Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:49

Борбор Азия

Шухрат Ганиев.
Шухрат Ганиев.

Өзбекстанда «Фергана облусунун башчысына таш ыргытканы» үчүн Сох анклавынын тургуну жоопко тартылганы турат. 

23 жаштагы Давлатжон Маллаев 10-августта Фергана шаарында кармалып, сот чечими менен такталбаган мөөнөткө камакка алынган.

Ал 31-майда Сох анклавында кыргыз-өзбек жарандары булак талашып чатакташа кеткенде жерине барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевге «зомбулук көрсөткөн» деп айыпталып жатат.

Анда элди тынчытып, абалды жөнгө салууга келген губернаторду жергиликтүүлөр курчап алып, «элди басмырлады» деп ташбараңга алганы тууралуу видео тараган. Жүздөгөн адамдар Фергана облусунун башчысынын ишине нааразылыгын айтып, анын иштен кетишин талап кылышкан.

Анклавда таза суу, жол, чек ара маселелери бир нече жыл бою чечилбей жатканына нааразы болгон адамдар губернатордон тышкары Сох районунун мурунку акими Таваккал Рахимовду кошо ташбараңга алышкан.

Бул окуялардан үч ай өткөн соң жеке иштери менен шаарга кеткен уулунун бир нече күн бою дайыны чыкпай калганда энеси Насимахон Маллаева аны издей баштаган.

«Уулум машинесин сатканы Ферганага кеткен. Ал жактан кармап, отургузуп коюшуптур. Бул тууралуу мага райондук администрация билдирди», - деп кайрылган энеси «Азаттыктын» өзбек кызматына.

Фергана облусунун Сох районундагы «Мулгон» айылында жашаган 50 жаштагы аял уулу азыр кандай абалда экенин, канча убакытка камакка алынганын билбейт. Чек аралар, жолдор жабык. Давлатжон үй-бүлөдө жети баланын үчүнчүсү, орто билимдүү, эч жерде иштеген эмес.

11-августта Фергана шаардык соту Маллаевдин ишин жабык эшик артында карап, аны №10 тергөө абагына белгисиз мөөнөткө камакта калтырып койгон.

«Азаттыктын» өзбек кызматына түшкөн маалыматтарга ылайык, Фергана облусунун прокурорунун орун басары Маллаевди «Жапырт башаламандыкка жигердүү катышуу», «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» беренелерине ылайык сот жообуна тартууну суранган.

Чек арадагы булак талаштан чыккан чырга миңдей киши катышканы айтылып, Маллаев анда «Фергана облусунун акими Шухрат Ганиевге күч колдонуп, мамлекеттик кызматкерлерге жана алардын машинелерине таш ыргыткан» деп көрсөтүлгөн.

«Азаттыктын» өзбек кызматы жергиликтүү администрация менен полицияга кайрылып, Маллаевге коюлуп жаткан оор айыптар боюнча кошумча маалымат ала алышкан эмес.

Президент кечирип, губернатор өч алдыбы?

Давлатжондун кармалышы анын бир топ айылдаштарын тынчсыздандырып турат. Бири «мамлекеттик кызматкерлерге ташты атайлап ыргытышпаганын» айтса, бири өздөрү үчүн коркот.

«Тергөөчүлөр Давлатжон күрөктүн башы менен облус башчысын уруп жибергени видеого тартылып калганын айтып жатышыптыр. Ал чыр чыккан күнү төрт миңдей адам топтолгон. Чек арада чатак чыкканын, жердештери сабалганын укканда эле бирөө колуна таш, бирөө кетмен, бирөө күрөк көтөрүп, жүрөгү курч жаштар дароо ал жакты көздөй чуркашкан. Давлатжон губернаторду сабап жатканын эч ким көргөн эмес. Мен Интернетте эң көп тараган видеолордон да таппадым. Сохтун бир да тургуну ал жакка башчыны же мамлекеттик кызматкерди уруш үчүн барган эмес. Алар эл-жерди коргош үчүн барышкан», - деп баяндап берген окуяга күбө болгон өзбекстандык жаран.

Ысымын жашыруун калтырууну суранган анклавдын кийинки тургуну анда кагылышууга катышкандардын баарын санаа басканын белгилеген.

«Азыр «бирден суракка чакырып, анан соттошот» деген кептер айтылып жатат. Ганиев чатакка катышкандардын тизмеси толук такталганын айткан. Алар баарын бирдей камакка алса, нааразылыкты күчөтүп алуудан чочулап жатышат. Чырга миңдеген киши катышкан. Алардын баарын соттошобу? Же бардык күнөөнү бир кедей үй-бүлөнүн баласына жүктөп коюшабы? Бирок, премьер-министр Арипов «президент окуяган катышкандардын баарын кечирди» деп айтпады беле?!» - деди дагы бири.

Сох анклавындагы «Чашма» айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун «Чечме» айылынын тургундары быйыл майда чектеш аймакта булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышкан. Алар бири-бирин ташбараңга алып, эки тараптан бирдей үйлөрдү өрттөп жиберишкен.

Расмий Ташкент Сохтогу райондук ооруканага ар кандай жаракат менен 187 киши жаткырылганын, анын үчөөнө ок мылтыктан атылганын кабарлаган.

Ал эми Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча анда 25 киши түрдүү жараат алган, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн.

1-июнда кыргыз-өзбек тарап жолугушуп, андан соң Сохко барган өзбек премьер-министри Абдулла Арипов жергиликтүү элди губернатор аралашкан чыр-чатакты унутууга чакырып, президент жаңжалга аралашкандарды жазалабай турганын билдирген эле.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Акчасы бар, добушу жок мигрант
please wait

No media source currently available

0:00 0:29:13 0:00

Чет өлкөгө жумуш издеп агылган кыргызстандыктар - шайлоодо добушу угулбаган, тандоосу эсепке алынбаган аялуу катмар. Жүз миңдеген мигранттын арасынан шайлоого туруктуу катышып жүргөндөрдүн саны 0,01% да жетпейт. Бул ирет Орусиядагы кыргызстандыктар бийликтен онлайн добуш берүүгө шарт түзүүнү талап кылып жатышат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG