Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

Борбор Азия

 Манижа.
Манижа.

Москванын тергөө комитети тажик тектүү ырчы Манижанын "Орус аял" ырында кастыкты козутуу белгилери бар же жоктугун текшере баштады. Мекемеге "Ветеранские Вести" уюму арыз менен кайрылган. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Манижа айым менен сыймыктанаарын айтты.  

Орусиядагы билим берүүнү жайылтуу жана калкты маалымдоо жаатында кызмат көрсөткөн "Ветеранские Вести" уюму тажик ырчы кыз Манижанын (Manizha) аткаруусундагы ыр "орус аялдарынын адамдык кадыр-баркын одоно кемсинтүүгө жана басынтууга багытталган" деп билдирген. Бул тууралуу 6-апрелде ТАСС кабар агенттиги маалымат тараткан.

Уюм Тергөө комитетинин башчысы Александр Бастрыкинге кайрылып, Манижага экстремизм боюнча иш козгоону жана анын ырынын видеосунун таркатылышын токтотууну өтүнгөн. Арийне, маалымат агенттиги Тергөө комитети бул кайрылууну карап чыгаарын, бирок мындай учурда текшерүү жүргүзүү мүмкүн эместигин, анткени мыйзамсыз иш-аракеттердин белгилери жок экенин билдиргенин кабарлады.

Эмомали Рахмон Ворух анклавында. 9-апрель, 2021-жыл.
Эмомали Рахмон Ворух анклавында. 9-апрель, 2021-жыл.

Ал эми Ворухка иш сапары менен барган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон ырчы Манижага суктангандыгын жашырган жок.

“Манижа көп кишини таң калтырды. Айрымдар тажик кыздын "Еврокароо" (Eurovision) обондуу ырлар сынагына Орусиянын атынан бара тургандыгына анчейин ишенишкен жок. Ал өзүнүн тажик экенин жашырбаганы үчүн жана ачык айтканы үчүн мактоого татыктуу", - деди Рахмон.

Буга чейин Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да Манижинин ырынын текстин сынга алып, катышуучуну жана ырды тандоонун тартиби жөнүндө маалымат алууну тапшырган.

"Бул ырдын текстин жакшы билбеген адамга сунуштайт элем, бир карап көрсүн. Кандайдыр бир болбогон сөздөрдөн турат. Эмне ыр экендигин мен такыр түшүнгөн жокмун. Бул деги эмне жөнүндө ыр?" - деди Матвиенко.

Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Москва. 2017-жылдын 29-ноябры.
Орусиянын Федерация Кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко. Москва. 2017-жылдын 29-ноябры.

Ал эми Орусиянын президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коомдук уюмдар "белгилүү бир пикирге жана тиешелүү органдарга кайрылууга укуктуу" экенин, бирок Кремль үчүн бул тема артыкчылыктуу эмес экенин айткан.

Манижа "2Maши" жана "Therr Maitz" топторунан озуп чыгып, Орусиянын "1-канал" телеканалы уюштурган көрүүчүлөрдүн добуш берүүсүнүн жеңүүчүсү болгон. Анын айтымында, "Орус аял" ыры, акыркы бир нече кылымдарда аялдын калыптануусунун өзгөрүшү жөнүндөгү ыр болуп саналат.

30 жаштагы Манижа Сангин Тажикстанда төрөлүп, кийинчерээк ата-энеси менен Москвага көчүп кеткен. 12 жашынан тартып музыка чөйрөсүнө аралашкан ырчы кыз бир нече жыл Европада жашап келген.

Манижа көп жылдардан бери Орусияда жашагандан кийин өзүн тажик улутунда эмес, дүйнө жараны деп атагысы келээрин айтат.

Манижа концертте. 9-март,2021-жыл.
Манижа концертте. 9-март,2021-жыл.

"Албетте Орусияда мага улутумдан улам жашоо кыйын болду, жашырбайм. Мен мигрант туш болгон бардык көйгөйлөрдү билем, анткени менин үй-бүлөм жашоосун нөлдөн баштаган", - деди ырчы.

"Еврокөрсөтүү-2021" шоу-сынагынын Youtube каналында Манижанын аткаруусундагы "Орус аял" ыры эң көп көрүлгөн видеолордун арасында биринчиликти алдырбай келет.

Бир айдын ичинде видеону 7 миллиондон ашык киши көргөн.

"Еврокароо" (Eurovision) - 1956-жылдан бери өткөрүлүп келген популярдуу шоу-сынак. 2019-жылы Израилде уюштурулуп, нидерланддык Дункан Лоуренс жеңүүчү болгон.

2020-жылы коронавирус пандемиясынан улам таймаш өтпөй калган. Эрежеге ылайык, сынак жеңүүчү ырчынын өлкөсүндө уюштурулат. Быйыл шоу-сынак Роттердам шаарында май айынын аягында өтөт.

Рахмон: Ворух алмашылбайт
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:03 0:00

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ворух анклавына келди. Уурдалып, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын сөөгүн талаадан тапкан чабан "Азаттыкка" эксклюзивдүү интервью берди. Орусияда рубль арзандап, мындан 5 ай мурдагы минимумга түштү. //"Бүгүн Азаттыкта". 09.04.21.//

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG