Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
шаршемби, 22-январь, 2020 Бишкек убактысы 23:57

Борбор Азия

Турусбеков: Чек арадагы кырдаал жөнгө салынды

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу жер.

8-апрелде Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен аймагындагы айылдарда жаңжал катталды. Натыйжада эки тараптан тең эл чогулган.

Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна Улуттук коопсуздук кызматынын Чек ара аскерлеринин Башкы штабынын жетекчиси Чолпонбек Турусбеков жооп берди.

“Азаттык”: 8-апрелде эртең менен Баткендеги чек арада жаңжал чыкканы маалымдалды. Анын себеби жөнүндө карама-каршылыктуу маалыматтар түшүүдө. Чолпонбек мырза, өзүңүздөн тактасак?

Чолпонбек Турусбеков: Бүгүн (8-апрелде) түшкү саат бир чамасында Баткен чек ара бөлүмүнүн Капчыгай күзөтүнүн аймагында бир окуя катталды. Бул чындык.

Бул аймакта, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн тегерегинде, Көк-Таш жана Баткен районуна тиешелүү башка жерлерде ушул мезгилде мындай окуялар тез-тез катталып турат.

Бул жердеги негизги чечилбеген маселе – кыргыз-тажик чек арасынын аныктала электиги. Бүгүнкү күндө делимитация иштери ал жерлерде жүрө элек. Ошонун кесепетинен жаз келгенде, жазгы талаа жумуштары башталганда адаттагыдай эле көп маселелер пайда болот. Бул окуялар чек арачыларга абдан эле түйшүк жаратууда. Жер-суу маселелери боюнча чыр-чатактар тез болуп турат.

Чолпонбек Турусбеков
Бүгүнкү окуя боюнча айтсак, чынында эле Тажикстандын жарандары Кыргыз Республикасынын жерине киришкен. Бул жерде тоонун боорунда эмес, коктуда жол бар. Тажикстандын Ворух анклавы, биздин Ак-Сай айылы, Мачаи айылы, жаңы курулган жол, андан соң Тажикстандын жери башталат. Окуя ошол жерде болуп жатат.

Керекшин деген суу агат. Жыл сайын эле Тажикстандын жарандары ошол суунун боюна, биздин жерибизге унаалары менен келишет. Кечинде келген учурлары да бар. Кээде түн ичинде келип, таш, кум жүктөп кетишет. Жаз келгенде, үй куруу иштери башталганда биздин жерибизге кирип жатышат.

Бүгүн түшкү саат бирлер чамасында биздин чек ара кызматындагылар ошол жерде жүргөндө тажик жарандарын байкашкан. Алар тажик жарандарынын чек арадагы тартипти бузуп жатканын көрүп, иликтеп, түшүндүрүү иштерин жүргүзмөкчү болушкан. Ошол кезде тажик жарандары күч колдонуп, биздин чек арачылардан курал-жарак тартып алабыз деп ойлошкон. Бул кезде биздин чек арачылар асманга эскертүү иретинде эки жолу ок чыгарышкан. Ошондо Тажикстандын жарандары өз жерине качып кеткен.

Көп өтпөй өздөрүнүн Мачаи айылындагы туугандарына окуяны айтып беришкен. Ошондон кийин саат экилер чамасында Мачаи айылынын жанынан өткөн, Кыргызстандын Баткен – Аксай, Тажикстандын Ворух – Исфара жолдорун тосушат.

Кыргыз-тажик чек арачылары 8-апрелдеги чатакты талкуулашууда.
Ошол кезде биздин Ак-Сай айылынын милиция кызматкерлери унаада баратса, аларды таш менен уруп, терезелерин сындырышкан. Анын артынан келе жаткан дагы бир “Ауди” үлгүсүндөгү унааны да ургулашкан. Биздин жарандар жаракат алган жок, болгону унаалары жабыркаган. Эми эки тараптуу иштер жүргүзүлсө, келтирилген зыяндар да толукталат деп ойлойм.

Көп өтпөй Ак-Сай айылынын тургундары Исфара – Ворух жолун жабышат. Ошол кезде ушундай жаман бир кырдаал түзүлөт. Окуя болгон жерге эки тараптын тең жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, чек арачылары келип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, элди тынчтандырышты. Кечки саат алтылар чамасында Исфара – Ворух жолу ачылды. Бирок ал жерде азыр деле чек арачылар өз деңгээлинде иштерди жүргүзүүдө.

Кырдаал көзөмөлдү талап кылат

“Азаттык”: Айрым пикирлер боюнча кыргызстандык чек арачылар чек ара бекетин мыйзамсыз орнотуп, Тажикстандын жарандарын өткөрбөй койгон экен. Жаңжал ошондон улам чыккан дешет.

Чолпонбек Турусбеков: Кайсы жерге пост коюлуптур? Ал жерде эч кандай пост жок. Ал жерде бир транзиттик жол бар. Ошондой эле Советтер союзунан калган административдик чек ара бар. Аны тажик туугандар жана чек арачылар билишет.

Эмне үчүн Кыргызстандын жарандары ошол административдик чек араны бузуп, кирип барып, таш-кумдарды алышпайт? Эмне үчүн Тажикстандын жарандары чек араны жакшы билип туруп, ошол жерге унаалары менен келип, жыл сайын таш ташыйт? Жазгы талаа иштери башталганда ушул окуялар жанданат. Алар таштарды Чоркух, Сурх айылдарына алып барышпайт. Биз алардын таш, кумдарды кайда алып барып жаткандарын көрүп турабыз: булар Исфара, андан ары ири айыл-шаарларына алып барып сатышат.

“Азаттык”: Тилекке каршы былтыр биз кандуу окуяларга күбө болдук. Ушул сыяктуу суу жана башка майда-барат талаштар эмнеге айланып кетиши мүмкүн экенин өз көзүбүз менен көрдүк. Ушундай чырларды болтурбай, ошондой эле чоң жаңжалга жеткирбеш үчүн эмне кылыш керек? Андан тышкары чек арачылар “чек араларды тезирээк бекемдеш керек, аныкташ керек” деп жетекчиликке маалымат берип турушабы?

Чолпонбек Турусбеков: Чек ара кызматкерлери ушундай терс окуялар боюнча жай, жаз келгенде жана чек ара ашуулары ачылганда, кандай коркунучтар болушу мүмкүн экендиги боюнча маалыматтарды алдын-ала тиешелүү жерлерге жеткирип турабыз.

Бизге, чек арачыларга, чек ара аймагы боюнча эки тараптуу мамлекеттик документти бергиле, биз да мыйзамдык жагынан коркпогондой бололу. Биз мыйзамдуу мамлекеттик чек араны кайтарышыбыз керек. Ошондо биз да коркпой, жакшынакай туруп беребиз.

Мен силерге жакшы бир маалымат айтайын. Эртең менен Ошко Бишкектен он үч жигит келди. Кыргызстандын геодезия кызматынан экен. Алар Баткен облусуна барып, Баткен жана Лейлек райондорунда делимитациялоо боюнча жумуштарды баштаганы жатышат. Мындай иш буга чейин боло элек болчу. Биринчи жолу болуп жатат. Эски карталардан мамлекеттик чек араларды тактап, иштерди жүргүзөт. Абдан жакшы нерсе башталып жатат. Ошол жигиттерге ийгилик каалап жатабыз.

“Азаттык”: Демек жылыштар болуп жаткан экен да?

Чолпонбек Турусбеков: Жылыштар бар. Мына бүгүн төрт унаа менен келишти, Баткенге чейин узаттык. Эртең Баткен облусунун губернатору менен жолугушуусу болот.

Биз тажик жана өзбек чек арачыларына рахмат айтабыз. Алар бизге жардам берди. Бул жигиттер эки райондо жумуштарды жүргүзөт. Ушул иштерди тездетип, жакшы өткөрүп алсак, чек араларыбызды билип алсак бизге да жакшы жана оңой болот эле. Ошондо чыр-чатактар азаят.

“Азаттык”: Рахмат.

Кыргыз-өзбек чек арасы: мунаса табылабы?

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданышы мүмкүн. Бул маселе 7-апрель күнү Ташкен шаарында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда эки тарап соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин белгилеп, суу-энергетикалык жана мүлк маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керектиги айтылды. Жергиликтүү адистер чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбей турганын белгилешүүдө.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун кыргыз-өзбек чек арасына жакын айылдын тургуну Жыргалбек Ажыматов чек ара маселелерин өз алдынча иликтеп жүрөт. Жыргалбек бир топ чектеш аймактарды кыдырып чыгып, өзбек чек ара сакчыларынын Кыргызстан аймагына карай жылып келатканын айтып кейиди.

Кыргыз-өзбек чек арасы
- Кыргыз тараптагылар жыл сайын жок эле дегенде жарым, жарым метрден бери көздөй чек ара жылып жатканын айтышат. Базар-Коргон, Аксы, Сузак, Чаткалда адамдар "сарайыбыз калып калды, арыгым бул жакка жылып кетти, теректерим калып кетти" деп ыйлашат. Чек арага жакын аймактардын бардыгынын көйгөйү бирдей экен. Акырындап кирип келатышат.

Өзбекстан айылдарынын эли кирбей эле турат. Алар деле тынч жашасак болду деп атышат. Чек арадагы аскерлер бекеттерин жылдырып коюп, колхоз, совхоздору бар экен, пахта талааларын кеңейтип, уламу-улам казып койгон учурлар көп эле. Чоң бир нерсе чыгып кетпесин деп абдан корком, чочулайм.


Тактала элек жер талашы

Ташкен шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Эляр Ганиев эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Европа биримдиги - Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин жыйынынан соң болду.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, анда министрлер чек араны делимитация жана демаркация иштери боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандандырууну колдошорун айтышты.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара аскерлеринин башчысы Закир Тиленов негизги маселе чек аралардын такталбаганында болуп жатканын айтууда.

- Такталбаган жерде ушундай талаш-тартыш болуп жатат. Биздин жарандар ал тарапка, алардыкы биз жакка өтүп кетүүдө. Мал өтүп жатат. Эки мамлекеттин ортосундагы чек арачылар сүйлөшүп, талаш-тартышка барбаш үчүн түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Менин маалыматым боюнча бүгүнкү күндө кыргыз-өзбек чек арасында 320 чакырымдай жер тактала элек.

Бул эки өлкө ортосунда чек араны тактоо иштери мындан 10 жылдай мурда башталган. Ошондон бери 1300 чакырымдан ашуун келген чек ара тилкесинин 994 чакырымы такталган. Маселе ортодогу талаштуу делген жерлерге келгени мына ушинтип жылбай турат.

Жанданды, бирок жылыш жок

2009-жылдын этегинде ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов баштаган топтун Ташкендеги сүйлөшүүлөрү учурунда бул маселе да козголуп, тараптар чек ара тактоо иштерин кайра жандандырууну макулдашкан болчу. Адистер мындан көп деле иш алдыга жылбаганын белгилеп келишет.
Чек арага жакын аймактардын бардыгынын көйгөйү бирдей экен. Акырындап кирип келатышат.


Кыргыз өкмөтүнүн регионалдык маселелер бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси, адис Саламат Аламанов чек аралар такталып бүтпөгөндүктөн аны коргоо боюнча каражаттарды пайдалануу да мүмкүн болбой жатканын айтат.

- Эң негизгиси эки тарап тең кайсы иш кагаздардын негизинде тактайбыз деген бирдей бүтүмгө келе элек. Тараптардын бири-бирине койгон талаптары эки башка болуп, мунаса табылбай жаткандыктан ушул убакытка чейин көп жерлер такталбай келатат.

Кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү кенен

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери чек ара маселесинен сырткары соода-экономикалык кызматташтыктын маанисин белгилешти. Ошондой эле жолугушууда суу-энергетикалык жана мүлк маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү тездетүү керектиги айтылды.

Кыргыз тарап Өзбекстандан жер семирткич ташууну, жарандардын ошол өлкөгө кирип чыгуусундагы бардык келишимдердин аткарылышын сурады. Эки тарап тең аймактык коопсуздук, көп тараптуу уюмдардын алкагында кызматташуу боюнча пикир алмашты.

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташуусун соода-экономикалык жактан көрөт.

- Минералдык ресурстар бир тараптуу эле кетип атат. Бизде газ, же мунай жок да. Андыктан газдын кайсы бир өлчөмүн Өзбекстандан алабыз. Бирок биздин мамилелер муну менен токтоп калбайт. Себеби Өзбекстанда 27 млн. калк жашайт. Бул деген өтө чоң базар, абдан чоң рынок. Кыргызстан аркылуу өтүп жаткан товарлардын бардыгы өзбек элине, же андан ары башка өлкөлөргө да транзит түрүндө да кетсе болот деп эсептейм.

Жергиликтүү адистер чек ара такталмайынча башка көптөгөн маселелер да чечилбей турганын белгилешүүдө. Ал эми биз башында маектешкен Кара-Суу районунун тургуну Жыргалбек Ажыматов бул маселе жөн эле кеңседе отуруп алып чеччү маселе эмес экенин белгилөөдө.

- Аткаминерлер ошол эле Өзбекстандан карталарын алып келип чек ара бойлой басып, өздөрү көрүп тактап, конкреттүү иш-чараларды көрсө жакшы болот эле. Бишкекте отуруп алып чечкенге такыр болбойт.

Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо иштери кайрадан жанданышы мүмкүн. Бирок ортодогу сүйлөшүү иштердин дагы канчага созулары белгисиз бойдон.

Назарбаев ант берди

8-апрел - жума күнү казак лидери Нурсултан Назарбаев кезектеги жолу ант берди. Бул жолку үлкөн иш-чара чет жердик бир да расмий өкүлдүн катышпаганы менен эсте калды. Жергиликтүү оппозиция кечигүү менен шайлоону тааныбай турганын жарыялады.

Нурсултан Назарбаев жума күнү кезектеги мөөнөткө Казакстандын президенттик тактысына отурду. Ант алуу аземи Астанадагы Көз карандысыз сарайында өттү. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкулов Назарбаевге президенттин күбөлүгүн тапшырып, төшбелги такты.

Казакстан элине ант бергенден кийин Назарбаев 3-апрелде өткөн кезексиз шайлоого баасын айтып, «өткөн шайлоолор уюшулушу, демократиялуулугу жагынан азыркы Казакстандын тарыхында гана эмес, эксперттердин айтымында, бүт Борбор Азияда эң мыкты болду», - деп билдирди.

Мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлгөн ант берүү аземинде Нурсултан Назарбаев «бул шайлоодо биринчи жолу каралоо пиары болбогонун» белгиледи.

Ал ошондой эле парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, өкмөттүн жоопкерчилигин арттыруу, шайлоо жараянын өркүндөтүү зарылдыгын айтып өттү.

Сырттан бир да президент келбеди

Назарбаевдин бул жолку ант алуу салтанаты четтен президенттик даражадагы бир да адамдын келбегендиги менен эсте калды. Кала берсе колтугунда турган борборазиялык бир да мамлекеттен президент да, премьер-министр да катышкан жок. Салтанатта бир гана Москванын мурдагы мэри Юрий Лужков жүрдү.

Назарбаевдин 2006-жылдагы такка отуруу аземине президенттер Владимир Путин, Виктор Ющенко, Курманбек Бакиев, Хамид Карзай, Эмомали Рахмон, Ислам Каримов жана Михаил Саакашвили катышканын эске сала кетели.

Быйыл кышта өткөн Беларус президенти Александр Лукашенконун ант берүүсүнө да эч бир президент келген эмес.

Казак оппозициясы эмне дейт?

Дээрлик бир аптадан бери Нурсултан Назарбаев куттуктоолор менен ак тилектердин кучагына батып жаткан кезде казакстандык оппозиция кыйла кечигүү менен болсо да шайлоолордогу бурмалоолор тууралуу үн катты. Мисалы, жалпы улуттук социал-демократиялык "Азат" партиясы шайлоодон 3 күндөн кийинки билдирүүсүндө бийлик тарабынан администрациялык ресур колдонгону жана шайлоо күнү байкоочулардын укуктары чектелгенин белгиледи.

Катталбаган оппозициялык "Алга" партиясынын лидери Владимир Козлов Алматыда 6-апрелде өткөн басмасөз жыйынында президенттик шайлоону тааныбайбыз деп келип, аны «акыйкатсыз, демек, мыйзамсыз» эсептерин жарыялады.

«Мөөнөтүнөн эртелей өткөн шайлоодо ар кандай бурмалоолорго сан жетпей калды. Айланма добуш берүүлөрдөн тарта бюллетендерди тобу менен урналарга таштамай, документи жок адамдардын өзүнөн тышкары башка адамдар үчүн добуш бермейлери, байкоочуларды шайлоо участокторуна киргизбей коюу ж.б. у. сыяктуу көрүнүштөр катталды», – деп айтылат "Элдик бийлик" аталган блоктун саясый билдирүүсүндө.

Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери оболу Казакстан компартиясынын биринчи катчысы, андан кийин эгемен Казакстандын алмашкыс президенти катары баш-аягы 21 жыл бою бийлик башында келатат.

Эля: Үйгө чейинки узак сапар

7-апрел чет жакта жүргөн кыргыз жарандарынын тагдырына да өчпөс из салды. Алардын бири – Алматыда иштеп жүргөн кыргыз кызы Эля. Былтыр дал ушул күнү Эля капарында эчтеме жок Алматыдан Бишкекке жөнөбөйбү. Анан айтылуу Ажардан бетер коколой башы менен талаалап калганы...

- Чек арага чейин такси менен келдим. Ошол жерде шамшум этип алайын деп бажыкананын жанындагы ашканага кире калсам, баары кадалып өрт чалган Бишкекти карап отурушуптур. Дендароо болуп калдым. Казак таксисттери «акыл-эсиң жайындабы, ал жакта согуш болуп жатпайбы!» дешти. Ойлонуп туруп, кете берейин дедим. Анткени баары бир Алматыга кайтып келип, чыдап отура албайт элем.

Ошентип Эля кыргыз тарапка өтөөрүн өтүп алып, кайра кайта албайт. Анткени казак тарап эми артка өткөрбөйт эле. Алдыда болсо көзгө сайса көрүнгүс караңгылык. Өмүрү мынча коркпосо керек.

- Кыргызстан жак капкараңгы, электр жарыгы жок. МАИнин посту да өчүк, такси, маршрутка деген жок. Мен ошол жерде эмне кылышымды билбей калдым. Ушунчалык корктум. Жаман нерсе болуп жатканы асмандан сезилип, абадан жаман энергетика уруп турду, ошону сездим.

Ал аңгыча бажыкана тараптан бир машиненин жарыгы көрүнбөйбү. Даңгыл жолдо уруп-сабап келаткан «Жиптин» алдынан Эля чуркап чыгат.

- Мен жөө кетип баратып, утур-утур бажыкана жакты карап жаттым, ошол жактан өткөн унаалар болсо тосоюн деп. Бир убакта унаанын жарыгы түшүп, мен тосо электе эле өзү токтоп калды. «Что тут делаешь, садись быстро!» деп айдоочу орусча кыйкырып, титиреп, катуу айдап баратты. Мобильныйына тынбай чалып жатышты. Бир маалда жолдун чекесине машинасын токтотуп, номерин чече баштады. Мен кыйкырып жибердим. «Сизди өлтүрөйүн, зордуктайын деген оюм жок. Бизди кармаса ишибиз бүтөт» деди. Титиреп-калтырап жатып чала эсимде калганы, номеринде 00 деген сандар бар болчу. Ак үйдө иштеген бала экен, кийин айтты.

Азыр эстесе, жаны чыккан айдоочу Ак үйдөн безген дагы бир күркүлдү Казакстандан ары жакка өткөргөнү алып келсе керек го. Дагы жакшы, ыймандуу айдоочу тура, ушул ызы-чууда жолдо сербелеңдеген кызды ким убара тартып ала кетмек?

- Улам бирөөлөр телефон чалып, кыйкырып сүйлөшүп жатышты. «За тобой охотятся» дегендей сөздү угуп калдым, сөгүнүп айтты, мен бул жактан кетем, жоголом азыр деди. Мени ГЭС-2ден андан ары өзүңүз жетиңиз деп түшүрүп койду. Анткени Кара-Балтага башка жол менен кетем деди. Менин оюмча, ал бала Казакстанга бирөөнү жеткирип барып келди. Анткени азыр эле кирип чыктым деди.

Бирок Эля Бишкекке жеткени менен али үйүнө чейин сапар алыс эле. Демейде киши башына экиден туура келүүчү таксилерден бүгүн биринин да дайыны жок. Бактысы бар экен, алардын бирөөсүн шаар четине кудай айдап келгендей эле болуптур.

- ГЭС-2де да караңгы эле. Бир машине бирөөлөрдү жеткирип келип, ары жака кетейин деп бурулуп жатканда мен жол ортосуна туруп алып токтоттум. «Учкунга» (Бишкектеги кичи район – автор) жеткирип койчу десем, ал жакка барбайм деди. Мени жеткирбесеңиз, көчөдө калам, кантип жетишимди да билбейм десем, канча бересиң дейт. Мен бааларын билбейм. Баасын айтты, макул, канча болсо дагы үйгө жеткирсеңиз болду дедим. 2 миң теңгедей бердим болуш керек.

Үйүндө Эляны бир туугандары көз жашын көлдөтүп тосуп алганына азыр таң калып болобу? Сыналгы аркылуу Ак үй алдында жайраган балдарды көрүп, ал күнү ыйлабаган адам калбаган чыгаар.

- Баары урушуп, эмне ушундай кеч келесиң дешти. Өлгөн адамдарды көрүп, ыйлай баштадым. Анткени, үйдөгүлөрдүн баарынын көзүнө жаш келди. 1-2 күндөн кийин кайра кетишим керек болчу. Чыгайын десем, теледен Өзбекстан, Казакстан чек арасын жапты деп айтылды.



Акыры Элянын артка кайтаар күнү келди. Ансыз да ишине кечикти, дагы кечиксе, ишинен такыр кол жуумак. Бирок казак тарап чек арасын, элестүү айтканда, чычкан мурду жөргөлөгүс кылып бүтөп салган эле. Бирөөлөр өтүп жатканын кыргыз кызы байкаптыр, бирок өзү өтө алган жок.

- Бажыканага келсем, жабык деп өткөрбөй коюшту. Кайра үйгө келдим. Ошентип бир жума үйдө болдум. 15инде чыгып кайра «Ак Жол» бажыканасына барсам, эч кимди өткөрбөй жатышкан экен. Эгерде товар, же балаң жок болсо 15-20 миң теңге берип өтүшүң мүмкүн, эгер тааныш тапсаң деп бери жактагылар айтышты.

«Ак Жол» чек арасынан өтө албаган соң Эля аркы Канттан өтөм деген үмүт менен ал жакка барганы. Бул жерде да топтошкон кишилер. Өчөшкөнсүп ал күнү чек арачылар да тынбай шимшилебейт бекен. Ал ортодо Алматыдан тынбай чалышып, ого бетер беймаза кылып жатышты. Эми бир гана айла - чек араны жөө-жалаңдап мыйзамсыз бузуп өтүү жагы калган эле. Эля тобокел деп ошол акыркы кадамга батынды.

- Чек арачылар тынбай ары-бери каттап жатышты.Кыргыз балдар кечкурун өткөрүп коёлу, бирок андан аркысын билейбиз дешти. Алар кеткенден кийин ойлонуп отуруп, ары басып карасам, Казакстандын айылы алыс көрүнгөн жок. Сумкамдын ичинде паспорт, керектүү документтерим бар болчу. Эгер сумкамды ыргытсам, өзүм секирем, же кечем, же өтөм деп ойлодум. Сумкамды ыргытып, ары жакка секирип өткөнгө аракет кылдым. Бирок баткакка кулап, талдарды кармап отуруп, биринчи суудан өтүп кеттим. Дагы бир канча суу бар болчу. Ошентип, ар бирөөнөн өтүп жүгүрүп келе жатсам, Казакстандын чек арасы болуп калды, ал жакта кой жайып жүргөн бир бала жүрүптүр.

Казак уланы дагы ыймандуу экен. Башка бир кыянатчыл неме болсо чек арачылардын колуна салып берип, балким, сыйлык да алмак. Ал болсо апайын, кыргызча айтканда, эжесин бар балээден калкалап калган экен.

- Бул жакка кел деп чакырды. Жүгүрүп барып, малдардын жанында көрүнбөй турдум. Анткени, качсаңыз ок чыгарышы мүмкүн деп айтты. Ал жолду көрсөттү, сай сыяктуу эңкейиш жер бар экен. Ошол жакка кирип, акырындан жылып кете бердим. Муздак сууну кечип, андан ары өтсөм Казакстандын айылына чыгып калдым. Бирок айылга жеткенде саз бар экен, тиземе чейин баткакка батып чыксам, кийимдерин булганды, куладым. Билген келмемдин баарын бардык тилде айтып чыктым ойшойт.

Башканы билбейм, Элянын аңгемесине кулак салып отуруп, жазуучу Касымалы Баялиновдун ай талаада карышкырга таланган айтылуу Ажарынын элеси бир сыйра көз алдыма келди. Иши кылса, колдоочусу барбы, Эля акыры Кордойго, андан ары Алматыга жетип кулаганы:

- Жардан тырмышып жолго чыксам, чачтарым жазылып кеткен, бүт денем баткак. Машине тоссом, эч ким албайт. Ошол күнү тамак да ичкен эмесмин жүрөгүмө тамак барбай. Теңселип турсам, мас деп ойлошсо керек. Аягында карыган киши аялы менен токтошту. Унчукпай айылдын борборуна жеткирип коюшту, акча да алышкан жок. Ичкен, же жаман жолдо жүргөн бирөө деп ойлошсо керек, аяганынан жеткирип койду окшойт. Айылда товар алып БУСик келип калды, ар бир айылдагы дүкөнгө ташташат экен, кайтып бара жатыптыр. Мени Кордойго чейин ала кетишти, акчасын төлөп, Кордойдон таксиге түшүп, Алматыга жеттим. Эч нерсе сүйлөбөйм, бирөөнү карагандан да уялам. Ошентип Алматыга жетип эле куладым. Түнү катуу ооруп, жөөлүп, кусуп, бир жума башымды көтөрө албай төшөктө жаттым.

Азыр эми Эля ишим дурус эле дейт. Эл-жерине барып-келип турат. Жакындан бери казак паспортун алуу ниети пайда болгонун кеп ортосуна кыстара кетти:

- Ошол күндөр такыр эсимден чыкпайт. Күнү бүгүнкүдөй элестетем. Казак паспортун алганга мурда мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок мен алгым келчү эмес, анткени баары бир өз жериме кетем деп ойлоп жүрдүм. Бирок акыркы абалды карап туруп, ойлоно баштадым бул жерде калганым туура болот окшойт деп. Бизде кыйын болуп калды.

Айтору, былтыркы апрел Элянын бүт сезимине ширелип, өмүр бою эсинен чыккыс болгон экен. Бирок аны эми башка нерсе дайыма капа кылып, ызасын келтирип жүрүптүр.

- Казакстан телеканалардында Кыргызстанда кандай жашашат, биз кандай жашап жатабыз деген нерсени көп көрсөтүшөт. Мисалы, жаңылык башталганда Кыргызстандан башташаарын биз дароо билебиз, азыр жаман нерсени айтып, салыштырышат деп. Анткени контрастты көрсөтүш керек буларга. Өлүп жаткан балдарды көрсөтүп, экрандын бурчуна Назарбаевдин мына биз Казакстан гүлдөп, эң алдыңкы 50 мамлекеттерге киребиз деп сүйлөп жатканы ушунчалык менин ызамды келтирди. Ушундай жаным кейип, ызадан ыйладым. Бир да улутту жамандагым келбейт. Анткени мен Казакстандан көп жакшы нерсеге жеттим, көп нерсени үйрөндүм, жакшы адамдар көп. Бирок эл башчысынын, аны элбасы дейт го, айткан сөздөрү жаман бир тууганды жамансынтат го кыргыздар, ошондой болду...

Мына окурман, былтыркы апрель кезеңи сезимине из калган кыздардын бири. Алматыдагы ишин, чек арадан өткөнүн уккан соң, эми эмне себептен өз атын өзгөртүп, тек гана Эля деп атап, неге сүрөтүн койбогонубузду түшүнүп жатсаңыздар керек...

Кыргыз ыңкылабы жана Борбор Азия

Былтыркы апрель окуяларын Борбор Азиянын демократиялык күчтөрү ыңкылап катары кубатташса, бийликтери терс мүнөздөшкөн.

Айрым саясат таануучулар муну Кыргызстандагы саясий жараяндар Борбор Азиянын авторитардык режимдерин чочулатканы менен түшүндүрүшкөн эле.

Бир жыл өткөндөн кийин алар кыргыз ыңкылабынын аймакка азырынча анчалык таасири тийбегени менен тажрыйбадан өтүп жаткан парламенттик башкаруу системасы ийгилик таап кетсе, Борбор Азия үчүн үлгү боло аларын белгилешүүдө.

“Азаттык” үналгысынын кабарчысы жетинчи апрелдин бир жылдыгын утурлай борбор азиялык айрым саясат таануучуларды кепке тартып, оболу бир жылдан бери Кыргызстанда орун алган жараяндарды эске алганда ал окуяны ыңкылап деп атоого болобу деген суроо узатты?

Системаны өзгөртүү аракети

Москвада жашаган түркмөн саясат таануучусу Фархат Ильясов мындай дейт:

- Ыңкылап деп бийликке башка социалдык класс, башка социалдык топ келгенде айтышат. Эгер бул жерде социалдык топ деп кайсы бир кландарды, саясий топтор менен биримдиктерди эске алсак, бир аз кыйналуу менен ыңкылап деп атоого болот. Мен түшүнгөндөн Кыргызстанда принцибинде саясий төбөлдөр ич ара атаандашты. Мисалы мурдагы президенттер Акаев менен Бакиевдин кландарын Кыргызстанды башкарган топтор деп атап койсок болот. Алардын ордуна башкалар келди. Бирок бийликтин, ресурстун бөлүштүрүлүшү радикалдуу мүнөздө кетти. Андыктан ыңкылап деп атасак болчудай.

Досым Сатпаев
Ал эми казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев апрель окуяларын ыңкылап болбосо да, алга жылуу деп эсептейт:

- Казакстанда Кыргызстандагы окуяларга ар кандай баа беришет. Бирок мен кандай кыймыл болбосун бир орунду таптагандан көрө алга жылуу жакшы деп эсептейм. Анткени Кыргызстанды биз азыр дүйнөнүн башка аймактарынан, Жакынкы Чыгыштан, Түндүк Африкадан көрүп жатабыз.

Биздин коңшубузда жүрүп жаткандар саясат таануучулар үчүн да кызык жараян. Анткени Борбор Азияда салттуу түрдө иштеп келген саясий системадан такыр айырмаланган башка моделди жаратуу аракетин байкоодобуз. Башкача айтканда парламенттик республика түзүү аракети – албетте чечкиндүү кадам.

Тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов апрель окуялары ыңкылап деген турумда:

- Кыргыз эли жасаган нерсе – нукура ыңкылап. Бул элдик ыңкылаптан кийин мамлекеттик башкаруунун жаңы түрүн ишке ашыруу чечими кабыл алынганы да чоң жетишкендик. Ал эми кыргызстандыктардын дайыма эле түшүнүктүү боло бербеген жараяндарга тартылып жатканына, буга кошумча экономикалык кырдаалдын эл күткөндөй эместигине карабай Ливиядагыдан айырмаланып, мисалы нан, турак-жай, оюн-тамашадан да жогору турган, саясий укук, эркиндик деген баалуулуктар бар болгонун көрсөттү.

Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов болсо былтыр апрелде Кыргызстанда эки нерсе аралашып кеткен деген ойдо:

- Бул Кыргызстан үчүн да, Борбор Азия үчүн да уникалдуу окуя. Бул окуяларды ыңкылап деп аташ үчүн ыңкылапты башка ушул сыяктуу көрүнүштөрдөн айырмалоочу аргументтер жетишпейт.

Бул ошондой эле элита ичиндеги төңкөрүш же ушул өңдүү да нерсе эмес. Эгер төңкөрүш, бир элитанын экинчи элита менен алмаштырылышы болсо, анда элдин козголоңу ачык көрүнмөк эмес. Андыктан, менин көз карашымда, бул кыйла эле өзгөчөлөнгөн окуя. Бул жерде элдин козголоңу, нааразылыгы элитанын белгилүү бөлүгүнүн бийлик үчүн күрөшүнүн элементтери менен аралашып кеткен.

Фархад Талибов ага катар “Азаттыкка” курган маегинде Кыргызстан мындай окуяларга “мамлекеттүүлүгүнүн жана мамлекеттик институттарынын алсыздыгынан” улам кабылганын кошумчалады.

Эмоция бар, жылыш жок

Былтыр Кыргызстанда бийлик экинчи ирет ыңкылап жолу менен алмашканда, бул окуя боюнча коомчулук алдындагы ачык пикирин Борбор Азиянын калган төрт президентинин ичинен казак мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев гана билдирген. Ал ошондо Алматыдагы медиа форумда сүйлөгөн учурунда апрель окуяларына терс баасын берип, Кыргызстандагы бийлик алмашууну ыңкылап деп эсептебесин айткан айткан эле.

Саймудин Дустов
Кечээ жакында дагы бир мөөнөткө президенттикке кайра шайланган Назарбаевдин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев америкалык Foreign Policy журналында жарыяланган интервьюсунда "Кыргызстандагы эки ыңкылап Казакстанга эч таасир тийгизген жок” деп ырастады.

Түркмөнстандык саясат таануучу Фархат Ильясов апрель окуяларынан аймакка таасир тийди, бирок ал эмоция деңгээлинде гана болду деп эсептейт:

- Менимче интеллигенциянын абдан эле жука катмары албетте көңүл бурду. Кандайдыр бир деңгээлде бул аларга эмоционалдык жактан таасир берди, толкундантты. Бирок жалпысынан Борбор Азия өлкөлөрүндө революциялык потенциал жок болгондуктан радикалдуу таасир тийген жок. Кандайдыр бир деңгээлде эмоционалдык гана түрткү берди, бул балким келечекте өзүнүн кандайдыр бир ролун ойношу мүмкүн. Бирок Борбор Азиянын башка өлкөлөрү социалдык жактан даяр болбогондуктан жана реалдуу оппозициянын жоктугунан улам бул түрткүнүн жакын арада социалдык-саясий кесепеттерди берери арсар.

Өзгөрүүлөр убакытты талап кылат

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын жана андан кийинки жараяндардын Борбор Азияга чыныгы таасири өлкөдө жаңы түптөлө баштаган парламенттик башкаруу системасы толук кандуу иштеп кетсе гана тиет:

- Эгер ишке жарамдуу парламенттик республика түзүлө алса, анда биздин өлкөлөрдө активдүү айтылып келинген эски мифке абдан сокку урат. Ал миф Борбор Азия өлкөлөрү үчүн жалгыз гана башкаруу системасы: бийликтин башка бутактарын да көзөмөлдөгөн күчтүү президенттик бийлик гана ылайыктуулугу жөнүндө. Эгер Кыргызстан бул жомокту буза алса, жок дегенде ушул нерсе чоң пайда болот. Анда Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да келечекте, мисалы Казакстанда Назарбаевдин, Өзбекстанда Каримовдун бийлигинен кийин балким кимдир бирөө парламенттик республика моделин ишке ашырууну сунуш кылат.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Өзбекстандык саясат таануучу Фархад Толибов “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде ар кимисинин өз айырмачылыгы болгондуктан, Борбор Азиянын калган өлкөлөрүнө саясий өзгөрүүлөр Кыргызстанда орун алгандай формада келиши арсардыгын белгилеп, буларга токтолду:

- Биз албетте баарыбыз тышкы байкоочуларбыз жана парламенттик моделди түзүү боюнча Кыргызстандагы экспериментке кызыгуу менен байкоо салып жатабыз жана бул экспериментке ийгилик каалайбыз. Парламенттик же президенттик системада болуу Кыргызстан үчүн балким биринчи эмес, экинчи маселе.

Биринчи маселе мамлекет өз функцияларын толук кандуу аткарышы, аймагын толугу менен көзөмөлдөшү. Оштогудай окуялар кайталанбашы үчүн саясий стабилдүүлүктү калыбына келтирүү зарыл. Мамлекет салыштырмалуу күчтүүрөк болушу керек. Кокус Кыргызстандын тажрыйбасы ийгиликтүү чыкса, албетте коңшу өлкөлөрдүн көңүлүн бурдурат. Ал тажрыйба кабыл алууга жарайбы же жокпу ошондо сөз кылууга болот. Бирок буга али көп бар.

Нурсултан Назарбаев медиа форумда Кыргызстандагы ыңкылапты сынга алган, 27-апрель, 2010-жыл
Дүйшөмбү шаарындагы “Индем” аналитикалык борборунун башчысы, тажикстандык саясат таануучу Саймудин Дустов Борбор Азиянын калган өлкөлөрүндө да саясий өзгөрүүлөр күтүлөт, кандай натыйжа берерине карабай Кыргызстандын тажрыйбасы колдонулат деген ишенимде:

- Албетте Борбор Азиянын автократиялык режимдери өз коңшуларында башкаруунун жаңы формасы пайда болгонуна кубанычта эмес. Бирок автократиялык режимдер эмнени кааларына, алардын режимдери туруктуу болушу үчүн эмне чараларды көрөрүнө карабай, жакынкы төрт-алты жылда Борбор Азияда өзгөрүүлөр болот. Бул өзгөрүүлөрдүн бир фактору катары кыргыз ыңкылабы жана Кыргызстандын башкаруу формасы кызмат кылат.

Бийлик кооптонот

Казакстандык саясат таануучу Досым Сатпаев Борбор Азиядагы коңшулары апрель ыңкылабы өлкөнүн саясий турмушуна алып келген өзгөрүүлөрдүн буруш жана дурус жактарына ынанышы үчүн кеминде беш жыл талап кылынат деп эсептейт. Бирок бул үчүн саясий өзгөрүүлөрдүн эпкини эл турмушуна да тийгени байкалуусу керек:

- Коньюктуралык эмес, узак мөөнөткө иштөөчү саясий институттардын калыптанышы үчүн чынында эле беш жыл керек. Бул мезгил белгилүү бир саясий маданият жаралышы, башкаруучулар, анын ичинде саясий башкаруучулар пайда болуусу үчүн зарыл.

Бирок экинчи жагынан Кыргызстан үчүн саясий эксперимент эле эмес, экономика менен да алектенүү чоң мааниге ээ. Анткени натыйжа берүүчү экономикалык реформаларсыз бир да саясий долбоор көпкө жашабайт. Муну дүйнөлүк тажрыйба да көрсөтүүдө.

Экономикага келгенде, өлкөнүн экономикалык системасы да жакынкы беш-алты жылда орто катмар жаралгыдай болуп түзүлүүсү керек. Себеби кирешелериндеги ажырым азыркыдай чоң болуп, калктын чоң бөлүгү жакырчылыкта жашап жатканда, бир дагы система өзүн туруктуу сезе албайт.

Былтыркы апрель окуяларын аймактын маалымат каражаттары да ар башка өңүттөн чагылдырышкан. Бийликтин көзөмөлүндөгү маалымат каражаттар ага көңүл бурбагандай түр көрсөтүшкөн, кокус көңүл бурушса да терс жагынан көрсөтүүгө умтулушкан. Анда мунун жүйөсүн саясат таануучулар чөлкөмдүн авторитардык лидерлеринин бийликти Кыргызстандагыдай жол менен алмаштырылуусунан чочулоосу катары түшүндүрүшкөн.

Кыргызстан араб дүйнөсүн шыктандырдыбы?

Кыргызстандагыдай эле, Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндөгү толкундоолор талап-тоноо жана имараттарды өрттөөлөр менен коштолду. Сүйрөттө: Бишкек, 7-апрель, 2010-жыл

Кыргызстанда 2010-жылдын 7-апрелинде болгондой окуялар жети айдан кийин Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы араб өлкөлөрүндө кайталанды. Араб дүйнөсүнүн ар кайсы бурчунда элдик толкундоолордун эпкини али басыла элек. Мындан улам Кыргызстандагы апрель ыңкылабы башка калктарды да авторитаризмге каршы көтөрүлүүгө шыктандырды деп эсептегендер да бар.

Борбор Азиядагы Кыргызстан менен Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африкадагы араб өлкөлөрүнүн саясий жана социалдык жактан өнүгүү тарыхы бөлөк. Бирок ыңкылаптарында ички болбосо да, бир канча тышкы окшоштуктары байкалды.
Борбор Азияда өкмөткө каршы оппозициянын деңгээли анчалык деле кубаттуу эместей.
Жон Шоберлейн


Биринчиден, эки жакта тең эл башкарууда авторитардык ыкманы колдонгон, бийлик системасына бала-чакасын, урук-жилигин аралаштырып жиберген, бир кландын ичиндегилер байыган, калгандар жакырланган түзүлүшкө каршы чыгышты.

Экинчиден, Кыргызстан сыяктуу эле араб дүйнөсүнүн президенттери ыңкылап жолу менен бийликтен кулаган эки өлкөдө: Египет менен Тунисте да саясий реформалар жүрүүдө. Утурумдук бийлик армиянын колуна өткөн Египетте Кыргызстан сыяктуу жаңы Конституциясын тез эле кабыл алышты. Египетте да жаңы Баш мыйзамдын долбооруна ичи чыкпагандар жок эмес, ага карабай өлкө парламенттик шайлоого камынып жатат.

Тунис жаңы Конституциясын кабыл алууга үлгүрө элек, бирок парламентке жаңы шайлоо июль айына белгиленди.

Тунис, 18-январь, 2011-жыл
Үчүнчүдөн, Тунисте “Жасмин” деп атап коюшкан ыңкылапка алып келген окуялар Кыргызстандагыдай болуп өлкөнүн аймактарында башталды. Кыргызстанда парламенттик шайлоого чейин ыңкылапчыл күчтөр алар “бакиевчилер” деп атап койгондорду бийликке келтирбөө боюнча кыймыл уюштурушса, Тунисте “биналичилерден” тазаланууну талап кылган жараян азыркыга чейин уланууда.

Төртүнчүдөн, Кыргызстанда, Египет менен Тунисте да ыңкылаптарда жаштар, интернет маанилүү роль ойноду. Маселен, Египетте отуз жыл ашуун бийликте отурган президент Хосни Мубарактын кулашына алып келген окуялар интернет аркылуу калкты мобилизациялоого жардам берген социалдык сайттын атынан - "Фейсбук ыңкылабы" деп да аталып калды.

Кыргызстан менен араб дүйнөсүндөгү ыңкылаптардын кеминде төрт тышкы окшоштугу болсо, бирин-экин айырмачылыктары да жок эмес.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Кыргызстанда кулатылган президент бийлигин расмий тапшырганча бир нече күн өткөнү менен, ал де-факто бийликтен бир эле күндө кол жууса, Египетте бул бир нече күндү талап кылды.

Кыргызстанда оппозициянын Бириккен элдик кыймылы ыңкылап алдында элди ага мобилизациялоодо чечүүчү роль ойносо, Египет менен Тунисте саясий күчтөр менен оппозиция лидерлери элдик козголоң артка кайткыс түр алгандан кийин гана ачык колдоо көрсөтө башташты.

Кыргызстанда утурумдук бийлик дароо эле оппозициянын колуна өтсө, Египетте армия, Тунисте болсо мурдагы режимдин президенттен башка өкүлдөрүнөн куралган өкмөт алды.

Кыргыздар арабдарды шыктандырдыбы?

Кыргызстанда апрель ыңкылабынын араб элдерине тийгизген таасири жөнүндө президент Роза Отунбаева да айтууда. Ал апрель окуяларынын бир жылдыгына арналган жыйында белгилегендей, Кыргызстандын жолу Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада авторитаризмге каршы массалык чыгуулар үчүн үлгү болду.

Апрель окуяларынын глобалдык феноменге айланганы жөнүндө “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев да утур-утур айтып келүүдө. Бирок Египет менен Тунисте мындай пикирлер менен макул болгондор барбы? Каирдеги Америка университетинин профессору Амин Хуссеин мындай дейт:

Египет, Тахрир аянты, 8-январь, 2011-жыл
- Бул ыңкылап аралык алыс экендигине карабай араб дүйнөсүндөгү, өзгөчө Египет менен Тунистеги жаштардын ойгонушуна кандайдыр бир деңгээлде таасир бергенинде шек жок.

Көптөр Кыргызстан менен Египеттеги окуялардын ортосунда түз байланышты көрбөгөнү менен, менимче, жакшы жашоо издеп чыккан адамдар бирдей сезим менен чыкканы талашсыз.

Албетте түз байланыш жок, бирок өзгөчө бул жерде Кыргызстанда эмне болгонун билгендер окшош элементтерди көрөбүз. Силерде ишке ашкан ыңкылаптын духун адамдар кандайдыр бир деңгээлде бул жакта да кайталашты.

Кыргызстанда бир жылдыгы белгиленген апрель ыңкылабы менен араб дүйнөсүндөгү толкундоолордун кандайдыр бир байланышы барбы деген суроону АКШдагы Гарвард университетинин Борбор Азия боюнча программасынын жетекчиси Жон Шоберлейнге (John Schoeberlein) да жолдодук:

- Мен бул жерде тикелей байланыш бар деп ойлобойм. Биз бүгүн толкундоолор болуп жаткан өлкөлөрдө Кыргызстан деген сөзгө кеңири шилтеме жасашканын уккан жокпуз. Ооба, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өкмөттү бирөө келип өзгөртөт деп чыдап отура бербөө керек деген маанай күчөп бара жатканы чындык. Ушул нерсе Кыргызстанга, Египетке таасир берди, менимче ушул эле нерсе аймактын башка өлкөлөрүнө да таасир бериши мүмкүн.

Таасири Борбор Азияга эмес, араб дүйнөсүнө

Өткөн бир жылы ичи көрсөткөндөй, Кыргызстандагы апрель ыңкылабынын эпкини Борбор Азиядагы коңшуларда эмес, алыскы араб дүйнөсүндө сезилди. Бирок араб өлкөлөрүндө биринен сала экинчисинде кайталанды. Кыргызстандагы ыңкылаптын айрым президенттеринин бийликте туруу мөөнөтү араб дүйнөсүндөгүлөргө жакындап бара жаткан Борбор Азияда эмес, башка аймакта кайталанышын саясат таануучулар эки-үч себеп менен түшүндүрүшөт.

Бишкек, 8-апрель, 2010-жыл
Гарвард университетинин Борбор Азия программасынын жетекчиси Жон Шоберлейн:

- Мындагы чечүүчү фактор башка өкмөттөр демонстрацияга кандай чекте мүмкүндүк бергендигинде. Борбор Азиядагы репрессиячыл өкмөттөр оппозицияга ой-пикирин билдирүү үчүн дээрлик мүмкүндүк бербегендиги факт. Кырдаал кээ бир өлкөлөрдө айырмалуу болду. Ал эми Борбор Азияда өкмөткө каршы оппозициянын деңгээли анчалык деле кубаттуу эместей.

Москвада жашаган түркмөнстандык саясат таануучу Фархат Ильясов Борбор Азиядан айырмаланып, араб дүйнөсүндө толкундоолор биринен сала экинчисине өтүп кеткен эки аймактын өнүгүү тарыхындагы айырмачылыктардан көрөт:

- Маселе араб дүйнөсү бир түрдүү өнүккөнүндө. Кырдаалдын өнүгүүсү жана бышып жетилүүсү тарыхый жактан узак мөөнөттө болду. Ал жакта кокустан чыккан жана субъективдүү факторлордун, инсандын таасири абдан эле минималдуу. Бизде болсо капыстан чыккан факторлордун таасири абдан чоң. Анткени өлкөнүн өнүгүшүнө бийлик башына кандай лидердин келип калганы радикалдуу түрдө таасир берүүдө. Ошондой эле Борбор Азияда социалдык өнүгүүнүн деңгээли да бир кылка эмес.

Тунис, 14-январь, 2011-жыл
Саясат таануучулар Түркмөнстанда болобу, Казакстан, Өзбекстанда болобу азыркы президенттер бийликте турганда өлкөнү демократиялаштырган реалдуу жана масштабдуу саясий реформалар күтүлбөйт деп боолгошот. Маселен Казакстанда эң жакшы дегенде азыркы президенттик система, балким кайра президенттик-парламенттик системага трансформацияланышы мүмкүн.

Бирок казак президенти Нурсултан Назарбаевдин капыстан мөөнөтсүз шайлоо өткөрүп, бийлигин дагы бир мөөнөткө бекемдөө камын көрүшүн айрым саясат таануучулар, казак оппозициясы узактан бери бийликте турган мамлекет башчыларына каршы араб дүйнөсүндөгү көтөрүлүштөр менен байланыштырышкан.

Чек ара коопсуздугу күн тартибинде турат

Кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу аймак

Акыркы аптада кыргыз-тажик чек арасында эки жолу жаңжал чыкты. Чек арадагы соңку жагдайлардын себеп, кесепеттери жана чек ара коопсуздугу тууралуу чек ара тармагы боюнча адис Саламат Аламанов “Азаттык” менен ой бөлүштү.

"Азаттык": Ушул апта башында кыргыз-тажик чек арасында баңгизат ташып келе жаткандар менен жаңжал чыкты. Кечээ эртең менен болсо Кыргызстандын тартип коргоо сакчылары Тажикстанга бараткан жүк ташуучу унааны текшерүү үчүн токтотуп, ошол маалда жүк ташуучу унаанын ичиндегилер тартип коргоо органдарын Тажикстанга күч менен алып кетүүгө аракет кылышкан. Чек арадагы мындай окуялар эмне себептен чыгып жатат? Бул эмнеден кабар берет?

Аламанов: Биздин чек аралардын кайтаруусу бүгүнкү күндө жетишээрлик деңгээлге жетпегенинен кабар берет. Экинчиден, мамлекеттердин ортосундагы чек ара такталып бүтпөгөнүнө байланыштуу чыгууда. Ошо чек араны коргоого тиешелүү болгон техникалык каражаттарды азырынча колдонууга мүмкүн болбой жаткандыгы ушундай жагдайлардын пайда болушуна алып келди.

"Азаттык": Демек чек ара кызматынын азыркы абалына көз чаптырсак, чек ара коопсуздугу начар абалда деп эсептейсизби?

Аламанов:
Коопсуздук боюнча келгенде начар деп айтууга болбойт. Бирок биздин чек арачылардын саны чек араларды кайтарууга жетишсиз деп айтсак туура болот го.

"Азаттык": Буга чейин чек ара кызматынын курамын 500 адамга көбөйтүү туурасында чечим кабыл алынганы айтылбадыбы? Бул чек ара кызматынын сапатына канчалык таасирин берет?

Аламанов: Бул өзү чек ара кызматынын сапатына чоң эле таасирин тийгизет. Бирок бул деле жетишсиз болот. 500 адам менен ошончолук узундуктагы татаал чек араны таптакыр коргоп калууга мүмкүн эмес. Мүмкүнчүлүк болсо дагы миң киши кошсо, бүгүнкү күндүн жагдайына караганда, ошол туура болот эле деп ойлойм.

Такталбаган жерлер көп

"Азаттык": Марттын башында президенттин АКШга жасаган иш сапарында Баткенде машыгуу борборун ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр болгону маалым. Орусия да түштүктө аскер борбор ачуу тууралуу ниеттерин айтып келет. Мындан борборлор чек ара коопсуздугун сактап, аны бекемдөөгө канчалык деңгээлде жардам берет деп ойлойсуз?

Аламанов: Эгерде ошол борбордун максатында чек ара кызматтарынын атайын жумуштары боюнча машыгуу жана окутуу иштери жүргүзүлсө, биздин чек арачылардын иштеги сапаты жогорулайт. Эгерде чек арачыларга багытталган иштерди жүргүзсө, бул сөзсүз түрдө оң натыйжаларын берет.

"
Азаттык":
Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш аймактарында талаштуу делген жерлер арбын экен. Бүгүнкү күндө кыргыз-тажик чек арасынын болгону 40% такталганы маалым. Эмне үчүн бул жерлер алигиче такталбай келет? Кезегинде сиз дагы чек араны тактоо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны жетектеп келген элеңиз.

Аламанов: Эң негизги себеби, ошо эки тарап чек араны кайсы документтердин негизинде тактайбыз деген бирдей бүтүмгө келе элек. Эки тараптын бири-бирине койгон талаптары эки башка болуп, пикирлери бири-бирине жакындашпагандыктан, ушул убакка чейин көп чек аралар такталбай келип жатат.

"Азаттык": Деги качан такталат деп ойлойсуз?

Аламанов: Бүгүнкү күндүн шартына караганда, мамлекеттердин саясий жетекчилери макулдашып бир пикирге келиши керек. Кайсы жылдагы документтерди негиз кылып алып, делегацияларга тапшырма берип, ошол боюнча иштей баштаса бул маселени тез эле чечүүгө болот. Бирок ошондой чечим алыш үчүн жогорку деңгээлдеги саясий кызматташуу керек да.

"Азаттык":
Рахмат.

Ыңкылап көч башындагы Кыргызстан

2010-жыл, 7-апрель. Ак үй алдындагы кандуу каршылык

Бишкекте бир жыл мурдагы бийлик алмашкан кандуу окуяларды эскерүүгө арналган жыйында авторитардык бийликти кулатуу боюнча Кыргызстандын саясий тажрыйбасынын эл аралык мааниси чоң экени баса белгиленди.

Өткөн жылы Курманбек Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген апрель окуяларында 88 адам курман болду, бир жарым миңдей адам ар кандай жаракат алды.

Жаракат алгандар “Айкөл Ала-Тоо” уюмуна биригишкен. Бул уюмдун мүчөсү Нурлан Алишеров Апрель ыңкылабынын бир жылдыгына арналган эскерүү жыйынга Таластан келди. Ал бир жыл мурда 6-апрелде Таласта расмий бийликке каршы элдик толкундоолор башталганда бул жакка барган ички иштер министри Молдомуса Конгантиев баштаган куралдуу күчтөргө каршы чыккандардын алдыңкы катарында болгон.

- Ошондо жаракат алып, ооруканага жатып калганымда Таластагы туугандардын алды жети токоч салып, куран окуп көмүп койгон экен. Эл аралаган ушактарды уккан болсоңуздар керек, "Конгантиевдин артында турган баланы өлтүрүп кетиптир, мууздап кетиптир" деп. Келинчегимдин эки көзү тең көрбөй калды, өзүмдүн колум жарабайт,-дейт Нурлан.

Президент Роза Отунбаева АКШ лидери Барак Обама менен, 7-март, 2011-жыл
Жыйында чыгып сүйлөгөн президент Роза Отунбаева апрелдеги окуяларга эл аралык реакция алгачкы учурда начар болгонуна карабастан, алар Кыргызстан саясий быкшып жаткан өлкө эмес экенин, кайнаган саясий активдүү процесстердин өлкөсү экенин көрсөттү деп, анын азыркы күндө Жакынкы Чыгыштагы өлкөлөрдө болуп жаткан окуяларга түрткү болгон роль ойногонун баса белгиледи:

- Бир жыл өтпөй Жакынкы Чыгыш, Түндүк Африка өлкөлөрүндө болуп жаткан авторитаризмге каршы көтөрүлүштөр Кыргызстанда 2010-жылы 7-апрелде өткөн окуялардын ролун жана маанисин ачык аныктап, биздин басып өткөн жолубузду ошол өлкөлөргө мисал катары болгонун биз азыр угуп билип жатабыз. Февраль жана март айларында мен Европа өлкөлөрүнө жана Америкага расмий сапар менен барганда алардын жетекчилери былтыркы окуяларды даана түшүнүп, дүйнөлүк азыркы процесстердин башатында турганына жогору баа берип жатышты.

“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев апрель окуялары Кыргызстандын элин саясий эркиндикке гана чыгарганын белгилеп, эми жаңы бийликтин алдында элге эркиндиктин дагы башка түрлөрүн алып келүү милдети турганын айтты:

- Биз элге социалдык-моралдык эркиндикти алып келишибиз керек. Биз муктаждыктан, кордуктан эркин болушубуз керек. Биз зордуктан эркин болушубуз керек.

Эскерүү жыйынга келгендер 7-апрелди бир жыл мурда болгон окуяларды эскерүү күнү, экинчилери трагедия күнү деп ар башка кабыл алып жатышты.

Алиясбек Алымкулов (ортодо), 7-апрель, 2010-жыл
Жаштар министри Алиясбек Алымкулов бул күндү сыймык күнү деп атады. Бир жылда мурда 7-апрелде Бакиевдин бийлиги митинг уюштуруп жаткан оппозициянын лидерлерин дээрлик бүт камакка алып, нааразылык жүрүшкө чыккан калктын жолун ок жаадырып тосуп чыкканда Ала-Тоо аянтында Алиясбек Алымкулов топ жарып алдыда жүрүп, катуу жаракат алса да аман калган. Анын башына эки жолу көзгө атардын огу тийип, октун бири мурдунан жиреп желкесинен чыгып кеткен.

Апрель окуяларында курман болгондордун жана жаракат алгандардын үй-бүлөлөрүнө бүгүн Бишкекте “Жал” кичирайонунда жаңы бүткөн көп кабаттуу үйдүн ачкычтары тапшырылды. 7-апрелде Бишкекте бир жыл мурдагы кандуу окуяларды эскерүүгө арналган бир катар иш-чаралар өтмөкчү.
Биз муктаждыктан, кордуктан эркин болушубуз керек.


Бир жыл мурда Бакиевдин бийлигинин кулашына алып келген окуяларды иликтеп саясий баа берүү үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссия өзүнүн тыянак баасында парламенттик жана президенттик шайлоолордун жыйынтыктарын бурмалоо, авторитардык бийликтин орнотулушу жана үй-бүлөлүк урук-туугандык башкаруу, оппозиция лидерлерин туташ саясий куугунтуктоолор, тышкы саясаттагы көз будамайлоо аракеттери апрелдеги элдик каршылыктарга жана бийликтин кулашына алып келген негизги себептер болгонун белгилеген.

Орусия мигранттар үчүн квотаны жоюшу мүмкүн

Бул демилге ишке ашса, борбор азиялык мигранттардын Орусияда мыйзамдашышына жол ачылат.

Квотанын алынып салынышы мүмкүн деп өкмөттүк “Российская газета” кечээ күнкү санында жазып чыкты.

Учурда Орусиянын Федералдык миграция кызматы эксперттер менен чогуу миграциялык саясат боюнча концепция жазып жатат.

Дал ошол долбоордо чет өлкөлүктөр үчүн квотаны жоюп салуу маселеси да коюлган.

Азыркы квоталык системаны буга чейин көпчүлүк сындап келгени менен, бул институт жылдан жылга сакталып келатат. Бирок аталган идеяны өкмөттүк гезит жазып чыккан соң, чынында эле квота жоюлушу мүмкүн дейт орусиялык экономист, Илимдер академиясына караштуу экономика институтунун социалдык саясат борборунун жетекчиси Евгений Гонтмахер.

“Бир гана эксперттер эмес, мамлекеттик кызматкерлер өздөрү да квотанын керексиз экенин айтып жатышат, ал эми маалыматтын өкмөттүк гезитке чыгышы жөн жерден эмес”.

Чет өлкөлүк жумушчуларга берилген квота чыныгы көйгөйлөрдү чечмек тургай, эмгек базары тууралуу маалыматтарды чаташтырып жатат деп белгилешет адистер.

“Квоталар эмнеге кереги жок? Себеби Орусияда эмгек базары акыркы жылдары аябай өзгөрүп кеткен. Аны жасалма түрдө башкаруу же чет өлкөлүк убактылуу жумушчу күчүн көзөмөлгө алуу аракети так эмес жана мааниси жок. Региондордо квоталардын саны кантип эсептелээрин баары билет. Алар санды асмандан алып туруп Москвага жөнөтүшөт, аны өкмөт бекитет”,- дейт экономист Евгений Гонтмахер.

Квотаны алып салуу эки жактуу маселе

Бир чети квота жоюлса, Орусияда иштеп жаткан мигранттардын көпчүлүгүн легалдаштырууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Экинчиден, чет өлкөлүк жарандарды жумушка кабыл алган жеке ишкерлердин жашоосу жеңилдей түшөт, коррупция азаят.

Ал эми бул кадамдын терс жактары тууралуу Орусиянын кесиптик бирикмелери (профсоюз) дароо айтып чыгышты. Алардын ою боюнча квота баары бир болушу керек. Себеби квота жок болсо, эмгек базарында башаламандык ого бетер күчөп, орусиялыктардын өзүнө жумуш жетишпей калышы толук ыктымал.

Эмгек мигранттары үчүн квота жергиликтүү эмгек базарын коргоо үчүн киргизилген жана жумуш менен эң биринчи кезекте Орусиянын жарандары камсыз болушу абзел.

Борбор азиялык мигранттардын жашоосу болсо квота алынып салынса алда канча жеңилдейт жана легалдашуу үчүн жол ачылат.

“Квотаны жоюш керек. Бара-бара жоюлат, азыр Федералдык миграция кызматы да буга кызыкдар. Ойлоп көрүңүз, Москвада 200 миң адамга квота берилген, ал эми Санкт-Петербургга – 400 миң. Логика барбы? Жок. Москванын мурдагы өкмөтү жасап кеткен ушунун баарын. Алар “бизге 200 миң гана адис керек” дешкен. Бирок келип атпайбы, миллиондоп. Квота жоюлса, биздин мигранттар көп кагаз көтөрүп ар жакка чуркабай калышат. Иштөөгө бир жылдык уруксат сатып алып иштей беришсин”, - дейт kginfo.ru порталынын башкы редактору Асилбек Эгембердиев.

Бирок квота чын эле жоюлабы же жокпу азырынча белгисиз. Бул суроо так чечилгенге чейин дагы көп тепкичтерди басып өтүшү зарыл.
Бир гана эксперттер эмес, мамлекеттик кызматкерлер өздөрү да квотанын керексиз экенин айтып жатышат


Орусия өкмөтүнүн жарылыгы менен 2011-жылы чет жарандар үчүн 1 миллион 745 миң 584 адамдык квота жарыяланган. 2010-жылы бул сан 1, 3 миллион адамды түзгөн.

Федералдык миграция кызматы билдиргендей, Орусиядагы мигранттардын 50 пайызга жакыны украиналыктар, андан соң катарда Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстан турат.

Жылына орточо эсеп менен 2 миллионго жакын жумуш издеп келген Москвага 200 миң адамдык квота берилген. Бул деген квота институту кагаз жүзүндө гана иштеп, коррупцияга жол ачат дегенди билдирет.

Түркмөнбашы менен арбашкан жылан

Ак Велсапардын китеби 2500 нуска менен швед тилинде жарык көрдү

Швецияда ушул күндөрү скандинав тилине которулган алгачкы түркмөн романы жарык көрдү. Ак Велсапардын "Калак баш" романында зулумдардын алдында баш көтөрбөгөн жоош элдин икаясы баяндалат.

Түркмөнстандык саясий бозгундун көлөмдүү чыгармасы буга чейин түркмөн, орус тилдеринде жарык көргөн, бирок мекенинде анын китептерине тыюу салынган бойдон кала берүүдө.

Калак баш жана Түркмөнбашы

Ак Велсапардын айтымында, калак баш - келбеттүү, өз баркын билген, коркунучтуу жылан. Бирок бирөө кокусунан басып албаса, өзү биринчи болуп кол салбайт.

Tүркмөндөр "кепче баш", Европа элдери кобра деп атаган бул жылан Ак Велсапарга бала чагынан чоң таасир калтырган:

- Мен бул суналган сулуу, кебелбеген жандыкты өмүрүм өткөнчө унутпасам керек! "Кобра" романындагы башкы каармандын образын түзүүдө ошол бала кездеги таасирлери чоң роль ойноду деп ойлойм.
Ак Велсапар Колумбиядагы эл аралык Меделин поэзия фестивалында, 2010-жыл

Мен Ак Велсапар менен Швецияга телефон чалып, баарлаштым. Ал Түркмөнстанда горбачевдук "кайра куруунун" мезгилинде пахта өстүрүүгө байланышкан экологиялык көйгөйлөрдү көтөргөндөн кийин куугунтукка кабылып, чет өлкөгө качып кутулган.

Кандайча Кызыл-кум чөлүн мекендеген жылан романдын башкы каарманы болуп калды? Мунун сыры көрсө байыркы уламышка барып такалат экен:

- Түркмөн элинин байыркы ишеними боюнча, калак баш жаракат алып, бирок аман калса сыйкырдуу дараметке ээ болуп, 40 жылдан кийин адам баласына айлана алат. Роман ушундан башталат. Советтер Союзу кыйрап жаткан мезгилде, калак баш жашоо чөйрөсү тарып, баары өзгөрүп жатканын баамдайт да, адам коомунда эмне болуп жаткандыгын билип келүүнү чечет. Өзүнүн жылан уругунун тагдырын ойлоп, эмне үчүн бардык тирүү жандыктын жашоо чөйрөсү тарып баратканын түшүнүү үчүн чөл падышасы адамдын кейпин кийип, адам коомуна кошулат. Ошону менен жылан-адамдын татаал тагдыры башталат.

Калак баш ошону менен адамдардын арасында жашап калат. Ошондо ал адамдар зулумдарга баш ийүүнү өзүнүн ыйык милдети деп санаарына көзү жетет.

Сүргүндөгү чыгармачылык

Ак Велсапардын экинчи мекенинде анын новелла, макалалары которулган. 55теги жазуучу түркмөн, орус тили менен катар, бүгүн швед тилинде да жазат. Анын чыгармаларына мекенинде бүгүнгө чейин тыюу салынган. 14 китептин автору бүгүн Швециянын Жазуучулар биримдигине жана эл аралык Пен Клубга мүчө.

Мына эми Швецияда ал өзү чыгармаларынан эң маанилүүсү деп эсептеген "Калак баш" романы жарык көрдү.

636 беттен турган романды Гоголь, Пушкиндин китептерин швед тилине которгон Стефан Лингвен которду. Ал эми кириш сөзүн кезегинде Чыңгыз Айтматовдун китептерин которгон Ларш Эрик Гунквис жазды.

"Калак баш" эки жарым миң нуска менен жарык көрдү. Китепти элге таанытуу максатында автордун окурмандар менен бир катар жолугушуулары пландалган.

Түркмөнбашы Каддафиден кантип таалим алган

Ак Велсапардын романы, анын өз сөзү менен айтканда, зулумдарга каршы күрөш планетардык мерчемге жетип калган мезгилде жарык көрүүдө жана аны автор Борбор Азия диктаторлоруна эскертүү деп эсептейт:

- Бүгүн эл аралык коомчулук Ливиядагы кырдаалга кийлигишүүгө мажбур болгонун көрүп жатабыз. Бул өлкөдө алжый баштаган диктатор өз элин кырып жатат. Мындай сценарий бир күнү Борбор Азияада да кайталанат деп корком.

6-aпрелде өткөн швед окурмандары менен жолугушуу тууралуу жарнама, 2011-жыл.
Ливиядагы кризистин Борбор Азия менен башка да байланышы бар.
Түркмөнстанды 16 жыл бийлеп туруп, 2006-жылы көз жумган президент Сапармурад Ниязов бийликке жаңы келген жылдары эле полковник Каддафинин айтылуу "Жашыл китебин" түркмөн тилине которткон. Дүйнөдө демократтар өз ара акылдашкан сыяктуу эле, көрсө диктаторлор да бир биринен таалим алышат турбайбы!

- 1990-жылы Сапармурад Атаевичтин көрсөтмөсү менен Муаммар Каддафинин китеби которулуп, түркмөн тилинде жарык көрүп, сатыкка коюлган.

Бул китепти абдан белгилүү түркмөн жазуучусу которгон. Ал азыр уялат болуш керек, ошон үчүн атын атабай эле койсом, кантсе да зулумга түркмөндөрдү кулдай баш ийүүчүлүктө тарбиялоого жардам бергендиги котормочуга өмүрү өткөнчө бетке чиркөө болот болуш керек.

"Жашыл китеп" түркмөндөрдү бийликке эч качан баш көтөрүп, каяша айтпоого тарбиялаган китеп болуп калган. Түркмөнстанда мынчалык зөөкүр диктатуранын орногону тегин жерден болгон эмес.

Сөз соңунда мен жазуучудан анын башы калактай болгон жыланы адам болуп калганына өкүнгөн жокпу деп сурадым, бирок автор бул суроого жооп берүүдөн баш тартты:

- Эң жакшы суроо, бирок адамга айланып, адам коомунда жыргал турмушка жетем деген жылан өкүндүбү, жокпу? Бул суроого жооп бербей эле койсом, мунун жообун ар бир окурман өзү тапсын.

Спорт: ийгиликтер алдыда

5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Р.Шаботоевди эскерүүгө арналган эркин күрөш мелдеш башталды. 7-апрелде курман болгондорду эскерүү турниринин финалы болот.

5-апрелде Ысык-Ата районунун Эпкин айылында маркум депутат Руслан Шаботоевди эскерүүгө арналган эркин күрөштөн эл аралык мелдеш башталды.

Бул тууралуу маркумду эскерүү мелдешинин уюштуруучусу Азат Тынаев “Азаттыкка” билдирип, турнирдин ачылыш салтанаты 6-апрелде болоорун айтты.

- Мелдештин ачылышына Русландын жакын достору, партиялаштары, парламенттин айрым депутаттары, Бишкектин мэри Иса Өмүркулов, өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев, Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси Мурат Саралинов баштаган спорт ишмерлери катышканы турат. Былтыркы эскерүү мелдешине Казакстан, Кыргызстан, Тажикстандан эки жүздөй жаш балбан катышкан.

7-апрель курмандыктарын эскерүү турнири

6-апрелде Бишкекте 7-апрелде курман болгон 84 адамды эскерүүгө арналган кулатуу күрөшүнөн мелдеш башталат.

Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин улук кызматкери Искендер Кожокеевдин айтымында, мелдештин финалдык таймашуулары 7-апрелде болот.

Казакстанда Чыңгыз Борбашев мыкты боксчу аталды

Уральск шаарында өткөн Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгына арналган эл аралык турнирде Кыргызстан 4 боксчунун үчөө мөрөй алышты.
81 кг салмакта рингде күч сынашкан Чыңгыз Борбашев алтын медалга татыктуу болуп, мелдештин мыкты боксчусу аталды.

Коло медалды 69 кг салмактагы Нурсултан Шерматов менен 75 кг салмактагы Асадулло Шерматов утуп алышты.

Эл аралык турнирге Кыргызстандын, Монголиянын, Орусиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Казакстандын булгаары мээлей чеберлери катышты. Кыргызстандын курама командасынан 4 боксчу катышты.

Кыйын чыкты, кыргыздын жигиттери

Кытайдын футзал боюнча чемпионатында кыргызстандык футболчулар өнөрү менен таанылууда. Гунадун аймагынын биринчилигинде Huizhou small giant клубу Foshan Zhituo командасын 6:0 эсебинде утуп алды.

Жеңген команданын катарында ойноп жаткан кыргызстандык футболчулар 6 топтун төртөөн атаандаштардын дарбазасына киргизди. Азамат Меңдибаев эки топту, Нуржан Жетибаев менен Вадим Кондратков бирден топ киргизишти.

Руслан Лондонду мээлейт

5-апрелде кыргызстандык мерген Руслан Исмаилов Түштүк Кореянын Чангвонг шаарына аттанып кетти. Бул жерде ок атуу спорту боюнча дүйнө кубогуна арналган таймашуулар 7-апрелде башталат.

Мында арбын упай топтоп, байгелүү орундарга жеткен мергендерге 2012-жылы Лондондо өтө турган олимпиадага жолдомо ыйгарылат.

Мөрөй алган самбочулар

Ашхабадда өткөн самбо күрөшү боюнча Борбор Азия чемпионатында Кыргызстандын командасы 9 байге утуп, үчүнчү орунга жетти. Кыздардан 64 кг. салмактагы Бүбүсайра Абдыманап кызы күмүш медаль тагынды.

Бишкектик Нурсултан Артыкбай уулу (52 кг.) жана Жаныбек Аматов (90 кг, 82 кг) самбонун эки түрүнөн экиден күмүш байгелүү болушту.

Жоокердик самбо таймашуусунда Данияр Байбакулов (74 кг) жана Тимур Акунов (100 кг) экинчи орундарды камсыз кылышты. Нурлан Эралиев (74 кг) менен Жайнак Нарбеков (62 кг) коло байгелүү болуп келишти.

Дзю-до күрөшүнөн Азия чемпионаты

Бул күндөрү Бириккен Араб Эмираттары өлкөсүнүн борбору Абу-Дабиде дзю-до күрөшүнөн Азия чемпионаты өтүүдө. Татами үстүндөгү таймашууга 30 өлкөнүн өкулдөрү катышууда. Кыз-келиндердин таймашында кыргызстандык Елена Проскураков алгачкы беттешүүдө өзбекстандык Наргиза Хардамованы жеңип алды. Эми Еленанын негизги атаандашы жапондук Йоши Уено болгону турат.

Абу-Дабиде Азиялык дзю-до федерациясынын отчеттук - кайра шайлоо жыйыны болуп, ага Кыргызстандан делегат болуп Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакиров менен Бишкектин дзю-до федерациясынын президенти Эмил Рыскулов катышты.

Дзю-додон Азиялык таймашуулардын жеңүүчүлөр 9-апрелде аныкталат. Азиялык таймашууга кыргызстандык 14 спортчу катышып, намыс талашууда.

Ташкентте Азия футбол фестивалы

4-апрелде Ташкентте Азия футбол конфедерациясынын демилгеси менен Борбор Азия футбол фестивалы башталды. Фестивалга Түркмөнстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жаш футболчулары катышууда. Футбол машыктыруучулары жана калыстары үчүн атайын семинар, кеңешмелер өткөрүлүүдө.

Кыргызстандан “Алга” командасынын жаш устаты Тимур Кыдыралиев, калыстардан Спартак Даниленко, Наталья Гайворонская жана Нургазы Чолпонбаев футбол фестивалына катышып жатышат. Фестивалдын жыйынтыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн 23 жаш устаты сыноодон өтүп, аларга “С” категориясындагы машыктыруучу деген сертификат тапшырылат.

ЕККУ миссиясы Казакстан шайлоосун сындады

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Казакстандагы президенттик шайлоого байкоочулар миссиясы шайлоо тийиштүү деңгээлде өтпөй калганына көңүл бурду.

Казакстан президентин шайлоо күткөндөй натыйжа алып келбегенин ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун миссия башчысы Даан Эвертс дүйшөмбүдө мониторингдин алдын ала жыйынтыктарын жарыялап жатып билдирди.

«Тилекке каршы, шайлоолор биз да, сиздер да күтүп жаткан деңгээлде өткөн жок. Мурдагы шайлоо маалында ашкереленген кемчиликтер бул жолу да орун алды», - деди ЕККУ миссия башчысы. Анын айтымында, мамлекеттик уюмдарда, анын ичинде университеттерде, аскер бөлүктөрүндө, ооруканаларда добуш берүү санын камсыз кылуу үчүн шайлоочуларга кысым жасалды.

Мындан тышкары эл аралык 17 команданын добуштарды саноого көз салуу аракетине тоскоолдуктар болгону, ар алтынча шайлоо участогунда добуштарды саноо күмөн туудурарын 4-апрелде таратылган документте белгиленген. 27 урнада мурдатан салынган добуш берүү кагаздарынын таңгагы чыккан, ондогон участоктордо документи жок адамдар добуш беришкен.

ЕККУнун байкоочулар миссиясынын координатору Тонино Пиккула шайлоого карата сын пикирин билдирди: «Казакстан экономикалык өсүшү менен сыймыктанса болот. Бирок бул шайлоо демократиялык институттар ошондой тездикте өнүгө албай жатканын көрсөттү. Өкүнүчтүүсү: шайлоо биз үмүт эткендей болгон жок. Мисалы, добуш берүү күнү элге катуу кысымдар жасалды деген кабарларды алдык».

Ошону менен бирге ЕККУ миссиясы азыркы кемчиликтерди эске алуу менен Казакстан алдыдага парламенттик шайлоого чейин реформаларга барууга тийиш деген оюн билдирди.

Бир катар жергиликтүү байкоочулар жана шайлоочулар добуш берүү маалында мыйзам бузуулар болгонун, көбүнчө айланма амал менен, б.а., шайлоочулар тобунун кыдырып добуш бергендерин айтып жатышат.

«Бир чоң апа келип, бул жерден добуш берээр замат аны башка жакка добуш берүүгө жиберишти», – деди жергиликтүү байкоочулардын бири.

Ал эми жатаканалардын биринин тургуну мугалим аялдар тизмелерди көтөрүп алып, ким барган-койгонун тактап жүрүшкөндөрүн журналисттерге айтып берди.

4-апрелде Нурсултан Назарбаев өз жактоочуларынын «Лидерибиз менен бирге - алга!» деп аталган форумда сүйлөп жатканда утур-утур кол чабуулар жана кубаттоолор менен анын сөзүн токтотуп жатышат. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын Назарбаев мындайча баалады:

- Эгемендигибиздин 20 жылдыгында үлкөн шайлоо өткөрүп, дүйнө көңүлүн Казакстанга бурдук. Казакстандын 90 пайыздан ашык шайлоочусу мени колдоп добуш берди. Бул бардык казакстандыктардын жеңиши, келечекти, биримдикти жана бейпилдикти туу туткан эл экенибизге бүт дүйнөнү ишендирдик. Шайлоого көз салган чет жердик 1059 байкоочунун бири да бир да кемчилик, мыйзам бузууну таба албады. Казакстандын эгемендигин чыңдоо, өркөнүн өстүрүп, алдыңкы мамлекеттер менен теңөө биздин муундун бешенеси жазылган деп түшүнүү абзел. Менин колдоочуларыма, коомдук штаб мүчөлөрүнө, жер-жерлердеги волонтерлорго терең ыраазылыгымды билдирем!

Даан Эвертс
Казак телеканалдары түз көрсөткөн бул форумда бир катар аттуу-баштуу адамдар Назарбаевдин саясатын берилүү менен колдой турганын айтып жатышты. Айрыкча республикалык ооган жоокерлеринин уюмунун төрагасы Бахытбек Смагуловдун:

Кыраан куштай канатыңды серме, ага
Намысыңды эч кимге бербе, ага
Сиз жасаган эркин бейкут күн үчүн
Биз өзүңө ант беребиз Нурага.

деген жалындуу сөздөрүн көпчүлүк уу-дуу боло сүрөп турушту.

Нурсултан Назарбаевге атаандаш болуп чыккан Гани Касымов, Жамбыл Ахметбеков жана Мэлс Елеусизов аны жеңиши менен куттуктап, шайлоонун жүрүшүнө карата дооматтары жок экенин белгилешти. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкуловдун алдын ала жарыясы боюнча талапкерлер төмөнкүдөй добуш алды.

- Жамбыл Ахметбеков 1,4 пайыз
- Мэлс Елеусизов - 1,2 пайыз
- Ганы Касымов 1,9 пайыз
- Нурсултан Назарбаев 95,5 пайыз.

Боршайком добуш берүүнүн расмий жыйынтыктарын 9-апрелден кеч эмес жарыялоого тийиш.

Нурсултан Назарбаев 1989-жылдан бери оболу Казакстан коммунисттик партиясынын башчысы, өлкө эгемендик алгандан бери Казакстандын алмашкыс президенти катары бийлик башында келатат. Айтмакчы, шайлоо жуп болоор алдында Назарбаевдин кеңешчиси Ермухамет Ертысбаев АКШнын «Foreign Policy» журналына берген маегинде Назарбаев 2016-жылга чейин, а мүмкүн, 2020-жылга чейин бийлик башында калып, өлкөнү жаңылоону аягына чыгуу ниети бар экенин белгилеген эле.

Чек арада кыргызстандык жаранга ок атылды

Сүрөттө: Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Сакалды айыл өкмөтүнүн кыргыз жарандары былтыр көчүп чыккан Чек айылы, ал эми Өзбекстанга карап калган.

Кыргызстандын жараны Өзбекстандын аймагында жарадар болду. Ага өзбек чек арасына мыйзамсыз кирип барганы үчүн өзбекстандык чек арачылар ок чыгарышкан.

Окуя 3-апрель күнү түш ченде болгон. Облустун Ноокен районуна караштуу Чек айылынын өзбек тектүү тургуну Өткүрбек Халматов Өзбекстанда убактылуу жашаган жубайынан кабар алуу үчүн коңшу өлкөнүн аймагына бир чакырымдай кирип барган.

Ал чек араны бузгандыгы тууралуу өзбек чек арачыларынын эскертүүсүнө көңүл бурбай, жолун уланта бергенде ок жаңылган. 4-апрелде Халматовдун Өзбекстандын Пахта-Абад райондук ооруканасында дарыланып жатканы белгилүү болду.

Айыл баш ийген Сакалды айыл өкмөтүндөгү аймактык милиция бөлүмүнүн башчысы Курманбек Турушевдин айтымында, Халматовдон кабар алмак болгон энеси да Өзбекстандын аймагына киргизилген эмес:

- Кыргызстандан өтүп, Өзбекстанга кирип, бир километр өткөн мезгилде ок атышкан. Өткүрбек Халматов балтырынан ок жеген. Бүгүн акыбалы жакшы дешти. Апасы баласын көргөнү баратканда чек арадан өткөрүшкөн эмес, баласынын паспортун ал жаткан ооруканага жеткирип бергиле деп айткан. Өткүрбек Халматовдун апасынын бир туугандары жана аялы Өзбекстанда жашайт. Ал 2009-жылы ажырашып кеткен аялы менен балдарын көргөнү бараткан.

Аталган айылда чек ара кокустуктары кыштак экиге бөлүнүп калган маалдан тарта кайталана жүргөнү белгилүү. Айыл башчынын орун басары Марипжан Айталиев кыштак тургундары чек ара тартибин сактоону жакшы билсе да, Өзбекстанга өтүп, анын кызматтарынан жабыр тартып жүргөнүн кошумчалады.

Айталиевдин ырасташында, Кыргызстандын чек ара, тартип сактоо кызматтары менен бийлик өкүлдөрү жергиликтүү калкка чек араны бузган киши жоопко тартыларын жетиштүү түрдө түшүндүрүшкөн, бирок аны жарандар капарына албай жатышат.

- Азыр чек арадан өтүү - мыйзамсыз иш, ал айланма жол аркылуу өткөн экен. Эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнбүз. Бирок адамдардын өзбилемдиги да болуп жатат, чек арадан мыйзамсыз өтүү мүмкүн эмес го...

Чектин тургуну Дилшатбек айылдаштары мыйзамды сыйлабай жаткандыгын билдирди:

- Өтүүгө уруксат бербеген жерден өтпөй эле коюу керек. Чек ара бекетиби, же айланма жолбу, өтпө десе, өтпөй эле коюш керек. Өтө турган атайын бекеттер бар, ошол жерден өтпөйбү.

Буйрук жогору жакта түшөт

Анткен менен мындай пикирлерге чек арада жашаган Азамжан кошулган жок. Ал айылдашын бутка аткандарга жана коңшу өлкөнүн чек арасынын жабык болгонуна капа:

- Постту ачып берсин. Бардыгыбыздын урук-туугандарыбыз бар, агаларыбыз, эжелерибиз, үкаларыбыз бар, өтөбүз да. Чек араны бузуп өтсө кармасын. Бирок итти деле атпайт го, ага караганда бул адам эмеспи! Кантип атып жибере берет? Бул жактан ал жакка, ал жактан бул жакка өтүп атат, бирок биздикилер атпайт. Чек арага барып, карап турушат.

Чек айылынын Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагына көчүп чыккан тургундары, 5-июль, 2010-жыл
Кыргызстандын чек арасына мыйзамсыз өткөн өзбек жарандары жогору жактан келген буйруктардын негизинде бошотулуп келүүдө. Бул тууралуу Сакалды аймактык милиция бөлүмүнүн ага тескөөчүсү, милициянын майору Манас Сапаров билдирди.

Анын айтымында, көз жумган тууганына бата кылганы Өзбекстанга барган кыргызстандык жети адам айып пул төлөп, ал жактан араң кутулуп чыккан.

- Алар адам атууга чейин барып атат. Өзбекстандын атуулдары биз жакка өтүп атышат. Мыйзам негизинде алганда административдик чара көрүү үчүн 390-берене бар, кыргыз аймагына мыйзам бузуп өткөнү боюнча. Биз мыйзамдуулукту сездирели, административдик чара көрөлү деп, аларды кармаган кезде жогорку бийлик, өзүбүздүн күч структурулардын жетекчилеринен телефон чалышып, “алар бизге караштуу, койо бер!” дешет.

2009-жылдын апрель айынан тарта кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чек айылынын тургундары өзбек тараптын ар кандай кысымына кабыла баштаган.

2010-жылы, 5-июлда Өзбекстан кыргыз-өзбек чек арасындагы Чек айылында жашаган элдин көчүп кетүүсүн талап кылып, убакыт чектеген. Ошондо 156 адамдан турган 24 үй-бүлө айылды таштап чыгып кеткен.

Назарбаевдин жеңишине Кыргызстан таң калбайт

Кыргызстандагы бир катар саясатчылар Казакстанда шайлоодо Н. Назарбаев күчтүү атандаштар чыкпагандыктан жеңишке жеткенин белгилешсе, башкалары Казакстан шайлоолорду укуктук жагынан мыйзам чегинде өткөргөн менен демократиялык жолго түшө электиги өкүнүчтүү көрүнүш деп баалашууда.

Кыргыз парламентинин мурдагы төрагасы Абдыганы Эркебаев Казакстандагы президенттик шайлоодо Назарбаевдин бийлигинин узарышы укуктук жагынан Конституциянын чегинде болуп жатканы менен чыныгы демократиялык дөөлөттөрдүн алкагынан караганда өкүндүрө турган көрүнүш дейт.

- Укуктук жагынан шайлоо Казакстандын Конституциясына ылайык укуктук жол менен болуп жатат. Бул бир кеп. Саясий демократиялык жагынан алганда бул таң кала турган иш эмес, күтүлгөн эле иш. Мындай окуя Казакстанда биринчи жолу болуп аткан жок.

Чыныгы демократиялык дөөлөттөрдүн алкагынан караганда, албетте, бул өкүндүрбөй койбойт. Демократия - бул бийликтин алмашылып турушу. Жетекчилик белгилүү бир мөөнөткө шайланып, андан кийин кан жаңылангандай улам жаңыланып турганы жакшы болот. Дүйнөлүк алдыңкы тажрыйба ушундай.

Классикалык үлгүсү катары Американын демократиясын алсак болот. Баарыбыз билгендей 1945-жылга чейин АКШнын Конституциясында президент эки мөөнөттөн ашык шайланбайт деген чектөө жок болсо да, Жорж Вашингтон баштаган Американын президенттери аны жөн гана салт катары кармашып, эки мөөнөттөн ашык шайланбай өрнөк көрсөтүшкөн. Бул бүт дүйнөгө өрнөктүү тажрыйба катары жайылтылууда.

Тилекке каршы, демократиялык салты жок, авторитаризмге жакын өлкөлөрдө өмүр бою президент болуп жүрүшөт. Анын кейиштүү жактарын мына көрдүк Жакынкы Чыгыш менен Европада кандай болуп атканын. Европага жакын турган Египет менен Тунисте, Ливия менен Йеменде болуп жаткан окуялар, Йорданияда башталган окуялар эртердир-кечтир мындай жолдун туюкка алпарарын көрсөтүүдө. Ушул окуялардан Орто Азия жана жалпы эле Шериктештик өлкөлөрү сабак алса болот эле деген өкүнүчүмдү айткым келе
т,-деди Абдыганы Эркебаев.

Ошол эле учурда Назарбаевдин феномени - Казакстан өткөөл мезгилде тандап алган жана өзүн актап жаткан жол, эми Казакстандагы саясий башкаруу шайлоо өнөктүгүндө убада кылынгандай модернизация жолу менен кетеби жокпу - кеп ошондо, дейт “Айкөл Эл” партиясынын лидери Эдил Байсалов.

- Президент Нурсултан Назарбаевге каршы чыккан көрүнүктүү атаандаш деле талапкер көрө алган жокпуз. Бирок биз мүчө болгон ЕККУ уюмунун берген баасын эске алышыбыз керек.

Ар бир өлкөнүн өзүнүн жолу бар. Кыргызстан демократиялык жолду тандап алды. Казакстан байлыгына таянып, өткөөл заманда эл башы деп атап, бир адамдын колуна бийликти топтоп берип, ишенип турат.

95 пайыз болбосо да элдин көпчүлүгү колдоп бергени анык. Мына эми - Назарбаев реформа жүргүзөт, модернизация кылат деп көп айтып жатышты эле, кеп ошондо. Эртедир-кечтир Каримов да, Назарбаев кетет, андан кийин мындай чоң инсандар болбойт, бийликти парламентке жайылтып беребиз деген сөз боордош өлкөлөрдөн угуп жатабыз
, - дейт Эдил Байсалов.

Бир катар эксперттер Назарбаевдин жеңишинин Кыргызстан үчүн кубаттуу коңшусу менен экономикалык алакаларды сактап калуу жагынан маанилүү экенин белгилешүүдө.

- Казакстан менен биздин экономикалык алака-катышыбыз абдан тыгыз. Ошондуктан Назарбаевдин жеңишке жетишкени биз үчүн жакшы, себеби мурдагы келишимдер өз деңгээлинде сакталып кала берет, биз ушул жагынан утабыз, - дейт саясат таануучу Элдияр Рымбеков.

Казакстандагы президенттик шайлоолорго Кыргызстандан БШКдан төрага Акылбек Сариев баш болгон байкоочулар тобу байкоо салганы кетишкен. Жарандык бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү байкоочу катары чакырылган эместигин айтышууда.

Назарбаев Казакстандын президенти бойдон калды

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев шайлоочулардын 95,5 пайызына ээ болду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

4-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ өткөн шайлоонун алдын ала жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык Нурсултан Назарбаев калктын 95,5 пайызына ээ болгон.

Ал арада ЕККУ Казакстанда өткөн шайлоону сынга алды. Уюмдун бүгүн тараткан билдирүүсүнө караганда, бул шайлоо мурдагы шайлоолордо катталган кемчиликтерди кайра кайталады. ЕККУнун пикиринде, нукура демократиялуу шайлоо өтүшү үчүн зарыл реформалар азырынча ишке аша элек. ЕККУнун байкоочулар миссиясынын башчысы Даан Эвертстин айтымында, шайлоо азыркыдан дурус болушу керек эле жана боло алмак.

Жекшемби күнкү шайлоонун натыйжасында Казакстандын узактан берки лидери Нурсултан Назарбаев президенттик бийлигин дагы беш жылдык мөөнөткө узартты. Борбордук шайлоо комиссиясынын баштапкы маалыматтары боюнча добуш берүүгө шайлоого укуктуулардын 90 пайызга жакыны катышып, алардын 95 пайызы Назарбаевди колдогон.

Назарбаевге атаандаш катары чыкккан бирок анын колдогон калган үч талапкерлердин ар бири эки пайызга жетпеген добуш топтошту. Казакстандын негизги оппозициячыл партиялары болсо азыркы өнөктүктү жасалма деп аташып, элди добуш берүүнү бойкоттоого чакырышкан болчу.

Ал эми Назарбаев бүгүн “Лидер менен алга” деп аталган форумда сүйлөгөн учурунда шайлоо Казакстан элинин биримдигин көрсөткөнүн, өзүнүн 90 пайыздан ашуун добуш алышы “Батыш өлкөлөрү үчүн сенсация” экендигин белгиледи.

Президенттик шайлоого азыркы өлкө башчы Нурсултан Назарбаев, Коммунисттердин элдик партиясынын өкүлү Жамбыл Ахметбеков, Патриоттор партиясынын лидери, сенатор Гани Касымов жана «Табигат» экологиялык биримдиктин жетекчиси Мэлс Елеусизов катышты.

Ишемкулов: Назарбаевдин дагы бир дымагы

Казак президентти Нурсултан Назарбаев жубайы менен добуш берүү учурунда, 3-апрель 2011-жыл

3-апрелде Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Бул шайлоонун чоо-жайы тууралуу Казакстанда бир топ жыл Кыргызстандын туңгуч элчиси болуп иштеп келген, профессор Тилектеш Ишемкулов ой бөлүштү.

- Казакстанда эмне үчүн эрте шайлоо өттү?

- Казакстандын бир топ саясий коомдору, өзгөчө “Нур Отан” партиясынын ашынган мүчөлөрү бир четинен Нурсултан Назарбаевге жагалдануу үчүн, экинчиден кандайдыр бир деңгээлде аны дагы жогору көтөрүп, даңазалаш үчүн булар өздөрүнүн парламентинде карап туруп, ажонун президенттик мөөнөтүн он жылга чейин узартуу жөнүндө референдум жарыялайбыз деп, бир добуштан кол көтөрүштү.

Бүткүл Казакстандын аймагы боюнча муну аябай күпүлдөп колдошуп, анан чынын айтыш керек, Батыштын бир топ лидерлери, ошол ЕККУ өңдүү тиешелүү укук коргоочу органдардын баары жапа тырмак каршы чыгышпадыбы. “Бул демократияны бузгандык, мындай болбойт, бул кандай болмок эле, эмки жылы мунун шайлоосу боло турган болсо, эмне үчүн мөөнөтүнөн мурда “дүр” эттирип он жылга узартып жатышат” дешти.

Ошол учурда оппозиция маанайындагы бир топ ички партиялар да буга жапа тырмак каршы чыгышканда, саясатта карт карышкыр болуп калган Нурсултан аке ойлонду: "минтип отурсам кадыр-баркымды жоготуп алам" деген ойго келди да, парламенттин чыгарып берген чечимине бул киши кол койбой, ага вето таштап салды. Анан ошонун арты менен автоматтык түрдө мөөнөтүнөн мурда шайлоого барам деп, мына шайлоону үч айлык мөөнөт ичинде жарыялап таштабадыбы. Маселенин баары ушунда болду. Мына ушундан да бул кишинин аябай такшалган, дасыккан, бардыгын көрө билген дипломат экендигин, көрөгөчтүгүн көрсөттү.

Кыргызстандан үлгү алган оппозиция

- Буга чейинки айрым өлкөлөрдөгү элдик толкундоолор, анын ичинде өткөн жылдагы Кыргызстандагы толкундоолор жана андан кийинки өзгөрүүлөр Казакстанда президенттик шайлоонун мөөнөтүнөн мурда өтүшүнө таасирин тийгиши мүмкүнбү?

- Кандайдыр бир деңгээлде таасирин тийгизди деп айтууга болот. Кыргызстан Борбордук Азияда гана эмес, жалпы эле КМШ өлкөлөрүнүн аймагында биринчилерден болуп референдум жана шайлоонун жолу менен демократиялык башкаруунун системасына өтпөдүкпү.
Апрель окуясынан кийинки салкын мамилелер чочулоодон улам болду. Эми Назарбаев бекем отургандан кийин ымала оңолот.


Ошондуктан “жаман адат жабышкак, жаман илдет илинчек” дегендей болуп, булар чочуп кетти. Бир эмес эки ажосун "оозго коюп кууп чыгып жаткан" кыргыз туугандар ушундай кылып жатса, биз эмне үчүн турабыз дешти.

Биз Казакстандын демократиялык күчтөрүнө шыкак бердик. Ошондуктан алар чочуп кетти. Биздин жөрөлгөбүз, биздин революциялык чыгышыбызды оппозиция өрнөк кылып, модел кылып алып кетпесин, кыргыз туугандарды туурап кетпесин деп, алдын алуу деңгээлинде шайлоого чыгып кеткени, кандайдыр бир деңгээлде булардын кутулуп кетишине шарт түздү дегенге болот.

Назарбаевдин дымагы

- Сиз буга чейин Казакстанда бир топ жыл Кыргызстандын элчиси болуп келдиңиз. Абалды түшүнсөңүз керек. Мына президенттик шайлоого төрт талапкер ат салышты. Алардын ичинде оппозициянын бир дагы көрүнүктүү өкүлү жок. Бул эмнеден кабар берет? Бул Казакстандагы оппозициянын алсыздыгыбы, же бийликтин күчтүүлүгүбү?

- Сөздүн чынын айтуу керек. Эгер биздин өлкөдөгү оппозиция менен казак туугандардыкын салыштыра турган болсок, алар таптакыр эле ат чабым артта калышат. Анткени бизде оппозиция бир нече жолу ачык күрөшкө чыгып жатып, жыл өткөн сайын такшалып, улам жаңы тажрыйбага ээ болуп жатышат. Улам барган сайын жаңы күчтөр кошулуп, алар өздөрүнүн жүзүн көргөзүп жатышат. Казак туугандар кандайдыр бир деңгээлде дымып эле жатып калышты.

Мунун бир топ себеби бар. Анкени турмуш деңгээли, улуттук кирешени алганда булар азыр КМШ өлкөлөрүндө экинчи, үчүнчү орундарга чыкты. Ошондуктан алардын турмуш деңгээли, жашоо-шарты да, жөлөк пулдары да бизге караганда алда ганча жогору турат. Мына ошолор ушуга таянып жатышат.

Мындан тышкары Назарбаев амбициясы, ичинен буркан-шаркан болгон сезими менен "15 жылдын аралыгында Казакстан дүйнөнүн өнүккөн 50 өлкөсүнүн катарына кошулат, эгер жакшы иштей турган болсок муну он беш жыл эмес, он жылдын аралыгында жеткирип койобуз" деди. Бул да болсо элдин көңүлүн жубатып, өзүнө тартуунун амал-айласы болуп эсептелет.

Президенттикке алгач 12 киши чыккан. Булардын бардыгы тең эле жасалма түрүндө болду. Түрткүлөп, булардын тегерегиндегилердин бардыгы эле аларды атайылап чыгарган. Анан жакындаганда акчасы да жетпейт экен, казак тилин билбейт экен деген шылтоо менен алардын бардыгы тең эле аттан шыпырылып, оодарылып түшүп калышты.
Биз Казакстандын демократиялык күчтөрүнө шыкак бердик.


- Өткөн жылдагы апрель окуяларынан кийин Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы ымаланын солгундаганы айтылып жүрбөйбү. Шайлоонун алдын ала жыйынтыктары боюнча Нурсултан Назарбаевдин жеңип чыгары шексиз. Назарбаев шайлангандан кийин кыргыз-казак мамилеси ушул бойдон эле калабы?

- Сөзсүз түрдө оңолот. Кайра түз жолго түшөт деп айта алам. Анткени мен алгачкы кыргыздын улуттук элчиси болуп, болгондо да эң биринчи элчи болуп, эгемендикти алгандан кийин үч жыл иштеп келдим. Ал кишини абдан жакшы билем. Ал кишинин үйүндө, ар кандай жолугушууларда бир нече жолу болгом. Дайыма кыргыз элине болгон өзүнүн чыныгы сүйүү сезимин билдирип турат. Апрель окуясынан кийинки салкын мамилелер чочулоодон улам болду. Эми Назарбаев бекем отургандан кийин ымала оңолот.

- Рахмат.

“Казакбашынын” шайлоосу

Казакстанда бүгүн мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Мамлекеттин азыркы башчысы Нурсултан Назарбаев бул ирет да жеңээрине ишенет. Оппозициядан бул ирет талапкер жок.

Бүгүн таң эртелеп өлкө боюнча шайлоо бекеттери казак гимни менен ачылды. Шайлоодо баары бир утат деп жатышкан азыркы президент Нурсултан Назарбаев өзү да бул гимнди жазууга катышканын айтылат. Ошондуктанбы, айтор, добуш берүү ушундайча башталганы да процесске өзгөчө саясий бойок бергендей болду.

Бүгүн түшкө чейин эле шайлоочулардын 66% добушун беришкени кабарланды.

Ишеним кайдан?

Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий өкүлү Владимир Фус муну, 2005-жылкы шайлоодогу түшкү маалыматка караганда, алда канча жогору деди. Анда түшкө карата шайлоочулардын 50% добушун бергени айтылган.

Назарбаев өзү бүгүн добушун бергенден кийин жеңээрине өтө ишенимдүү билдирүү тараткансыды.

"Бүгүнкү шайлоо биздин биримдигибизди жана мен элге кайрылуумда айткан максаттарды аныктайт, - деди ал. - Биз индустриалдык-инновациялык программага, социалдык модернизацияга карай бет алдык. Башкача айтканда, мунун баары жөнөкөй адамдын турмушун жакшыртканга ылайыкташтырылган".

70 жаштагы Назарбаев Казакстандагы элдин турмушунун ар бир аспектисине өзүнүн изин калтырды. Ал өлкөнүн дээрлик 20 жылдык эгемендигинин баарында өлкөнү башкарып келатат.

Шашылыш чечим

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүш керек деген чечимди бийликтер эки ай мурда кабыл алышкан. Оппозиция муну айыптаган эле. Анткени аларга даярдык көргөнгө убакыт берилбей калды. Бирок аналитиктер шайлоо өз убагында 2012-жылдын этегинде өткөн күндө деле Назарбаев баары бир утмак дешет.

Шайлоо бекеттеринде бүгүн жаштар да, аксакалдар да көп болгонсуду. 89 жаштагы Андрей Лазовский добушун Назарбаевге бергенин айтты. Анткени, анын ишениминде, Назарбаев гана стабилдүүлүктү сактай алат.

"Назарбаев биздин коомду ичинен жеп жаткан коррупцияны жок кылууда. Мен ага чын ден-соолук каалайм. Канчага күчү жетсе, ошончо убакыт иштей берсин", - дейт бул аксакал шайлоочу.

Ал эми 76 жаштагы Седайе Сабирова таң эртелеп эле добуш бергени келген экен. Анын пикири Казакстандагы жалпы маанайды көрсөткөндөй болду.

"Биз Назарбаевге гана добуш беребиз. Биз аны урматтайбыз жана жакшы көрөбүз", - деди Сабирова.

Өнөктүктүн өнөкөтү

Бул өңдүү маанайдын түзүлүшү шайлоо өнөктүгүндө эле белгилүү болгон. Анткени өнөктүк учурунда Назарбаевдин атаандаштары тууралуу дээрлик айтылбады. Болгондо да алардын бирөө да Назарбаевдин оордун баса албайт деген өңдүү ой кеңири таркатылып жатты.

Талапкерлердин өздөрү деле ага каршы болбогон өңдүү. Алардын бири – эколог Мэлс Елеусизов – бүгүн добуш бергенден кийин журналисттерге кайрылып, өзүнүн добушун Назарбаев үчүн бергенин жар салды.

Оппозиция бул жолку шайлоого өзүнүн талапкерин каттоого жетишкен жок, элди добуш берүүгө катышпоого чакырды.

Казакстанда Нурсултан Назарбаевдин президенттигин референдум жолу менен 2020-жылга чейин узартуу сунушун Конституциялык Сот четке какканда, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлөөрү айтылган.

"Карусель", купон...

“Азаттыктын” казак редакциясы кабарлаганына караганда, айрым шайлоочуларга добуш бергенден кийин купон таркатып жатышкан экен. Ал купонду алар жумушка барганда жетекчилерине көрсөтүп, шайлоого катышканын далилдей алышат имиш.

Добуш берүүнүн жүрүшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун байкоочулары да назар салышууда. Алар өз жыйынтыгын эртең билдиришет деп күтүлүп жатат. Казакстанда буга чейин өткөн шайлоолордун бирин да эл аралык байкоочулар “ачык, таза өттү” деп тааныша элек.

Айрым мыйзам бузуулар болгону тууралуу бүгүн да кабарланды. Айрым шайлоочулар бизге кээ бир бекеттерде адамдар бир нече жолу добуш беришкенине күбө болушканын айтышты. Биздин Астанадагы кабарчыбыз төрт автобуска жык толгон адамдарды алгач бир бекетте добуш бердиртип, анан кийин башка бекетке алып барышканын билдирди.

Бүгүнкү шайлоонун алдын ала жыйынтыгы эртең жарыяланат.

Казакстанда шайлоо өтүп жатат

Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бүгүн өлкөнүн аймагында 9 миң шайлоо бекеттери ачылды. 9 миллион адам добуш берүү укугуна ээ.

Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүгө жетиштүү деңгээлде шайлоочу келет деп божомолдоодо. Бүгүн саат 8де ачылган шайлоо жайлары кечки саат 8ге чейин иштейт.

Президенттик кызмат үчүн 4 талапкер аттанды. Алар: өлкөнү ушул убакытта жетектеп жаткан президент Нурсултан Назарбаев, коммунист Жамбыл Ахметбеков, Патриоттор партиясынын лидери Гани Касымов жана эколог Мэлс Елеусизов. Талапкерлердин арасында оппозициянын бир дагы өкүлү жок.

Шайлоонун жүрүшүнө ЕККУ жана КМШнын 1000ден ашуун байкоочулары көз салууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Куандык Турганкуловдун айтымында, шайлоо үчүн бюджеттен 4,7 миллиард тенге бөлүнгөн.

Талдоочулар бул шайлоодо кайра эле 70 жаштагы азыркы президент Нурсултан Назарбаев утушка ээ болот деп ишенишет.

Январдын соңунда эрте шайлоо өтөөрү тууралуу кабарланганда оппозиция калкты добуш берүүгө катышпоого үндөп, бийликтен шайлоо бюллетенине "Бардыгы үчүн каршы" деген пунктту киргизүүнү талап кылып келди. Оппозиция шайлоого даярдык үчүн аз гана убакыт берилгенин ырастап, өз талапкерин көрсөтүүдөн баш тарткан.

Кечээ казак өкмөтүнүн башчысы Карим Масимов “Рейтер” маалымат агенттиги менен болгон интервьюда "бизге оппозиция керек" деп билдирди. Анын ишениминде, оппозициянын болушу өлкөнүн экономикалык өнүгүшү менен катар демократиялык реформалар да жүргүзүлүп жатканын айгинилемек. “Казакстандын өкмөтү Түндүк Африка менен Жакынкы Чыгыштагы окуяларга дыкат назар салууда, бирок ал жактагыдан айырмаланып, казак элинде жана жаштарында алдыга жылуу жөнүндө үмүт бар”, - деди Масимов.

Байболов эмнеге кызматтан алынды?

“Альфа Телекомдогу” чатактын айынан башкы прокурор кызматтан алынды. Серепчилер муну кызмат талаш, күзүндөгү президенттик шайлоого даярдык катары баалашууда.

MegaCom уюлдук оператору катары таанымал “Альфа Телеком” ишканасындагы чатактын айынан президент Роза Отунбаева Башкы прокурордун милдетин аткарып аткан Кубатбек Байболовду бошотуп, анын ордуна Жогорку Кеңештеги өзүнүн өкүлү Аида Салянованы дайындады.

Президенттик жүрүш

Президент мындай кадамына түшүндүрмө берип, “Альфа Телекомдогу” чатак ырбап саясий өң-түс алып кеткенин, ал тургай муну кыргыз-орус мамилесин буза турчу иш катары көрсөткөндөр көбөйгөнүн билдирди. Аталган компаниядагы чырлашуунун күчөшү менен президент 16-мартта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдында мекемелер аралык иликтөө тобун түзгөн. 17-мартта “Республика” партиясы Кубатбек Байболовду бошотуу сунушу менен кайрылган.

УКМК алдындагы иликтөө тобу “Сарамжал-Транс” компаниясы Байболовдорго таандык Broodmaster-Bishkek компаниясынан “Альфа-Телеком” үчүн 400 миң доллар кыймылсыз мүлк сатып алганын, “Сарамжал-Трансты” “Альфа Телекомдун” мурдагы башкы мүдүрү Андрей Силич түзгөнүн аныктаган. Буга байланыштуу президент “К.Байболов мындан ары башкы прокурор болуп отурууга моралдык-этикалык укугу калган жок” деп чечкен.

Кубатбек Байболов
Мурдагы башкы прокурор Кубатбек Байболов да, анын жубайы Нуржамал Байболова да 793 квадрат метрлик кыймылсыз мүлк “Сарамжал-Транска” мыйзамдуу сатылганын, муну “Альфа-Телекомду” тартып алууну көздөгөн бийлик өкүлдөрү жөнү жок чуу кылып атканын айтышууда.

К.Байболов кызматтан алынган соң “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип, “Альфа-Телекомдогу” чырлуу иштерге биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов баштаган адамдардын катышы бардыгын, өзү алдыдагы чоң саясий күрөштүн курмандыгы болгонун билдирди:

- Алдын-ала айтканда бул эми алдыдагы чоң саясий күрөштүн биринчи курмандыгы болдум, президенттик күрөштүн. Саясий негизи болуп атпайбы. Мени эптеп ал жерден оодарып жыгыш, анан алдыдагы шайлоодо “бизге тоскоолдук кылат” деп катуу даярданып аткандардын акциясы болуп атпайбы.

Шайлоого даярдык

Ө.Бабановго баш ийген “Республика” фракциясындагылар соңку кездери “Альфа Телеком” боюнча Каржы полициясы козгогон кылмыш ишти Башкы прокуратура токтотуп койгонуна катуу нааразы болуп келатышкан. Бүгүн (31-март) парламент жыйынында аталган фракциянын жетекчиси Канатбек Исаев башкы прокурорлук милдетин аткарып келаткан К.Байболов тууралуу буларды айткан:

- Кубатбек Калбекович өзү деле бир топ кишилерге айткан экен, “үй-бүлөм Америкада, ал жакта үйлөрүм бар. Америкадан бир күйүүчү май куйган бекет сатып алсам айына 100 миң доллар берет экен” деп, мен билгенден эле он адамга айткан экен. Анан “Америкага кетем, ошол жакта иштейм, көчүп кетем” деп аткан адам, элин-жерин таштап кетем деп аткан адам мындай жооптуу кызматта турбашы керек...

“Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, “Альфа Телеком” боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жетекчиси Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, азыркы бийликте отургандар коррупциялык схемалар ачылып калуусунан чочулап К.Байболовду кызматтан алышты:

- Бабановдун тегерегинде толгон-токой коррупциялык схемалардын бардыгы чыгып калды. Ошону жаап-жашырып, элге жетпесин деп Байболовду алып салышты, менин оюмча. Биздин азыркы президент теңчилик кылбай, “Атамбаевди президент кылам, Бабановду премьер кылам” деп, ачыктан-ачык эки адамга иштеп атканы көрүнүп турат.

Серепчи Кубанычбек Өмүралиевдин пикиринде, К.Байболовдорго таандык делген кыймылсыз мүлктүн “Альфа Телекомго” сатылышы мынчалык чуу болуп, аны кызматтан алганга чейин барчу иш эмес эле. Анткени 400 миң долларга кыймылсыз мүлк сатууну, коррупция деп айтууга болбойт жана бардык талаш сотто чечилүүсү керек эле. К.Өмүралиевдин баамында, күздөгү президенттик шайлоодо тескерисинче К.Байболов “Ата Мекенге” күч берүүсү мүмкүн.

Президенттин баш прокурорду кызматтан алуу тууралуу түшүндүрмөсүндө, “Альфа Телеком” боюнча чырда К.Байболовдун ысымы жүргөнү, андыктан “кызыкчылыктардын кагылышы” болбоосу үчүн кызматтан алынганы баса белгиленет.

Бирок бул жерде негизги чыр биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун ысымына байланыштуу келатат. “Ата Мекен” фракциясынын мүчөлөрү, дал ушул миллионер чиновник “Альфа Телекомду” тартып алууну көздөгөнүн, башкы прокурор аны токтотуп калганын айтышууда. Андыктан жакын арада ушул эле “кызыкчылыктардын кагылышы” болбосун деген жүйө менен Ө.Бабановду кызматтан кетирүү сунушу Жогорку Кеңеште көтөрүлүшү ыктымал.

Суфизм XXI кылымда

Дербиштик жашоого ыктаган суфилер бүгүнкү күндө Кыргызстанда барбы? Дегеле, жолдоочулары эшен, калпа жана кожолор болгон суфилердин таржымалы кандай?

Суфизм жана тарикат

Суфизмди Кыргызстанда көбүрөк тарикат деп айтышат. Тарикат кыргызча жол деген эле сөз. Тарикатты, же суфизмди кармангандар аны сөз менен айтып берүүгө болбогон жан дүйнөнүн мектеби катары сыпатташат.

Суфизм араб тилиндеги “сууф” деген сөздөн келип чыгарын, анын мааниси жүн дегенди түшүндүрөрүн аалымдар белгилешүүдө. Алгач минтип жүндөн кийим кийгендерди аташкан, кийин ал диний мааниге өтүп кеткен. Суфизмдин маани-маңызы тууралуу муфтий Чубак ажы Жалилов буларды айтты:

- Суфизм дегенибиз бир канча мааниден алынат. Эгер илимий тилдеги маанисин ала турган болсок, бул такыбачылыкты туу тутунган, кудайдын жолунда жүрүүнү өзүнө ниет кылып, ошол жолдо аракет кылган адамдарга бир мектеп деп айтсак болот. Чыныгы суфизмди, такыбалыкты туу тутунган адамдын руханий көрөңгөсүн байытууда аракет кылган бир илимий мектеп деп түшүнөм.

Суфизмдин мектептери

Салттуу исламдын бир агымы саналган суфизм өзү накшибанди, шаазили, кадири, яссави өңдүү көптөгөн тарамдарга бөлүнөт. “Дин, укук жана саясат” изилдөө борборунун жетекчиси Кадыр Маликовдун айтымында, Кыргызстанда алардын накшибанди тарамы басымдуулук кылат:

- Орто Азияда аябагандай өнгүккөн агым - накшибандия тарикаты. Ал
Тажикстандын, Өзбекстандын аймагында бар. Ошондой эле бизде да бар.
Кыргызстандын түштүгүндө, ошондой эле бул жакта да бар.
Мен жети атасынан жетимиш атасына чейин суфи болуп жүргөндөрдүн акыркылары менен аңгемелешип, маектешип калдым.
Мамат Болот


Кыргызстанда кеңири жайылган накшибандия тарикатын суфизмдеги либералдуу тармагы катары белгилешет. Уюлдук байланыш, интернет сыяктуу азыркы технологиянын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууну чектебеген бул тармактын катарынан карапайым эле эмес, билимдүү адамдарды, мамлекеттик бийик кызматта иштегендерди жана ишкерлерди да кезиктирүүгө болот. Ар кандай божомолдордо жалпы суфилердин эсеби Кыргызстанда беш миң чамалуу экендиги айтылып жүрөт.

Накшибандия мектебинен тышкары суфилердин башка тармактары да
Кыргызстанда бар. Маселен, кыргызстандык даргин жана чечен улутундагылардын арасында кадири, ошондой эле шазули тарикатынын мектептери да учурайт. Мындан тышкары аз санда чиштия тарикаты да бар.

Кыргызстанда суфизм кайрадан өнүгүү жолунда

Ошол эле мезгилде талдоочулар арасында суфизмди Кыргызстанда жок деп
эсептегендер да чыгат. Маселен, суфизмди изилдеп, макала жазып жүргөндөрдүн бири, жазуучу Мамат Болоттун ишениминде, Кыргызстанда суфилердин акыркылары 70-жылдары үзүлгөн.

- Кыргызстанда азыр жок. Кыргыздар бардыгы негизинен шариаттын баскычтары менен ритуалдык исламга кетип жатышат. Ал эми суфизм деген шариаттан алыстап, түртүлүп, жогору көтөрүлүп, Кудай тааланы таанууну ички формалары менен алектенет. Мен жети атасынан жетимиш атасына чейин суфи болуп жүргөндөрдүн акыркылары менен аңгемелешип, маектешип калдым. Булардын акыркылары 70-жылдары каза болду.

Дин таануучулар мындай пикирге негиз бар дешип, бирок 90-жылдардагы динге эркиндик берилгенден тарта ислам дини, аны менен бирге суфизм жаңы деңгээлде өнүгө баштагандыгын айтышат.

Тарикатка өтүүнүн жол-жобосу

Адилет Тилекеев - 90-жылдары алгачкылардан болуп, суфизм жолуна
түшкөндөрдүн бири. Дээрлик жыйырма жылдан бери ушул жолду карманып келе жатат. Анын түшүндүргөнүнө караганда, суфилик жолго өтүп жаткандагы адамдын милдеттери төмөнкүдөй экен:

- Пирге колун берет, пир анын колун кармап, аяттан, андан тышкары хадистен далил келтирет. Андан тышкары өтүп кеткен устаздардын, биздики нахшибандия тарикаты да, нахшибандия пирибизден эмне насыят калган болсо ошону айтат. Мисалы, “дас бахору дил байор” деп койот. Бул дегени “кол иште, көңүл ашыкта (кудайга болгон сүйүүдө)” дегенди түшүндүрөт. Чечмелеп айта турган болсок, “мен суфи болдум” деп эле бир бурчка барып, отуруп алыш керек эмес. Кайда болсо да адал эмгек менен мээнет кылып, бирок кылган мээнетиң ибадатка тоскоол болбой, көңүлүңдөн эч убакта Алланы чыгарбаш керек.

Тарикатчылардын айтымында, исламдын бул агымына үңдөө же даават кылуу болбойт. Ким ага кызыгып же бул жолго муктаж болсо өзү табат деп түшүндүрүлөт. Суфизмдеги негизги максат кудайга сүйүү аркылуу жетүү же табуу, ал эми башкы жасалган иш аракет же амал-зикр чалуу, башкача айтканда жүрөктөн кудайды эстеп айтуу саналат.

Устат менен шакирт

Тарикатта устат менен шакирттин, тарикаттын тили менен айтканда пир менен муриддин ортосундагы мамиле, алака катыш чоң мааниге ээ. Суфизмде сөзсүз устат болуу керек. Бул ошентип Мухаммад пайгамбардан бери чынжырча болуп уланып келаткан нерсе. Устат менен шакирттин ортосундагы мамиле тууралуу Адилет Тилекеев буларды айтты.

- Мурид (шакирт) тапшырманы аткарганда пир деген ушундай болот: шакирттин ички абалы менен кабардар болуп турат. Ошентип муридди руханияттан тарбиялайт. Бирок жөн эле кол бердим деп коюп жүрө берсе ал тарбия болбойт. Сөзсүз тапшырмаларды аткарыш керек. Ошондо гана пир менен муриддин ортосунда кандайдыр бир руханий байланыш болот да.

Суфизм жана музыка

Суфизмдин мектептери дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө учурайт. Ал мектептер бири-биринен зикр чалгандагы өзгөчөлүктөрүнө жараша айырмаланышат. Маселен, айрым агымдарында зикр кылуу музыканын коштоосу менен жүрөт. Түркияда кадири тарикатчыларынын зикр кылып жаткан учурда, музыканы угуп гана тим турбастан, анын коштоосунда тегеренип да бийлешет.
Чыныгы суфизмди, такыбалыкты туу тутунган адамдын руханий көрөңгөсүн байытууда аракет кылган бир илимий мектеп деп түшүнөм.

Чубак ажы Жалилов


Ал эми Дагестан жана Чеченстанда зикр салгандар музыкалык аспаптардын
коштоосунда кудайдын ысмын айтып, айланып чуркашат. Жарыя зикр чалуу Сауд Арапстандагы суфилерде да кездешет.

Кыргызстанда басымдуулук кылган нахшинаби тарикаты зикирди купуя
чалышарын жогоруда айттык. Нахшибанди тарикаты көрүстөнү Бухарада жайгашкан өзү 13-кылымда жашаган Бахауддин Нахшибандиянын ысмы менен аталып калган. Анын аты кыргыз элинин оозеки чыгармаларында, дастандарында “Баабедин колдосун” деген сөздөр менен кезиккен учурлар бар.

Коалициялык өкмөттүн 100 күнү

Коалициялык өкмөттүн иштей баштаганына 100 күн болду. Бул аралыкта өкмөт кандай иштерди аткарды? Өлкөнүн ички-тышкы саясатын кандай жүргүзүүдө?

Былтыр 20-декабрда ишке киришкен коалициялык өкмөткө 100 күн толду. Бул кыска мөөнөт - өкмөттүн ишин жиликтеп, ага баа берүүгө аздык кылар. Ошентсе да өкмөттүн 100 күнүнө сереп салып, анын таскагын таразалап, бараткан багытын жана барчу аялдамасын боолголоо тажрыйбасы бар.

Реформалардын татаалдыгы

Социал-демократтар, “Ата Журт” жана “Республика” партияларынан турган коалициялык өкмөттүн ишинде бир канча оор маселелер бар. Алардын бири – реформалардын татаалдыгы.

Биринчиден, былтыркы шайлоодо бир дагы партия парламенттик көпчүлүктү түзө албай, негизинен беш партия куйрук улаш марага келди. Адегенде коалицияга кирмекчи болгон “Ата Мекен” Жогорку Кеңештен өтпөй, анын ордун “Ата Журт” ээледи. Оор соодалашуунун артында "майлуу-сүттүү" делген чоң кызматтарды ушул үч партия тегиз бөлүп, өкмөт ишке кирди. Кечээ эле элдешкистей атаандаш сезилген партиялар бирге иштөөгө аргасыз болушту.

Экинчиден, идеологиялык жактан бири-биринен такыр эле айырмаланган, анын үстүнө өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү көз карашы, планы, концепциясы жок коалициялык өкмөттө ынтымактын жоктугу байкалат. Жакында эле Жогорку Кеңеште кризис түзүлүп, “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев баштаган 19 депутат аз жерден коалициядан чыгып кете жаздады. Премьер-министр А.Атамбаев, төрага А.Келдибеков жана биринчи вице-премьер Ө.Бабанов аракет жасап отуруп, акыры коалиция сакталып калды.

Үчүнчүдөн, коалициядагы “Ата Журт” менен “Республика” былтыр шайлоо алдында эле шашылыш түзүлө калган партиялар. Ага мурдагы президенттер А.Акаев менен К.Бакиев тушундагы эски чиновниктер, капчыктуулар, эл арасында ылакап аты менен таанымал болуп калган шектүү адамдар да кошулуп калды. Ал тургай “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Турат Мадылбеков “Азаттыкка” курган маегинде парламентте криминалдык таржымалы барлар отурганын ачык эле айткан.

Ушул сыяктуу факторлор – бүгүнкү күнү өкмөттө Грузиядагыдай олуттуу реформаларды жасоого каалоосу барлар болсо да ошого эрки, деңгээли, билими жете тургандар жетишпей атканын көрсөтүп тургандай.

Жоошуткан жагдайлар

Кандай болгон күндө да шайлоочулардын тандоосу ушундай. Өкмөт дал ушундай курамда иштөөгө аргасыз болду. Анын үстүнө 7-апрель, андан кийинки июнь коогалаңынан кийинки оор жагдайда иштөө өкмөт үчүн оор болуп турат.

Өкмөттүн 100 күндүк ишине байланыштуу бүгүн тараткан маалыматында, бул кыска аралыкта А.Атамбаев баштаган өкмөт мугалимдердин, догдурлардын, башка социалдык тармактардын кызматкерлеринин айлык-акысын жогорулатууга, күйүүчү майдын арзандоосуна, дыйкандарга арзан кредит берүүгө, кылмыштуулук менен натыйжалуу күрөшүүгө, эң негизгиси өлкөдө туруктуулукту камсыздоого жетишкени белгиленет. Талдоочулар да азыркы өкмөттөн андан артык иштерди күтүшпөгөнүн айтышат.

“Келечек долбоору” фондунун аткаруучу директору Аскар Бешимов “Азаттыкка” билдиргендей, өкмөттүн иштегенине 100 күн болсо да убакыттын көбү кызмат бөлүшүүгө, ички талаш-тартыштарды чечүүгө кетип калды. Мындай шартта өкмөт көмүскө экономиканы ачыкка чыгарууга, коррупциялык схемаларды ачууга эрки жетпейт.

Ошондой эле А.Бешимовдун айтымында, өлкөдө парламенттик башкаруу системасы орношу, саясий күчтөр бири-бирин көзөмөлдөп калганы, сөз эркиндиги бекемделип атышы, акырындан саясий күчтөрдүн да буга көнө башташы - жоошуткан, үмүт жандырган жагдай.

Серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин пикиринде, өкмөт колдон келген аракетин кылып атат жана аларды олуттуу реформаларды жасай албай атканы үчүн күнөөлөй берген туура эмес. Анткени көбүнчөсү эскиче ойлонгон, коррупциялык схемаларга башынан катышы бар, глобалдык деңгээлде ой жүгүртө албаган адамдар шайланып калды. Андыктан азыркы өкмөт өлкөнү Швейцарияга айланткысы келсе да, аны жасоого билими, деңгээли жетпейт.

Негизинен азыркы өкмөт өрт өчүргүч сыңары улам чыга калган социалдык, экономикалык, саясий маселелерди шашылыш басуу менен алектенип, былтыр убактылуу түзүлгөн техникалык өкмөттөн айырмалана албай турат. Тышкы саясатта Орусияга ыктоо байкалат. Премьер-министр А.Атамбаев да, биринчи вице-премьер-министр Ө.Бабанов да Орусияны “стратегиялык өнөктөш” деп көтөрө чалып, Бажы союзуна кирүү аракетин көрүшүүдө.

Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды кошумча бажы төлөмүсүз алуу тууралуу Москва менен сүйлөшүүгө жетишип, анын ордуна “Кыргызгаздын” 75 пайыз акциясын, стратегиялык маанигее ээ “Дастан” заводун берүүгө ниеттенүүдө. Ал тургай Москвага берилгендик катары Чүй боорундагы чокулардын бирине орус премьери В.Путиндин ысымы да берилди.

Ошентип коалициялык өкмөт мындан ары да ички саясатта “өрт өчүргүч” кызматын аткарып, өз-ара талаш-тартыштарын чечүүгө энергиясын коротсо, сырткы саясатта Кремлдин көзүн карап иш кылууну улантчудай.

Казакстандын атуулдугун алган мигранттар көбөйдү

Алматыдагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Туратбек Аманбаев "Азаттыктын" студиясында.

Казакстанда иштеген 60 миңдей кыргызстандык мигрант соңку бир жылда иштөө, соода-сатык кылуу кыйындаганын айтышат.

Мигранттар бул маселени чечип берүүгө кыргыз бийлиги аракет кылганы менен майнап чыкпай жатканын белгилешет.

Алматыдагы кыргыз маданий борборунун жетекчиси Туратбек Аманбаев "Азаттыкка" маек курду.

-
Алматыда канча кыргыз мигрант бар?

- Так санын айтыш кыйын, бирок биздин божомолубузда 15 миңден ашык болуш керек, ал эми айрым маалыматтарда 30 миңге жакын деп айтылып жүрөт.

- Кыргызстандыктар кандай кызматтарда иштеп атышат?

- Кыргыздын көпчүлүгү "Барахолка" деп аталган базарда соода-сатык менен эмгектенишет. Андан тышкары Алматыга кире бериш жерде "Алтын ордо" деген чоң базарда жана башка майда базарларда иштешет.

Кыргыздардын эң негизги көйгөйү - Алматыда тартип коргоо органдары, полиция тарабынан өтө чоң кысым жасалып жатат. Ошонун негизинде көп кыйынчылыктар болуп атат.

Негизинен айрым кыргыздардын жашоо-тиричилиги мурунку жылдарга салыштырмалуу азыр аябай эле жакшы болуп калган. Көпчүлүгүндө Алматыда контейнерлери, үй, унаалары бар. Бирок эң негизги эле кысым миграция полициясы тарабынан болот.

"Бармак басты, көз кысты"

- Полиция мыйзамсыз мигранттарды кармаганда кандай жаза колдонот, же канча айып салышат?

- Чек арадан 5 күндүк миграция карточкасы менен өткөндөн кийин бир айлык утурумдук каттоого туруш керек. Каттоо болгон учурда деле алардын мыйзамына таяп, учурда чет өлкөлүктөргө соода-сатыкка тыюу салынган, ошонун негизинде кармап, айыпка жыгышат. Эгерде жаныңда документиң жок жүрүп полицияга түшсөң кутулуп кетиш бир аз оңой, себеби документиң жок болсо эч кандай жаза колдоно алышпайт. Айып деп шылтоолоп, акчаны алып койо беришет.

- Ошондо канча акча алышат?

Казакстанда иштеген кыргызстандык мигранттардын нааразылык акциясы, 1-февраль, 2010-жыл
- Аз дегенде эле 5-10 миң тенге, кээде ал адамдын өзүнөн, полиция менен сүйлөшкөнүңө жараша да болот. Эгерде аларга паспорт менен түшсөңүз, анда көбүрөк акча алышат. Анткени чек арадан, өлкөдөн чыгарып жибериши мүмкүн. Ошондуктан корккондуктан алар 100-200 доллардан жогору алышат, кайра паспортун кайтарып алыш үчүн ушундай каражатты мыйзамсыз түрдө алардын чөнтөгүнө салып, араң кутуласыз.

- Полиция сиздин чөнтөгүңүздү аңтарып, документиңизди, паспортуңузду талап кылганга укугу барбы?

- Чөнтөк же сумканы аңтарып, паспортту алып, чөнтөгүнө салып алат. Анан анын артынан өзүң чуркай баштайсың. Ооба, чөнтөгүңдү аңтарып эле алат.

- Көпчүлүк жарандар Кыргызстанга келип, майда-чүйдө товарларын алып, 5 күндүн аралыгында кайра кирип-чыга беришеби?

- Ооба, товар алып, 5 күндүн ичинде Казакстандын чек арасынан чыгып кетүү керек. Болбосо бир айлык убактылуу каттоого турушуңуз керек. Эгер беш күндүк мөөнөт өтүп кетсе проблема пайда болот. Себеби жолдо чек ара посттору көп.

Тартип орногондо...

- Сиз унааны Бишкектин номери менен айдайт экенсиз. Жол полициясы ушул жагдайга кандай карайт? Кыргыз МАИчилери казактарды аябай куугунтуктап, жүдөтүп атат деп президент Нурсултан Назарбаев жана башка жетекчилер сын айтканы бар. Казактар Бишкектин унааларына кандай карашат?

- Казакстанда Кыргызстандын номери менен жүргөн унаалар аябай эле көп. Ачыгын айтыш керек, булардын жол коопсуздук полициялары биздин милицияларга караганда жогорку деңгээлде. Аларда тартипти бузбасаң, жол эрежесин бузбай жүрсөң эч кандай коркунуч жаралбайт.

Кыргызстанда биздин МАИчилер тарабынан Казакстан номурун көрсө эч кандай тартип бузбаган учурда деле токтото бергенин көп эле көрүп жүрөбүз. Казакстанда андай эмес. Ушул жагдай да эки элдин ынтымагына доо кетирип, ишенбөөчүлүктү жаратууда.

- Базарда соода-сатык кылат экенсиз, базарда рэкет кылып “мынча акча бер, мындай-тигиндей кыл” деген тартипсиздер да барбы?

- 5-10 жыл мурун андай нерселер, талап-тоноолор, коркутуулар көп болгон. Азыркы мезгилде Казакстанда тартип күчүнө кирип, андай нерселер дээрлик жок десек да болот.

Жарандык алгандар көбөйдү

- Алматыдан үй алгандар барбы, ал эми батир акысы канча турат?

- Азыр кысымдын негизинде көпчүлүк кыргыздардын арасынан 5 жылдык убактылуу жашоого укук алгандар көбөйүп кетти. Арабызда Казакстандын атуулдугун, жарандыгын алгандар да уламдан улам көбөйүп баратат.
Айрым кыргыздардын жашоо-тиричилиги мурунку жылдарга салыштырмалуу азыр аябай эле жакшы болуп калган.


Кыргыздардан Алматыда үй алгандар көбөйө баштады. 3-4 жыл мурункуга салыштырмалуу батир табыш оңой жана бир аз арзан болуп калды. Азыр бир бөлмөлүү батирди ижарага алам десеңиз 200 доллардын тегерегинде табылат. 2 бөлмөлүүлөр 400-500 долларга чейин болот. Былтыр мигранттардын балдарын Алматыдагы мектептерге албай, көйгөй жаралган. Айла жоктон ушул жерден акы төлөп мектеп ачып беришкен, ошондо кыргыз балдары окуп жатышат.

- Мигранттар аябай кыйналып жатканын, көйгөйлөр көп экенин айтып даттанышат. Казак-кыргыздын ортосундагы боордоштук, достук мамиле сакталганбы, же жара барбы?

- Элдердин арасында достук мамиле жакшы эле. Полициялардын кысымынын негизинде эле айласыздан эл болгондон кийин ар түрдүү пикирлер айтылат экен. Айрым учурда кордук көргөн адам улутка тил тийгизиши мүмкүн. Эң негизги көйгөй – Казакстанда мигранттарга соода-сатык кылууга тыюу салган мыйзамдын кабыл алынышы болуп, бизди кыйнап турган учур.

Алыста жүрсө да жардамын аябагандар

- Өзүңүздөр мигрант болуп, мыйзамсыз болсо да соода-сатык кылып, көр тирликтин айынан талаалап жүрсөңөр да Ош коогалаңында болгон каргаша учурунда да гуманитардык жардам бериптирсиздер. Дагы кайсы жерлерге жардам бердиңер?

- Былтыр Казакстанда Узун-Агаш деген айылды бүтүндөй суу каптап кеткен учурда биз базарда иштеген кыргыздар, боордош казактарга жардам берели деп демилге көтөргөндө көпчүлүк эл колдоп, туура кабыл алды.

Лидер балдар 5-6 адамдан комиссия түзүп, колдон келгендердин баары жардамын аябады. Биз барсак ал жакта гумжардам аябай жетиштүү эле болуп калган экен. Жанындагы коңшу айылга такыр гумжардам жеткен эмес экен, биз жардамды ошол жакка алып бардык. Ал жердеги эл абдан кубануу менен тосуп алышты, бизге аябай ыраазы болушту.

Ош коогалаңы башталган күнү эле бизге жаңылык жеткенде, уюшкандыктын негизинде ошол жердеги колунан келген кыргыздын бардыгы жардам кылып, азык-түлүктү сатып алып, өкмөт тарабынан учак берилди, ошол учакка жүктөп алып, былтыр өз колубуз менен тапшырып келдик. Кайтып келгенде экинчи ирет дагы акча чогулуп калган экен, комиссия түзүп, кийин август айында түштүктөгү тополоңдо өлгөн, жакындарын жоготкон адамдардын баарына колубуз менен акча тапшырып келдик, ар бирине 4 миң сомдон акчалай жардам бердик.

Казакстандын түрмөлөрү да тынч эмес

Акмолодогу Атбасар түрмөсүнүн кире бериши.

Кыргызстанда абактагылар ачкачылык жарыяласа, Казакстандын түрмөлөрүнүн биринде алар тобу менен өз денесине өздөрү зыян келтирген учур кайрадан катталды. Казакстандык укук коргоочулар абактагылардын мындай кадамга барышынын башкы жүйөсү аларга жасалган катаал мамиле экендигин айтышат.

Абактагылар өз денесине тобу менен зыян келтирген акыркы учур Костанай облусундагы түрмөдө 27-мартта катталган.

Казакстандын жаза өтөө мекемелерин тейлеген комитеттин өкүлү Самал Гадилбекова “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, абактагылар мындай кадамга түрмөдөгү режимди өзгөртүү талабы менен барышкан:

- Өмүрүнө коркунуч келтирбей турган зыянды өз денесине жети соттолуучу келтирген. Алардын түзөтүү мекемесинин жетекчилигине койгон башкы талабы – режимди жумшартуу. Бул соттолуучулардын жогорудагыдай кадамга барышына башка беш адам шыкакчы болгондугу аныкталды.

Анткен менен абак жайларга мониторинг жүргүзүп келе жаткан адам укугун коргоочулар жогорудагы көрүнүштөрдүн түпкү себеби башкада деп эсептешет. Укук коргоочу Вадим Курамшиндин ырастоосунда, расмий тарап абактагылар тартипти жумшартууну талап кылып жатат деген маалымат берүү менен коомчулукту чаташтырууда:

- Соттолгондор режимдин жумшартылышы жөнүндө кыялданбайт. Алар токтобой жаткан кыйноолордон, куугунтуктан, аскердик талаптардан кутулууну гана көздөшүүдө. Маселен 30 градус суукта, 30 градус ысыкта да мамлекеттик гимнди аткарып туруу өңдүү талаптардан.

Соттолгондор мындан сырткары алардын арасынан чыккан, бирок администрацияга жардамчы катары эсептелген активисттер тарабынан куугунтукка каршылык билдирип жатышат. Активисттер деп аталган бул категория зонанын ичиндеги бандиттик түзүлүш, мыйзамдаштырылган кылмыштуу топ. Алар түрмөнүн администрациясы менен соттолгондор контингенти ортосундагы катмар. Алар атүгүл токмоктолбош үчүн да акча чогултушат.
Кыйноонун курмандыктары акыйкатчыга ишенбей калышкан.

Вадим Курамшин


Вадим Курамшин “Азаттыкка” курган маегинде абактагылардын өз жанына өзү кол салуусу акыркы ирет катталган Костанайдын катуу кайтаруудагы 161/2 абак жайында ушул айдын башында, кызматтык териштирүүнүн жыйынтыгында түрмөнүн жетекчилиги алмаштырылгандан кийин жагдай тескерисинче начарлап кеткендигин кошумчалады.

Акыркы бир жылда абактагылар өз курсагын өзү тилген же кан тамырын кескен учурлар Казакстандын бир катар түрмөлөрүндө орун алды. Ал эми былтыр Акмоло облусундагы түрмөдө тополоң чыкканда, казак бийликтери ал жерге ички аскерлерди киргизүүгө аргасыз болушкан.

Адам укугун коргоочу жана Алматы шаары, Алматы облусу боюнча коомдук байкоочу комиссиянын төрайымы Ардак Жанабилованын “Азаттыкка” айтканына караганда, аларга түшүп жаткан арыз-даттануулар түрмөдөгү нааразылыктардын башкы себеби – катаал мамиле экендигин көрсөтүүдө:

- Биздеги негизги себеп - катаал мамиле. Материалдык абал, абак жайдын сууктугу же ачкачылык боюнча бизге арыз түшкөн эмес. Катаал мамилеге мыйзам тыюу саларын түшүнбөгөн айрым кызматкерлер бар. Жакында Алматыда сот жараяны аяктады. Казакстандын тарыхында биринчи жолу жаза аткаруу системасынын кызматкерлери кыйноо факты үчүн жоопкерчиликке тартылышты. Башкы айыпталуучуга алты жыл, жети ай беришти.

Арыздануулардын саны азайды, бирок...

Казакстандын акыйкатчысы Аскар Шакиров өткөн аптада Астанада эл аралык конференция учурунда аларга кыйноо фактылары боюнча түшкөн арыз-даттануулардын саны “дээрлик эки эсеге азайды” деп ырастады. Шакировдун айтымында, мындай мүнөздөгү даттануулардын үлүшү 2009-жылы акыйкатчыга келген арыздардын 4,9 пайызын түзсө, былтыр бул көрсөткүч 2,4% болгон.

Бирок укук коргоочу Вадим Курамшин мунун жүйөсүн акыйкатчыга арыздануудан майнап чыкпасы менен түшүндүрөт:

- Чынында эле ал мырзага арыздануулардын саны азайды. Бирок жалгыз гана себептен улам. Ага багытталган даттануулар арыз бергендер мурда кайрылган мекемелерге кайрадан жөнөтүлө берилет. Бул биринчи эле жыл болуп жаткан жок. Кыйноонун курмандыктары акыйкатчыга ишенбей калышкан.

Расмий маалымат боюнча Казакстандын абак жайларында азыр 60 миңден ашуун адам бар. Укук коргоочу Ардак Жанабилованын айтымында, түрмөдөгүлөрдүн санын калктын жан башына бөлгөндө Казакстандын туруму мурдагыдан начарлап кетти. Бир кезде ал дүйнө өлкөлөрү ичинен
24-орунда болгон, азыр 16-орунда.

Дубнов: Апрел окуясы баары бир болмок

Аркадий Дубнов

Келерки аптада Курманбек Бакиевдин бийлиги кулаган апрел окуяларына бир жыл толот. Борбор Aзия боюнча баяндамачы Аркадий Дубновдун пикиринде, бул күнгө карата түзүлгөн кырдаал баары бир жарылышы керек болчу.

Жаңыл Жусупжан: 7-апрел окуясына кандай баа бересиз?

Аркадий Дубнов:
Апрел окуясы дүрт этип өзү тутанган, ошол эле убакта анын чыгышы Бакиев режиминин мыйзам ченемдүү жыйынтыгы болуп калды.

Бакиевдин бийлиги бардыгы бир үй-бүлөнүн жана аларга жакын ишмерлердин кызыкчылыгына баш ийдирилген, Борбор Азия менен Түштүк Америкага мүнөздүү бийлик системасына айланып калган.

Кыргыздардын кырс мүнөзүн жана ошол кездеги реалдуулукту эске алганда, мындай саясат баары бир узакка созулмак эмес. Тилекке каршы, бул мыйзам ченемдүү жыйынтык зор жоготуулар менен жетишилди. Бул окуя кыргыздардын эс-тутумунда узакка калат болуш керек.

Жаңыл Жусупжан: 2005-жылы Кыргызстанда түстүү ыңкылап болгон, түстүү ыңкылапта бийлик кан төгүүсүз алмашат. Эмне үчүн экинчи кыргыз ыңкылабы кандуу болду?

Аркадий Дубнов: Менимче, бул Акаев менен Бакиевдин режимдеринин ортосундагы чоң айырмачылык менен шартталды. Акаевге баа беришибиз керек, ал каршылык көрсөтпөй, кан төгүүсүз кетип калды.

Ал эми Бакиев менен анын айланасындагылардын мүнөзү бөлөк эле, алар саясий-экономикалык жетишкендиктерин жөн эле кармата берип, кан төкпөстөн багынгылары келген жок.

Жаңыл Жусупжан: Эмне үчүн кыргыз ыңкылабы коңшу өлкөлөргө өткөн жок? Буга салыштырмалуу Түндүк Африкада, Жакынкы Чыгышта элдик толкундоолор улам бир өлкөгө жайылып баратат.

Аркадий Дубнов: Анткени Кыргызстандагы окуялардын маңызы кыргызча болуп калды. Бул кризис системдүү болгон эмес, Борбор Азия аймагына мүнөздүү системдүү проблемалардан чыккан эмес.

Мындан тышкары бул окуянын чыгышы, биринчи кезекте, Орусия-Кыргызстан мамилесине байланыштуу болгон. Ушул көз караштан алганда, башка өлкөдө карама-каршылыктардын мынчалык курчушун күтүүгө
Коңшу өлкөлөрдүн лидерлери үстүрт болсо да элди уга баштады.
болбойт эле.

Бирок азыр аймактагы башка өлкөлөр Түндүк Африкадагы окуяларга кандай көңүл бурушарына дыкат байкоо жүргүзүшүбүз керек. Аймактагы айрым лидерлер азыртадан эле жаңы жел аргыга ылайыкташыканга, коом менен үстүрт болсо да диалог түзүүгө аракеттене башташты.

Түндүк Африканын сабактары Кыргызстандыкына караганда алда-канча маанилүү. Кыргызстанда чындыгына таптакыр шайкеш келбеген режим түзүлгөн, апрел окуясы ошондон чыкты. Бакиевдин жакынкы чөйрөсү түзгөн мындай шарттарда Кыргызстан алыска узап кете алмак эмес.

Жаңыл Жусупжан:
Кыргызстанда 7-апрелден кийин июн коогасында жүздөгөн кишинин каны төгүлүп, экономикага оор жарака кетти, өлкө мурда-кийин угуп-билбеген парламенттик системага өттү. Кылмыштуулук кокодон алып, саясаттын кемеси аңтарылып кетчүдөй болуп турат. Ушундан улам апрел окуясы кайталанбайт деп ойлобойсузбу?

Аркадий Дубнов: Мен жамандыкты айткан олуя болгум келбейт. Мындай нерсенин кайра кайталанышын каалабайт элем. Азыркы бийликтеги саясатчылардын даанышмандыгы - буга жол бербөөдө турат.

Президент Роза Отунбаева баштаган азыркы жетекчиликтен мен бул коркунучту
Кыргыз жетекчилери көпчүлүгүндө мамлекеттик масштабда ойлоно албайт.
болтурбоо далалатын байкап жатам. Анын өлкөнүн түштүгүн бир нече күн кыдырганы жөн жерден болгон жок.

Ал жакта эмне болуп жатканын түшүнүп, түштүктүн элине Бакиев баштаган түштүктүн өкүлдөрүнүн ордуна келген жетекчилик Кыргызстандын түштүгүндөгү көйгөйлөрдү чечүүгө кызыкдар деп ишендириш керек болду.

Тилекке каршы кыргыз элитасы көпчүлүгүндө мамлекеттик масштабда ойлоно албаган адамдардан турат.

Муну эске албоо апрел окуясынын кайра кайталанышын алдын алууга өтө чоң тоскоолдук болот. Саясатчынын ишмердүүлүгү өз жердештеринин, өз партиясынын же өз мекемесинин кызыкчылыктарын эмес, биринчи кезекте мамлекетти сактап калууга багытталышы керек.

Саясатчынын милдети - ал окуялардын кайталанышына алып келе турган тенденциялар менен чайкоочулук кылбаш керек.

Эңсеген эки миллион турист келеби?

Быйылкы сезонго үмүт артып жаткан кыргызстандык туроператорлор менен туристтик кызмат көрсөтүүчүлөр тармак учурда унутта калганын белгилешүүдө.

Кыргызстанда туризм тармагы азыр өкмөттөн Экономикалык тескөө министрлигинин карамагына берилген. Аталган мекеменин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакованын “Азаттыкка” айтканына караганда, былтыр өлкөдөгү белгилүү окуялардан улам четтен келген туристтердин агымы, ага катар бул тармактагы кызмат көрсөтүүнүн көлөмү дээрлик эки эсеге азайган болчу:

- 2009-жыл менен салыштырсак, 2010-жыл мунун жарымын эле түздү. Ошондой эле туризмден экспорттук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү да азайган. Мисалы 2010-жылы 1 миллион 224 миң киши келген эле, 2009-жылда болсо бул көрсөткүч 2 миллион 808 миңди түзгөн. Былтыр туризм кызматын экспорттоодон 271 миллион доллар түштү. Муну 2009-жыл менен салыштырсак 173 миллион долларга аз.

Расмий эсеп боюнча Кыргызстан туризм кызматын экспорттоо жагынан эң көп кирешени 2008-жылы тапкан. Анда бул көрсөткүч 500 миллион доллардан ашкан болчу. Ал эми туризмдин Улуттук дүң өндүрүштөгү үлүшү азырынча 5 пайызга жете албай турат.

Туристтик агым быйыл жанданабы?

Кыргызстандын туризм сектору акыркы алты жылда ушуну менен эки кризисти баштан кечирди. 2005-жылы да ал кездеги ыңкылаптын айынан өлкөгө чет элдик туристтер, анын ичинде орусиялык жана кыргызстандык эс алуучулар келбей калган болчу. Бирок кайра кийинки жылы эле туристтердин саны көбөйүп, 1 миллион 100 миң адамга жакындап барган.
Германия, Швеция, Австрия расмий сайттарынан Кыргызстанга барууга салынган тыюуну алышты.


Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясы – КАТОСтун аткаруучу директору Асылбек Ражиевдин пикиринде, былтыркы окуялардын туризмге тийгизген терс кесепети 2005-жылкыдан оор болду. Туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн КАТОС бирикмесине киргендер айыл жерлеринде, тоо-ташта туристтерди тейлөө менен алектенишет.

Асылбек Ражиев, “Азаттыкка” курган маегинде белгилегендей, алардын кардарларынын 95 пайызы Батыш Европадан, АКШ, Австралия, Жапония сыяктуу өлкөлөрдөн эле. Бирок быйыл кардарлардын саны мурдагы калыбына келеринин белгилери азырынча байкала элек:

- Буйруса жаз келип калды. Сезон мына май айында башталат. Бул учурда заказ аябай көп болуп калчу. Биз Бишкектеги башка турфирмаларды да тейлейбиз да. Алар биздин конок үйлөргө, боз үйлөргө жөнөтүшөт. Салыштырып карасак заказдар аябай эле азайган. Жер-жердеги туристтик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн кирешеси былтыркы окуядан кийин 2008-2009-жыл менен салыштырмалуу үч эсеге азайды. 2010-жылдын жыйынтыгы боюнча биз, 2003-жылдын деңгээлине түшүп кеттик. Биздин уюм ошол 2003-жылы пайда болгон. Быйыл эң жакшы дегенде 2004-жылдын деңгээлине чыксак дурус. Былтыр Кыргызстандын имиджи бузулуп калды да. Муну кайра өзүнө келтириш үчүн убакыт керек. Бул эртең эле ишке ашуучу нерсе эмес.

Азыр туризмди тейлеген Экономикалык тескөө министрлигинин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакова “Азаттыкка” курган маегинде алдыдагы сезонду утурлай пландалган иштер аткарылып жатканын айтып, туристтердин саны быйыл эки миллионго чейин жетерин болжолдоду:

- Быйыл, буйруса, туристтер келет. Саны жагынан 2 миллионго жетебиз, балким ашабыз. Бирок бул үчүн эң башкысы – тынчтык керек. Орустар да, казактар да аябай кызыгып жатышат. Орустар Египетке көп барышчу. Ал жердеги окуялардан улам эми башка багыттарды да издешүүдө, бизге да кызыгып жатышат. Туроператорлору келип кетишти. Казакстандын туроператорлору да чалып жатышат.

Туристтердин саны быйыл эки миллионго чыгарын Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясы – КАТОнун жана Борбор Азия туристтик корпорациясынын башчысы (C.A.T. COMPANY) Данияр Казакбаев да божомолдойт. Бирок туристтердин саны жаз, жай жана күздүн эсебинен өсөт деген ишеним бар. Анткени былтыр туризм сектору кышкы сезондун эсебинен сакталып калган:

- Былтыр кыш жаман эмес болгон эмес. Дал ошол кышында келген туристтердин саны 2010-жылдагы туристтердин жалпы санына таасир берген. Ушул цифранын жогору болгону былтыркы жылдын такыр эле ылдыйлап кетпешин шарттаган. Быйыл болсо, тилекке каршы, өткөн жылдын саркындылары али кете элек. Мындан сырткары эл арасында “жазда дагы бир нерсе болот” деген ушак-айыңдар да жүрүп жатбайбы. Туристтер азыр бар, бирок абдан эле аз. Эгер быйылкы жылдын үч айын алсак, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу аз.

Айрымдар Кыргызстанды “кара тизмеден” чыгарды

Былтыркы окуялардан кийин Европанын көптөгөн өлкөлөрү Кыргызстанды “кара тизмеге” киргизип, өз жарандарына ал жакка турист катары барбай турууну сунуш кылышкан.

Кыргызстандын туроператорлор ассоциациясынын президенти Данияр Казакбаевдин айтымында, алар ушул айдын башында Берлиндеги ири туристтик жармаңкеге катышкан учурда европалык туроператорлордон Кыргызстанга кайрадан кызыгуу байкалгандай көрүндү:

- Бизге белгилүү бир кызыгуу бардай көрүндү. Эң жагымдуусу Германия, Швеция, Австрия расмий сайттарынан Кыргызстанга барууга салынган тыюуну алышты. Муну бизге жергиликтүү туроператорлор өздөрү айтышты. Дегеле ушул нерсе Европанын туристтерине Кыргызстанга келүүнү сунуш кылуу үчүн чечүүчү учур болду.

Данияр Казакбаев “Азаттыкка” курган маегинде кошумчалагандай, чет өлкөлөрдүн тышкы саясий мекемелери тарабынан “Кыргызстанга барбай тургула” деген сунуштардын кайра артка алына башташы туроператорлор үчүн маанилүү:

- Албетте эгер Тышкы иштер министрликтердин расмий сайтында "тиги же бул өлкөгө барбоо сунуш кылынат" деген жарыя илинип турса, туристтер сөзсүз буга көңүл бурат. Балким 100 пайызы болбосо да 98 пайызы. Билесизби, мындан сырткары камсыздандыруу компаниялары барбоо сунуш кылган өлкөгө бара жаткан туристти камсыздандырбайт. Камсыздандыруусу жок адам кокус бир кырсыкка кабылса, өз көйгөйү менен өз алектенет дегендик. Туристтер болсо буга барбайт.

Дүйнөдө туристтер саны кайра өсө баштады

2008-жылдын экинчи жарымында башталган глобалдык каржы кризиси жана экономикадагы төмөндөө 2009-жылы бүткүл дүйнө боюнча туристтердин саны азайткан. Бирок кайра эл аралык туризм 2010-жылы жанданып, мурдагы жылга салыштырмалуу 7 пайызга өсө алды.

Бүткүл дүйнөлүк туризм уюмунун эсебинде, былтыр бир өлкөдөн экинчи мамлекетке барган туристтердин саны 935 миллион кишиге жетти. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 58 миллионго көп дегендик. 2010-жылы дүйнөдө ары-бери каттаган 935 миллион туристтин дээрлик жарымы, 471 миллиону Европанын үлүшүнө туура келет.

Ал эми быйыл Дүйнөлүк Туризм уюмунун жыл башындагы божомолуна караганда, дүйнө боюнча туристтердин жалпы санынын былтыркыга салыштырмалуу 4-5 пайызга өсүшү күтүлөт. Бирок Жапониядагы жаратылыш кырсыгы жана аны коштогон окуялар дүйнөлүк туристтик агымга терс кесепетин тийгизүүсү мүмкүн. Анткени жапондор дүйнөдө эң көп саякаттаган элдин катарына кирет.

Кыргызстан туроператорлор ассоциациясынын жана Борбор Азия туристтик корпорациясынын президенти Данияр Казакбаевдин “Азаттыкка” айтканына караганда, жапон туристтеринен быйыл Кыргызстан да кол жууду окшойт:

- Жапониядагы трагедиялык окуялар бир аз таасир берет. Анткени бизде да быйылкы жылкы жапон туристтеринен, туристтик компанияларынан маалымдамалар түшкөн. Бирок эми биз түшүнөбүз, Жапониядан туристтер келбесе керек.

Өкмөт унутта калтырган тармак

Кыргызстанда азыр туризмди гана өзүнчө тейлеген мамлекеттик мекеме жок. Мурдагы агенттик 2009-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиевдин башкаруу реформаларынын натыйжасында жоюлуп кеткен.

Туроператорлор туризмге карата мындай мамилени өзгөртүү зарылдыгын айтышууда. КАТОнун президенти Данияр Казакбаев мындай дейт:

- Биздин азыркы өкмөт туризмди такыр эле унутуп койгондугу өкүнүчтүү. Туризм жеке сектордун гана иши болуп калды. Бир нече компаниялар, ассоциациялар президент Роза Отунбаевага өкмөттөн жеке сектор менен эриш-аркак иштеше турган өзүнчө мекеме бөлүп берүүгө көңүл бурууну өтүнүп кат жазганбыз. Бирок тилекке каршы жыйынтык жок. Эки апта мурда премьер-министр Алмазбек Атамбаевге да кат жолдодук. Бирок ал жактан да кыймыл боло элек.

Ал эми туризм азыр карамагына берилген экономикалык тескөө министрлигинин бөлүм башчысы Гүлнара Карымшакованын айтымында, туроператорлор көтөрүп жаткан маселе башкарууну оптималдаштыруу боюнча комиссия ишинин жыйынтыгында чечилиши мүмкүн:

- Өкмөттө иштебеген көз карандысыз эксперттер мамлекеттик башкаруу аппаратынын функцияларын анализдеп жатышат. Бул суроо ушул комиссиянын ишинин жыйынтыгында чечилет.

Экономикалык тескөө министри Учкун Ташбаевдин жакында парламентте билдиргенине караганда, учурда Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн концепциясы иштелип жатат.
Быйыл, буйруса, туристтер келет. Бирок бул үчүн эң башкысы – тынчтык керек.


Коомдорго негизденген кыргыз туризм ассоциациясы – КАТОСтун аткаруучу директору Асылбек Ражиевдин пикиринде, азырынча арабөк абалда турган кыргыз туризми өнүгүү стратегиясына чынында эле муктаж:

- Туризмди эмне кылабыз дегенге мамлекет тарабынан жооп жок. Туризм керекпи, кереги жокпу, өнүктүрөбүзбү же өнүктүрбөйбүзбү, муну эч ким билбейт.

Асылбек Ражиев даярдалып жаткан концепция бери дегенде орто мөөнөттө көрүлүүчү чараларды камтырын, ал эми быйылкы туристтик сезонду сактап калуу ыкчам аракеттерди көрүүнү талап кылып жатканын кошумчалады.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG