Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:16

Борбор Азия

Батиха Асанованын үйүнүн терезеси талкаланган. Кашкабулак айылы, Жамбыл облусу.
Батиха Асанованын үйүнүн терезеси талкаланган. Кашкабулак айылы, Жамбыл облусу.

Казакстанда күрддөр отурукташкан Кашкабулак айылына 11-августка оогон түнү кол салуу болду. Ташбараңдан кийин тургундар таңга чейин көз ирмебей, аялдар менен балдар мектепке корголошконун айтышат. Полиция 14 кишини кармады.

Кашкабулактык Батиха Асанова түн ортосунда катуу добуштан ойгонуп, үй-бүлөсү менен короого чуркап чыгышкан.

«Карасак, алар таш менен темир дарбазаны урушкан экен. Чыгып эле таппай калдык», - дейт ал.

Батиха Асанова небереси менен.
Батиха Асанова небереси менен.

Түнкү кол салуу учурунда анын үйүнүн терезелери да талкаланган. Айылга барган «Азаттыктын» кабарчысы башка да үйлөрдүн, китепкананын терезелери сынганын көргөн.

Жергиликтүү тургундардын айтымында четтен бирөөлөр автоунаа менен келип, таш ыргытышкан соң дароо жүрүп кетишкен.

Алар кайрылып келеби деп чочуган айылдыктар балдар менен аялдарды мектепке корголотуп, эркек таналар таң аткыча короодо күзөтүп отурушкан.

Айылдык округдун акими Жардис Хусейновдун айтымында, ага түн ортосунан оой айыл четиндеги суу сактагычтын кароолчусу телефон чалып, Кашкабулакка чоочун он машине удаа кирип баратканын кабарлаган.

«Мен аларга «эч кандай чара көрбөгүлө. Беш-он мүнөттө барып калам» дедим. Райондук полициянын башчысына, район акиминин орун басарына чалып, белгисиз машинелер келатканын айттым. 10-15 мүнөттө суу сактагычка барып карасам машинелер, 15 чакты жаш жигиттер турган экен. Беткап, мээлей кийишкен. Мен аларга 20 метрдей жакын барып машинемден чыктым. «Балдар, эмнеге түн катып бул жерде жүрөсүңөр?» дегенимде эле таш бараңга алып киришти. Машинемдин маңдайкы терезесин талкалашты», - деди ал.

Кашкабулактын тургундары.
Кашкабулактын тургундары.

Андан соң айыл башчы машинеге отуруп алдыга артка айдап аларды коркутууга аракет кылганын, ошондон соң кол салгандар кетип калышканын, кайдан келишкенин билбегенин айтты. Көрсө белгисиз адамдар андан мурда айылдын үйлөрүн аралап өтүшкөн экен.

«Аларга бирөө-жарым бирдеме кылдыбы? - деп сурады ал. - Айылдыктар бирдеме кылдыбы? Алар жапайы сыяктуу эле келишти. Баары дароо чогулду, «өлтүрөт экен, мууздап кетет экен» деп коркуп отурушту. Балдарын алып шаарга, Таразга туугандарыныкына кеткендер да болду. Буга чейин мындай болгон эмес. Балдарыбыз үчүн коркуп отурабыз. А биз эмне, өлтүрсө өлтүрсүн. Биз деле бирөөнү өлтүрүп коё алышыбыз мүмкүн...»

Кашкабулак айылында 143 түтүн күрд жашайт. Кол салууга эмне түрткү болгону так белгисиз. Жамбыл облусундагы күрддөрдүн «Барбаң» биримдиги «буга Кашкабулакта эки күн мурда эки мас кишинин чатагы себеп болгон» деп билдирүү таратып, андан кийин болуп өткөн окуяга «улут аралык чыр эмес» деп мүнөздөмө берди.

Кашкабулак
Кашкабулак

Шектүүлөр келген жагына кайтып баратканда жолдон аларды полиция кармаган. Казакстандын Талас райондук полициясы 14 кишиге «Бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Окуяга Жамбыл облусунун жетекчиси Бердибек Сапарбаев дароо көңүл буруп, 12-августта кашкабулактыктар менен жыйын курган. Анда ал күнөөлүүлөр сөзсүз жазага тартыларына убада берген.

Казакстандын түштүгүндөгү түрдүү улуттун өкүлдөрү жашаган Кыргызстанга чектеш аймактарында акыркы убактарда улут аралык чатактар улам-улам чыгып жатат.

21-июлда Кентау шаарында өзбек жана казак жаштары мушташып, үч киши, бир нече үй жана автоунаа талкаланган.

Ал эми быйыл февралда Кордой районунда казак-дунган урушунда 11 адам, негизинен дунган улутундагылар курман болгон. Кеминде 140 жайкын тургун, 20 полициячы жарадар болуп, ондогон мүлк объектиси бүлүндүрүлгөн. Миңдеген адам турак жайын таштап Кыргызстанга кире качып, бир нече күн баш калкалап турду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Казакстандык активист эркиндикке чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:31 0:00

Казакстандык жарандык активист Асия Тулесова эки ай камакта отургандан кийин тергөө изоляторунан бошотулду. Сот аны мамлекеттик кызматкерди "мазактаган" жана полиция кызматкерине карата "зомбулук көрсөткөн" деп күнөө койгон. Өкүм чыккандан кийин Тулесованын тарапташтары, достору жана туугандары аны тергөө изоляторунун дарбазасында тосуп алды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG