Т.Ч.) доорлору жетип, адам баласы чыга келип, жер жүзүнө акыл жумшап, анын ар тарабына жайылып маданиятка кирише баштаганда эң эски заманда арасынан “түрк” уругу чыга баштаган...”

Мындай түшүнүк башка да кыргыз санжырачыларынын варианттарында кеңири учурайт.

Жалпы “түрк элдери” аталышы сакталып кала берет

Дүйнөлүк түркология илиминде “түрк тилдери” түшүнүгү эчак орун-очок алган.

Жалпы түрк тилдери түшүнүгүн илимге алгач киргизип, түрк тилдер бүлөсүн арап тилине теңештирген залкар окумуштуу – Махмуд Кашгари Барскани өзүнүн чыгармасын дээрлик миң жыл мурда, 1072–1077-жылдары жазып, анын аталышын “Дивану лугати-турк” (“Түрк тилдеринин сөз жыйнагы”) деп атагандыгы азыр дүйнөдөгү жамы журтка маалым.

Улуу Түрк каганаты жана кийинки каганаттар өкүм сүргөн орто кылымдардын эрте мезгили, кийинки доорлор гана эмес, XVI–XX кылымдарда деле Евразияда, анын ичинде Чыгыш Теңир-Тоодо, Тарим ойдуңунда, ошондой эле Памир жана Фергана аймактарында да түрк тилдүү калктарды жалпылап “түрк элдери” деп атап келишкен.

XXI кылымдын башында “Түрк мамлекеттер уюму” деген эл аралык саясий ынтымак да негизделди. Түрк элдеринин орток тарыхын жазуу далаалаттары да улантылууда.

Эми өзүнчө жоромол кылып көрөлү. Кайсы бир көөнө жазма булактар жаңыча такталып, жазма маданиятта алгачкы эскерилген түрк тилдүү элдин этноними “Кең-эр” болгону биротоло тастыкталды дейли.

Ошондо деле түрк тилдүү тектеш элдер “кең-эр тилдүүлөр” деген жаңы жалпылама аталышка көчпөстөн, “түрк тилдүү элдер” деген салттык жалпылама аталыш аркылуу чагылдырылып кала берээри бышык.

Демек, ушундай шартта Ала-Тоодогу же башка чөлкөмдөрдөгү кайсы бир фолк-хисториге таандык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнүн тигил же бул түрк тилдүү элдин этнонимин жалпы түрк тилдеринин бүлөсүнүн жаңыча жалпылама аталышы катары таңуулоо далаалаты обочодо гана айтыла берип, бара-бара унутулуп кала берчү “жарма патриоттук” далбаса бойдон кала берет деп ойлойбуз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

XS
SM
MD
LG