Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

Борбор Азия

Тажикстан, Кожент шаары.
Тажикстан, Кожент шаары.

Тажикстандын Кожент шаарынын ондогон тургундары 13-апрелде бузулган үйлөрүнүн ордун Кытай компаниясынан кайтарып алууну талап кылышты. Буга байланыштуу өздөрүн жабырлануучу катары эсептеген 20 чакты тургун шаардык мэриянын алдына митингге чыгышты. Жергиликтүү бийлик үйлөрү бузулган жашоочулар өздөрү башка жактан сунушталган батирлерди алууга макул болбой жатканын жүйө келтирди.

Коженттеги кытайлык “Husnoro” курулуш компаниясы 2015-жылы көп кабаттуу үй куруу үчүн шаардын Рахмон Набиев көчөсүндөгү 32 жеке турак үйдү бузган. Анын ордуна бул жашоочуларга жаңы курула турган көп кабаттуу үйдөн батирлер берилмек. Бирок кийин курулуш компаниясы бул долбоордон баш тарткан.

Митингге чыккандардын бири Рафоат Хашимова буларды айтты:

“Жаңы курулган үйлөр президент келгенде, 10-апрелде пайдаланууга берилиши керек эле. Биз балдарыбыз, неберелерибиз менен бирге үмүттөнүп жатканбыз. Бардыгы чалып, эмнеге батирлерди албай калганыбызды сурашты. Биз аябай кыжалат болдук”.

Митингге чыккан бул үй-бүлөлөр беш жылдан бери ижарага алынган үйлөрдү түнөк кылышууда. Ал эми алардын ижара акылары Коженттин шаардык бюджетинен төлөнөт. Бирок аларды жаңы үйлөргө жайгаштыруу кечиккен сайын үйлөрү бузулуп кеткен бул жашоочулар тынчсыздана башташты.

Коженттин үйгө кезекте турган башка бир тургуну Рохат Бобожанова буларды билдирди:

“Алты жылдан бери ар кимдин эшигин жыртып жүрөбүз. Бул аралыкта үч жолу үй котордук. Ушул бузулган үйүмдүн айынан ооруп да калдым. Азыр эки уулум, неберелерим менен ижарага алган үйдө турам. Үйдүн айынан чыр-чатак көп”.

Коженттин мэри Фирдавс Шарифзода 9-февралдагы басма сөз жыйынында “Кытай шаарчасы” курулуш долбоорунун айынан калаанын чок ортосундагы үйлөрү бузулган тургундар марттын аягына чейин турак жай менен камсыздаларын айткан.

Жергиликтүү бийлик Коженттин башка жагынан 9 кабаттуу үй курулуп бүтүп, жакында тапшырыла турганын билдирген. Ошол көп кабат үйдөн аталган жабырлануучу үй-бүлөлөргө батирлер бөлүштүрө турганы мурда кабарланган.

13-апрелде Кожент мэриясынын өкүлү Юсуфзод мындай деди:

“Бул жерде маселе - жашоочулар өздөрү сунушталган үйлөргө макул болбой жатышат. Айрыкча биринчи, экинчи жана жогорку кабаттардан батир алууга кызыкдар эмес. Бийлик кандай гана болбосун, бул маселени чечүүнү көздөйт”.

Коженттеги Сырдарыядан алыс эмес аймакта «Чайнатаун» - «Кытай кварталы» курулуш долбоорун 2015-жылы Чжао Шин Жу башында турган кытайлык архитекторлор тобу иштеп чыккан. Долбоорго ылайык, мында 1200 үй-бүлө жашай турган 15 көп кабаттуу үй курулмак. Мында 4 кабат мектепти жана башка социалдык объектилерди куруу да каралган.

Бирок Коженттин мэри жер астындагы суулардын айынан жана башка дагы көйгөйлөрдөн улам “Кытай кварталы” долбоору ишке ашпай жатканын билдирген.

Бул долбоордун кийинки тагдыры жана үзгүлтүккө учурап жаткан курулуштун себептери тууралуу аталган кытайлык курулуш компаниясы да үн ката элек.

Эмомали Рахмон
Эмомали Рахмон

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон дыйкандарга орозону кийинчерек кармоого кеңеш берди. 

Ал Орозо айын утурлай жасаган кайрылуусунда өлкөдө азык-түлүк мол болушу үчүн кара күчтүн баарын жер айдоого жумшоого чакырды.

"Имамдар менен диний аалымдардын айтымында, шариятта орозо тутуу кыйын шарттарда, оор өндүрүштө же азык-түлүк коопсуздугун камсыздаган тармактарда иштеген адамдардын ишин оорлотот. Мындан улам алар орозо кармабай турса болот. Алар кийин деле кармаса болот", - деп жазылат кайрылууда.

Мусулмандар үчүн ыйык Орозо айы быйыл Борбор Азия өлкөлөрүндө жазгы талаа иштери кызыган маалга туш келди.

Тажикстанда мартта үшүк жүрүп, айрым аймактарда бүчүр байлап калган, жер бетинен кылайып көтөрүлгөн жашылча-жемиш, мөмө-чөмө зыянга учураган.

Гиссар районунда жер тилкесин ижарага алып пияз эккен Амина Юнусова эми ал жерге кайрадан төө буурчак менен жүгөрү айдап жатат. Ал тажик лидеринин айтканын эп көргөнү менен айылдаштары болуп чогуу-чаран орозо кармоону токтоткон жок.

"Биз буга чейин таңкы сегизден баштап, түшкө чейин иштечүбүз. Анан кичине эс алып, тамактангандан кийин намаз кылып алып, кечке чейин иштечүбүз. Орозо маалында биз таңкы алтыда ишке чыгып, онго чейин иштеп, анан кечки бештен саат тогузга чейин иштеп жатабыз", - деди Амина.

Талаа иштериндеги тажикстандык аялдар, апрель 2021-жыл
Талаа иштериндеги тажикстандык аялдар, апрель 2021-жыл

Бул күндөрү Тажикстанда талаа иштери кызып, он миңдеген адам дыйканчылык менен алек. Бул ирээт Рахмондун айтканына көбү кулак салбагандай. Адатта коңшу өлкөдө президенттин сөзү эки болбой, кынтыксыз аткарылып келгени белгилүү.

Деген менен чет жактагы айрым диний аалымдар Рахмондун сунушун сынга ала баштады:

"Президенттин элдин улам бир бөлүгүнө кайрылып, мындай сунуштарды берип жатканы динге туура келбейт. Анын жолун жолдогондор күнөө кылат. Анткени алар президент дин таануучу же диний аалым эмес экенин, дин маселесинде жакшы түшүнүгү жок экенин билишет", - дейт Варшавадагы дин таануучу Исломиддин Саидов.

Ал эми Орусиядагы муфтийлердин бири Нафигулла Аширов тажик президенти жылда мындай билдирүүлөрү менен мусулман коомчулугун таң калтырып келгенине токтолду:

"Эмомали Рахмон мындай каалоолорун дыйкандарга жылда айтат, жыл сайын бир жүйө табат. Тажикстанда дин эркиндигине байланыштуу абал жакшыга ниет кылууга эле түртөт".

Былтыр дагы тажик лидери Орозо айы коронавирус пандемиясынан сырткары талаа жумуштары кызып турган учурга туш келгендиктен, элин орозону кечирек кармоого чакырган.

Үч жыл мурун Рахмон "Рогун" ГЭСинин курулушунда иштегендерди орозо тутуудан карманууга үндөгөн. Мындай кеңешти Тажикстандагы Ислам борборунун Аалымдар кеңеши дагы колдоп, курулушчуларга орозону каалаган мезгилде кармаса болорун айткан.

Тажикстан дин эркиндигин чектеген өлкөлөрдүн бири. Былтыр АКШнын Мамлекеттик департаменттин баяндамасында бул мамлекетте диний ишениминен улам сакал койгондор менен хижаб кийигендер кысымга алынары белгиленген.

Ошондой эле бийлик аялдар менен балдардын диний иш чараларга катышуусун чектери көрсөтүлгөн. Дүйшөмбү жеке менчик медреселерге дагы тыюу салган.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG