Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Кыргыз–казак орток тарыхы жана болочокку биргелешкен иш-аракет


“Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги” аттуу кыргыз-казак тарыхчылар шеринеси. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.
“Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги” аттуу кыргыз-казак тарыхчылар шеринеси. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.

Шейшембиде Кыргызстанда кыргыз жана казак тарыхчыларынын үч күндүк илимий шеринеси өз ишин баштады. Бул алгачкы курултай жакынкы болочокто биргелешип иш аракет жүргүзүү жолдорун да талкуулайт. Тарыхчынын блогу.

Кыргыз-казак тарыхчылар шеринеси өз ишин баштады

27-июнда (шейшембиде) эртең менен Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кичи жыйын залында “Кыргыз-казак элдеринин тагдырлаш тарыхы жана алакалаш келечеги” аттуу эл аралык курултай (конгресс) өзүнүн үч күндүк ишин баштады. Маркум профессор К.Шариповдун ысымын алган бул зал интернетке байланышып, онлайн тартибинде эл аралык отурум уюштуруу үчүн атайын ылайыкташтырылган.

Кыргыз-казак тарыхчылар шеринесинин программасынын мукабасы. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.
Кыргыз-казак тарыхчылар шеринесинин программасынын мукабасы. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун ректору Төлөбек Абыл уулу Абдырахманов шеринени ачкан соң, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Жанарбек Кубаныч уулу Акаев, Кыргызстандын Президентинин кеңсесине караштуу «Мурас» фондунун башчысы, тарыхчы Кыяс Сатар уулу Молдокасымов, Борбордук Азияны изилдөөлөр боюнча франциялык институттун (IFEAC) жетекчиси, доктор Адриен Фов мырза жана башка саясатчылар жана илимпоздор куттук сөздөрүн айтышты.

Башка да расмий чаралардан соң, пленардык отурум тарыхчы, профессор Зайнидин Карпек уулу Курмановдун илимий баяндамасы менен башталды.

Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы, Диплломатиялык академиянын проректору, 1918–1930-жылдардагы саясий жүрүмдөрдү изилдеген тарыхчы Зайнидин Курманов кыргыздар да казак боордоштор менен биргелешип, “Алаш Ордо” автономиясы үчүн күрөшкөндүгүн, бул автономия 1918-жылдын башынан 1920-жылга чейин жашап, акыры болшевиктер тарабынан ойрондолгонун эскерди.

Ал эми Казакстандын УИАсынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрү, Казакстандын УИАсынын мүчө-кабарчысы, тарых илимдеринин доктору Зиябек Эрмухан (Ермухан) уулу Кабулдинов мырза учурда Казакстанда көп томдуу тарых кандайча жазылып жаткандыгына сереп салып, анын бир катар бөлүктөрүн жазууга чет элдик окумуштуулар, анын ичинде кыргыз тарыхчылары да чакырылгандыгын айтты.

Анын оюнча, ушундай тажрыйба менен Кыргызстандын тарыхын да эл аралык долбоор катары жазууга болоор эле.

Казакстан УИАсынын Мамлекеттик тарых институтунун мүдүрү, профессор Бүркитбай Гелман уулу Аяган мырза Казакстандын заманбап тарых илимдеринин өнүгүүсүндөгү көйгөйлөргө жана атайын мамлекеттик долбоорлорго токтолду.

Казакстандын УИАсынын Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун мүдүрүнүн илимий иштери боюнча орун басары, тарых илимдеринин кандидаты Шамек Баян уулу Тлеубаев мырза болсо 1916-жылдагы Жети-Суудагы падышалык Орусияга каршы улуттук боштондук көтөрүлүш тарыхы, анын ичинде оторчулардын Ысык-Көлдө атайын таза орус үйөзүн куруу долбоору жөнүндө баяндап, ошондой эле, казак жана кыргыз айдыңдарынын совет доорунда эч айтылбаган орток иш-аракеттерине токтоло кетти.

Алматыдагы аталган илимий институттун улук адиси, тарых илимдеринин кандидаты Ауэзхан Кадырдан уулу Шашаев болсо казак жана кыргыз айдыңдарынын (зыялыларынын) “Талап” коому тууралуу илимий баяндама жасады.

Казак тарыхчысы А.Шашаевдин 1920-жж. башындагы “Талап” уюму тууралуу баяндамасынан. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.
Казак тарыхчысы А.Шашаевдин 1920-жж. башындагы “Талап” уюму тууралуу баяндамасынан. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.

1920-жылдардын башындагы бул коомго Касым Тыныстанов сыяктуу жаш кыргыз илимпоздору да катышкандыгын А.Шашаев баса белгиледи.

Шерине маалында Казакстан УИАсынын Ч.Ч.Валиханов атындагы Тарых жана этнология институтунун стипендиясын мыкты иликтөөчү студенттерге тапшыруу аземи болгон соң, бул институттун жетекчиси, көрүнүктүү казак тарыхчысы, профессор Зиябек Эрмухан уулу Кабулдиновго Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылды.

Казак илимпозу Зиябек Кабулдиновго “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.
Казак илимпозу Зиябек Кабулдиновго “КУУнун ардактуу профессору” наамы ыйгарылды. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.

Бул жыйындын салтанаттуу бөлүгү маалында Ж.Баласагын атындагы КУУда Ч.Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун филиалынын кабинети менен Ч.Валиханов атындагы дарскананын ачылыш аземи, "Казак-кыргыз тарыхый жылнаамасы" китебинин бетачары да өткөрүлдү.

Тасма. КУУдагы илимий шерине тууралуу кыска баян. 27. 6. 2023.

Пленардык отурумдан кийин кыргыз жана казак тарыхчыларынын жамаатынын өкүлдөрүнүн талкуусу да өттү.

Ал талкуу маалында Чокон Валиханов, Шаакерим Кудайберди уулу, Мухтар Ауэзов сыяктуу казак илимпоздордун кыргыз жана казак тарых илимин орток иликтөөгө кошкон салымдары тууралуу жылуу сөздөр айтылды.

Маселен, КУУнун тарых факультетинде Анварбек Хасанов, Шакин Есенгараева сыяктуу теги казак тарыхчы педагогдор өмүр бою студенттерге таалим беришкендиги, алматылык белгилүү тарыхчы Мамбет Койгелдиев КУУда окугандыгы, өзүнүн курсташы болгону жөнүндө бишкектик профессор Жыргал Момбекова эжеке ж.б. белгилешти.

Казак тарыхчылары болсо Эшенаалы Арабай уулу, Касым Тыныстанов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу кыргыз залкарларынын эки элдин тарыхый достугун чыңдоодогу ролун баса белгилешти.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымов Алматы жана Ташкенттеги архивдик документтердин көчүрмөлөрүн жаш илимпоздорго арзаныраак берүү жолдорун иликтөөгө чакырды.

Илимий отурумга катышкан жаш тарыхчылардын тобу түштөн кийин Жаш тарыхчылардын жайкы өргүүсүнө катышуу үчүн Ысык-Көл аймагына сапарга чыгышты.

Алар 28-июнда КУУнун Бостеридеги пансионатында илимий шериненин “Кыргыз-казак интеллигенциясынын улуттук кызыкчылык үчүн күрөшү жана саясий репрессиялар: Көйгөйдү изилдөөдөгү жаңы ыкмалар” деген бөлүмүндө баяндамалар жасашмакчы жана ара-чолодо көл жээгинде баарлашмакчы.

Кызматташтык улантыла бермекчи

Бул саптардын ээси да КУУдагы казак-кыргыз илимий шеринесинде чыгып сүйлөп, боордош элдердин илимпоздорунун өз ара карым-катнашы жана бири-бирин колдоосу тарыхый кыртышка ээ экендигин белгиледи.

Маселен, эгерде “Манас” эпосун дүйнөлүк илимге таанытуудагы алгачкы илимий салымды Чокон Чыңгыз уулу Валиханов жүзөгө ашырса, ал эми Мухтар Ауэзов “Манас” эпосун элдик чыгарма катары сактап калууда жана Чыңгыз Айтматовдун алгачкы чыгармаларына колдоо көрсөтүүдө зор салым кошкон.

Маркумдардан сөөгү казак, эти кыргыз Анварбек Хасанов, археолог Карл Байпаков, булак таануучу Тимур Бейсенбиев, азыркы казак окумуштуулардан – академиктер Болот Көмеков, Жакен Таймагамбетов, профессорлор Мамбет Койгелдиев, Сатай Сыздыков, Меруерт Абусейитова, Зиябек Кайбулдинов, Аширбек Муминов, Жулдыз Тулибаева, жан тарыхчылар Шамек Тлеубаев, Тимур Козырев жана башка казак окумуштуулары – кыргыз тарыхчылары менен тыгыз иштешкен адистерден болуп саналышат.

Кыргыз-казак тарыхчылар шеринесинде кыргыз-казак алакаларынын тарыхына арналган жаңы китептин бет ачар аземи болду. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.
Кыргыз-казак тарыхчылар шеринесинде кыргыз-казак алакаларынын тарыхына арналган жаңы китептин бет ачар аземи болду. КУУ, Бишкек. 27.6.2023.

Астанадагы Эл аралык Түрк академиясы да кыргыз илимпоздорун бооруна тартып келет. Учурда анда битик (рунас сымал) жазмасын иликтөөчү кыргыз илимпозу Нурдин Усеев иштеп жатат.

Казак окумуштуулары кыргыз кесиптештери менен азыркы Казакстан жана Кыргызстандын аймагы менен чектелген иликтөөлөрдү гана жүргүзбөстөн, жалпы Ички жана Борбордук Азия чөлкөмдөрүнүн тарыхын, археологиясын жана этнографиясын кошо изилдешүүдө.

Барнаулдагы Алтай мамлекеттик университети жана Горно-Алтайск шаарындагы Тоолуу Алтай мамлекеттик университети, Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы КУУ ж.б. биргелешип жүргүзүп жаткан “Кең Алтай” илимий долбооруна казакстандык бир катар университеттер менен илимий мекемелер дагы жигердүү тартылышкан.

Болочокто казак жана кыргыз синологдору байыркы жана орто кылымдардагы кытай жазмаларындагы, кечки орто кылымдардагы манчжур жазмаларындагы маалыматтарды орток иликтөө боюнча да бээжиндик кесиптештери менен кызматташа алышат.

Биздин оюбузча, бэээжиндик профессор Ю Тайшандын байыркы кыргыз этноними тууралуу 2019-жылдагы жаңыча сунушун казак чыгыш таануучулары да талдоого алуусу абзел.

Азыркы тапта ДНКны изилдөө, палеоархеология ж.б. жааттарда да чөлкөмдө өз ара кызматташууга чакырыктар жасалып келет.

Айтор, фолк-хистори деп жалпылап аталган жана илимге эч караандабаган жоромолдордон алыс туруу менен бирге, кыргыз жана казак тарыхчыларынын жана, ошондой эле, башка борбордук, ички жана чыгыш азиялык, кавказдык, эдил-оролдук, шибердик жана анатолиялык тарыхчылардын жана түркологдордун эл аралык жана чөлкөмдөр аралык кызматташтыгы мындан ары да тереңдеши керек.

Алар башка өлкөлөрдөгү (анын ичинде Батыштагы) түркологиялык ж.б. илимий чөйрөлөр үчүн дагы кызматташууга ачык болууга тийиш.

Кыргыз-казак тарыхчылар шеринеси жана алардын жамааты дал ушундай көп тарамдуу багытка төп иш алып барат ко деп үмүттөнөбүз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG