Эрулан Кокулов “Не сахар” долбоору менен базарларда мөөнөтү өтүп кеткен товарларды, санитардык талапка жооп бербеген тамак-аш даярдалуучу жайларды аныктап, видеого тартып, коомчулукка жарыялайт. Кокулов “Азаттыкка” маек куруп, долбоордун келечеги, товар керектөөчүлөрдүн укугу, мамлекеттик органдардын кайдыргерлиги жөнүндө айтып берди.
Борбор Азия
шейшемби 6 Апрель 2021
Ооганстандык кыргыз Абдувахил Турдакун уулу 2017-жылы Памирден Кыргызстанга билим алуу үчүн келген. Ал ооган кыргыздарынын Кабулдагы өкүлү, кезинде парламент депутаты болгон маркум Атабек уулу Турдакун ажынын баласы. Абдувахил “Азаттык” радиосуна Кыргызстандагы турмушу, Памирде калган кыргыздарды алып келүү маселеси, жарандык алуу көйгөйлөрү тууралуу ой бөлүштү.