Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:47

Борбор Азия

Питер Леонард.
Питер Леонард.

Эмне үчүн Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери беларус президенти Александр Лукашенкону кайра шайланышы менен биринчилерден болуп куттукташты?

«Азаттыктын» суроолоруна «Eurasinet» басылмасынын Борбор Азия боюнча редактору Питер Леонард жооп берди.

- Менимче, президенттикке шайлануу менен куттуктоо - формалдуу бир иш. Бирок быйыл анын өзгөчө бир мааниси бар. Себеби коронавирус пандемиясынан жана анын экономикага тийгизген кесепетинен улам чөлкөмдөгү лидерлер үчүн саясий туруксуздук абдан сезимтал маселе болуп калды. Авторитардык лидерди куттуктоо, ага ийгилик каалоо «туруктуулук, бийликтин ырааттуу уланышы» деген мантра менен коштолот.

Муну Лукашенко гана эмес, Борбор Азиядагы бардык жетекчилер да эч качан эстен чыгарбайт. Менимче, ошол лидерлер моралдык же демократиялык себептерге негиздеп Лукашенкону куттуктабай койсо тескерисинче, абдан кызыктай көрүнмөк. Анткени Борбор Азиянын көпчүлүк өлкөлөрү үчүн андай негиздемелер жат көрүнүш.

- Шайлоодон кийинки түнү башталган нааразылык акцияларында тартылган видеолор менен сүрөттөр үрөй учурат. Анан президенттер ошондой окуялардан кийин дароо Лукашенкону куттуктап жатышат. Бул элди өзгөчө иренжитти ошойт. Балким анча озунбай, бир аз коё турушса болбойт беле?

- Албетте. Бирок 1-2 күн күтсө эки жүздүүлүктүн бир түрү болуп калмак. Муну менен эмнеге жетишмек эле, түшүнбөй турам. Мага бир жери кызыктуу көрүндү. Адашпасам, биринчи болуп Лукашенкону Кытай лидери Си Цзиньпиң куттуктады. Андан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, анан дароо эле Владимир Путин жана башка евразиялык жетекчилер куттуктоолорун жөнөтүштү.

Менимче, Токаевдин куттуктоосун да өзгөчө белгилей кетиш керек. Саясатчы бир чети өзүн либералдуураак, демократиячыл, Казакстандагы жаңычыл лидер катары көргөзгүсү келет. Бирок ал шайланган президенттик өнөктүктөн кийин да нааразылык акцияларына күбө болгонбуз. Албетте, Беларустагыдай масштабда болбосо да Казакстан үчүн ал окуялардын маанилүүлүгүн тана албайбыз. Ал акцияларды да абдан катуу басышкан. Айтайын дегеним - жада калса либералдуураак деген Токаев менен Лукашенконун ортосундагы тилектештикти белгилесе болот.

Лукашенконун алын сынаган шайлоо
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:03 0:00

- Кыргызстан ошол лидерлердин тизмесинде өзгөчө бир орунду ээлейт десек жаңылышпайбыз. Биринчиден, өлкө 2010-жылы элдик толкундоону күч менен басып, кан төгүүгө барган режимди айыптаган. Экинчиден, ошол кан төккөн мурдагы президент Курманбек Бакиев дал ошол Беларуста баш калкалап жүрөт. Муну кандай талдаса болот?

- Ушундай ыраатсыздык таң калтырбай койбойт. Менимче, Кыргызстан Бакиевдин үй-бүлөсү өлкөдөн качып кеткен жагдайларга байланышкан окуялар боюнча укуктук же тарыхый адилеттүүлүккө жетүү фикциясынан көп жыл мурун эле баш тартып койду. Өлкөнүн азыркы саясаты үчүн Бакиев маселеси анча олуттуу болбой калган деп ойлойм.

Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.
Александр Лукашенко менен Даниил Урицкий чогуу түшкөн сүрөттү беларус президентинин расмий сайты да жарыялады. Фото: president.gov.by. 10-август, 2020-жыл.

Андан да маанилүү иштер турат. Коронавирустун айынан Кыргызстан экономикалык кризис коркунучуна туш болду. Бул болсо жумушсуздукка алып келип, анын артынан саясий туңгуюк да болушу ыктымал. Кыскасы, мындай жагдайда Бакиевге байланышкан эски маселелерди чубап чыгуунун мезгили эмес. Албетте, кыргыз бийлиги үчүн бул абдан оңтойсуз абал. Бишкек бир жагынан Лукашенкону куттуктап, экинчи жагынан «Эмне үчүн Беларус ошол режимдин алдыңкы фигураларына башпаанек берип келатат?» деп түшүндүрмө талап кылууда.

Кыргыз бийлиги өзүн демократиялык, эркин сот адилеттүүлүгүнүн, көз каранды эмес медианын колдоочусу катары сүрөттөөнү улантып келатат. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Менимче, бул Евразиянын авторитардык жүзү. Лидерлер эки жүздүүлүктү, бирди айтып, башкасын жасаганды мыкты өздөштүргөн.

- Дагы бир кызыктуу бир жагдайды айта кетели. Шайлоонун, ал боюнча нааразылык акцияларын аёосуз баскан түндүн эртеси эле Лукашенко Даниил Урицкий (же Кыргызстандын мурдагы премьер-министри, Бакиев менен чогуу качкан Данияр Үсөнөв) жетектеген биотехнологиялык борборго барды. Кыргызстандагы социалдык тармактарда муну символикалык бир кадам катары чечмелегендер да бар. Башкалары «жөн гана дал келип калса керек» дешет. Сиз кандай дейсиз?

- Чынын айтсам, мен бул суроого кантип жооп береримди билбейм. Чындап эле дал келүү болсо, анда абдан кызыктай дал келүү. Сөз болгон биотехнологиялык айыл чарба комплексине жалаң эле Кыргызстандын мурдагы режиминин акчасы салынган эмес. Бул компанияга Кытай да инвестиция салган.

Лукашенконун ал жакка барганында көптөгөн символикалык ишараттарды байкаса болот. Бир жагынан кытайлык демөөрчүлөр бар экенин көргөздү, экинчи жагынан Беларуста мурдагы кыргызстандык коррупциялышкан режимдин мултимиллионердей болгон башка жеке инвесторлор бар деп кыйыткандай. Лукашенко кытайлык жана кыргызстандык инвестициялар менен мактанмак болгон сыяктанат.

Балким бул кайсы бир деңгээлде Орусияга белги берүү аракети болду. Себеби көбү Орусия азыркы кырдаалга тымызын кубанып жатат деген пикирде. Анткени эми Лукашенко Москвага көбүрөөк ыктай баштайт, чабал позицияда болот дешет. Балким ал үчүн бул «ооба, мен Москвага таянам, бирок башка варианттарым да бар» деп туюндуруунун жолудур? Муну көргөзүүнүн кызыктуу жолу деңизчи. Бирок мен башкача чечмелей албайм.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясы.
Ташкент облусунун Зангиата районундагы аялдар колониясы.

Өзбек бийлиги Ташкенттин жанында түрмөдө коронавируска чалдыккандар үчүн карантин аймагын курууну пландаштырууда.

Бул тууралуу 4-августта Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жаза аткаруу мамлекеттик кызматында (ЖАМК) өткөрүлгөн ыкчам кеңешмеде айтылды. Маалыматка караганда жакында Ташкент облусундагы Ангрен шаарында жазасын өтөп жаткан 3000 киши баткыдай карантиндик аймак курулат.

Өзбек ИИМинин Курулуш башкармалыгы жана башка ыйгарым укуктуу органдары жаңы карантин зонасынын долбоорун башташты. Мындан тышкары, айрым жаза өтөө жайларында COVID-19 жуккандарга медициналык жардам көрсөтүш үчүн медициналык борборлорду түзүү пландаштырылган.

Атын атагысы келбеген ИИМдин өкүлү 4-августта ыкчам жыйынга катышканын жана ал жыйында кабыл алынган айрым чечимдер жөнүндө «Азаттыктын» өзбек кызматына айтып берген:

«Жолугушуу учурунда ЖАМКтын башчысы Адилов 300 миллион сум, төрт кычкылтек баллону, 60 даана пульсоксиметр жана бир нече жасалма дем алдыруучу аппарат «COVID-19 борборун» түзүүгө бөлүнгөнүн айтты. Мындан тышкары, донорлордон келген жана бюджеттик каражаттын эсебинен коронавируска чалдыккандарга дары-дармек жана Кытайдан жаңы тесттер сатып алынарын кабарлаган. Ташкенттин түрмөсүнүн коменданты Абдурасул Мажидовго бул маселе боюнча тийиштүү көрсөтмө берилди».

Министрликтин борбордук фондунан өлкөнүн жаза аткаруу мекемелеринде тез жайылып бараткан коронавируска каршы күрөшүүгө жетиштүү каражат бөлүнөрү да айтылды.

Өзбек түрмөлөрүндө күн сайын коронавирус жуккан кызматкерлер жана жаза өтөгөндөр көбөйүп баратканы маалым болду.

«Шашылыш өткөрүлгөн жыйында Бухара аймагындагы «​Каравулбазар» ​убактылуу кармоочу жайында коронавирус жуккан деген шек менен 70ке жакын адам, анын ичинде камактагылар, ыкчам кызматкерлер жана күзөтчүлөр карантинге алынганы белгилүү болду. Жолугушууда ошондой эле Ташкент облусунун Таваксай жана Алмалык шаарларындагы колониялардын 20 кызматкерине жана жаза өтөгөндөргө коронавирус диагнозу коюлганын билдик», - деди ИИМдин кызматкери.

Учурда Өзбекстандын башка түрмөлөрүндө, өзгөчө Ташкент облусунун Заңгиата районундагы аялдар колониясында COVID-19 канчалык жайылганы белгисиз.

Өзбекстандын туңгуч президентинин кызы Гүлнара Каримова да 2019-жылдын март айынан тартып дал ушул аялдар колониясында жазасын өтөп жатат.

Сот процесстери онлайн режимде, «​Таштүрмө» ​менен соттордун ортосунда түзүлгөн видео байланыш аркылуу өтөт.

Ал эми ушул эле райондо жайгашкан таанымал «Таштүрмө» же №1 тергөө изолятору күчөтүлгөн карантинге өттү. Улуттук гвардиянын офицерлери жана тергөө абагынын күзөтчүлөрү, ошондой эле камакта отурган жети киши коронавирус жуккан деген шек менен карантинге алынган. Бул тууралуу атайын бөлүмдүн башчысы майор Кахрамон Хасанов маалымат берди:

«Биздин бир нече кызматкерибиз ооруканага жаткырылган. Сот процесстери онлайн режимде, «​Таштүрмө» ​менен соттордун ортосунда түзүлгөн видео байланыш аркылуу өтөт. Биздин тергөө изоляторубузда катуу карантиндик чаралар киргизилген. Жакын арада бул балээден арылабыз деп үмүттөнөбүз».

Ошондой эле «Таштүрмөнүн» кызматкери Чаман Муминова камактагыларга тыштан келген тамак-ашты кабыл алуу убактылуу токтотулганын билдирген. Ал учурдагы оор кырдаалга байланыштуу камактагылардын адвокаттары жана жакын туугандары менен жолугушууга тыюу салынганын кошумчалаган.

Быйыл 22-майда өзбек өкмөтү атайын токтом кабыл алган. Ага ылайык, мындан ары өлкөдөгү түрмөлөрдө жана тергөө изоляторлорунда кармалган адамдардын өлүмү жана ден соолугунун абалы тууралуу маалымат жашыруун болбошу керек. Бирок ошого карабастан, расмий Ташкент жабык жайларда COVID-19 жугузган же өлгөн адамдардын санын коомчулуктан жашырып келет.

Ал эми 30-майда өзбек өкмөтү түрмөлөрдө коронавирустун жайылышынын алдын алыш үчүн бардык чаралар көрүлүп жатканын билдирген.

10-августка карата Өзбекстанда коронавирус жуккандардын саны 30 миң адамдан ашып, каза болгондордун жалпы саны 196 кишиге жетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG