28-апрелде Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2005-жылга карай берген отчетун канааттандырарлык деп таап, бирок көпчүлүк министрлердин ишине терс баа берди.Эл өкүлдөрүнүн пикиринде бул баанын юридикалык эмес, көбүнэсе моралдык жүгү олуттуу болмокчу.
26-27-апрелде Кыргызстанда Россиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Игорь Иванов болду. Бейшемби күнү ал Бишкекте президент Курманбек Бакиев, премьер-министр Феликс Кулов баш болгон жетекчилер менен жолугушуп, эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуу маселесин талкуулады.
Президент Курманбек Бакиев Россияга жасаган расмий сапары жемиштүү болгонун билдирди, ал эми 29-апрелдеги митингиде мыйзам бузуучулук болсо катуу чара көрүлөрүн эскертти.
Конституциялык реформа маселеси саясий күрөштүн себепкерине айланып, ал боюнча талаш кызууда. Конституция боюнча реформа Кыргызстанда качан, кандай шартта болуш керек, жаңы Конституция качантан баштап ишке киришиш керек? Бул суроолорго коомчулукта бир жактуу жооп жок.
14-февралда өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Куловдун төрагалыгы астында өкмөттүн жыйыны болуп, анда 2005-жылдын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынга президент Курманбек Бакиев дагы катышып, экономиканы өстүрүү боюнча өз пикирин ортого салды. Өкмөт жыйынында парламенттеги кырдаал тууралуу да сөз болуп, президент жана премьер-министр аны кризис деп баалоо туура эмес деп белгиледи.
9-февралда коопсуздук кеңештин жыйыны болуп, анда эки маселе каралды. Жыйын соңунда сөз сүйлөгөн президент Курманбек Бакиев тартип коргоо органдары реформаланаарын билдирип, өлкөнүн бийлик системасы боюнча өз көз карашын жарыялады.
Президент Бакиев Кыргызстанда салык жүгүн жеңилдеткен мыйзамга кол койду. Жаңы чечимге ылайык жеке киреше салыгы жана пайда салыгы 10 пайызга түшүрүлүп, айыл чарба продукциясынан кошумча нарк салыгы алынып салынды. Эксперттер салыктардын өлчөмүнүн азайышы өлкөнүн инвестициялык беделин жогорулатат деп белгилешүүдө.
Бүгүн президент Курманбек Бакиев парламентте кезексиз билдирүү менен чыгып сүйлөп, аткаруу бийлигинин ишине негизсиз кийлигишип жолтоо болуп жатат деп мыйзам чыгаруу бийлигин кескин сынга алды. Буга чейин айрым депутаттар жана саясатчылар Улуттук коопсуздук кызматын, сот системасын жана аткаруу бийлигин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшпөй кайра бандиттерди калкалап жатат деп кескин сынга алып, коопсуздук кызматтарынын жетекчилеринин отставкасын талап кылып келген эле. Президенттин бүгүнкү чабуулу депутаттардын дооматтарына берилген жооп болуп калды.
Бир нече күндөн бери Бишкекте карама-каршы багыттагы митинг өтүүдө. Алардын бир тарабы премьер-министр Феликс Куловдун кызматтан кетүүсүн талап кылса, экинчи тарап тескерисинче Бакиев-Кулов тандеми сакталыш керек деген пикирди карманууда.
Жогорку Кеңештин алдында маркум Тынычбек Акматбаевдин тарапкерлеринин нааразылык митинги уланууда. Аянтка чыккан миңдин тегерегиндеги адамдар премьер-министрдин кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Митингчилердин басма сөз борборунда Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүштү.
24-октябрда өкмөт үйүндө премьер-министр Феликс Кулов Европа Кеңешинин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Ян Кубишти кабыл алды. Анда Кыргызстандагы абал жана саясий-экономикалык реформалардын андан ары жүрүшү жөнүндө сөз болду.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитет «Кыргызтелекомдун» 90% акциясын тендерге коюуга, энергетика тармагын концессияга берүүгө даярдык көрүүдө. Жыл башынан бери болсо комитет беш акционердик коомдун мамлекетке тиешелүү акциясын 125 миллион сомго сатты.
Өткөн жумада кеңейтилген кеңешмеде президент Курманбек Бакиев келерки жылы ички дүң продуктыны 8 пайыз өстүрүүнү өкмөткө табыштады. Андан сырткары быйыл жылы өткөн жылга салыштырмалуу бажы жана салык төлөмдөрү 1 миллиард 600 миллион сомго көп жыйналганын билдирди. Мына ушул сандар канчалык реалдуу?
Президент Курманбек Бакиев 13-октябрда Конституциялык кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө президент, премьер-министр жана депутаттарга кол тийбестик берилишине каршы экендигин айтып чыкты. Мамлекет башчысынын мындай сөзүн колдогондор да, ага ачыктан-ачык каршы болгондор да чыгууда. Чындыгында мамлекет жетекчилерине жана депутаттарга кол тийбестик керекпи?
Өкмөт 2006-жылга өлкөнүн бюджетин 7-сентябрда карап, долбоорду Жогорку Кеңештин кароосуна алып чыгуу тууралуу чечимге келген. Парламенттин тиешелүү комитети аны өткөн жумада карап, он күндүн ичинде кайрадан иштеп чыгууга өкмөткө кайтарды.
8-октябрда “Кыргызстан” коомдук-саясий кыймылынын жыйыны болду. Анда кыймыл атынан Конституциянын долбоорун иштеп чыгуу жактырылды жана өкмөт курамына дайындалган мүчөлөр боюнча чечим кабыл алынды.
6-октябрда президенттин жардыгы менен Конституциялык кеңешменин жаңы курамы жарыяланды. Ага ылайык, курамдын саны 114төн 277ге жеткирилди. Алгачкы жыйынын кеңешме 13-октябрда өкмөт үйүндө баштамакчы.
Кыргызстандын энергетика тармагында кризис уланууда. Буга негизинен пайдаланган энергия үчүн төлөбөстүктөр себеп болууда. Март ыңкылабынан кийин тармактагы абалга өзгөчө көңүл бурулат деген үмүт акталган жок.
Конституциялык кеңешме ишин кийинки жумада улантаары кабарланууда. 23-сентябрда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушууда өлкөнүн президенти кеңешменин мүчөлөрүнүн саны көбөйтүлөөрүн билдирген. Кеңешмеде кандай талаш-тартыштар чыгышы ыктымал?
29-сентябрда президент алты министрлик жана вице-премьер-министрлик кызматка талапкерлердин жаңы тизмесин берди. Анда өкмөт башчынын орун басарлыгына Адахан Мадумаровдун талапкерлиги сунушталып, ал эми алты министрликке жаңы талапкерлердин ысымдары аталды.
Дагы жүктөңүз