Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Борбор Азия

Казакстан. Тараз. Казактар менен дунгандар кагылышкан "Кордай окуясы" боюнча сот жараяны.
Казакстан. Тараз. Казактар менен дунгандар кагылышкан "Кордай окуясы" боюнча сот жараяны.

Казакстандын Тараз шаарында былтыркы Кордай районундагы улут аралык жаңжалга байланыштуу 51 кишинин үстүнөн сот жараяны аяктады.

Этникалык кагылышка шектелген айыпкерлер 5 жылдан 20 жылга чейин соттолуп, бир тобу шарттуу кесилип, бир адам толук акталды.

Эки тараптан 51 киши соттолду

Казакстандын Жамбыл облустук соту былтыр Кордай районундагы улут аралык жаңжалга байланыштуу ишти карап, 51 адамга өкүм чыгарды. Алардын 37си казак, 14ү дунган тектүү жарандар.

Кордайдагы чыр тууралуу күбөлөрдүн сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:08 0:00

Сот 19 адамды оор кылмышка айыптап, 5 жылдан 20 жылга чейин кести. Күнөөсүн мойнуна алган, чыгымды төлөгөн 31 киши ар кайсы мөөнөткө, жеңил шарттуу жазага тартылып, соттон бошотулду. Бирөө толук акталып чыкты.

Жамбул облустук сотунун төрагасы Берик Култасов бул иште эң жогорку жаза берилген соттолуучулар тууралуу буларга токтолду:

Соттолуучу Жумахан Ботабасов топ адамга мылтыктан ок чыгарган. Анын айынан 3 адам ажал таап, 4 киши жабыркаган. Ал калайман баш аламандыкка катышып, 3 адамдын өлүмүнө себеп болуп, төрттөнүн саламаттыгына оор зыян келтирген үчүн айыптуу деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Башка бир соттолуучу Медет Токабаев бир нече адамды автоунаа менен сүзгөн. Бирөө ошол жерде каза болуп, үч адам ар түрдүү жарат алган. Ал башаламандыкка катышканы жана бир нече адамдын өмүрүнө кол салууга аракеттенгени жана атышка, дагы башка мыйзамсыз иштерге катышканы үчүн 17 жылга кесилди”- деди Берик Култасов сот өкүмүнөн кийинки басма сөз жыйынында.

"Менин агам оорукчан уулун издеп чыккан"

Бирок айыпкердин бир тууганы Ерхан Ботабасова 20 жылга соттолгон агасына карата сот өкүмүнө макул эмес:

Менин бир тууганым ошол тополоң чыккан күнү ал жакка оорукчан баласын издеп барып, мына ошол жалаага калды. Буга далилдер да бар. Ал мобилдик телефонунан үйгө чалып, “бала келдиби?” деп бир нече ирет сураган. 9-класста окуган кызы баласы Шерхан үйгө келгенин айткандан кийин ал дагы кайтып келген”,– деген эле 20 жылга соттолгон Жумахан Ботабасовдун бир тууган карындашы.

Сот өкүмү азырынча күчүнө кире элек. Ошондуктан бир катар айыпталуучулардын адвокаттары чыккан өкүмгө карата аппеляциялык негизде даттанышарын айтышты.

15 жылга эркинен ажыратылган башка бир соттолуучунун адвокаты Талгат Бейисбеков сотто анык далилдер эске алынбаганын белгиледи:

Биздин бир дагы далил эске алынган жок. Бирок сот ошого карабастан өкүм чыгарганда менин коргоомдогу адамды 15 жыл алты айга мыйзамсыз, адилетсиз соттоп жиберди”.

"Үйү менен үй-бүлөөсүн коргогондор да соттолду"

Сотто кээ бир шектүүлөр тергөөдө ыдык көрүп, айыбын күч менен моюнга алганын айтышкан. Бирок алардын адвокаттары ал иштер сотто териштирилип, иликтенбегенин белгилешти.

Улут аралык араздашуунун экинчи тарабы катары айыпталган дунгандардын жактоочулары сотто алардын өз өмүрүн жана турак-жайын коргоо укугу эске алынбаганын жүйө келтиришти:

“Себеби биздин жанагы балдар - ошол айыпталган 14 жигит өздөрүнүн турак-жайын, бала-чакасын, аялдарын, демек, үй-бүлөлөрүн коргошкон. Ошол жигиттердин бардыгы акталышы керек эле. Алардын арасынан алтоо бир нече жылга соттолуп кетишти. Ошондуктан биз дагы бул өкүмгө аппеляциялык арыз беребиз”, - деди Кордайдагы дунгандар коомунун башчысы Хусей Дауров.

Улут аралык жаңжал тууралуу кылмыш ишин караган сот былтыр 3-декабрда Тараздагы тергөө абагынын имаратында башталган. Сот жараянында айыпталуучуларды алтымыш адвокат жактады.

Прокуратуранынын маалыматына караганда, былтыр Кордайдын төрт айылындагы этникалык кагылыштан 11 адам каза таап, 342 жаран жаракат алып, 164 турак-жай жана жүздөй автоунаа өрттөлүп, талкаланган.

Жыйырма миңге чукул дунган тектүү Казакстандын жарандары башпаанек издеп коңшулаш Кыргызстанга качып өтүп, бирок кырдаал тынчыган соң кайра үйлөрүнө кайтышкан.

Кордайдагы бул окуя Казакстандын соңку тарыхында эң көп кан төгүлгөн улут аралык жаңжал катары белгиленген.

Гүл бакчага айланган короо
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:17 0:00

Бишкектин 11-кичи районунда жашаган Сагит Сулейманов кошуналарынын сүймөнчүгү. Ал жашаган үйдүн короосуна отургучтарды орнотуп, куштарга жана тыйын чычкандарга жем салгыч да жасап койгон.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG